Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ДИЛ МАЕК | ИРЕН ХОФ ЛОУРАНСО

Ортопед-хирургдун маегинен

Ортопед-хирургдун маегинен

Ирен Хоф Лоурансо Швейцарияда ортопед-хирург болуп иштейт. Бир убактарда ал Кудайга ишенбей калган. Бирок кийинчерээк Кудайдын бар экенине ынанып, бардык нерсе анын колунан бүткөн деген жыйынтыкка келген. «Ойгонгула!» журналы Ирен айымга жумушуна жана Кудайга болгон ишенимине байланыштуу суроолор менен кайрылды.

Илимге эмнеден улам кызыгып калдыңыз эле?

Бала кезимде табиятка суктана берер элем. Мен чоңоюп-өскөн Щвейцариядагы Цюрих көлүнүн жээгинде жайгашкан Рихтерсвиль деген кыштак абдан кооз болчу. Ата-энем, байкем, эжемдер менен сейилдеп жүргөндө, алар жаратылыш, жаныбарлар жана өсүмдүктөр жөнүндө көп нерселерди айтып беришчү.

Эмне үчүн ортопедиялык хирургияны тандап алдыңыз?

Кайсы бир убактарда атам жергиликтүү оорукананын операция жасалчу бөлмөсүндө жардамчы болуп иштеп калган. Ал хирургия жөнүндө күйүп-жанып айтып берчү. Анын айтып бергендери аябай таасир эткендиктен, кийин хирург болом дечүмүн. Адамдын муундарынын түзүлүшүнө, иштешине абдан кызыккандыктан ортопед-хирург болууну чечтим. Ортопед-хирург сөөктөрдү, булчуңдарды, тарамыштарды калыбына келтириш үчүн инженердей ойлонушу керек.

Мен эл менен иштешкенди жакшы көрөм. Баарынан да бейтаптардын сакайып баратканын көргөндө аябай кубанам.

Кудайга эмне үчүн ишенбей калдыңыз эле?

Жаш кезимде Кудайдын бар экенинен шектене башташыма эки нерсе себеп болгон. Биринчиден, чиркөөдөгү диний жетекчилердин бузуктук кылып, жаман иштерге барарын билгенде иренжип калгам. Экинчиден, мектепте биология сабагынан берген мугалимдердин айрымдары эволюцияга ишенгендиктен, мен да, өзгөчө, чоң окуу жайына тапшыргандан кийин эволюцияга ишенип калгам.

Эволюцияга эмне үчүн бекем ишенчүсүз?

Мени окуткан профессорлордун айткандарын туура деп эсептечүмүн. Ошондой эле жаныбарлардын айрым түрлөрүнүн анатомиясынын окшоштугу алардын бир эле түрдөн келип чыкканын көрсөтүп турат жана бул гендердин мутацияланышынан улам жаңы түрлөр пайда болгон деген  ой толгоонун туура экенин далилдейт деп ойлочумун.

Көз карашыңыз эмнеден улам өзгөрдү?

Бир досум Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына чакырып калды. Ал жактагылардын жылуу мамилеси жана ал жерде айтылгандар аябай таасир этти. Ошондон көп өтпөй ошол жыйналыштагы мүнөзү жумшак, сылык бир аял үйүмө келди. Мен андан: «Ыйык Китепте жазылгандардын чындык экенине эмнеден улам ынансам болот?» — деп сурадым.

Ал Ыйык Китептен биз жашап жаткан күндөрдүн кандай болорун алдын ала айткан пайгамбарлардын сөздөрүн окуп берди. Мисалы, Иса Машаяк акыркы күндөрдө согуштардын, «катуу жер титирөөлөрдүн», «жер-жерлерде жугуштуу оорулардын», «ачарчылыктын» болорун айтыптыр *. Ал аял биздин күндөрдө жашаган адамдардын абдан бузулуп, ач көз болору жана көптөгөн жаман иштерге барары алдын ала жазылганын да көрсөттү *. Ошондон кийин мен Ыйык Китепти бүт ынтам менен изилдей баштадым, көп өтпөй Ыйык Китепте жазылгандардын дайыма аткарылып келгенин жана аткарыла берерин түшүндүм. Андан тышкары, жашоо-тиричиликтин кантип пайда болгонуна байланыштуу көз карашымды талдай баштадым.

Жашоо-тиричиликтин кантип пайда болгонун билүүгө медициналык изилдөөлөрүңүз жардам бердиби?

Ооба. Ыйык Китепти изилдей баштаганымда тизе муундардын хирургиясын изилдеп жаткам. 1960-жылдардын аяк ченинен тартып окумуштуулар тизе муундарынын иштешине байланыштуу көп нерселерди түшүнө башташкан. Алар тизе муундары, топсо сыяктуу, бир гана кыймыл огунун айланасында кыймылдабай турганын аныкташкан. Тизе муундары айланып да, жылышып да турат. Анын ушундай түзүлүшүнүн натыйжасында адам басып, бийлеп, жылгаяк тээп жана башка ушу сыяктуу көп кыймылдарды жасай алат.

Окумуштуулар 40 жылдай убактан бери жасалма тизе муундарын ойлоп чыгарганга аракет кылып келишет. Бирок адамдын тизе муундарынын иштеши абдан татаал болгондуктан, аны так ошондой кылып жасоо кыйынга турууда. Андан сырткары, жасалма муундар көпкө чыдабайт. Муундар мыкты материалдардан жасалган күндө да, алар 20 жылга жетсе, аларды жасаган окумуштуулар абдан кубанышмак. Ал эми биздин тизе муундарыбыз улам-улам жаңырып турган тирүү клеткалардан турат. Тизе муундарды изилдеген сайын адамдын кокустуктан пайда болгонуна эмес, аны Кудай жаратканына ынана берем.

Мутация жана айрым түрлөрдүн анатомиясынын окшоштугу тууралуу эмне дейсиз?

Алардын окшоштугу бир эле Жараткандын колунан бүткөнүн айгинелеп турат. Ал эми мутация жөнүндө айта турган болсок, мутация тирүү организмди жакшыртып, андан да жогору турган түргө айланта албайт. Тескерисинче, гендерди бузуп, зыян келтирет. Албетте, айрым учурларда кайсы бир кырсык жакшы нерсеге шарт түзүп коюшу ыктымал. Мисалы, поезд көпүрөнүн үстүнөн өтүп баратканда, көпүрө талкаланып калса, душмандар шаарга кире албай калышы мүмкүн. Бирок ал кырсыктан улам шаар жакшырып кетпейт. Ошо сыяктуу эле, мутация организмди жакшыртпайт жана укмуштуудай жаралган адамдын тизе муундары сыяктуу болгон дене бөлүктөрүн пайда кыла албайт.

Мутация укмуштуудай жаралган адамдын тизе муундары сыяктуу болгон дене бөлүктөрүн пайда кыла албайт

Эмне үчүн Жахабанын Күбөсү болууну чечтиңиз?

Ыйык Китептеги кеңештерге ылайык иш кыла баштаганымдан тартып, жашоом кыйла жакшырды. Ошондой эле Жахабанын Күбөлөрүнүн 2003-жылкы эл аралык жыйынына барганымда ал элдин ортосундагы биримдикти, атүгүл биринчи жолу кезиккендер да бири-бирин бир тууганындай көрүп, чындап жакшы көрөрүн байкадым. Ошону көргөндө мен да Жахабанын Күбөсү болгум келди.