Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Өтө чарчоо синдрому

Өтө чарчоо синдрому

AНЕЛ чарчоо дегенди билчү эмес. Бирок аброюн көтөрө турган, маянасы чоң жумушка орношкондон кийин күндө түнгө чейин иштеп, атүгүл дем алыш күндөрү да эс албай калган. Жумасына 80 сааттан ашык убакыт иштеген күндөрү да болгон. Ошондуктан күчү калбай бараткан эле. Ал мындай дейт: «Жумушта баш аламандык көп болчу, анын үстүнө, бүт баары менин мойнумда эле. Ошондо мен: „Бул жумушка каяктан орноштум! Ушинтип жүрө берсем, бир күнү өлүп калам го“,— деп ойлондум».

Өтө чарчоо синдрому кадимки чарчоодон, стресс болуудан да көптү билдирет. Ага өнөкөткө айланган чарчоо, өзүн эч нерсеге жараксыз сезүү жана алдын кетиши мүнөздүү. Өтө чарчаган киши жумушун дит коюп аткарбай калат, шыктануусу жоголот жана эмгек өндүрүмдүүлүгү төмөндөйт. Окумуштуулар өтө чарчоо кишинин эмоциялык абалына жана ден соолугуна да таасир этерин аныкташкан.

Адамдын өтө чарчашына, негизинен, өтө көп иштөө себеп болот. Экономикалык кысталыштан улам айрым жумуш берүүчүлөр жумушчуларына кээде аз эле акча төлөп, көбүрөөк иштөөнү талап кылышат. Заманбап техника да айрымдардын жумушу менен жеке жашоосунун ортосундагы чекти жоюп, жумушу менен такай байланышта болууга аргасыз кылууда. Кээ бирөөлөрдү жумушунун кооптуулугу, жумушту өз эркинче аткара албаганы же адилетсиз мамилеге кабылышы чарчатат. Ошондой эле кайсы ишти биринчи кылыш керектигин так түшүнбөгөнү, жумуштагы келишпестиктер алдан тайдырат.

Кээ бирөөлөр өздөрү себепкер болот. Алар мансапка, көп акча табууга умтулуп, жумуштан башы чыкпай калат. Андай адамдар алы жетпеген жүктү артынып алып, көтөрө албай калышат.

Силер да аябай чарчап жүрсөңөр, эмне кылсаңар болот? Албетте, колуңардан эч нерсе келбечүдөй болгон жагдайга туш болсоңор, бир нерсени өзгөртүү мүмкүн эместей сезилиши ыктымал. Анткен менен төмөнкү 4 кеңешке көңүл бурсаңар, жагдайдан чыгуунун башка да жолдору бар экенин билишиңер мүмкүн.

 1. МААНИЛҮҮСҮН АНЫКТОО

Силер үчүн баарынан эмне маанилүү? Көптөр үй-бүлөсүн, ден соолугун биринчи орунга коюшат. Эгер өтө чарчоо синдромуна дуушар болсоңор, ушуларга терс таасирин тийгизет.

Андыктан маанилүүрөөгүн аныктап алгыла, ошондо олуттуу чечим чыгарууга жана айрым нерселерден баш тартууга даяр болосуңар. Мисалы, өтө чарчашыңарга жумуш себеп болуп жатат дейли. Бирок: «Бул жумуштан кете албайм, азыраак да иштей албайм, акча табыш керек да»,— дешиңер ыктымал. Ооба, акча баарына эле керек, бирок канчалык көп керек жана ал үчүн эмнелерден айрылууга туура келет?

Башкалардын таасирине алдырып, алар маанилүү деп эсептегендерди силер да маанилүү деп эсептеп калбагыла. Алсак, жумуш берүүчүңөр, силерден айырмаланып, жумушту эң маанилүү деп эсептээри бышык. Башкалар да жумушту биринчи орунга коюшу мүмкүн, бирок бул силер да ошентишиңер керектигин билдирбейт.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «АДАМДЫН ДҮНҮЙӨСҮ АШЫП-ТАШЫП ТУРСА ДА, КОЛУНДА БОЛГОН МҮЛКҮ АГА ӨМҮР БЕРЕ АЛБАЙТ» (ЛУКА 12:15).

2. ЖАШООНУ ЖӨНӨКӨЙЛӨТҮҮ

Стрессти азайтып, чындап маанилүү нерселерге убакыт табыш үчүн азыраак иштөөнү туура көрүшүңөр жана жумуш берүүчүңөрдөн жумушту азайтышын суранышыңар мүмкүн же башка жумушка орношууну чечишиңер этимал. Кандай чечим чыгарсаңар да, акча-каражатка, жашоо мүнөзүңөргө байланыштуу айрым нерселерди өзгөртүшүңөр керек болот. Бул силер ойлогончолук кыйын болбошу мүмкүн.

