Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Сахарадан түштүгүрөөк жайгашкан өлкөлөр

ЮНИСЕФтин ушул өлкөлөр тууралуу отчётунда: «5 жашка чейинки балдардын 38 пайызынын гана туулганы тууралуу күбөлүгү бар»,— делген. Бирок ЮНИСЕФтин Африканын түштүк жана түндүк аймагы боюнча директорунун орун басары Эльке Виш ал жактагы өлкөлөрдүн айрымдарында «балдар медициналык жардам, билим алыш үчүн, жетимдер мураска ээ болуш үчүн, туулганы тууралуу күбөлүгү болушу зарыл» экенин айткан.

Италия

Бир сурамжылоого ылайык, италиялык өспүрүмдөр электрондук каражаттар аркылуу опузалап, каралап, басмырлагандардан абдан коркушат. 12—17 жаштагылардын 72 пайызы анын коркунучтуу экенин айтышкан. Бул сан баңгизаттан (55%), чоң кишилердин сексуалдык асылуусунан (44%) же жыныстык катнаш аркылуу оору жугузуп алуудан (24%) корккондордун санынан жогору.

Жапония

«Жапан Таймс» кабарлагандай, жумушунан көтөрүлүү сунуш кылынганда андан баш тарткан жаштардын саны өсүүдө. Алардын 40 пайызы этиканын жетишсиздигине, алдамчылыктын күч алганына нааразы. Көптөр жумуш берүүчүсү менен эркин сүйлөшө алышпайт жана оюн ачык айтуудан тартынышат. Улуу муун жетекчисине берилип кызмат кылса, жаш муундун 60 пайызы учурдагы жумушунда жакшыраак жумуш чыкканча эле иштейт.

Бразилия

Бразилияда 1980—2010-жылдар аралыгында 800 000ге жакын киши ок атуучу курал менен өлтүрүлгөн. Алардын 450 000ден көбү 15тен 29 жашка чейинкилер. Акыркы кылмыштарды изилдөөдө киши өлтүрүү көбүнчө үйдөгү жаңжалдан, кошуналардын чатакташа кеткенинен, көрө албастыктан же айдоочулардын уруша кеткенинен болору аныкталган.