Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЧЫНЫГЫ ИЙГИЛИК ДЕГЕН ЭМНЕ?

Чыныгы ийгиликке жетүүнүн сыры

Чыныгы ийгиликке жетүүнүн сыры

Ыйык Китеп ийгиликке карата туура көз карашта болууга жардам берет. Алсак, Ыйык Китеп «ийгиликке саналуу гана адамдар жетет» деген көз карашты колдобойт. Ошол эле учурда ал жомок китептерде жазылган жана адамдын аң сезимине бала кезинен эле сиңирилген, «кыялыңа жетеленсең эле, баары орундалат» деген көз карашты да колдобойт. Анткени андай көз караш кишини көңүл кайтыкка гана учуратат.

Чыныгы ийгиликке жетүү адамдын өз колунда, болгону, күч-аракет жумшоо талап кылынат. Келгиле, буга байланыштуу айрым кеңештерди карап көрөлү.

  • ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

    «Күмүштү сүйгөн күмүшкө тойбойт, байлыкты сүйгөн кирешеге тойбойт» (Насаатчы 5:10).

    БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ? Байлык адамдын бактылуу болушуна жана жашоодон канааттануу алышына кепилдик бербейт, тескерисинче, аны бактысыз кылат. Жин Твенж «Өзүмчүл муун» деген китебинде: «Акчага көп маани бергендер адамдар менен болгон мамилесин баалагандарга караганда көбүрөөк тынчсызданып, депрессияга көбүрөөк дуушар болушат»,— деп жазган. Ошондой эле ал: «Изилдөөлөрдүн баары бакытты сатып алуу мүмкүн эмес экенин көрсөткөн. Адамдын өзүнө зарыл болгон нерсесине жеткидей акча тапкандан кийинки тапкан акчасы аны бактылуу деле кылып жибербейт»,— деп кошумчалаган.

    ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ? Байлык менен мүлктөн да көбүрөөк пайдалуу боло турган нерселерге умтулгула. Иса пайгамбар: «Ач көздүктүн бардык түрүнөн сак болгула. Анткени адамдын дүнүйөсү ашып-ташып турса да, колунда болгон мүлкү ага өмүр бере албайт»,— деп айткан (Лука 12:15).

  •  ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

    «Кыйроонун алдында бой көтөрүүчүлүк келет, кулаардын алдында менменсингендик келет» (Накыл сөздөр 16:18).

    БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ? Бой көтөрүүчүлүк, менменсингендик ийгиликке жетүүгө тоскоол кылат. Бир китепте «бой көтөрбөгөн жана өзүн көрсөтүүгө умтулуп, менменсинбеген жетекчилер» башкарган компаниялардын иши илгерилеп, көп ийгиликтерге жетишкени айтылган. «Ал эми салыштырылган бардык компаниялардын үчтөн эки бөлүгүн түзгөн жана жетекчилери өздөрү жөнүндө жогору ойдо болгон компаниялардын иши жакшы жүрбөй же такыр эле токтоп калганы» баса белгиленген. Мындан кандай жыйынтык чыгарсак болот? Текебердик ийгиликке жетүүгө бөгөт коёт («Good to Great»).

    ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ? Мансаптуу, кадыр-барктуу болгонго эмес, жөнөкөй киши болгонго умтулгула. Ыйык Китепте: «Эгерде кимдир бирөө эч ким эмес болуп туруп өзү жөнүндө жогору ойдо болсо, ал өзүн өзү алдап жатат»,— деп айтылат (Галатиялыктар 6:3).

  •  ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

    «Адамдын... эмгегинин үзүрүн көрүп жанын жыргатканынан өтөрү жок» (Насаатчы 2:24).

    БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ? Эгер жумушту чын дилден кылганга көнсөңөр, андан чындап канааттануу аласыңар. Психолог Мадлен Левин «Балдарга жакшы тарбия бергиле» деген китебинде: «Ишибизди жакшы аткарганга үйрөнсөк, ийгиликке жетебиз, ал эми ишти жакшы аткарыш үчүн талыкпай эмгектенип, көп күч-аракет жумшоо керек»,— деген. Бул өз ичине кыйынчылыкка багынып бербей, аны чече билүүнү да камтыйт.

    ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ? Кайсы бир ишти жакшы аткарыш үчүн күжүрмөн эмгектенгиле, кыйынчылыктарга багынбагыла. Эгер балдарыңар болсо, (алардын жашын, жөндөмдүүлүктөрүн эске алып) көйгөйлөрүн чечүүгө өздөрүнө мүмкүнчүлүк бергиле. Алардын бардык ишине кийлигишип, көйгөйлөрүн чечүүгө шашпагыла. Балдар кыйынчылыкка моюн сунбай, көйгөйлөрдү чечүүгө үйрөнгөндө жашоодон чындап канааттануу алышат жана такшалышат.

  • ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

    «Өлгөн арстанга караганда тирүү ит артык» (Насаатчы 9:4).

    БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ? Жашооңордун баары эле жумуш болуп калбашы керек, ал жашооңордун бир бөлүгү гана болушу кажет. Жумуштан чоң жетишкендиктерге жетип, бирок ден соолугуңардан же үй-бүлөңөрдүн урмат-сыйынан ажырап калсаңар, ийгиликке жеткен болосуңарбы? Чындап ийгиликтүү киши жумушун да жакшы аткарат, ден соолугуна жана үй-бүлөсүнө да тийиштүү түрдө кам көрөт.

    ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ? Өзүңөргө да кам көргүлө. Эс алып тургула. Ийгиликке жетүүнү көздөп, жумушка баш отуңар менен кирип кетип, ден соолугуңардан, үй-бүлөңөрдөн жана досторуңардан айрылып калбагыла.

  • ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

    «Рухий муктаждыгын сезгендер бактылуу» (Матай 5:3).

    БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ? Чыныгы ийгиликке жетүү үчүн Ыйык Китепти окуп-изилдөө жана андагы кеңештерди колдонуу абдан маанилүү. Миллиондогон Жахабанын Күбөлөрү Кудай менен болгон мамилени биринчи орунга коюу күнүмдүк түйшүктү ойлоп көп кабатыр болбогонго жардам берерин түшүнүшкөн (Матай 6:31—33).

    ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ? Ыйык Китеп силерге чыныгы ийгиликке жетүүгө кандайча жардам берерин окуп көргүлө. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн силер жакта жашаган Жахабанын Күбөлөрүнүн бирине кайрылгыла же www.pr418.com/ky сайтына киргиле.