Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мурдагыдан да сергек болгула!

Мурдагыдан да сергек болгула!

Мурдагыдан да сергек болгула!

«Башкаларга окшоп уктабайлы. Тескерисинче, сергек бололу, эсибизге келели» (1 Тесалоникалыктарга 5:6).

1, 2. а) Помпеи жана Геркуланум шаарлары эмнеси менен белгилүү болгон? б) Помпеи менен Геркуланумдун тургундары кайсы белгилерге көңүл бурбай коюшкан жана ал эмнеге алып келген?

БИЗДИН ЗАМАНДЫН биринчи кылымында Везувий жанар тоосунун этегинде Помпеи менен Геркуланум деген эки гүлдөгөн шаар бар эле. Бай римдиктер ошол жерлерде эс алууну жакшы көрүшчү. Шаарлардагы амфитеатрларга миңден ашык адам батчу. Ал эми Помпеидеги чоң амфитеатр шаардын дээрлик бардык тургундарын сыйдыра алган. Помпеинин ордун казышканда окумуштуулар мейманканалары бар 118 барды табышкан. Алардын айрымдары кумар ойноочу жай же сойкулар туруучу үй катары пайдаланылган. Дубалдарга тартылган сүрөттөр жана табылган сөөктөр адеп-ахлаксыздык менен байлыкка умтулуучулуктун кеңири таралганын күбөлөндүрүп турат.

2 Биздин замандын 79-жылынын 24-августунда Везувий жанар тоосу атылган. Вулканологдордун оюнча, жанар тоо биринчи жолу атылганда, күл, лаванын бөлүкчөлөрүнүн эки шаардын үстүнө жааганы жашоочулардын көптөрүнүн качып кетишине тоскоолдук кылбаган өңдүү. Сыягы, алардын көптөрү качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Ал эми жагдайдын канчалык коркунучтуу экенине баа бербегендер же тынчсыздандыруучу белгилерди тек гана тоотпой койгондор шаарда кала беришкен. Түндүн орто ченинде газдар, алоолонгон лаванын бөлүкчөлөрү менен тоо-тектердин сыныктары күркүрөгөн үн менен келип Геркуланум шаарын басканда, шаардын ичинде калгандар тумчугуп калышкан. Эртеси таң заарда ошол эле себептен улам Помпеинин жашоочулары бири калбай жылас болот. Кырсык болорун көрсөткөн белгилерге көңүл бурбай койгондук эмне деген каргашага дуушар кылган!

Жүйүт түзүлүшүнүн акыры

3. Иерусалимдин кыйроосу менен Помпеи жана Геркуланум шаарларынын кыйроосунун ортосунда кандай окшоштук бар?

3 Геркуланум менен Помпеинин кыйроосу канчалык үрөй учурарлык болбосун, андан тогуз жыл мурун болгон Иерусалимдин кыйратылышы (адамдар тарабынан кыйратылса да) ал каргашадан алда канча ашып түшкөн. «Дүйнөнүн тарыхындагы эң коркунучтуу курчоолордун бири» деп сүрөттөлгөн ошол курчоодо миллиондон ашык жүйүттүн өмүрү кыйылган. Бирок Иерусалимдин кыйратылышы Помпеи менен Геркуланумдагыдай эле күтүүсүздөн болгон эмес.

4. Ыйса жолдоочуларына түзүлүштүн акыры жакын калганын эскертүү үчүн кандай белгилер жөнүндө пайгамбарлык кылган жана биринчи кылымда ал пайгамбарлык кандайча аткарылган?

4 Иерусалимдин кыйратылышы жөнүндө Ыйса Машайак пайгамбарлык кылган. Ал шаардын кыйратылышынын алдында адамдардын тынчын алган согуштар, ачарчылык, жер титирөөлөр жана мыйзамсыздык сыяктуу окуялар менен көрүнүштөр болорун айткан. Жалган пайгамбарлар ишин активдүү жүргүзүшсө да, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабар бүт жер жүзүнө таралмак (Матай 24:4—7, 11—14). Ыйсанын пайгамбарлыгы чоң масштабда азыр аткарылып жатса да, биринчи кылымда ал кичине масштабда аткарылган. Тарыхый билдирүүлөр боюнча, Жүйүт аймагын катуу ачарчылык баскан (Элчилер 11:28). Ошондой эле жүйүт тарыхчысы Иосиф Флавий шаардын кыйратылышына аз калганда Иерусалимдин тегерегинде жер титирөө болгонун айткан. Шаардын кыйратылышы жакындаган сайын, көтөрүлүштөр, жүйүттөрдүн саясый топторунун арасында ич ара кагылыштар тынымсыз жүрүп турган, ошондой эле бутпарастар менен жүйүттөр аралаш жашаган бир нече шаарда массалык кыргындар болуп өткөн. Ошентсе да Падышалык жөнүндөгү жакшы кабар «асман астындагы бардык жаратылгандарга жарыяланган» (Колостуктарга 1:23).

