Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Азап тарткандар үчүн жубатуу

Азап тарткандар үчүн жубатуу

Азап тарткандар үчүн жубатуу

КУДАЙДЫН азап-кайгыга эмне үчүн жол берип жатканы жөнүндөгү суроо кылымдар бою көптөгөн философтор менен динуламачыларды ойлондуруп келүүдө. Айрымдар Кудай кудуреттүү болгон соң азап-кайгыга ал жооптуу болуш керек дешет. Экинчи кылымда жазылган «Клементиндин үгүтү» («The Clementine Homilies») аттуу бир апокрифтик эмгектин автору Кудайдын дүйнөнү эки кол аркылуу башкарып турарын айткан. «Сол колу», Шайтан, азап-тозокторду алып келет, ал эми «оң колу», Ыйса, куткарып, бактылуу кылат.

Ал эми башкалар Кудай азап-кайгыларга себепкер болбосо да, анын болушуна жол берип жатканына ишене албагандыктан, азап-кайгынын бар экенин четке кагышат. «Жамандык — болгону иллюзия, анын эч кандай негизи жок»,— деп жазган Мэри Бейкер Эдди. «Эгер күнөө, оору жана өлүм жок нерселер катары эсептелсе, алар жоголуп кетмек» («Science and Health With Key to the Scriptures»).

Тарыхта болуп өткөн (айрыкча Биринчи дүйнөлүк согуштан тартып биздин күндөргө чейин) трагедиялуу окуялардан улам көптөр азап-кайгыларды жок кылуу Кудайдын колунан келбейт деген тыянакка келишүүдө. «Менимче, Холокост Кудайга таандык деп эсептелген кудуреттүүлүк касиетин жокко чыгарды»,— деп жазган жүйүт окумуштуусу Давид Вольф Сильверман. Ал мындай деп кошумчалаган: «Кудайды кандайдыр бир деңгээлде түшүнүү үчүн, анын жакшылыкчылдыгын жаманчылык менен айкалыштырыш керек, а бул анын кудуреттүүлүгүн жокко чыгарганда гана мүмкүн».

Бирок Кудай азап-кайгылардын болушуна кандайдыр бир деңгээлде күнөөлүү, аларды токтотуп коюуга анын кудурети жетпейт же азап-кайгыларды өзүбүз эле ойдон чыгарып алганбыз деген ырастоолор азап чеккендерге жетишерлик жубатуу бере албайт. Баарынан да, мындай ырастоолор Ыйык Китепте айтылган адилеттүү, кудуреттүү, камкор Кудайга такыр ылайык келбейт (Аюб 34:10, 12; Жеремия 32:17; 1 Жакан 4:8). Анда, Ыйык Китепте азап-кайгыга эмне үчүн жол берилип жатканы тууралуу эмне айтылат?

Азап-кайгынын башталышы

Кудай адам баласын азап чегүү үчүн жараткан эмес. Тескерисинче, ал алгачкы түгөйдү, Адам менен Обону жеткилең дене, акыл менен жаратып, алардын үйү болсун деп ажайып бакча отургузуп, аларга канааттандыраарлык, кызыктуу иш тапшырган (Башталыш 1:27, 28, 31; 2:8). Бирок алардын андан аркы бакыты Кудайдын бийлигине баш ийишинен, жамандык менен жакшылыкты аныктоого Кудай гана укуктуу экенин моюнга алышынан көз каранды болгон. Ошол өзгөчө укуктун символу катары «жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарак» кызмат кылган (Башталыш 2:17). Адам менен Обо Кудайга баш ийгенин анын ошол дарактан жебегиле деген осуятын аткаруу менен көрсөтүшмөк *.

Тилекке каршы, Адам менен Обо Кудайга баш ийбей коюшкан. Кийинчерээк Шайтан Ибилис деп аталган козголоңчул рухий жаратуу Обону Кудайга тил алуу ага пайда алып келбесине ынандырган. Анын оюнча, Кудай Обону жакшы бир нерседен — көз карандысыз болуу, башкача айтканда, жакшылык эмне, жамандык эмне экенин өз алдынча чечүү укугунан — ажыраткан. Шайтан Обого ошол дарактан ооз тийсе, «көзү ачылып, жакшылык менен жамандыкты билген Кудайдай болуп каларын» айткан (Башталыш 3:1—6; Аян 12:9). Көз карандысыз болууга азгырылган Обо тыюу салынган мөмөнү жейт, көп өтпөй Адам да ошентет.

