Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Сергек болгула!»

«Сергек болгула!»

«Сергек болгула!»

«Силерге айтып жатканым баарына тиешелүү: сергек болгула!» (МАРК 13:37).

1, 2. а) Бир киши өзүнүн буюмдарын сактоо боюнча эмнеге үйрөнгөн? б) Ыйсанын ууру жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалынан сергек болууга байланыштуу эмнеге үйрөнүүдөбүз?

ХУАН баалуу буюмдарын үйүндө сактачу. Ал буюмдарын үйүндөгү эң коопсуз жай деп эсептеген жерге, керебетинин астына, катчу. Бирок бир жолу түн ичинде жубайы экөө уктап жаткан бөлмөгө ууру кирет. Ууру кайсы жерди кароону даана билген. Ал шырп алдырбай, керебеттин астындагы кымбат баалуу буюмдардын баарын, ошондой эле Хуандын үстөлдүн жанындагы тумбочкага салган акчасын алып кетет. Эртең менен Хуан ууру киргенин билет. Өзүнүн ачуу тажрыйбасынан үйрөнгөнүн — уктап жаткан адамдын өз мүлкүн сактай албасын — Хуан көпкө унутпайт.

2 Рухий дөөлөттөр жөнүндө да ушуну айтууга болот. Уктап калсак, үмүтүбүздү, ишенимибизди сактай албайбыз. Ошондуктан Пабыл: «Башкаларга окшоп, уктабайлы. Тескерисинче, сергек бололу, эсибизге келели»,— деп чакырган (1 Тесалоникалыктарга 5:6). Сергек болуу канчалык маанилүү экенин көрсөтүү үчүн, Ыйса ууру жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалды айтып берген. Сот катары келеринин алдында кандай окуялар болорун айтып ал: «Ошондуктан сергек болгула, анткени Теңириңердин кайсы убакта кээлерин билбейсиңер. Ууру түндүн кайсы убагында келээрин үй ээси билсе, сак болуп, ууруга үйүнүн түбүн каздыртмак эместигин билесиңер. Ошондуктан силер да даяр болгула. Анткени Адам Уулу силер күтпөгөн убакта келет»,— деп эскерткен (Матай 24:42—44). Ууру качан келерин айтпайт. Анын максаты — эч ким күтпөгөн маалда келүү. Ушу сыяктуу, Ыйсанын сөздөрүнө ылайык, бул түзүлүштүн акыры да биз «күтпөгөн убакта келет».

«Сергек болгула, ишенимиңерди бек туткула»

3. Кожоюнунун үйлөнүү тоюнан келишин күтүп жаткан кулдар жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалды колдонуп, Ыйса сергек болуунун маанилүүлүгүн кандайча көрсөткөн?

3 Луканын Инжилинде жазылган билдирүүгө ылайык, Ыйса жолдоочуларын кожоюнунун үйлөнүү тоюнан келишин күтүп жаткан кулдарга салыштырган. Кожоюну келгенде тосуп алууга даяр туруу үчүн, алар уктабай сергек болушу керек эле. Ушу сыяктуу Ыйса: «Адам Уулу силер ойлобогон убакта келет»,— деген (Лука 12:40). Жахабага көп жылдардан бери кызмат кылып келаткандардын айрымдары биз жашап жаткан учурдун канчалык олуттуу экендигин эстен чыгарып, сак болбой калышы ыктымал. Атүгүл алар бул түзүлүштүн акыры келишине али көп бар деген жыйынтык чыгарышы да мүмкүн. Бирок мындай ой жүгүртүү бизди рухий иштерден алагды кылып, рухий жактан үргүлөткөн материалдык максаттарга бурушу ыктымал (Лука 8:14; 21:34, 35).

4. Эмнеге толук ишенгенибиз бизге сергек болууга түрткү берет жана Ыйса аны кантип көрсөткөн?

