Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Бири-бириңерди сүйгүлө»

«Бири-бириңерди сүйгүлө»

«Бири-бириңерди сүйгүлө»

«Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, башкалар силердин Менин шакирттерим экениңерди билишет» (ЖАКАН 13:35).

1. Өлөрүнө аз калганда Ыйса кайсы сапатты баса белгилеген?

«БАЛДАРЫМ» (Жакан 13:33). Ушундай жумшак сөз менен Ыйса өлөрүнүн алдындагы кечте өзүнүн элчилерине кайрылган. Инжилдерде буга чейин Ыйсанын аларга ушул сөз менен кайрылганы тууралуу айтылбайт. Бирок ал ошол өзгөчө кечте, өзүнүн жолдоочуларына болгон терең сүйүүсүн билдирүү үчүн, аларга ушул назик сөз менен кайрылгысы келген. Айта кетчү нерсе, ошол кечте Ыйса сүйүү жөнүндө 30 жолудай кеп кылган. Бул сапатка ал эмне үчүн ушунчалык басым койгон?

2. Сүйүү көрсөтүү эмне себептен Ыйсанын жолдоочулары үчүн абдан маанилүү?

2 Ыйса сүйүүнүн эмне үчүн абдан маанилүү экенин түшүндүрүп: «Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, башкалар силердин Менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деген (Жакан 13:35; 15:12, 17). Машайактын жолдоочусу болуу бир туугандык сүйүү көрсөтүү менен тыгыз байланышта. Ыйсанын чыныгы жолдоочулары кандайдыр бир өзгөчө кийиминен же адаттан тыш каада-салттарынан эмес, бири-бирине көрсөткөн ысык жана назик сүйүүсүнөн таанылат. Сүйүүнүн ушул бөтөнчө түрүн көрсөтүү — мурунку макаланын башында айтылып өткөндөй, Ыйсанын шакирти үчүн маанилүү болгон негизги үч талаптын экинчиси. Бул талапка мындан ары да жооп берүүгө бизге эмне жардам берет?

«Бул нерседе мындан ары да ийгиликке жеткиле»

3. Элчи Пабыл сүйүүгө байланыштуу эмнеге чакырган?

3 Ыйсанын I кылымдагы жолдоочуларынын учурундагыдай эле, бүгүнкү күндө да мындай артыкча сүйүүнү Ыйсанын чыныгы шакирттеринин арасынан көрүүгө болот. Элчи Пабыл Ыйсанын I кылымдагы жолдоочуларына: «Силерге бир туугандык сүйүү жөнүндө жазуунун кереги жок. Анткени силер Кудайдан бири-бириңерди сүйүүнү үйрөндүңөр. Анткени силер... бардык бир туугандарга ушундай мамиле кылып жатасыңар»,— деп жазган. Анан: «Бул нерседе мындан ары да ийгиликке жеткиле»,— деп кошумчалаган (1 Тесалоникалыктарга 3:12; 4:9, 10). Биз да Пабылдын чакырыгын көңүлүбүзгө түйүп, бири-бирибизге сүйүү көрсөтүүдө «мындан ары да ийгиликке жетүүгө» умтулушубуз зарыл.

4. Пабыл менен Ыйсанын сөздөрү боюнча, биз кимдерге өзгөчө көңүл бурушубуз керек?

4 Кудайдан шыктандырылган ошол эле катта Пабыл ишенимдештерин «кайгырган жандарды сооротууга» (ЖД) жана «алсыздарды колдоого» үндөгөн (1 Тесалоникалыктарга 5:14). Башка бир учурда болсо «ишеними күчтүүлөр алсыздардын алсыз жагын көтөрүшү керектигин» ишенимдештеринин эсине салган (Римдиктерге 15:1). Алсыздарга жардам берүү керектигине байланыштуу Ыйса да көрсөтмө берген. Колго түшүрүлөрүнүн алдындагы кечте Петирдин аны таштап кетерин алдын ала айтып, Ыйса ага: «Кайра кайрылганыңдан кийин, бир туугандарыңдын ишенимин бекемде»,— деп айткан. Эмне үчүн? Анткени алар да Ыйсаны таштап кеткен соң жардамга муктаж болушмак (Лука 22:32; Жакан 21:15—17). Ошондуктан Кудайдын Сөзү бизди рухий жактан алсырап калгандарга жана жыйналыш менен байланышын жоготуп алгандарга сүйүү көрсөтүүгө чакырат (Эврейлерге 12:12). Эмне үчүн антишибиз керек? Бул суроого Ыйсанын эки айкын көрсөтмөлүү мисалы жооп берет.

