Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Өлүм

Өлүм

Өлгөндөр каякка барат?

«Сен топураксың, кайра топуракка кайтасың» (Башталыш 3:19).

КӨПТӨР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Көптөр адам өлгөндөн кийин асманга кетет, тозокко түшөт же тиги дүйнөдө ата-бабаларына кошулат деп ойлошот. Айрымдар болсо өлгөн адам жашоонун башка түрүнө өтүп, кайрадан жаралат дегенге ишенишет. Ал эми диний окууларга ишенбегендер адамдын жашоосу өлүм менен токтойт деген көз карашта.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте: «Сен бара турган жайда — көрдө — жумуш да, ой жүгүртүү да, билим да, акылмандык да жок»,— деп жазылган (Насаатчы 9:10). Ошондой эле анда адамдар да, жаныбарлар да өлгөндөн кийин эмне болору мындай деп түшүндүрүлөт: «Бардыгы бир жерге барат. Бардыгы топурактан жаралган, бардыгы кайра топуракка кайтат» (Насаатчы 3:20).

 Өлгөндөр кандай абалда болот?

«Анын деми чыгат да, өзү топуракка кайтат, ошол күнү ойлору ойрон болот» (Забур 146:4).

КӨПТӨР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Көптөр адам өлгөндөн кийин тирүү кезинде кылган иштерине жараша тиешесин алат, эгер жакшы иштерди кылган болсо, бейишке чыгып, түбөлүк рахаттанып жашайт, ал эми жаман иштерди кылган болсо, тозокто түбөлүк кыйналат дегенге ишенишет. Андан сырткары, өлгөн адам Кудайдын алдына барардан мурун күнөөсүнөн тазаланышы керек, эгер тазаланбаса, Кудайдын алдына бара албайт деп ойлошот.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Өлгөн адам кыйналбайт, рахаттана да албайт. Өлгөндөр эч нерсе сезбейт, алар тирүүлөргө жардам бере да, зыян келтире да алышпайт. Ыйык Китепте: «Тирүүлөр өлөрүн билет, ал эми өлгөндөр эч нерсе билбейт... Алардын сүйүүсү да, жек көрүүсү да, кызганычы да жок болот. Күн астында жасалып жаткан иштердин биринде да эми алардын үлүшү болбойт»,— деп жазылган (Насаатчы 9:5, 6).

Өлгөндөр келечекте эмне болот?

«Өлгөн киши кайра жашайбы? Кулчулукта жүргөн бардык күндөрүмдө боштондукка чыгар маалымды күтөм» (Аюп 14:14).

КӨПТӨР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Көптөр тозокко түшкөндөр тозоктон чыга алышпайт жана ал жакта түбөлүк кыйналышат дегенге ишенишет.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Кудай Уулу аркылуу өлгөндөрдүн тирилтип, жер бетинде кайрадан жашоого мүмкүнчүлүк берет. Ыйык Китепте: «Буга таң калбагыла, себеби мүрзөлөрдө жаткандардын баары анын үнүн уга турган убак келет. Ошондо өлгөндөр мүрзөдөн чыгышат»,— деп жазылган (Жакан 5:28, 29). Ошондон кийин Кудай аларга түбөлүк өмүр тартуулайт, бирок алардын түбөлүк жашаар-жашабасы тирилгенден кийин кыла турган иштерине жараша болот *.

^ абз. 14 Өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 7-бөлүмүн карагыла.