4 Ыйсанын көрсөтмөлүү мисалынан дагы бир сабак алууга болот. Кулдар кожоюнунун кайсы саатта келерин билишпесе да, сыягы, кайсы түнү келерин билишкен. Эгерде алар кожоюнун башка түнү келет деп ойлоп алышса, түнү бою сергек туруу оор болмок. Бирок кулдар анын кайсы түнү келерин так билишкен. Так ошол маалымат алардын сергек болушуна зор түрткү болгон. Ушу сыяктуу, ыйык китептик пайгамбарлыктарда биздин акыркы мезгилде жашап жатканыбыз ачык көрсөтүлсө да, бул түзүлүштүн акыры кайсы күнү, кайсы саатта келери пайгамбарлыктарда так айтылган эмес (Матай 24:36). Биз бул түзүлүштүн акыры келерине ишенебиз, ошол бизге сергек болууга жардам берет. Ал эми Жахабанын күнүнүн чындыгында эле жакын калганына толук ишенсек, сергек болууга мындан да чоң түрткү алабыз (Сепания 1:14).

5. Пабылдын «сергек болгула» деген чакырыгына канткенде жооп бере алабыз?

5 Пабыл корунттуктарга: «Сергек болгула, ишенимиңерди бек туткула»,— деген чакырык менен кайрылган (1 Корунттуктарга 16:13). Ооба, сергек болуу ишенимде бекем туруу менен тыгыз байланышта. Канткенде сергек боло алабыз? Кудай Сөзүнөн терең билим алганда (2 Тиметейге 3:14, 15). Үзгүлтүксүз жекече изилдөө өткөрүү, жыйналыш жолугушууларына дайыма катышуу ишенимибиздин бекемделишине өбөлгө түзөт. Ошондой эле Жахабанын күнүн эсибизде бек сактоо — ишенимибиздин маанилүү бөлүгү. Ошол себептүү мезгил-мезгили менен бул түзүлүштүн акыры жакындап калганын көрсөткөн ыйык китептик далилдерди кайталап туруу ага байланышкан маанилүү чындыктарды унутпоого жардам берет *. Ыйык китептик пайгамбарлыктардын аткарылып жатканын көрсөткөн дүйнөдөгү окуялардын өнүгүшүнө байкоо жүргүзүп туруу да пайдалуу. Германияда жашаган бир ишенимдешибиз: «Жаңылыктарды көрүп, согуштар, жер титирөөлөр, зордук-зомбулуктар жана планетанын булганып жатканы тууралуу уккан сайын, бул түзүлүштүн акыры жакын калганына ого бетер ынанам»,— деп жазган.

6. Ыйса көрсөтмөлүү мисал аркылуу убакыттын өтүшү менен рухий жактан сергек болбой калуу мүмкүн экенин кантип көрсөткөн?

6 Марк китебинин 13-бабында да Ыйса жолдоочуларын сергек болууга чакырганы тууралуу билдирүү камтылат. Бул бапта Ыйса алардын жагдайын башка өлкөгө кеткен үй ээсин күтүп жаткан дарбаза кайтаруучунун жагдайы менен салыштырган. Дарбаза кайтаруучу үй ээсинин кайсы саатта келерин билбейт. Ошондуктан ал дайым сергек болууга тийиш. Ыйса төрт сакчылык жөнүндө сөз кылган. Ошолордун биринде үй ээси келмек. Төртүнчү сакчылык болжол менен түнкү саат үчтөн таң атканга чейин созулган. Ушул акыркы сакчылыкта дарбаза кайтаруучу оңой эле үргүлөп кетиши мүмкүн эле. Билдирүүлөргө караганда, аскерлер дал ушул маалды душманга күтүлбөгөн жерден кол салууга ылайыктуу деп эсептешчү. Ушу сыңары, акыркы күндөр аяктап баратканда, бизди курчаган дүйнө рухий жактан терең уйкуда жатканда, сергек туруу үчүн болгон күчүбүздү жумшашыбыз керек (Римдиктерге 13:11, 12). Ошондуктан Ыйса көрсөтмөлүү мисалында: «Байкагыла, сергек болгула... Ошондуктан сергек болгула... Силерге айтып жатканым баарына тиешелүү: сергек болгула!» — деп кайра-кайра бекеринен үндөгөн эмес (Марк 13:32—37).