5, 6. а) Б.з. 66-жылы Ыйсанын кайсы пайгамбарлык сөздөрү аткарылган? б) Б.з. 70-жылы Иерусалим кыйратылганда эмне үчүн ушунчалык көп адам набыт болгон?

5 Акыр-аягы, б.з. 66-жылы жүйүттөр Рим бийлигине каршы көтөрүлүш чыгарышат. Цестий Галл Иерусалимди курчоого алуу үчүн аскерлери менен келгенде, Ыйсанын жолдоочулары устатынын: «Иерусалимди аскерлер курчап алганын көрсөңөр, анда анын кыйрай турган убагы жакын калганын билгиле. Ошондо Жүйүт аймагында жашагандар тоого качып кетишсин. Шаардагылар шаардан чыгып кетишсин; шаардын сыртындагылар шаарга киришпесин»,— деген сөздөрүн эстешет (Лука 21:20, 21). Ошентип, Иерусалимден чыгып кетүүнүн убагы келген. Бирок алар кантип чыгып кете алышмак? Күтүлбөгөн жерден Галлдын аскерлери артка чегинет. Бул Иерусалимдеги жана Жүйүт аймагындагы Ыйсанын жолдоочуларына устатынын айткандарына тил алып, тоого качып кетүүгө мүмкүндүк берет (Матай 24:15, 16).

6 Төрт жылдан кийин Пасах майрамы белгиленүүчү маалда рим аскерлери жүйүттөрдүн козголоңун биротоло токтотууну чечкен аскер башчысы Титтин жетекчилиги алдында кайра келишет. Титтин аскерлери, элдин качып кетишине такыр жол бербеш үчүн, Иерусалимди курчап алып «учтуу устундар менен коргон курушат» (Лука 19:43, 44, ЖД). Согуш коркунучу босогодо турганына карабастан, Рим империясынын карамагында жашаган сан-сандаган жүйүттөр Иерусалимге Пасах майрамын белгилөөгө келишет. Ошентип, алар капканга түшүшөт. Иосиф Флавийдин билдирүүсүнө караганда, ошол шордуу жүйүттөр римдиктердин колунан каза тапкандардын басымдуу бөлүгүн түзгөн *. Иерусалим акыр-аягы кыйратылганда, Рим империясында жашаган бардык жүйүттөрдүн жетиден бир бөлүгү набыт болгон. Иерусалимдин жана анын ийбадатканасынын кыйратылышы Жүйүт мамлекетинин жана Мусанын мыйзамына негизделген диний системанын кыйроосун билдирген * (Марк 13:1, 2).

7. Иерусалим кыйратылганда, Ыйсанын ишенимдүү жолдоочулары эмнеден улам аман калышкан?

7 Б.з. 70-жылы Ыйсанын жүйүт жолдоочулары Иерусалимдеги элдин арасында болсо, же өлтүрүлмөк, же туткунга алынмак. Бирок тарыхый маалыматтарга ылайык, алар Ыйсанын 37 жыл мурун айткандарына тил алып, шаардан чыгып, кайра артка кайрылып келишкен эмес.

Элчилердин өз учурунда берилген эскертүүлөрү

8. Петир эмненин зарыл экенин терең түшүнгөн жана ал, сыягы, Ыйсанын кайсы сөздөрүн эске алган?

