Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Кошмо Штаттар

Айыл-чарба департаментинин билдирүүсүнө ылайык, 2012-жылы Кошмо Штаттардагы үй-бүлөлөрдүн 14,5 пайызынын — жалпы жонунан 49 миллиондой кишинин — «айрымдары жетиштүү өлчөмдө азык-түлүк сатып ала алабызбы деп тынчсызданышса, айрымдары сатып ала алышкан эмес».

Испания

Университетте окуган студенттердин арасында жүргүзүлгөн бир изилдөөнүн натыйжасында кыздардын 56 пайызы, балдардын 41 пайызы ичкиликти өтө көп ичери, бир отурганда эркектер алар үчүн ошол изилдөөдө белгиленген стандарттык порциядан, кеминде, 8ди, ал эми аялдар 6ны ичери аныкталган.

Тынч океан

Окумуштуулар Мариана кобулунун 11 000 метрдей тереңдигинен көзгө сайса көрүнгүс караңгылыкка, укмуштуудай чоң басымга жана тоңууга жакын температурага карабай өнүгүп-өсүп жаткан бактерияларды жана башка микробдорду табышкан. Буга чейин андай тереңдикте жашоонун болушу дээрлик мүмкүн эмес деп эсептелчү.

Бириккен Араб Эмирликтери

Былтыр Дубайдын бийлиги жарандарынын арасында күч алып бараткан ашыкча салмактуулук менен күрөшүү максатында 1 килограммга арыктаган кишиге 1 грамм алтын (ошол маалда, болжолу, 45 доллардай) берүүнү убада кылган. Алтын алыш үчүн жарандар каттоодон өтүп, анан Рамазан айында, эң аз дегенде, 2 килограммга арыкташы керек болгон.