Көп өлкөлөрдө коом адамдын акчасы, мүлкү канчалык көп болсо, ошончолук бактылуу болот деген ойду таңуулайт. Бирок, чынында, андай эмес: жөнөкөй жашаган адам көбүрөөк эркин болот жана жашоодон көбүрөөк канааттануу алат. Жашоону жөнөкөйлөтүш үчүн чыгымды азайтып, акчаны үнөмдөй билгиле. Карыздарды четинен азайтууга же алардан кутулууга аракеттенгиле. Өзгөртүш керек болгон нерселер тууралуу үй-бүлөңөр менен кеңешкиле, ошондой эле алардын колдоосуна муктаж экениңерди билдиргиле.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «ИЧКЕНГЕ ТАМАГЫБЫЗ, КИЙГЕНГЕ КИЙИМИБИЗ... БОЛСО, ОШОГО ЫРААЗЫ БОЛОЛУ» (1 ТИМЕТЕЙ 6:8).

 3. БААРЫНА МАКУЛ БОЛО БЕРБӨӨ

Колуңардан келбей тургай иш тапшырылса же чечилбей келаткан көйгөй болсо, жумуш берүүчүңөр менен сүйлөшкүлө. Ылайыгы келгенде көйгөйдү чечүүгө байланыштуу өзүңөрдү да, жумуш берүүчүңөрдү да канааттандыра турган сунушуңарды айткыла. Аны милдеттериңерди жакшы аткарарыңарга ынандыргыла жана эмнелерди кылууга даяр экениңерди, бирок ошол эле учурда эмнелерди кыла албай турганыңарды так-даана, чечкиндүү түрдө билдиргиле.

Алдын ала ойлонуштуруп, баарына реалдуу карагыла. Мисалы, азыраак иштесеңер, айлыгыңар азайышы, жумуштан чыгып калышыңар да ыктымал. Ошондуктан башка жумуш караштыра жүргөнүңөр жакшы. Анткени жумуштан чыга элек болсоңор, жумуш табуу оңоюраак болот.

Жумуш берүүчүңөр менен сүйлөшүп, баарын чечишип алган күндө да, ал көбүрөөк иштөөгө кысым көрсөтүшү мүмкүн. Андайда чечимиңерге бекем карманууга эмне жардам берет? Өз милдетиңерди так, жакшы аткаргыла. Ошондо жетекчиңерден да сөзүнө туруп, макулдашкан шартты бузбоону талап кыла аласыңар.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «„ООБА“ ДЕГЕН СӨЗҮҢӨР „ООБАНЫ“, „ЖОК“ ДЕГЕН СӨЗҮҢӨР „ЖОКТУ“ БИЛДИРСИН» (МАТАЙ 5:37).

 4. КАЙРАДАН КҮЧТӨНҮҮ

Жумушуңарда олуттуу көйгөйлөр болбосо да, стресс болушуңар, ар кандай пикир келишпестиктер жана жагымсыз жагдайлар болушу мүмкүн. Ошондуктан жетиштүү эс алып, бир аз көңүл ачууну да унутпагыла. Өзүңөр да, үй-бүлөңөр да сергип калыш үчүн көп акча коротпой деле эс алса болот.

Жумуштан башка нерселерге да кызыккыла, чогуу иштегендер менен эле эмес, башкалар менен да достошкула, ошондой эле өзүңөргө кандай жана канча жумуш аткарганыңардын негизинде баа берүүдөн сак болгула. Ушу тууралуу бир китепте: «Кандай адам экениңер акча табыш үчүн канча жумуш аткарып жатканыңар менен бааланбайт»,— деп жазылган («Your Money or Your Life»). Эгер кишинин өзүн сыйлоо сезими жумушуна байланыштуу болсо, жумуштан башкасын негизги орунга коюу кыйын болушу мүмкүн.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «ЖАН ҮРӨП ИШТЕГЕНГЕ ЖАНА ШАМАЛДЫ КУУП ЖЕТҮҮГӨ УМТУЛГАНГА КАРАГАНДА, БИР АЗ ЭС АЛГАН АРТЫК» (НАСААТЧЫ 4:6).

Өтө чарчоо дартынан арылыш үчүн айрым нерселерди өзгөртө аласыңарбы? Макаланын башында айтылган Анел мындай дейт: «Мурунку жумушумдун жетекчиси менен байланышып, жумушка алышын сурандым. Ал макул болду. Ал жакта иштегендерге „жакшыраак“ жумушка кетип жатам деп айтып койгондуктан өзүмдү бир аз ыңгайсыз сездим. Айлыгым да азыраак. Бирок жан дүйнөм тынч болуп, үй-бүлөмө жана башка маанилүү нерселерге көбүрөөк убакыт бөлүп калдым».