Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Арктика

«Жай мезгилинде муздун көлөмү мындан 30 жыл мурунку муздун көлөмүнүн төрттөн бир бөлүгүн эле түзүп калды»,— дейт океандын физикасын изилдеген, Улуу Британиядагы Кембриж университетинде эмгектенген профессор Питер Вадэмс. Климаттын глобалдык ысышынын натыйжасында Түндүк деңиз жолунан өтүү абдан оңой болуп калгандыктан, 2012-жылы ал жолдон 50 кеме өткөн.

Дүйнө жүзү

Жаңы көз жарган энелердин сүтүндө изилдөөчүлөр ойлогондон да көп, 700дөн ашык, ар кандай бактериялар бар экени аныкталган. Окумуштуулар ошол бактериялардын биологиялык функцияларынын ымыркайлардын тамак сиңирүү жана иммундук системасына кандай пайда тийгизерин изилдеп жатышат.

Улуу Британия

Британиядагы окумуштуулар жүргүзгөн бир изилдөөдөн машинени ичип алып айдаган айдоочуларга караганда сасык тумоо болгон айдоочулардын жай ойлонуп, жай кыймылдап калары байкалган.

Конго Демократиялык Республикасы

Африкада жыл сайын, айрымдар айткандай, болуп көрбөгөндөй сандагы, он миңдеген, пилдерди сөөгүн алыш үчүн өлтүрүшөт. Бир жолу төбөсүнө ок тийип өлгөн бир нече пил табылган. Аларды тик учактан атышса керек.

Австралия

Акыркы 27 жылдан ашуун убакыттын ичинде Чоң Тоскоол рифиндеги кораллдардын жарымы жок болуп кеткен. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, буга тропикалык циклондор, деңиз жылдыздарынын каптап кетиши жана океандын температурасынын жогорулаганынын айынан кораллдардын агарып кетиши себеп болууда.