8 Бүгүнкү күндө азыркы түзүлүштү жок кыла турган абдан чоң масштабдагы кыйроо жакындап келатат. Иерусалимдин талкаланышына алты жыл калганда элчи Петир: «Сергек болгула!» — деп өз учурунда өтө зарыл кеңеш берген. Анын кеңеши Ыйсанын азыркы жолдоочуларына абдан пайдалуу. Петир «Теңирдин... осуяттарын» барк албай калбаш үчүн, Ыйсанын жолдоочулары «туура ой жүгүртүшү» керек экенин терең түшүнгөн (2 Петир 3:1, 2). Петир ишенимдештерин сергек болууга чакырганда, сыягы, Ыйсанын өлөрүнө бир нече күн калганда элчилерине айткан төмөндөгү сөздөрүн эске алса керек: «Байкагыла, сергек болгула, сыйынгыла. Анткени ал убакыттын качан келерин билбейсиңер» (Марк 13:33).

9. а) Айрымдар коркунучтуу кандай маанайды өрчүтүп алышы мүмкүн эле? б) Скептикалык маанай эмне үчүн абдан коркунучтуу?

9 Бүгүн айрымдар: «Анын келем деген убадасы кана?» — деп шылдың кылышат (2 Петир 3:3, 4). Андай адамдарга дүйнө жаратылгандан бери эч нерсе өзгөрбөгөндөй, баары ошол эле бойдон тургандай сезилет өңдүү. Мындай скептицизм коркунучтуу. Күмөн саноолор керт башыбыздын кызыкчылыгын көздөөгө түрткү берип, биз жашап жаткан мезгилдин олуттуулугун сездиртпей коюшу ыктымал (Лука 21:34). Мындан сырткары, Петир баса белгилегендей, андай шылдыңчылдар Нухтун убагындагы Топон суунун дүйнөлүк түзүлүштү жок кылганын унутуп жатышат. Ошондо дүйнө чындап өзгөргөн! (Башталыш 6:13, 17; 2 Петир 3:5, 6).

10. Петирдин кайсы сөздөрү, сыягы, чыдамсыз болуп бараткандарды кубаттандырган?

10 Петир окурмандарына Кудайдын эмне себептен көп учурда тез аранын ичинде иш-аракет жасабай турганын эскертип, чыдамдуулукту өрчүтүүгө жардам берет. Адегенде Петир: «Теңир алдында бир күн миң жылдай, миң жыл бир күндөй»,— дейт (2 Петир 3:8). Жахаба түбөлүк жашагандыктан, бардык факторлорду эске алып, кайсы маал иш-аракет кылууга эң ылайыктуу экенин биле алат. Андан кийин Петир Жахабанын бардык жердеги адамдардын тобо кылышын кааларын баса белгилейт. Кудайдын чыдамкайлыгы көптөгөн адамдардын куткарыла алышына шарт түзөт. Эгер ал тез аранын ичинде иш-аракет кылса, ал адамдар куткарылбай калмак (1 Тиметейге 2:3, 4; 2 Петир 3:9). Бирок Жахабанын чыдамкайлык көрсөтүшү анын такыр эле иш-аракет кылбай турганын билдирбейт. «Теңирдин күнү болсо ууру сыяктуу келет»,— дейт Петир (2 Петир 3:10).

11. Рухий жактан сергек болууга бизге эмне жардам берет жана бул Жахабанын күнүнүн келишин кандайча «тездетет»?

11 Петирдин салыштыруусу көңүл бурууга арзырлык. Ууруну кармоо, чынында эле, оңой эмес. Бирок ууруну байкоого мезгил-мезгили менен үргүлөгөн кайтаруучуга караганда, түнү бою сергек турган кайтаруучунун мүмкүндүгү көбүрөөк. Канткенде кайтаруучу сергек боло алат? Отурбай, түнү бою басып жүргөндө. Ушу сыңары, Ыйсанын жолдоочулары дайым рухий иштер менен алектенгенде сергек боло алышат. Ошол себептүү Петир бизди «жашообуздун... ыйык... такыбаа болушуна» өбөлгө түзгөн иштер менен алектенүүгө үндөгөн (2 Петир 3:11). Андай иш-аракеттер Кудайдын күнүнүн келишин «акылыбызга бек сактоого» мындан ары да жардам берет. «Акылга бек сактоо» деп которулган грек сөзү түзмө-түз «тездетүү» дегенди билдирет (2 Петир 3:12, ЖД, шилтемеси). Жахабанын белгилеп койгон убактысын өзгөртө албаарыбыз чын. Кудайдын күнү ал белгилеп койгон убакта келет. Бирок Кудайга кызмат кылуу менен алек болсок, убакыт батыраак өтөт (1 Корунттуктарга 15:58).

