ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?
Чегирткелердин кыймыл сезгич нейрондору
ЧЕГИРТКЕЛЕР (Acrididae) калың үйүр болуп учушат. «1 кв/км алкактагы чегирткелердин саны 80 миллионго жетет», бирок алар эч качан бири-бири менен кагылышпайт. Эмне үчүн?
Көңүл бурсаңар: Алардын татаал түзүлүштөгү эки көзүнүн артында кыймыл сезгич нейрондору бар. Чегирткелер бири-бирине жакындап, кагылышайын деп калганда, ал нейрондор канаттары менен буттарына дароо белги берип, чегирткелер тездик менен багытын өзгөртүшөт. Алардын ошондогу ылдамдыгы кишинин көз ирмеминен 5 эсеге көп болот.
Чегирткелердин көздөрүнүн жана нейрондорунун иштеши окумуштууларга жылып жүрүүчү роботтордун аларга жакындап келаткан нерсени аныктап, ага урунбай, айланып өтүүгө шарт түзө турган автоматташтырылган системасын ойлоп табууга түрткү берген. Ал системада мурункудай татаал радарлар менен инфракызыл билдиргичтер колдонулбайт. Окумуштуулар андай технологияны колдонуп, транспорт каражаттарынын кагылышуусун азайтууга жардам берген, тез, так иштеген эскертүү системалары менен жабдууга да аракет кылууда. «Ушундай жөнөкөй эле курт-кумурскадан ушунчалык татаал нерсени үйрөнсө болот»,— дейт Улуу Британиядагы Линкольн университетинин профессору Шиянг Юэ.
Кандай деп ойлойсуңар? Ушундай кыймыл сезгич нейрону бар чегиртке өзүнөн өзү пайда болгонбу же Жараткандын колунан бүткөнбү?