Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЧЫНЫГЫ ИЙГИЛИК ДЕГЕН ЭМНЕ?

Эмнени ийгилик деп эсептейсиңер?

Эмнени ийгилик деп эсептейсиңер?

Төмөнкү мисалдардын негизинде өзүңөрдү текшерип көргүлө.

Кимисин чындап ийгиликтүү деп ойлойсуңар?

  • АЙДАР

    Айдардын жеке бизнеси бар. Ал чынчыл, эмгекчил жана сылык киши. Иши жакшы жүргөндүктөн анын үй-бүлөсү эч нерседен кем болбой жашайт.

  • САПАР

    Сапардын да жеке бизнеси бар. Ал Айдарга караганда көбүрөөк акча табат. Бирок башкаларга атаандашып жатып жумуштан башы чыкпай калган, ошонун айынан ден-соолугу да начар.

  • ЖАМИЛЯ

    Жамиля — ортоңку класстын окуучусу. Ал билим алганды, казып изилдегенди жакшы көрөт. Ошондуктан жакшы бааларды алат.

  • ЗЫЙНАТ

    Зыйнат — алдыңкы окуучулардын катарындагы кыз. Ал Жамилядан да жогорку бааларды алат. Бирок билим алууга чындап кызыкпайт жана жакшы баа алыш үчүн мугалимдерди көп алдайт.

Эгер силер Сапар менен Зыйнатты же төртөөнү тең ийгиликтүү деп эсептесеңер, анда ийгиликти кайсы бир нерсенин жыйынтыгына карап аныктаган болосуңар.

Ал эми Айдар менен Жамиляны гана ийгиликтүү деп эсептесеңер, кимдир бирөөнүн ийгиликке жеткен-жетпегенин мүнөзүнө, эмгекчилдигине карап аныктаган болосуңар. Бул абдан туура. Эмесе, эмне үчүн туура экенин талдап көрөлү.

  • Жамиляга жашоосунда мектептен жакшы баа алганынын пайдасы көбүрөөк тиеби же билим алууга ынтызар болгонунунбу?

  • Айдардын балдарына атасы сатып берген нерселер көбүрөөк керекпи же атасынын аларга убакыт бөлгөнүбү?

Жыйынтык: Жалган ийгилик көзгө көрүнгөн нерселерге, ал эми чыныгы ийгилик чыныгы баалуулуктарга негизделет.