12. Жахабанын чыдамдуулугун ар бирибиз кандайча пайдалансак болот?

12 Жахабанын күнү кечигип жаткандай сезилгендерге, Петирдин кеңешин кабыл алып, Жахабанын белгилеп койгон убактысын чыдамдуулук менен күтүүгө умтулуу зарыл. Кудай чыдамдуулугунан улам берип жаткан кошумча убакытты акылдуулук менен колдоно алабыз. Маселен, Ыйсанын жолдоочусу үчүн зарыл болгон сапаттарды мындан ары да өрчүтүп, жакшы кабарды мүмкүн болушунча көп адамдарга жеткирсек болот, эгер бул түзүлүштүн акыры эчак эле келип калганда, анте алмак эмеспиз. Ошондой эле сергек турсак, Жахаба бизди «таза жана эч кемчиликсиз, тынчтыкта жүргөн» адамдар катары кабыл алат (2 Петир 3:14, 15, «Инжил»). Бул кандай гана зор бата болот!

13. Пабылдын Тесалоникадагы Ыйсанын жолдоочуларына айткан кайсы сөздөрү бүгүнкү күндө өзгөчө маанилүү?

13 Пабыл Тесалоникадагы Ыйсанын жолдоочуларына жазган биринчи катында да сергек болуунун зарылдыгы жөнүндө сөз кылган. Ал: «Башкаларга окшоп уктабайлы. Тескерисинче, сергек бололу, эсибизге келели»,— деген кеңеш берген (1 Тесалоникалыктарга 5:2, 6). Бүгүнкү күндө, азыркы түзүлүштүн акыры жакындап келатканда, сергек болуу кандай зарыл! Жахабанын кызматчылары адамдар рухий нерселерге кызыкпаган учурда жашап жатышат. Бул аларга таасир этиши ыктымал. Ошондуктан Пабыл: «Эсибизге келели. Ишеним менен сүйүүнү соот кылып, куткарылуу үмүтүн туулга кылып киели»,— деп насааттаган (1 Тесалоникалыктарга 5:8). Кудай Сөзүн дайым окуу, жыйналыш жолугушууларын калтырбай, туугандар менен пикир алмашып туруу Пабылдын ушул кеңешине карманууга жана кайсы учурда жашап жатканыбызды эсибизден чыгарбоого жардам берет (Матай 16:1—3).

Миллиондогондор сергек турушат

14. Бүгүн көптөрдүн Пабылдын кеңеши боюнча сергек турганын кайсы статистика көрсөтүп турат?

14 Бүгүнкү күндө Кудайдын сергек болууга байланышкан чакырыгына кулак каккандар көппү? Ооба. 2002-кызмат жылында жарчылардын саны 2001-жылга караганда 3,1 пайызга өсүп, алардын эң жогорку саны 6 304 645ке жетти. Бул жарчылардын Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды башкаларга айтууга 1 202 381 302 саат убакыт бөлүшүп, сергек турганын көрсөтүүдө. Алар кабар айтуу ишине кош көңүл карашпайт, тескерисинче, жашоодогу эң маанилүү иш катары эсептешет. Алардын көптөрү кызматка Сальвадордогу Эдуардо менен Ноемидей карашат.

15. Сальвадордогу кайсы туугандардын мисалы көптөрдүн рухий жактан сергек турганын көрсөтүүдө?

15 Бир нече жыл мурун Эдуардо менен Ноеми Пабылдын: «Бул дүйнө — жок боло турган дүйнө»,— деген сөздөрүнө көңүл бурушкан (1 Корунттуктарга 7:31). Алар жашоо-шартын жөнөкөйлөтүп, толук убакыттагы пионердик кызматты башташкан. Убакыттын өтүшү менен көптөгөн баталарды алышып, атүгүл Эдуардо райондук жана облустук көзөмөлчү болуп кызмат кылган. Эдуардо менен Ноеми толук убакытта кызмат кылуу үчүн, материалдык жыргалчылыктан баш тартып, олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болушса да, туура чечим чыгарышканына толук ишенишет. Сальвадордогу 29 269 жарчынын ичинен көптөрү, алардын арасында 2454 пионер ушундай жан аябастык рухун көрсөтүүдө. Ушундан улам да былтыр бул өлкөдө жарчылардын саны 2 пайызга өскөн.