7. Азыркы кезде эмне кылуу абдан коркунучтуу жана Ыйык Китепте буга байланыштуу кандай чакырыктар көп кездешет?

7 Ыйса жерде кызмат кылып жүргөнүндө да, тирилтилгенинен кийин да жолдоочуларын нечен жолу сергек болууга үндөгөн. Негизи, Ыйык Китепте бул түзүлүштүн аягы жакындап калганы тууралуу айтылган жерлердин дээрлик баарында сергек болууга же сак болууга байланышкан чакырыктар кездешет * (Лука 12:38, 40; Аян 3:2; 16:14—16). Рухий жактан үргүлөө абдан коркунучтуу экени айдан ачык. Ошондуктан мындай эскертүүлөргө баарыбыз муктажбыз (1 Корунттуктарга 10:12; 1 Тесалоникалыктарга 5:2, 6).

Сергек болуп тура албаган үч элчи

8. Гетсемани багында үч элчи Ыйсанын сергек болуп тургула деген өтүнүчүнө кандай жооп кайтарышкан?

8 Сергек болуу үчүн, жакшы ой-ниеттерге ээ болуу жетишсиз экенин Петир, Жакып жана Жакандын мисалы көрсөтүүдө. Үчөө тең Ыйсаны берилгендик менен жолдогон рухий адамдардан болчу, ошондой эле аны абдан жакшы көрүшчү. Ошого карабастан, б.з. 33-жылдын 14-нисанында алар сергек боло албай калышкан. Алар Пасах майрамын белгилешкен үстүнкү бөлмөдөн чыгышып, Ыйса менен чогуу Гетсемани багын көздөй жөнөшөт. Ал жерден Ыйса аларга: «Жаным аябай кыйналып турат. Бул жерде калып, Мени менен бирге сергек болгула»,— дейт (Матай 26:38). Ыйса үч жолу асмандагы Атасына жалындуу тиленип, үч жолу досторуна кайтып келгенде, алар уктап жатышкан болот (Матай 26:40, 43, 45).

9. Сыягы, элчилер эмне үчүн уктап калышкан?

9 Эмне үчүн бул ишенимдүү үч адам ошол түнү Ыйсанын ишеничин актай албай калышкан? Себеби алар чарчап калышкан болчу. Кеч болуп, саат түн ортосунан өтүп калса керек. Ошол себептүү «аларды уйку баскан» (Матай 26:43). Ошентсе да Ыйса: «Азгырылып кетпеш үчүн сергек болгула жана сыйынгыла, анткени рух сергек, дене алсыз»,— деген (Матай 26:41).

10, 11. а) Гетсемани багында Ыйсага чарчаганына карабастан сергек турууга эмне жардам берген? б) Ыйса сергек болуп турууну суранган үч элчинин мисалынан эмнеге үйрөнсөк болот?

10 Ошол тарыхый түнү, албетте, Ыйса да чарчаган. Бирок ал уктап калбастан, эркиндигинин маанилүү жана акыркы мүнөттөрүн жалындуу тиленүү менен өткөргөн. Мындан бир нече күн мурун ал жолдоочуларына тиленүүгө түрткү берип, мындай деген: «Ошондуктан сергек болгула, боло турган алааматтардын баарынан качып кутула алыш үчүн жана Адам Уулунун алдына келип туруш үчүн, дайыма сыйынгыла!» (Лука 21:36; Эфестиктерге 6:18). Эгер Ыйсанын кеңешин кабыл алып, тиленүү жагынан аны туурасак, Жахабага багытталган чын ыкластуу тиленүүлөрүбүз бизге рухий жактан сергек болууга жардам берет.

