ОЙГОНГУЛА! Январь, 2014 | Өзгөчө веб-сайт

Ыйык Китепти жакшыраак түшүнүүнү же үй-бүлөңөрдүн бактылуу болушун каалайсыңарбы? Жакшы кеңештерди издеген жаштардансыңбы? Биздин веб-сайтта бардык адамдар үчүн пайдалуу маалымат бар.

МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Өзгөчө веб-сайт

Биздин веб-сайтыбызга кирип, учурга ылайык келген Ыйык Китептеги кеңештерди колдонуудан өзүңөр да, үй-бүлөңөр да кандай пайда ала аларыңарды билгиле.

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Ошондой эле Африканын түштүгүндөгү өлкөлөрдөгү балдардын укугу, Италиядагы жаштардын электрондук каражаттар аркылуу коркутуп, басынткандардан коркору жана жумуштан көтөрүлүү сунуш кылынгандар баш тарткан жапон жаштарынын көбөйгөнү жөнүндө окуп көргүлө.

ДИЛ МАЕК

Микробиолог менен курулган маек

Клеткалардын татаал түзүлүшү тайвандык Фең Лиң Яң деген окумуштууга эволюцияга байланыштуу көз карашын өзгөртүүгө кандайча түрткү берген?

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР

Кысымга кантип туруштук бере аласың?

Теңтуштардын кысымы жакшы адамды жаман жолго түртөт. Бул жөнүндө эмнелерди билишиң керек жана ага кантип туруштук бере аласың?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Жаратуу

Ыйык Китепте Кудайдын тиричиликти 6 «күндө» жаратканы айтылат. Ал «күндөр» 24 сааттан турган 6 сутка беле?

ЖЕРЛЕР ЖАНА ЭЛДЕР

Италияга саякат

Италия — тарыхы бай өлкө. Ошондой эле кооз архитектурасы, ачык-айрым эли менен белгилүү. Бул өлкө жана анда жашаган Жахабанын Күбөлөрүнүн иши тууралуу көбүрөөк билгиле.

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Үй жөргөмүшүнүн желеси

Үй жөргөмүшү жабышкак желесинин жипчелерин бекем да, бат ажырай тургандай да кылып токуй алат. Эмне үчүн жана кандайча экенин окуп көргүлө.