16. Кот-д’Ивуардагы бир жаш тууганыбыз кандай рух көрсөткөн?

16 Кот-д’Ивуарда жашаган бир жаш ишенимдешибиз да ушундай жан аябастык рухун көрсөтүүдө. Ал филиалга төмөндөгү катты жөнөткөн: «Мен кызмат жардамчысы болуп кызмат кылам. Бирок туугандарды пионердик кызматты баштоого үндөй албай жүрчүмүн, себеби өзүм үлгү көрсөтчү эмесмин. Ошондуктан айлыгы жакшы жумушту таштап, кызматка көбүрөөк убакыт бөлө алышым үчүн, өздүк ишкана ачтым». Азыр бул тууганыбыз былтыр жарчылардын саны 6701ге жетип, 5 пайызга өсүш болгону маалымдалган Кот-д’Ивуардагы 983 пионердин бири.

17. Бельгиядагы бир жаш тууганыбыз тегеректегилердин калыс эмес пикирде болушканынан коркпой турганын кантип көрсөткөн?

17 Бельгиядагы 24 961 жарчы айлана-тегерегиндеги адамдардын жек көрүүсүнөн, калыс пикирде болбогонунан жана басмырлаганынан улам көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болууда. Ошентсе да алар эр жүрөктүк менен кызматын ынталуу улантышууда. Мектепте этика сабагынан Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмунун секта делгенин угуп, он алты жаштагы ишенимдешибиз Жахабанын Күбөлөрүнүн чындыгында ким экенин түшүндүрүп берүүгө уруксат сурайт. Ал «Жахабанын Күбөлөрү — атына татыктуу уюм» аттуу видео тасма менен «Жахабанын Күбөлөрү деген кимдер?» деген китепчени колдонуп, Күбөлөрдүн чындыгында кимдер экенин түшүндүрүп бере алган. Анын айткандарын угуп отургандар жакшы кабыл алышат. Кийинки жумада болсо окуучуларга суроолорунун баары Жахабанын Күбөлөрүнүн динине байланышкан тест берилген.

18. Экономикалык көйгөйлөр Аргентинадагы жана Мозамбиктеги жарчылардын Жахабага кызмат кылышына тоскоолдук кыла албаганын эмне көрсөтүп турат?

18 Ыйсанын жолдоочуларынын көпчүлүгү ушул акыркы күндөрдө олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болууда. Ошентсе да алар эң негизги ишинен алагды болбоого аракеттенишүүдө. Көптөргө белгилүү экономикалык көйгөйлөргө карабастан, Аргентинада былтыр жарчылардын жаңы жогорку саны 126 709га жеткен. Мозамбикте кеңири кулач жайган жакырдык дагы эле өкүм сүрүүдө. Ошентсе да кабар таратуу ишине 37 563 жарчы катышкан, бул 4 пайыздык өсүштү түзөт. Албанияда көптөр үчүн тиричилик кылуу оор болсо да, ал жерде 12 пайыздык өсүш болуп, жарчылардын жогорку саны 2 708ге жеткен. Мындан Жахабанын кызматчылары Падышалыктын кызыкчылыктарын биринчи орунга коюшканда, аларга Жахабанын ыйык рухунун таасир этишине кыйынчылыктар тоскоолдук кыла албасын ачык көрүүгө болот (Матай 6:33).

19. а) Ыйык китептик чындыкка ынтызар болгон кой мүнөздүү адамдар дагы да көп экенин кайдан билебиз? б) Жахабанын кызматчыларынын сергек турганын жылдык отчёттогу айрым кайсы маалыматтар көрсөтүүдө? (20—23-беттердеги таблицаны карагыла.)