11 Албетте, Ыйса ошол учурда жолдоочулары түшүнбөгөн нерсени — жакын арада камакка алынып, өлүм жазасына тартыларын — түшүнүп турган. Ал катуу сыноолорду башынан кечирерин, акыры, кыйноо мамысына кагыларын билген. Ыйса булар тууралуу элчилерине айткан болчу, бирок алар анын сөздөрүн түшүнүшкөн эмес. Ошондуктан алар уктап калышкан, а Ыйса тиленип, сергек тура алган (Марк 14:27—31; Лука 22:15—18). Элчилер сыяктуу эле, биз да денелик жактан алсызбыз, ошондой эле азырынча түшүнбөгөн нерселерибиз да бар. Эгер биз канчалык маанилүү мезгилде жашап жатканыбызды аңдабай калсак, рухий жактан уктап калышыбыз ыктымал. Сак турганыбызда гана сергек боло алабыз.

Өтө зарыл болгон үч сапат

12. Пабыл сергектикти кайсы үч сапат менен байланыштырган?

12 Канткенде сергек тура алабыз? Жогоруда тиленүүнүн маанилүүлүгү жана Жахабанын күнүн эсибизге сактоо зарыл экени айтылып өтүлдү. Булардан сырткары, Пабыл өрчүтүшүбүз керек болгон үч сапат жөнүндө айткан. Ал: «Биз болсо күндүн уулдарыбыз, ошондуктан эсибизге келели. Ишеним менен сүйүүнү соот кылып, куткарылуу үмүтүн туулга кылып киели»,— деген (1 Тесалоникалыктарга 5:8). Эмесе келгиле, сергек болушубузга ишеним, үмүт, сүйүү кандайча жардам берерин кыскача карап чыгалы.

13. Сергек турууга ишеним кандайча жардам берет?

13 Биз Жахабанын бар экенине жана «Аны издегендерге Ал тиешелүүсүн берерине» бекем ишенишибиз керек (Эврейлерге 11:6). Ыйсанын бул түзүлүштүн акыры жөнүндө айткан пайгамбарлыгынын биринчи кылымда алгачкы жолу аткарылышы биздин күндөрдө ал пайгамбарлыктын чоң масштабда аткарыларына ишендирүүдө. Ошондой эле ишеним Жахабанын күнүн ынтызарлык менен күтүүгө жардам берип, «[пайгамбарлык аяндын] сөзсүз ишке ашарына», кечикпей турганына ынандырат (Хабакук 2:3).

14. Сергек туруу үчүн эмне себептен үмүткө ээ болуу өтө зарыл?

14 Биздин бекем үмүтүбүз «кеменин оор кайырмак темириндей»: ал, Кудайдын кайсы бир убадаларынын аткарылышын узак убакытка күтүүгө туура келсе да, кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берет (Эврейлерге 6:18, 19). Жетимиш жыл мурун чөмүлдүрүлгөн, азыр болсо токсондон ашып калган майланган ишенимдешибиз Маргарет мындай дейт: «1963-жылы өмүрлүк жолдошум рак оорусунан кыйналып жатканда, бул түзүлүштүн акыры эртерээк эле келсе кандай сонун болот эле деп ойлочумун. Бирок азыр ал убакта көбүнесе керт башымдын кызыкчылыгын ойлогонумду түшүнүп жатам. Ал кезде кабар айтуу ишинин дүйнө жүзү боюнча ушундай деңгээлде жүргүзүлөрүн элестете да алган эмеспиз. Атүгүл азыр кабар жаңы эле айтыла баштаган жерлер арбын. Ошондуктан Жахабанын чыдамкайлык көрсөткөнүнө кубанычтамын». Элчи Пабыл бизди: «Чыдамкайлык аркылуу тажрыйбалуулук, тажрыйбалуулук аркылуу үмүт келерин билебиз. Ал эми үмүт уят кылбайт»,— деп ынандырат (Римдиктерге 5:3—5).