Дал ошол күндөн тартып Адам менен Обого козголоңунун кесепети тие баштаган. Кудайдын бийлигин четке кагып, алар ага баш ийүүдөн келчү коргоодон жана баталардан кол жуушкан. Кудай экөөн тең Бейиштен кууп чыгып, Адамга: «Сен үчүн жер каргышка калды. Сен эми өмүрүң өткөнчө жерден азап менен азыктанасың. Жерге кайра барганыңча, маңдай териң менен нан таап жейсиң»,— деген (Башталыш 3:17, 19). Ошондон тартып Адам менен Обо ооруга, кайгы-капага, карылыкка, өлүмгө моюн сунушкан. Ошентип, азап-кайгы адам турмушунун ажырагыс бөлүгүнө айланган (Башталыш 5:29).

Талаш суроонун чечилиши

Кимдир бирөө: «Кудай Адам менен Обонун күнөөсүнө жөн эле көз жуумп койсо болбойт беле?» — деп сурашы мүмкүн. Жок, анда Кудайдын бедели түшүп калмак да, бул келечекте башкаларга козголоң чыгарууга түрткү бермек. Натыйжада, азап-кайгылар мындан да көп болмок (Насаатчы 8:11). Мындан сырткары, баш ийбестикке көз жумуп коюу менен Кудай өзү жаман иштерге катышкан болуп калмак. Ыйык Китептин жазылышына катышкан Муса бизге минтип эскертет: «Анын иштери жеткилең. Анын жолдору чындык. Кудай ишенимдүү, Анда адилетсиздик жок. Ал — акыйкат. Ал — чындык» (Мыйзам 32:4). Кудай принциптерине бек кармангандыктан, Адам менен Обого тил албастыгынын кесепетин татып көрүүгө жол бериши керек болчу.

Эмне үчүн Кудай биринчи түгөйдү жана аларды козголоңго түрткөн көзгө көрүнбөгөн азгыруучу Шайтанды ошол замат эле жок кылып салган эмес? Ага Кудайдын күчү жетмек. Анда Адам менен Обо тукум кууп өткөн азап-кайгы менен өлүмгө баш ийген балдарды жаратмак эмес. Бирок Кудай күчүн ошондойчо көрсөтүү менен өзүнүн акыл-эстүү жаратууларынын үстүнөн адилеттүү бийлик кыларын далилдемек эмес. Андан да, Адам менен Обо балалуу боло электе өлүп калышса, Кудайдын жер жүзүн жеткилең адамдарга толтуруу жөнүндөгү ниети ишке ашпай калмак (Башталыш 1:28). «Кудай адам эмес... Ал айтканын аткарбай койбойт. Ал эмне айтса, ошону аткарат» (Сандар 23:19).

Жеткилең акылмандыгын көрсөтүп, Жахаба Кудай козголоңдун чектелүү убакытка созулушуна жол берген. Кудайдан көз карандысыздыктын кесепеттерин көрө алышы үчүн козголоңчулардын жетишерлик убактысы болмок. Тарых адам баласы Кудайдын жетекчилигине муктаж экенин, ошондой эле анын башкаруусу адамдын жана Шайтандын башкаруусунан алда канча жогору экенин ачык көрсөтмөк. Ошол эле учурда Кудай өзүнүн жерге байланыштуу алгачкы ой-ниетинин ишке ашышына чара көргөн. Ал «Шайтандын башын жанчып», анын козголоңун жана козголоңунун кесепетин биротоло жок кылчу «тукумдун» келерин убада кылган (Башталыш 3:15).

Убадаланган тукум Ыйса Машайак болгон. 1 Жакан 3:8де «Кудайдын Уулу шайтандын иштерин талкалаш үчүн келгени» айтылган. Адам атанын урпактарын тукум кууп өткөн күнөө менен өлүмдөн арылтуу үчүн ал жеткилең өмүрүн кун катары төлөгөн (Жакан 1:29; 1 Тиметейге 2:5, 6). Ыйсанын курмандыгына чыныгы ишеним көрсөткөндөргө азап-кайгыдан түбөлүккө бошотулары убада кылынган (Жакан 3:16; Аян 7:17). Ал убада качан аткарылат?

Азап-кайгылардын аякташы

Кудайдын бийлигин четке кагуу эмне деген каргашаларга дуушар кылды. Ошондуктан адамзатты азап-кайгыдан бошотуп, жерге байланыштуу ой-ниетин ишке ашыруу үчүн, Кудай бийлигин өзгөчө түрдө көрсөтүшү керек эле. Ыйса шакирттерин: «Асмандагы Атабыз... Сенин Падышачылыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да Сенин эркиң болсун»,— деп тиленүүгө үйрөткөндө, Кудайдын ушул чарасы тууралуу айткан (Матай 6:9, 10).

