Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | БАШКА ТҮШКӨН КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫ КАНТИП КӨТӨРҮП КЕТЕ АЛАБЫЗ?

Мүлктөн кол жууп калганда...

Мүлктөн кол жууп калганда...

2011-жылы 11-мартта, жума күнү, Жапонияда күчү 9 баллга жеткен жер титирөөдөн 15 000ден ашуун киши каза тапкан. Ал эми жалпы чыгым 200 миллиарддан ашык АКШ долларын түзгөн. Цунами жакындап келатканын билип 32 жаштагы Кей бийик жерге качып кутулган. Ал мындай дейт: «Эртеси эртең менен калган нерселерди чогултуп алыш үчүн үйгө барсам — бүт баарын суу алып кетиптир, үйүмдүн пайдубалы эле калыптыр.

Адегенде жөн эле буюм-тайымдарымдан эмес, баарынан кол жууп калганымды түшүнгөн эмесмин. Мен машинем, жумушка керектүү компьютерим, үстөлүм, отургучтарым, жумшак эмерегим, клавишалык аспабым, гитарам, укулелем, флейтам, акварелим, боёкторум, сүрөт тартыш үчүн атайын калемсаптарым жок калдым, сүрөттөрүм менен чиймелерим да бүт жок болду».

ЭМНЕ ЖАРДАМ БЕРЕТ?

Жоготкон нерселериңерге эмес, колдо барына көңүл топтогонго аракет кылгыла. Ыйык Китепте: «Адамдын дүнүйөсү ашып-ташып турса да, колунда болгон мүлкү ага өмүр бере албайт»,— деп айтылган (Лука 12:15). Кей өзүнүн жагдайы тууралуу мындай дейт: «Башында каалаган нерселеримдин тизмесин жазып алгам. Бирок ал мага жоготкон нерселеримди кайра эсиме салып жатты. Ошондуктан тизмеге чындап муктаж болгон нерселеримди гана жазып, аларга ээ болгондо тизмеден чийип салып жаттым. Ошентип зарыл нерселерге гана көңүл топтогонум жашоомду кайра калыбына келтирүүгө жардам берди».

Өзүңөр жөнүндө эле ойлой бербей, силердикиндей жагдайга кабылгандарды жубатканга умтулгула. Кей мындай дейт: «Мен уюмдардан да, жеке адамдардан да көп жардам алдым. Бирок жардам ала берип көнүп баратканымды түшүнгөнүмдө, өзүмдү жаман сезе баштадым. Анан Элчилер 20:35деги: „Алганга караганда берген бактылуу“,— деген сөздөр эсиме келди. Ошондуктан башкаларга бере тургандай эч нерсем жок болсо да, мага окшоп, жабыр тарткандарды жылуу сөз айтып жубата баштадым. Башкаларга ошентип жардам бергеним өзүмө да бир топ кубат берди».

Андай жагдайда туура иш кылышыңар үчүн Кудайдан акыл сурап тиленгиле. Ыйык Китепте Кудайдын «жардылардын тиленүүсүнө көңүл бурары» жазылган. Кей ушуга бекем ишенгендиктен Кудайдан жардам сураган (Забур 102:17). Силер да ошентсеңер болот.

Билесиңерби? Ыйык Китепте бир да киши табигый кырсыктын айынан эч нерсеси жок калбаймынбы деп тынчсызданбай турган заман келери тууралуу алдын ала айтылган (Ышая 65:21—23) *.

^ абз. 9 Кудайдын жерге байланыштуу кандай ой-ниети бар экенин билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 3-бөлүмүн карагыла.