Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | БАШКА ТҮШКӨН КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫ КАНТИП КӨТӨРҮП КЕТЕ АЛАБЫЗ?

Катуу ооруга чалдыкканда...

Катуу ооруга чалдыкканда...

Аргентиналык Мейбл учурунда көп иш аткарып, жаны тынчу эмес. Ал оорулууларга ден соолугун калыбына келтирүүгө жардам берген терапевт болчу. 2007-жылы Мейбл алы кетип, чарчай баштаганын сезген, башы да күнүгө катуу ооруй баштаган. Ал мындай дейт: «Мен бир нече доктурга көрүнүп, ар кандай дарыларды ичтим. Бирок эч майнап чыккан жок». Акыры, ал томографияга түшүп, мээсинде шишик бар экени билген. Ошондо өзүн кандай сезгени тууралуу ал мындай дейт: «Мен дендароо болуп эле туруп калдым! Ичимде ушундай душман бар экенине ишене алган жокмун.

Абалым канчалык оор экенин операциядан кийин гана түшүндүм. Реанимацияда жатып, көзүмдү ачсам — кыймылдай албай калыптырмын. Ошондуктан шыпты тиктеп эле жатчумун, башка эч нерсе кыла алчу эмесмин. Операцияга чейин эч кимге көз каранды болбой, чуркап жүрчүмүн. Анан тез эле ошентип эч нерсеге жарабай калдым. Ооруканада жатканда медициналык ар кандай аппараттардын үндөрү кулактын кужурун алчу, жанымдагылардын онтогон үнүн угуп да кыйналчумун. Ошол күндөрү мага жалаң оору менен азаптын чеңгелинде калгандай сезилген.

Азыр кадыресе жакшы болуп калдым. Бирөөнүн жардамысыз эле баса алам, кээде эшикке да өз алдымча чыгам. Бирок операциядан кийин көзүмө кош көрүнө турган болуп калды (диплопия оорусу), булчуңдарым да жакшы иштебейт».

ЭМНЕ ЖАРДАМ БЕРЕТ?

Оң маанай сактаганга аракеттенгиле. Ыйык Китепте: «Шайыр жүрөк — дарыдай даба, ал эми жараланган рух сөөктү кургатат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 17:22). Мейбл мындай дейт: «Өзүм дарыланып жатканда пациенттеримдин канчалык кыйналарын жакшы түшүндүм. Анткени көнүгүү жасаганда денем аябай ооручу, ошондуктан кээде баарына кол шилтеп салгым келчү. Бирок аракет кылганымдын натыйжасы жакшы болорун билгендиктен өзүмдү күчкө салып терс ойлор менен күрөшчүмүн».

Кыйынчылыкты көтөрүш үчүн үмүтүңөрдү үзбөгүлө. Мейбл мындай дейт: «Ыйык Китепти окугандыктан эмне үчүн азап чегерибизди билчүмүн. Ошондой эле күн өткөн сайын, оорудан түбөлүккө арыла турган убакка аз калганын эсимден чыгарчу эмесмин» *.

Кудайдын ар бир адамга жекече көңүл бурарын унутпагыла (1 Петир 5:7). Ушуну билгени Мейблге да жардам берген. Ал мындай дейт: «Мени операцияга алып кирип баратышканда Кудайдын Ышая 41:10догу: „Коркпо, анткени мен сени мененмин“,— деп айткан сөздөрүнүн чын экенине ынандым. Жахаба Кудайдын мага кам көрөрүнө шектенбегендиктен жүрөгүм тынч болду».

Билесиңерби? Ыйык Китепте бүт адамзат оорудан арыла турган убак келери айтылган (Ышая 33:24; 35:5, 6).

^ абз. 8 Көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 11-бөлүмүн карагыла.