Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЖЕРЛЕР ЖАНА ЭЛДЕР

Италияга саякат

Италияга саякат

ИТАЛИЯ — табияты кескин айырмаланган өлкөлөрдүн бири. Бир тарабында кырка тоолор, бир тарабында ийри-буйру чубалжыган деңиз жээги созулуп жатат. Түштүгүндө жайкысын ысык мээ кайнатса, түндүгүндө кышкысын суук сөөккө жетет. Италияда жанар тоолор көп. Бирок Стромболи менен Этна сыяктуу бир нече эле жанар тоо жанып турат.

Италия Европадагы калкы жыш өлкөлөргө кирет. Аны басып алууга көптөр, анын ичинде арабдар, византиялыктар, гректер, нормандар, финикиялыктар аракет кылган.

Туристтер Венецияны аралап өткөн сууларда кайыкка отуруп алып саякаттаганды жакшы көрүшөт

Италия тарыхый, маданий мураска бай. Көптөгөн шаарларында байыркы Греция менен Римдин калдыктары жана Барокко, Ренессанс доорлоруна таандык архитектуралык курулуштар бар. Бернининин, Микеланжелонун, Рафаэлдин колунан бүткөн сүрөттөр, мрамор айкелдер жана оргуштаган фонтандар өлкөнүн көркүн чыгарып турат.

Тамак-аш күнүмдүк турмуштун так чордонунан орун алган. Көп каада-салттар улуттук тамак-ашка байланыштуу. Адатта, дасторконго адегенде чубалжыган кесме (паста) коюлат, анан жер-жемиштер аралаштырылган  балык менен эт берилет. Зайтун майы көп өндүрүлгөндүктөн, май ченемсиз колдонулат. Пицца, рисотто — италиялыктардын белгилүү тамагы.

Кесме — италиялыктардын негизги тамагы

Эли сылык, меймандос, ачык-айрым келет жана пикирлешкенди жакшы көрөт. Ошо себептен сейил бактардан, көчөлөрдөн бири-бири менен бакылдашып сүйлөшкөн адамдарды көп көрүүгө болот.

Италиялыктардын басымдуу бөлүгү католик динин тутушат, бирок чиркөөгө аз эле киши барат. Акыркы он жылдыктарда чиркөөнүн таасири мурункудай күчтүү болбой калганын, бойдон алдырууга, ажырашууга байланыштуу эзелтен бери келаткан эрежелерин эл баркка албай калганын айтышат.

Жахабанын Күбөлөрүнүн саны күн санап өсүүдө. Алар Ыйык Китептин негизинде билим бергени, айтканына ылайык жашаганы менен таанымал. Алардын 3000ден ашуун жыйналышы бар. Көбү жакшы кабарды бөтөн жерликтерге жеткирүүгө умтулат. Акыркы он жылдын ичинде келгиндердин саны үч эсеге көбөйгөндүктөн, Ыйык Китептеги билимди алардын эне тилинде жеткирүү зарыл болууда.

БИЛЕСИҢЕРБИ?

Ватикан Римде жайгашса да, 1929-жылдан бери өз алдынча мамлекет деп эсептелет. Италиялыктар үчүн Ватикан чет өлкө болуп саналат.

Италиянын түндүк-чыгышындагы Доломит тоо кыркасы