ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?
Дин
Диндер эмне үчүн көп?
«Силер Кудайдын осуятын четке кагып, адамдар чыгарган салттарга бекем карманасыңар» (Марк 7:8).
ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?
Адам баласы «рухий муктаждыгы» менен — Кудайды таанып-билүүгө болгон каалоосу менен — жаратылган. Андай муктаждык Кудайга сыйынганда гана канааттандырылат (Матай 5:3). Бирок ошол муктаждыгын канааттандырууну көздөп адамдар Кудайдын эмес, өздөрүнүн оюна негизделген көп диндерди ойлоп чыгарышкан.
Мисалы, Ыйык Китепте 1-кылымдагы бир диндин мүчөлөрү жөнүндө мындай делет: «Алардын Кудайга кызмат кылууда ынталуу экенин, бирок ынталуулугу так билимге ылайык келбей турганын күбөлөндүрөм. Алар Кудайдын адилдигин билбей, өздөрүнүн адилдигин орнотууга умтулгандыктан Кудайдын адилдигине моюн сунушкан жок» (Римдиктер 10:2, 3). Ошол өңдүү эле, бүгүнкү күндө да көп диндер «адамдардын осуяттарын... үйрөтүшөт» (Марк 7:7).
Сөзсүз кайсы бир динди тутуш керекпи?
«Сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөө үчүн бири-бирибизге көңүл бөлөлү... Жолугушууларыбызды калтырбайлы» (Еврейлер 10:24, 25).
ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?
Еврейлер 10:25те: «Жолугушууларыбызды калтырбайлы»,— деп жазылган. Мындан Кудай адамдардын ага чогуу жана уюшкандыкта сыйынышын каалай турганын билүүгө болот. Андай жолугушууларга баргандар Кудайды жана анын талаптарын ар бири өздөрү каалагандай түшүнгөнбү? Жок. Ыйык Китепте Кудайга туура жол менен сыйынгандардын баарынын сөзү бир болушу керектиги жана алар «бир ой, бир пикир аркылуу биримдикте болушу» керектиги жазылган (1 Корунттуктар 1:10). Кудайга сыйынгандар жыйналыш болуп уюшулуп, дүйнө жүзүндөгү ишенимдештеринин «баарын сүйүшү» керек болчу (1 Петир 2:17; 1 Корунттуктар 11:16). Ооба, Кудайга жагыш үчүн ага биримдикте жана уюшкандыкта сыйынуу зарыл.
Чыныгы динди кантип аныктоого болот?
«Бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет» (Жакан 13:35).
ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?
Чыныгы динди кантип аныктаса болору тууралуу Ыйык Китепте: «Аларды иштеринен билесиңер. Тикенектен жүзүм, коко тикенден анжир жыйнамак беле?» — делет (Матай 7:16). Анжирди тикенектен ажырата билиш үчүн ботаник болуунун кереги жок. Ошо сыяктуу эле, чыныгы динди жалган динден айырмалаш үчүн дин боюнча адис болуунун кереги жок. Анда чыныгы динди кантип билсе болот?
Чыныгы дин Кудайдын Сөзүндөгү, Ыйык Китептеги, окууларды окутат (Жакан 4:24; 17:17). Ал философияга негизделбейт.
Чыныгы дин адамдарга Кудайды таанып-билүүгө, анын ысымы Жахаба экенин билүүгө жардам берет (Жакан 17:3, 6).
Чыныгы дин адамдардын өкмөтүнө эмес, Кудайдын Падышалыгына үмүт артуу керек деп окутат (Матай 10:7; 24:14).
Чыныгы дин бардык адамдарды сүйүүгө чакырат (Жакан 13:35). Ал бардык улуттарды сыйлоого жана убакытты, каражатты аябай башкаларга жардам берүүгө үйрөтөт. Чыныгы диндегилер согушка катышпайт (Микей 4:1—4).
Чыныгы динди тутуу жөн эле бир каада-салттарга карманууну билдирбейт. Ал — өмүр жолу. Чыныгы динди туткандар окуткан нерселерине өздөрү да карманышат (Римдиктер 2:21; 1 Жакан 3:18).
Бул журналды басып чыгарган Жахабанын Күбөлөрү сүйлөгөн сөзү, кылган иши менен Жахаба Кудайды даңктоого умтулушат. Буга ынаныш үчүн алар чогулган Падышалык залына барып көрсөңөр болот.