Кудайдын адамдарга өздөрүн-өздөрү башкарып көрүшүнө берген убактысы аяктап баратат. Ыйык китептик пайгамбарлыкта айтылгандай, анын Падышалыгы Ыйса Машайактын башкаруусу алдында 1914-жылы асманда орнотулган *. Жакында ал адамдардын бардык падышалыктарын кыйратып, талкалайт (Даниел 2:44).

Ыйса жерде кызмат кылып жүргөндө, Кудайдын калыбына келтирилген бийлиги адам баласына алып келе турган баталардын четин гана көрсөткөн. Инжилдерде Ыйсанын жакыр жана басынтылган адамдарга боорукердик көрсөткөнү айтылган. Ал оорулууларды айыктырган, ачка калгандарды тойгузган, өлгөндөрдү тирилткен. Ага атүгүл табият күчтөрү баш ийген (Матай 11:5; Марк 4:37—39; Лука 9:11—16). Ыйса тазалоочу касиетке ээ куткаруу курмандыгын тил алчаак адамдардын жыргалчылыгы үчүн колдонгондо эмне деген нерселер болорун элестетсеңер! Ыйык Китепте Ыйсанын башкаруусу алдында Кудайдын «алардын [адамзаттын] көздөрүндөгү бардык жашты аарчый» турганы жана «өлүм деген... ый деген, өкүрүк деген, оору деген болбой» турганы убада кылынган (Аян 21:4).

Азап тарткандар үчүн жубатуу

Мээримдүү, кудуреттүү Жахаба Кудайыбыздын биз үчүн кам көрөрүн жана жакын арада адамдарга жубатуу алып келерин билүү кандай зор күч-кубат берет! Адатта, катуу ооруга чалдыккан адам, оорусун айыктыра алган дарылоонун түрү жанды кандай оорутпасын, ага даярдуулук менен макул болот. Ушу сыяктуу эле Кудайдын көйгөйлөрдү чечүүдө колдонгон жол-ыкмалары түбөлүк баталарды алып келерин билүү бизге убактылуу болуп жаткан кыйынчылыктардын баарын көтөрүүгө жардам берет.

Мурунку макалада айтылган Рикардо — ыйык китептик убадалардан жубатуу алууну үйрөнгөндөрдүн бири. «Аялым каза болгондон кийин, эч кимди көргүм келчү эмес,— дейт ал,— бирок көп өтпөй андай кылганым менен, аялым кайрылып келбесин жана эмоциялык абалым оңолуп кетпесин түшүндүм». Анын ордуна, Рикардо жыйналыш жолугушууларын калтырбай барып, башкаларга дайым ыйык китептик кабарды айтчу. «Мээримдүү Жахабанын колдоосун сезип, маанисиз болуп көрүнгөн нерселер жөнүндөгү тиленүүлөрүмө жооп алганымды байкаганымда, ага мурдагыдан да көбүрөөк жакындадым,— дейт Рикардо.— Жахабанын сүйөрүн билүү өмүрүмдөгү сыноолордун эң оорун жеңип өтүүгө жардам берди». Ал: «Мен азырга чейин аялымды аябай сагынам, бирок көпкө чейин кыйнала беришибизге Жахаба эч качан жол бербесине толук ишенем»,— деп кошумчалаган.

Силер да, Рикардо жана башка миллиондогон адамдар сыяктуу, азыркы азаптар «эскерилбей, жүрөккө да келбей» турган маалды чыдамсыздык менен күтүп жатасыңарбы? (Ышайа 65:17). «Теңирди тапканга мүмкүн болуп турганда, Аны издегиле. Ал жакын турганда, Аны чакыргыла»,— деген ыйык китептик кеңешти кабыл алсаңар, Кудайдын Падышалыгы алып келчү баталар силерге да тиерине толук ишенсеңер болот (Ышайа 55:6).

Ушул кеңешке карманууга силерге Ыйык Китепти окууну жана аны кылдат изилдөөнү биринчи орунга койгонуңар жардам берет. Кудайды жана ал жөнөткөн Ыйса Машайакты таанып билгиле. Кудайдын нормаларына ылайык жашоого аракеттенүү менен анын эгедерлигине баш ийүүнү кааларыңарды көрсөтөсүңөр. Ошондо кандай гана кыйынчылыктар болбосун, азыр да бактылуу боло аласыңар. Ал эми келечекте такыр кайгы болбогон дүйнөдөгү жашоодон ырахат алууга мүмкүнчүлүгүңөр болот (Жакан 17:3).

