Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«О, Кудай, эмне үчүн буга жол бердиң?»

«О, Кудай, эмне үчүн буга жол бердиң?»

«О, Кудай, эмне үчүн буга жол бердиң?»

АЯЛЫ Мария менен врачты күтүп отурганы Рикардонун алиге чейин эсинде *. Мариянын акыркы жолку текшерилгенинен кийинки анализдеринин корутундусун окууга жубайынын да, өзүнүн да кайраты жетпей жатты. Акыры, Рикардо конвертти ачты. Аялы экөө медициналык терминдерге толгон текстке көз жүгүртүштү. «Рак» деген сөздү көрүп, анын маанисин толук түшүнүшкөн соң, экөө тең ыйлай баштады.

«Врач аябай аяр мамиле жасады,— деп эскерет Рикардо,— ошентсе да жагдайдын олуттуулугун түшүнүп жатканы айкын болуп турду, анткени ал Кудайга таянышыбыз керектигин айтып жатты».

Нур менен дарылоо башталганга чейин, врач Мариянын оң буту туш келди кыймылдап жатканын байкаган. Кайра жасалган текшерүүлөр рактын мээге жайылып кеткенин көрсөткөн. Бир жума болуп-болбой нур менен дарылоо токтотулган. Мария кома болуп, эки айдан кийин көз жумган. «Анын азаптан кутулганына кубансам да, аны ушунчалык сагынганымдан артынан өлгүм келчү. Кудайга: „Эмне үчүн буга жол бердиң?!“ — деп нечен ирет боздоп кайрылгам»,— дейт Рикардо.

Кайгы-кырсыкка кабылганда, канчалаган суроолор пайда болот

Рикардого окшоп, дүйнө жүзү боюнча сансыз адамдар азап-кайгыга дуушар болушууда. Болгондо да, көп учурда бейкүнөөлүүлөр азап тартышат. Аягы үзүлбөгөн куралдуу кагылыштар эмне деген азап-кайгыларды алып келери жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Зордук-зомбулукка дуушар болгон көптөгөн балдардын, зордуктоодон жапа чеккен, үй-бүлөдөгү ырайымсыз мамиледен жана адамдар кылып жаткан башка жамандыктардан запкы тарткан көптөгөн адамдардын азабы тууралуу ой жүгүртүп көргүлөчү. Кылымдар бою адамдар бири-бирине не деген адилетсиздиктер менен азап-кайгыларды жасап келишти (Насаатчы 4:1—3). Мындан сырткары, табигый кырсыктардан же эмоциялык, акыл-эс жана денелик оорулардан жапа чегип жаткандар да аз эмес. Ошондуктан көптөрдүн: «Кудай мындай азап-кайгыларга эмне үчүн жол берүүдө?» — деп сураганы орундуу.

Атүгүл Кудайга ишенген адамдар үчүн да азап-кайгыларды көтөрүү оңой эмес. Балким, силер да, мээримдүү, кудурети күчтүү Кудайдын эмне себептен адамдардын азап чегишине жол берип жатканын билүүнү каалайттырсыңар. Бул татаал суроого канааттандырарлык жана туура жооп алганыбыз абдан маанилүү, анткени мындан жан дүйнөбүздүн бейкуттугу жана Кудай менен болгон өз ара мамилебиз көз каранды. Ал суроого жоопту Ыйык Китептен алууга болот. Эмесе келгиле, кийинки макаладан анда эмне айтылганын карап көрөлү.

[Шилтемелер]

^ 2-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.

[3-беттеги сүрөт]

Врач Кудайга таянышыбыз керектигин айтып жатты.