15. Жахабанын убадаларынын аткарылышын көптөн бери күтүп атканыбыздай сезилсе да, сүйүү иш-аракет кылууга кандайча түрткү берет?

15 Сүйүү — эң сонун сапат, анткени ал бардык иш-аракетибизге түрткү берет. Жахабанын убадаларынын аткарылышын күтүү канча убакытка созулбасын, биз ага аны сүйгөндүктөн кызмат кылабыз. Кудайдын эрки боюнча ал убакыт канчага созулбасын, бир эле үйгө канча жолу барбайлы, жакындарыбызга болгон сүйүүбүз аларга Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды айтууга түрткү берет. Пабыл жазгандай, «үчөө бар: ишеним, үмүт, сүйүү. Бирок сүйүү баарынан жогору» (1 Корунттуктарга 13:13). Сүйүү чыдамдуу болууга жана сергек бойдон калууга жардам берет. «[Сүйүү] баарына үмүттөнөт, баарын көтөрөт. Сүйүү түбөлүк жашайт» (1 Корунттуктарга 13:7, 8).

«Эмнең бар болсо, ошону бекем карма»

16. Кызматка болгон ынтабызды суутпай, тескерисинче, кандай маанайды өрчүтүшүбүз керек?

16 Биз маанилүү мезгилде — дүйнөдө болуп жаткан окуялар акыркы мезгилдин дээрлик соңуна чыгып баратканын тынымсыз эсибизге салып турган убакта — жашап жатабыз (2 Тиметейге 3:1—5). Азыр кызматка болгон ынтабызды суута турган маал эмес, тескерисинче, «эмнебиз бар болсо, ошону бекем кармашыбыз» керек (Аян 3:11). Эгер биз «сыйынуу үчүн сергек болуп», ишенимибизди, үмүтүбүздү, сүйүүбүздү өрчүтсөк, сыноолор келгенде аларды көтөрүп кетүүгө даяр боло алабыз (1 Петир 4:7). Теңирдин ишинде кылчу нерселер дале көп. Кудайга жаккан иштер менен алектенүү сергек турууга жардам берет (2 Петир 3:11).

17. а) Кээде болуучу көңүл кайттылык эмне үчүн ындыныбызды өчүрбөшү керек? (31-беттеги кутуну карагыла.) б) Жахабаны кандайча туурай алабыз жана аны туурагандарды кандай баталар күтүүдө?

17 Жеремия: «Теңир — менин бөлүгүм... ошондуктан мен Андан үмүттөнөм. Теңирден үмүттөнгөндөргө, Теңирди издеген адамга Теңир ырайымдуу. Теңирдин куткаруусун чыдамкайлык менен күткөн адамга жакшы болот»,— деп жазган (Жеремиянын ыйы 3:24—26). Айрымдарыбыз Жахабанын куткаруусун жакын арадан баштап эле күтүп келатабыз. А башкаларыбыз көптөгөн жылдардан бери күтүп келүүдөбүз. Бирок бул күтүү мезгили алдыдагы түбөлүктүүлүккө салыштырмалуу канчалык кыска! (2 Корунттуктарга 4:16—18). Ал эми Жахабанын белгилеген убакытын күтүп жатып, Ыйсанын жолдоочусуна мүнөздүү сапаттарды өрчүтүп, башкаларга Жахабанын чыдамкайлыгынан пайдаланып, чындыкты кабыл алышына көмөк көрсөтө алабыз. Ошондуктан, келгиле, баарыбыз мындан ары да сергек болууга умтулалы. Жахабаны туурап, чыдамкай бололу жана ал тартуулаган үмүткө ыраазычылык көрсөтө берели. Ишенимдүүлүк менен сергек туруп, түбөлүк өмүргө болгон үмүтүбүзгө бек карманалы. Ошондо биздин үстүбүздөн: «Жерди мурастап калышың үчүн, Ал [Жахаба] сени сактап жүрөт. Ыймансыздардын кырылып жатканын өз көзүң менен көрөсүң»,— деген пайгамбарлык убада сөзсүз түрдө аткарылат (Забур 36:34).

