ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО
Балдарды баш ийүүгө үйрөтүү
КӨЙГӨЙ
Төрт жашар балаңар менен алышып жатып чарчайсыңар, анан акыры ал каалагандай болот.
-
Кыл деген нерсеңерди, кылбайт.
-
Кылба деген нерсеңерди, кылат.
«Ушинте турган учуру окшойт. Бара-бара калар»,— деп үмүттөнөсүңөр.
Бирок кандай болбосун, баланы баш ийүүгө үйрөтсө болот. Эмесе, алгач баланын ээнбаш болушунун бир себебин карап чыгалы.
СЕБЕБИ
Балаңар жаңы төрөлгөн кезде үстүнө үйрүлүп түшүп, кың этсе эле чуркап бара калып, каалоосунун баарын аткарууга даяр турчусуңар. Ал кезде ошенткениңер, албетте, туура да, керек да болгон. Себеп дегенде ымыркайлар ата-энесинин дайыма алардын жанында болуп, аларга кам көрүшүнө муктаж болот.
Ошентип, ата-энеси бир нече ай бою көзүн карагандыктан, бала өзүн төрө сезип, ата-энесин болсо анын буйруктарын аткарган кызматчыдай көрүп калат. Ал эми экилерге чыгып калганда бала «жеке бийлиги» кулаганын түшүнөт. Эми ата-энеси анын каалаганын эмес, ал ата-энесинин каалаганын кылышы керек болот. Мындай өзгөрүүгө бала башында көнбөй кыйналат. Андайда айрым балдар чыр салса, башкалары ата-энесин сынап, аларга баш ийүүдөн баш тартат. Алар бийлик кимдин колунда экенин ошентип аныктаганга аракет кылышат.
Мына так ошондой учурда ата-энелер баласы алардын ролдору алмашканын, мындан ары ал эмне кылышы керектигин ата-энеси чечерин түшүнгүдөй кылышы керек. Бирок, башында сүрөттөлгөндөй, бала ата-энесинин айтканын тоготпой, аларга баш ийүүдөн баш тартсачы?
ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?
Бийликти колго алуу. Силер бийликти колуңарга алмайынча, балаңар силерди башчы катары кабыл албайт. Ошондуктан бийликти колго алгыла, бирок тең салмактуу болгула. Өздөрүн адис деп эсептегендер мындан ондогон жылдар мурун «ата-эненин бийлиги» деген сөз колдонулбашы керек деп айтышчу. Алардын бири ал тургай ата-энелердин балага бийлик кылышын «этикага» жана «адептүүлүккө жатпай турганын» айткан. Бирок балага бийлик кылбай, өз эркине коюп койсо, ал өзүн кандай алып жүрүш керектигин түшүнбөй кыйналат, ошондой эле эрке болуп, өзүн ата-энесин башкарууга укуктуудай сезе баштайт. (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 29:15.)
Жазалоо. Бир сөздүктө «тарбиялоо» деген сөзгө балага «баш ийүүнү же өзүн кармай билүүнү үйрөткөн, көбүнчө эреже түрүндө берилген, ал эми эрежелер бузула турган болсо, жазалоо түрүндө бериле турган таалим-тарбия» деген түшүндүрмө берилген. Албетте, баланы негизсиз же катаалдык менен жазалоо туура эмес. Ошол эле учурда жаза балаңар аны жазалап жатканыңарды жана кылган иши үчүн сөзсүз жооп берерин айкын түшүнгүдөй болушу керек. Ошондо ага оңолууга көбүрөөк түрткү бересиңер (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 23:13.)
Так-даана талап коюу. Айрым ата-энелер баласынын баш ийишин талап кылбай эле, суранышат. («Бөлмөңдү жыйнап койчу, балам, макулбу?» деген сыяктуу.) Алар муну сылыктыкка жатат деп ойлошу мүмкүн. Бирок бул ата-эненин баркын төмөндөтүп, баланы ата-энесинин суранычын орундатар-орундатпасын чечүүгө укугу бардай сездиртип коёт. Ошондуктан ата-энелик бийлигиңерди колдонуп балаңарга так-даана талап койгула. (Ыйык Китептеги принцип: 1 Корунттуктар 14:9).
Туруктуу болуу. Эгер балаңарга жок десеңер, ошонуңарга кармангыла жана жубайыңар экөөңөр бир тарапта болгула. Эгер балаңарды тил албай койгону үчүн жазалоону чечсеңер, сөзсүз жазалагыла. Эмне үчүн мындай же тигиндей чечим чыгарганыңарды балаңар менен көпкө чейин талкуулоонун зарылдыгы жок. Эгер силердин «„ооба“ дегениңер „ообаны“, „жок“ дегениңер „жокту“ билдирсе», балаңарга да, өзүңөргө да алда канча жеңил болот (Жакып 5:12).
Мээримдүү болуу. Үй-бүлөдө демократия да, диктатура да болбошу керек. Кудай үй-бүлөнү ата-энелер балдарга мээримин төгүп, туура багытка салып, турмушка даярдашы үчүн түзгөн. Балага туура багыт берүүгө аны тарбиялоо, оңдоп-түзөө кирет. Эгер ошентсеңер, ал баш ийүүгө үйрөнөт жана сүйүүңөргө бөлөнүп, өзүн коопсуз сезет.