Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Жумуш

Жумуш

Ыйык Китеп байыркы учурда жазылса да, андагы принциптер баалуулугун жоготкон жок. Андагы жумушка байланыштуу кеңештер азыр да мурункудай эле пайдалуу.

Кандай көз караш туура?

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

«Азыркы учурда жумушсуз калбаш үчүн аны жашоодо биринчи орунга коюш керек». Ушул сыяктуу ой жүгүрткөндүктөн айрымдар жумушка баш-оту менен кирип, үй-бүлөсүнө, ден соолугуна такыр көңүл бурбай калышат.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте жазылгандар бизди жумушка карата тең салмактуу көз карашта болууга үйрөтөт. Ыйык Китеп эмгекти сүйүүгө үндөйт, ал эми жалкоолукту айыптайт (Накыл сөздөр 6:6—11; 13:4). Бирок ошол эле учурда үй бетин көрбөй жумушка баш-оту менен кирип кетүүнү колдобойт. Ыйык Китепте эс алып туруу да керек экени айтылат. Насаатчы 4:6да: «Жан үрөп иштегенге жана шамалды кууп жетүүгө умтулганга караганда, бир аз эс алган артык»,— деп жазылган. Ошондуктан жумушка үй-бүлөбүзгө жана ден соолугубузга көңүл бурбай калганчалык берилип кетпешибиз керек. Чынында, жанын сабап иштөө сыймыктана турган деле нерсе эмес.

«Адамдын ичип-жеп, эмгегинин үзүрүн көрүп жанын жыргатканынан өтөрү жок» (Насаатчы 2:24).

Кандай жумуш аткарарыңар маанилүүбү?

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Кээ бирөөлөр, кандай жумуш болбосун, эң негизгиси, акчасы жакшы болсо болду деген ойдо. Бирок мындай көз караштагылар акча деп отуруп алдамчылыкка барышы, ал тургай мыйзамсыз иштерди кылышы мүмкүн.

Башкалар болсо «кыялдар орундалат» жана «өзүң сүйгөн ишти гана кыл» деген көз карашка кармангандыктан жумуштун белгилүү бир түрүн гана тандашат. Алар купулуна толбосо же адреналин албаса, жумушту кызыксыз деп эсептешет. Натыйжада андай кишилер өз жумушуна карата терс көз карашта болуп, эптеп-септеп эле иштешет. Ошондой эле кадырым түшүп калат деп ойлогондуктан көп жумуштан баш тартып коюшу мүмкүн.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте адамды алдай турган же ага кандайдыр бир жол менен зыян келтирген иштерди кылуу туура эмес экени айтылат (Лебилер 19:11, 13; Римдиктер 13:10). Жакшы жумуш деп абийирди булгабаган жана башкаларга пайдасын тийгизген жумушту айтууга болот (1 Петир 3:16).

Ыйык Китептен эмгектин максаты тек гана кишиге канааттануу тартуулоо эмес экенин биле алабыз. Анын максаты алда канча бийик. Эмгектенүүнүн максаты — өзүбүздү жана үй-бүлөбүздү камсыз кылуу. Албетте, аткарган жумушубуздан канааттануу алуунун жаман жери жок. Бирок бул жашоодогу эң маанилүү нерсе болбошу керек.

«Атамдын жумушу аябай көп. Бирок ал үй-бүлөбүз менен барган Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышындагы жоопкерчиликтерин аткарууга да жетишет. Өзүнүн жумуштарын жакшы аткаргандан тышкары, мага, эжеме , апама көңүл бөлгөнгө дайыма убакыт табат. Иши көп болсо да, тең салмактуулукту сактайт» (Алана).

Инфляциядан жана кымбатчылыктан улам жашообуз кандай болот деп тынчсызданышыбыз мүмкүн. Бирок Ыйык Китепте өтө көп нерсени каалабашыбыз керектиги баса белгиленет. Анда: «Ичкенге тамагыбыз, кийгенге кийимибиз... болсо, ошого ыраазы бололу»,— деп жазылган (1 Тиметей 6:8). Бул сөздөр, албетте, турмуштун жыргалынан баш тартуу керек экенин билдирбейт. Бирок ошол эле учурда бир нерсе аларда шартыбызды эске алганыбыз жана өтө эле көп дүнүйө-мүлк топтогонго умтулбаганыбыз оң (Лука 12:15).

МУНУ БИЛҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Жумушуңарды жан жигериңерди төшөп аткарганга аракет кылгыла. Жумушуңар анча маанилүү эместей сезилсе да, өзүңөргө жакпаса да майын чыгара аткаргыла. Анткени ишибизди дит коюп аткарсак, андан канааттануу алабыз жана тажрыйбабыз арткан сайын жумушубуз көбүрөөк кубаныч тартуулай баштайт.

Бирок мында да тең салмактуу болуу маанилүү. Андыктан маал-маалы менен эс алып тургула. Күжүрмөн эмгектенгенден кийинки эс алуу өзгөчө жагымдуу болот. Ошондой эле талыкпай эмгектенүүнүн аркасында өзүн-өзү сыйлоо сезимине жана башкалардын, анын ичинде үй-бүлөңөрдүн да урматына ээ болосуңар (2 Тесалоникалыктар 3:12).

«„Эмне жейбиз?“, „эмне ичебиз?“ же „эмне киебиз?“ деп эч качан тынчсызданбагыла... Силердин мунун бардыгына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет» (Матай 6:31, 32).