Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Өзгөчө веб-сайт

Өзгөчө веб-сайт
  • ОКУУ. 50дөй тилде Ыйык Китеп, 500дөн ашык тилде Ыйык Китепке негизделген материалдар бар.

  • КӨРҮҮ. 70ке жакын жаңдоо тилинде видеолор бар.

  • ТИЛИН ТАНДОО. Сайт 100дөгөн тилдерге которулган.

  • УГУУ. Ыйык Китептеги окуяларга сөздөр, үн-дабыштар коштолуп жазылган аудиодрамалар бар.

  • КӨРҮҮ. Сүрөт түрүндөгү Ыйык Китептеги окуялар бар.

  • КӨРҮҮ. Көйгөйлөр менен күрөшүүгө жардам берген, Ыйык Китепке негизделген драмалар, видеотасмалар бар.

  • ЖҮКТӨӨ. Электрондук китептер, журналдар, макалалар, аудиофайлдар бар. Жүктөп алуу акысыз.

  • ИЗИЛДӨӨ. Көп маалымат камтылган «ОНЛАЙН КИТЕПКАНА» 100дөн ашык тилде бар.

 ЖУБАЙЛАРГА

«Үй-бүлөм менен бактылуу жашагым келет. Бирок жубайым экөөбүздүн мамилебиз начар, балдар төрөлгөндөн кийин, ого бетер сууп кетти. Бизге жакшы кеңеш керек болуп турат»

ЫЙЫК КИТЕПТЕ МЫНДАЙ ДЕЛЕТ:

«Үй акылмандык менен курулат, кыраакылык менен бекемделет» (Накыл сөздөр 24:3).

САЙТТЫН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

«Жубайлар жана ата-энелер» деген бөлүктө үй-бүлөдө кездешчү төмөндөгүдөй кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берген кеңештер бар:

  • Жаңы үй-бүлө кургандар кабылган кыйынчылыктар

  • Кайындар менен мамилелешүү

  • Балдарды тарбиялоо

  • Талашып-тартышуу

  • Акча маселеси

(ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ОКУУЛАР > ЖУБАЙЛАР ЖАНА АТА-ЭНЕЛЕР дегенди карагыла.)

«Үй-бүлөлүк бакыттын сыры» деген китепте турмуш курууга даярдык көрүүдөн тартып карыган ата-энелерге кам көрүүгө чейинки ар кандай кеңештер бар.

(Китеп www.pr418.com/ky сайтында да бар. АДАБИЯТТАР > КИТЕПТЕР ЖАНА КИТЕПЧЕЛЕР дегенди карагыла.)

 АТА-ЭНЕЛЕРГЕ

«Балдарым — менин байлыгым. Алар мен сыймыктангыдай болуп чоңойсо дейм»

ЫЙЫК КИТЕПТЕ МЫНДАЙ ДЕЛЕТ:

«Баланы туура жолго сал. Ал ошол жолдон карыганда да чыкпайт» (Накыл сөздөр 22:6).

САЙТТЫН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

«Балдар» деген бөлүктөгү сүрөт түрүндөгү окуялар, тапшырмалар, видеолор, бөбөктөр үчүн даярдалган материалдар балдарыңарды төмөнкү нерселерге үйрөткөнгө жардам берет:

  • Тил алуу

  • Боорукер болуу

  • Бир туугандар менен мамилелешүү

  • Рахмат айтуу

(ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ОКУУЛАР > БАЛДАР дегенди карагыла.)

«Ыйык китептик аңгемелер» жана «Улуу Окутуучудан үйрөн» деген кооз сүрөттөрү бар китептер балдарыңар менен чогуу окушуңар үчүн чыгарылган.

(Китеп www.pr418.com/ky сайтында да бар. АДАБИЯТТАР > КИТЕПТЕР ЖАНА КИТЕПЧЕЛЕР дегенди карагыла.)

 ӨСПҮРҮМДӨРГӨ

«Ата-энеме, досторума, кыздарга кандай мамиле кылышым керектигин, мектептеги көйгөйлөрдү кантип жеңсем болорун билгим келет. Бирок чоңоюп калгандыктан „андай кылба, мындай кыл“ деген сөздөрдү уккум келбейт»

ЫЙЫК КИТЕПТЕ МЫНДАЙ ДЕЛЕТ:

«Жаштык күндөрүңдө жүрөгүң шаттансын» (Насаатчы 11:9).

САЙТТЫН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

«Өспүрүмдөр» деген бөлүктө төмөнкү учурларда жардам бере турган макалалар, видеолор бар:

  • Жалгызсыраганда

  • Мектепте көйгөй болгондо

  • Үйдөгү эрежелерди бузганда

  • Мектептен кордук көргөндө же жыныстык асылууга кабылганда

(ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ОКУУЛАР > ӨСПҮРҮМДӨР дегенди карагыла.)

«Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер» деген китептин 1, 2-томдорунда жаштарды өзгөчө кызыктырган 77 маанилүү суроо талкууланат.

(Китеп www.pr418.com/ky сайтында да бар. АДАБИЯТТАР > КИТЕПТЕР ЖАНА КИТЕПЧЕЛЕР дегенди карагыла.)

 ЫЙЫК КИТЕП ЖӨНҮНДӨ БИЛГИСИ КЕЛГЕНДЕРГЕ

«Мен Ыйык Китепте жазылгандарды түшүнгүм келет. Ал үчүн эмне кылсам болот?»

ЫЙЫК КИТЕПТЕ МЫНДАЙ ДЕЛЕТ:

«Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган жана окутуу үчүн... пайдалуу» (2 Тиметей 3:16).

САЙТТЫН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» так жана окуп-түшүнгөнгө оңой.

(АДАБИЯТТАР > ЫЙЫК КИТЕП дегенди карагыла.)

«Суроолор жана жооптор» деген бөлүктө «Азап чегип жатканыбызга Кудай күнөөлүүбү?», «Көп аял алууга Кудай кандай карайт?» деген сыяктуу суроолорго жооп берилет.

(ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ОКУУЛАР > СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОР дегенди карагыла.)

«Ыйык Китепти акысыз изилдөө» деген жерден аны кантип акысыз изилдей аларыңарды билсеңер болот.

(Башкы беттеги «Ыйык Китепти изилдегим келет» дегенди баскыла.)

«Ыйык Китепте жазылгандарды такыр түшүнбөй койгондуктан аны окубай койгом. Бирок аны „Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?“ китебин колдонуп окуп баштаганда анын канчалык жөнөкөй, түшүнүктүү жазылганына таң калдым» (Кристина).

Күн сайын jw.org веб-сайтына 700 000дей киши кирет. Силер да кирип көрсөңөр болот.