19 Былтыр дүйнө жүзү боюнча ай сайын орточо эсеп менен 5 309 289 ыйык китептик изилдөө өткөрүлдү. Бул ыйык китептик чындыкка ынтызар болгон кой мүнөздүү адамдардын дагы да болсо көп экенин көрсөтүүдө. Эскерүү кечесине келген 15 597 746 (бул келгендердин жогорку саны) адамдын басымдуу көпчүлүгү Жахабага али активдүү кызмат кылып баштай элек. Алар мындан ары да билимин тереңдетип, Жахабага, ошондой эле бүткүл дүйнөлүк бир туугандыкка болгон сүйүүсүн өрчүтө беришсин. «Башка койлор» тобуна кирген «эбегейсиз көп адамдардын» Жаратканына үзүрлүү кызмат кылып келатканын көрүү кандай кубандырат! Алар «Анын ийбадатканасында» майланган бир туугандары менен чогуу ага «күнү-түнү» кызмат кылышууда (Аян 7:9, 15; Жакан 10:16).

Лот менен болгон окуядан сабак алуу

20. Лот жана анын аялы менен болгон окуядан эмнеге үйрөнсөк болот?

20 Кудайдын атүгүл ишенимдүү кызматчылары жагдайдын олуттуулугун убактылуу эсинен чыгарып, сак болбой калышы мүмкүн. Ыбрайымдын бир тууганынын баласы Лот жөнүндө ой жүгүртүп көрөлү. Ал эки периштеден Кудайдын Содом менен Аморду кыйрата турганын угат. Лот буга анчейин деле таң калбаса керек, анткени ал «алардын бузулган жашоосун көрүп, мыйзамсыз иштерин угуп-көрүп... жаны кыйналчу» эле (2 Петир 2:7). Бирок эки периште аны Содомдон алып чыгуу үчүн келгенде, ал «шашкан» эмес. Ошондо периштелерге Лотту үй-бүлөсү менен күчкө салып алып чыгууга туура келген. Кийинчерээк Лоттун аялы периштелердин эскертүүсүнө кулак салбай, артын карап, бейкамдык көрсөткөнүнүн айынан өмүрүнөн айрылган (Башталыш 19:14—17, 26). Ошондуктан Ыйса: «Лоттун аялын эсиңерге түшүргүлө»,— деп эскерткен (Лука 17:32).

21. Эмне үчүн бүгүн мурдагыдан да сергек болуу маанилүү?

21 Помпеи менен Геркуланумду баскан каргаша, Иерусалимдин кыйратылышы, Нухтун убагында болгон Топон суу, ошондой эле Лоттун мисалы эскертүүлөргө олуттуу кароо канчалык маанилүү экенин көрсөтүүдө. Биз, Жахабанын кызматчылары, дүйнөнүн акыры келип калганын көрсөткөн белгини көрүп жатабыз (Матай 24:3). Биз жалган динден бөлүнүп чыкканбыз (Аян 18:4). Ыйсанын биринчи кылымдагы жолдоочулары сыңары биз да «Кудайдын... келишин каалап», Жахабанын күнүн эсибизге бек сакташыбыз керек (2 Петир 3:11). Ооба, бүгүн мурдагыдан да сергек болууга тийишпиз! Мындан ары да сергек турушубуз үчүн, ар бирибиз кандай кадамдарды шилтей алабыз жана кайсы сапаттарды өрчүтө алабыз? Бул суроолорго эмки макала жооп берет.

[Шилтемелер]

^ 6-абз. Биринчи кылымда Иерусалимдеги калктын саны 120 000ден ашык болгону күмөндүү. Евсевийдин эсеби боюнча, б.з. 70-жылы Иерусалимде Пасах майрамын белгилөөгө Жүйүт аймагынан 300 000 адам келген. Набыт болгондордун калгандары Рим империясынын башка жерлеринен келсе керек.

^ 6-абз. Албетте, Жахабанын көз карашы боюнча, Мусанын мыйзамы б.з. 33-жылы жаңы келишим менен алмаштырылган (Эфестиктерге 2:15).

Кантип жооп берет элеңер?

• Окуялардын кандайча өнүгүшү Ыйсанын жүйүт жолдоочуларына Иерусалим кыйратылганда аман калууга өбөлгө түзгөн?

• Сергек болушубузга Петир менен Пабылдын каттарындагы кеңештер кандайча жардам берет?

• Бүгүн кимдер сергек турганын көрсөтүшүүдө?

• Лот жана анын аялы менен болгон окуядан эмнеге үйрөнсөк болот?

[Изилдөө суроолору]

[24-беттеги сүрөт]

Кызмат кылуу Ыйсанын жолдоочуларына сергек болууга жардам берет.