ЖЕРЛЕР ЖАНА ЭЛДЕР
Азербайжанга саякат
АЗЕРБАЙЖАН Түштүк Кавказдагы үч өлкөнүн эң чоңу болуп эсептелет. Мындан миңдеген жылдар мурун ал жерге түрк уруулары отурукташып, жергиликтүү элдин каада-салтын, маданиятын үйрөнүшкөн. Азербайжандар да алардан көп нерселерди билишкен. Мына ошондуктан азербайжан тили түрк жана түркмөн тилдери менен аябай окшош.
Азербайжандар шатыра-шатман, меймандос келишет, үй-бүлөсү бекем болот. Башына кыйынчылык түшкөн тууганын колдоп, жөлөп-таяп турушат.
Алар музыканы жана поэзияны жакшы көрүшөт. Азербайжандардын музыка жанрларынын бири мугам деп аталат. Ырчы азербайжан классикалык поэмаларын улуттук аспаптардын коштоосунда аткарат. Мугамды аткарган киши анын репертуарын билиши жана жамакчы болушу керек.
Чай — азербайжандардын маданиятынын ажырагыс бөлүгү. Алар чайды алмуруттай болгон айнек идиштерге куюп, кант салып, мисте, бадам, мейиз менен ичишет. Чайканалар атүгүл чакан шаарларда да көп кездешет.
Өлкөнүн түштүгүндөгү Каспий деңизин осётрлардын мекени деп айтууга болот. Белуга осётру 100 жылдан ашык жашайт. Бир жолу узундугу 8 жарым метрге, салмагы 1297 килограммга жеткен белуга кармалган. Осётрлар кара икра деп белгилүү болгон, баасы кымбат турган икрасы менен абдан бааланат.
Азербайжандар динчил, Кудай жөнүндө сүйлөшкөндү жакшы көргөн адамдардан болушат. Калктын көбү ислам динин тутат. Башка динди туткандар да, алардын ичинде Жахабанын Күбөлөрү да бар. Миңден ашуун Жахабанын Күбөлөрүнүн басымдуу бөлүгү азербайжандар.
БИЛЕСИҢЕРБИ?
Жахабанын Күбөлөрү «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебин колдонуп, миллиондогон адамдар менен Ыйык Китепти изилдешет. Китеп 250дөн ашуун тилде, азербайжан тилинде да чыккан.