[Шилтемелер]

^ 5-абз. «Күзөт мунарасынын» 2000-жылдын 1-февралындагы санынын 7, 8-беттериндеги биздин «акыркы убакта» жашап жатканыбызды көрсөткөн алты далилди карап чыгуу пайдалуу (2 Тиметейге 3:1).

^ 7-абз. «Сергек болуу» деп которулган грек сөзү жөнүндө кеп козгоп, лексикограф У. В. Вайн анын түзмө-түз «уйкуну качыруу» дегенди билдирерин, ошондой эле «уктабоону эле эмес, кандайдыр бир нерсеге көңүл топтоп тургандардын сергек турушун билдирерин» белгилеген.

Кантип жооп берет элеңер?

• Бул түзүлүштүн акыры жакындап калганына болгон ишенимибизди кантип бекемдей алабыз?

• Петир, Жакып, Жакандын мисалынан эмнеге үйрөнө алабыз?

• Рухий жактан сергек болууга бизге кайсы үч сапат жардам берет?

• Эмне үчүн азыр «эмнебиз бар болсо, ошону бекем кармашыбыз» керек?

[Изилдөө суроолору]

[31–беттеги кутуча]

«Күткөн... адам бактылуу» (Даниел 12:12).

Сакчы өзү кайтарып турган үйгө уурунун кирейин деп атканын билип калды дейли. Түн киргенде, тегеректе уурунун бар экенин билдириши мүмкүн болгон ар бир дабышка ал бүт көңүлүн коюп кулак төшөйт. Ал саат сайын көз салып, кулак түрөт. Ошондуктан короодогу мышыктын бир нерсени кулатып жибергенинен же катуу шамалга дирилдеген жалбырактардан чыккан дабыштан улам, сакчы ууру кирди деп адашып чуу чыгарышы мүмкүн экени айтпаса да түшүнүктүү (Лука 12:39, 40).

Ушу сыяктуу нерсе Эгебиз «Ыйса Машайактын келишин» чыдамсыздык менен күтүп жаткандар менен да болушу мүмкүн (1 Корунттуктарга 1:7). Элчилер «Ысрайыл элинин падышачылыгын» Ыйса тирилгенден кийин эле калыбына келтирет деп ойлошкон (Элчилер 1:6). Бир нече жылдан кийин Ыйсанын Тесалоникадагы жолдоочуларына анын катышуусу келечекте болорун эскертиш керек болгон (2 Тесалоникалыктарга 2:3, 8). Бирок Ыйсанын биринчи кылымдагы жолдоочуларынын Жахабанын күнүнө байланыштуу орундалбаган күтүүлөрү аларды өмүргө алып барчу жолдон чыгара алган эмес (Матай 7:13).

Биздин убакта да бул түзүлүштүн акыры кечиккендей сезилгенинен улам болгон көңүл кайтуучулук сергек болууга тоскоолдук кылбашы керек. Сакчы сергек турганына карабастан, адашып калышы ыктымал, ошентсе да ал дайым сергек болушу керек! Анткени жумушу ошону талап кылат. Ыйсанын жолдоочулары да ошентиши керек.

[28-беттеги сүрөт]

Жахабанын күнү жакындап калганына толук ишенесиңби?

[29-беттеги сүрөт]

Жыйналыштар, тиленүү жана Жазманы дайым изилдөө сергек болууга жардам берет.

[32-беттеги сүрөт]

Маргаретке окшоп, биз да чыдамкайлык көрсөтүп, сергек боло берели.