[Шилтемелер]

^ 7-абз. «Иерусалим Ыйык Китебинде» Башталыш 2:17ге берилген шилтемеде «жакшылык менен жамандыкты таанып билүү» эмнени билдирери мындайча түшүндүрүлгөн: «Жакшылык эмне, жамандык эмне экенин өз алдынча чечүү жана ошого ылайык иш-аракет кылууөзүнүн жаратуу экенин моюнга алуудан баш тартуу менен адамдын моралдык жактан толук көз карандысыз болууга умтулуусу». Андан ары: «Эң биринчи күнөө Кудайдын жогорку бийлигине кол салууну билдирген»,— деп кошумчаланган.

^ 17-абз. 1914-жылга карата айтылган ыйык китептик пайгамбарлык жөнүндө көбүрөөк билгиңер келсе, Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Түбөлүк өмүргө алып баруучу терең билим» аттуу китептин 10,11-баптарын карагыла.

[7–беттеги кутуча]

АЗАП-КАЙГЫЛАРДЫ КАНТКЕНДЕ КӨТӨРӨ АЛАБЫЗ?

«Бардык түйшүктөрүңөрдү Ага [Кудайга] тапшыргыла» (1 Петир 5:7). Өзүбүз же жакын адамыбыз оор жагдайга учураганда, адатта, эмне кыларыбызды билбей маң болобуз, ачууланабыз, өзүбүздү алсыз сезебиз. Ошентсе да Жахабанын сезимдерибизди түшүнөрүнө толук ишенгиле (Чыгуу 3:7; Ышайа 63:9). Байыркы убактагы ишенимдүү адамдар сыңары, биз да ага ички сезимдерибизди билдирип, эмнелерге шектенип, тынчсызданып жатканыбызды айта алабыз (Чыгуу 5:22; Аюб 10:1—3; Жеремия 14:19; Хабакук 1:13). Ал керемет кылып сыноолорубузду токтотуп койбосо да, аларды көтөрүп кетүүгө байланышкан чын жүрөктөн чыккан тиленүүлөрүбүзгө жооп иретинде акылмандык менен күч бере алат (Жакып 1:5, 6).

«Силер менен кандайдыр бир түшүнүксүз нерсе болуп жаткандай, сыналышыңар үчүн жиберилген оор азап-кайгыларга таң калбагыла» (1 Петир 4:12, БМК). Бул жерде Петир куугунтуктоо жөнүндө сөз кылса да, анын сөздөрү Кудайга ишенген адам кабылган азап-кайгылардын баарына тиешелүү деп айтууга болот. Адамдар жакырчылыктан, оорудан, жакынын жоготуудан жапа чегишүүдө. Ыйык Китепте эч кимдин «мезгил менен кокустуктун капшабынан» сактана албасы айтылат (Насаатчы 9:11, ЖД). Азыркы кезде андай каргашалардан качып кутулуу мүмкүн эмес. Эгер муну түшүнсөк, азап-кайгыга, кырсыкка дуушар болгонубузда, аларды көтүрүү жеңилирээк болот (1 Петир 5:9). Баарынан да, «Теңирдин көздөрү адил адамдарга бурулган, кулагы алардын зар-муңуна бурулган» дегенди эстен чыгарбоо өзгөчө чоң жубатуу берет (Забур 33:16; Накыл сөздөр 15:3; 1 Петир 3:12).

«Үмүт менен кубангыла» (Римдиктерге 12:12). Өткөн бактылуу күндөрүңөрдү ойлой бергендин ордуна, Кудайдын азап-кайгыларды жок кыла турганы жөнүндөгү убадасынын үстүнөн ой жүгүртсөк болот (Насаатчы 7:10). Бул негиздүү үмүт бизди туулга башты коргогондой эле коргойт. Ошондой эле, үмүт жашоодогу кыйынчылыктарды көтөрүп кетүүгө, алардын акыл-эсибизге, жан дүйнөбүзгө жана рухий ден соолугубузга орду толгус зыян келтирбей турганына ишенүүгө жардам берет (1 Тесалоникалыктарга 5:8).

[5-беттеги сүрөт]

Адам менен Обо Кудайдын башкаруусун четке кагышкан.

[7-беттеги сүрөт]

Кудай азап-кайгы болбогон дүйнөнү орнотууну убадалайт.