Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ТАРЫХ БАРАКТАРЫНАН

Жозеф Пристли

Жозеф Пристли

«Анын ар тараптуулугу, ынталуулугу, ишмердүүлүгү, адамгерчилиги; көп нерсеге — физикага, моралга, коомдук маселелерге абдан кызыкканы; илимде, теологияда, философияда, саясатта ээлеген орду; [Франциядагы] революцияга болгон катыштыгы жана адилетсиз түрдө кордук көргөнү аны 18-кылымдын эң бир чыгаан инсанына айланткан». (Фредерик Гаррисон, философ)

ЖОЗЕФ ПРИСТЛИ кандай чоң ачылыштарды жасаган? Анын ачылыштары жана эмгектери көптөрдүн өкмөткө болгон көз карашына, Кудайдын табияты жөнүндөгү, атүгүл дем алып жаткан аба жөнүндөгү түшүнүгүнө зор таасирин тийгизген.

Пристли илимий эмгектеринде да, диний эмгектеринде да фактылар менен чындыкка төп келбеген теорияларды, каада-салттарды четке каккан. Келгиле анда, ошого токтололу.

ИЛИМДИ ИЗИЛДЕШИ

Башында илимге жөн гана кызыгып жүргөн Жозеф Пристли 1765-жылы Американын Бенжамин Франклин аттуу окумуштуусу менен жолуккандан кийин электр тогу менен тажрыйба жүргүзө баштаган. Анын ачылыштарына абдан таасирленген окумуштуулар кийинки жылы аны Лондондогу эң эле беделдүү деп эсептелген Королдук коомго мүчө кылып киргизишкен.

Кийинчерээк Пристли химияны да изилдей баштап, кыска убакыттын ичинде эле газдын бир нече түрүн, анын ичинде аммиакты жана азот чала кычкылын (мас кылуучу зат) ачкан. Андан сырткары, суу менен көмүр кычкыл газын аралаштырып, газдалган сууну ойлоп чыгарган.

1774-жылы Англиянын түштүгүндө жүргүзгөн тажрыйбасы учурунда Пристли шамдын жарыгын күчөтө турган газдын бир түрүн бөлө алган. Кийинчерээк жүргүзгөн тажрыйбасында  болсо айнек идишке эки унция (57 грамм) ошондой газ толтуруп, ичине чычканды салып көргөн. Ал чычкан кадимки аба толтурулган идиштеги чычканга караганда эки эсе көбүрөөк убакытка чейин тирүү болгон. Пристли өзү да ал газ менен дем алып көрүп, «бир нече убакытка чейин жеңил жана оңой дем алганын байкаган».

Ал ачкан газ кычкылтек болчу *. Бирок ал аны флогистону жок аба деп атаган. Анткени флогистон деп аталган, күйүү процессине тоскоол кылат деп божомолдонгон заты жок кадимки абаны ачтым деп ойлогон. Бирок ал жаңылган. Анткен менен көптөр анын бул ачылышын «өмүрүндөгү эң чоң эмгеги» деп эсептешет.

ДИНДИ ИЗИЛДЕШИ

Пристли, эч кандай далили жок эле туура деп эсептелип келген теориялар чыныгы илимий ачылыштарды жасоого тоскоолдук кылгандай эле, каада-салттар менен сокур ишенимге негизделген диний окуулар да диний туура түшүнүккө ээ болууга тоскоолдук кылат деген көз карашта болгон. Ошентсе да, өмүр бою Ыйык Китепти изилдегенине карабай, Пристли анда жазылгандарга каршы келген айрым ойлорго ишенген. Мисалы, анын Ыйык Китептин Кудайдын жетеги менен жазылганына шек санаган учуру болгон. Андан сырткары, ал Иса Машаяктын адам болуп жерге келгенге чейин асманда жашаганына ишенген эмес.

«Эгер илим чындыкка умтулса, Пристлини чыныгы илимпоз деп айтууга болот». (Кэтрин Каллен, биолог)

Анткен менен Пристли айрым жалган диний окууларды ачыкка чыгарган. Аларга, алсак, бүгүнкү күндө да негизги диндер карманып жаткан Үчилтик, жандын өлбөстүгү, сөлөкөттөргө сыйынуу сыяктуу окуулар кирет. Пристли андай окуулар Иса Машаяк менен анын жолдоочулары окуткан окуулардын бурмаланганынын аркасында келип чыкканын жазган.

Пристлинин диний көз карашы жана Америка менен Франциядагы революцияны колдошу мекендештеринин каарын кайнаткан. 1791-жылы жаалданган топ анын үйүн, лабораториясын талкалап салган. Ошентип, ал Кошмо Штаттарга качууга аргасыз болгон. Бөтөнчө, илимий ачылыштары менен белгилүү болсо да, Жозеф Пристли Кудай жана анын ой-ниети жөнүндө билим алууну «эң сыймыктуу жана маанилүү иш» деп эсептеген.

^ абз. 10 Кычкылтекти ага чейин эле швед химиги Карл Шееле ачкан, бирок аны жарыя кылган эмес. Кийинчерээк француз химиги Антуан Лоран Лавуазье ал газды кычкылтек деп атаган.