Жоголгон кой жана жоголгон тыйын

5, 6. а) Ыйса кайсы эки кыска көрсөтмөлүү мисалды келтирген? б) Бул көрсөтмөлүү мисалдардан Жахаба жөнүндө эмне билсек болот?

5 Угуучуларына чындык жолунан адашып калгандарга Жахабанын кандай карай турганын көрсөтүү үчүн, Ыйса эки кыска көрсөтмөлүү мисал келтирген. Биринчиси койчу жөнүндө. Ыйса мындай деген: «Силердин араңардан жүз кою бар бир адамдын бир кою жоголуп кетсе, эмне, ал токсон тогузун талаага калтырып, жоголуп кеткен бир коюн издебейби? Тапкандан кийин, кубанып, аны ийнине көтөрүп алып, үйүнө келет да, досторун, коңшуларын чакырып, аларга: „Мен жоголуп кеткен коюмду таптым, менин кубанычыма ортоктош болгула“,— дейт. Силерге айтып коёюн, ошол сыяктуу эле „Тобо кылууга муктаж эмеспиз“ деген токсон тогуз „адил“ адамга караганда, тобо кылган бир күнөөкөр үчүн асманда чоң кубаныч болот» (Лука 15:4—7).

6 Экинчи көрсөтмөлүү мисал бир аял жөнүндө. Ыйса: «Он күмүш тыйыны бар бир аял бир күмүш тыйынын жоготуп алса, эмне, ал чырак күйгүзүп алып, үйүн шыпырып, аны тапмайынча тырышып издебейби? Тапкандан кийин, курдаштары менен коңшуларын чакырып, аларга: „Мен жоготкон күмүш тыйынымды таптым, менин кубанычыма ортоктош болгула“,— дейт. Силерге айтып коёюн, ушул сыяктуу эле бир күнөөкөрдүн тобо кылганы үчүн да Кудайдын периштелери кубанышат»,— деген (Лука 15:8—10).

7. Жоголгон кой жана жоголгон тыйын жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалдарда биз үчүн кандай эки сабак бар?

7 Бул кыска мисалдардан биз эмне үйрөнө алабыз? Алар 1) алсырап калгандарга кандай сезим менен мамиле жасашыбыз керектигин жана 2) аларга жардам бериш үчүн эмне кылышыбыз керектигин көрсөтүп турат. Келгиле, бул маанилүү ойлорду чогуу карап чыгалы.

Жоголсо да, баалуу

8. а) Койчу менен аял кой менен тыйындын жоголгонун кандай кабыл алышкан? б) Алардын жоголгон нерселерине карата болгон мамилесинен эмне биле алабыз?

8 Бул көрсөтмөлүү мисалдардын экөөндө тең жоголгон нерселер тууралуу сөз жүрөт. Бирок алардын жоголгонуна ээлери кандай карашкан? Койчу: «Бир кой эмне экен, дагы токсон тогузу турганда. Башы-көзү садага»,— деп койгон эмес. Аял да: «Ошол жарыбаган бир тыйын үчүн башымды оорутуп отурамбы. Калган тогузунун болгонуна шүгүр»,— деп койгон эмес. Тескерисинче, койчу жоготкон коюн колунда жалгыз эле кою болгондой издеген. Тыйындын жоголгону аялга башка тыйыны калбагандай туюлган. Эки учурда тең жоголгон нерсе ээси үчүн баалуу болгон. Бул эмнени көрсөтүп турат?

9. Койчу менен аялдын бушайман болушу эмнени көрсөтүп турат?

9 Ыйсанын бул эки мисалга байланыштуу чыгарган корутундусуна көңүл бурсаңар. Ал: «Тобо кылган бир күнөөкөр үчүн асманда чоң кубаныч болот... силерге айтып коёюн, ушул сыяктуу эле бир күнөөкөрдүн тобо кылганы үчүн да Кудайдын периштелери кубанышат»,— деген. Демек, койчу менен аялдын бушайман болушу кичине деңгээлде Жахабанын жана анын асмандагы жаратууларынын сезимдеринен кабар берет. Жоголгон нерселер койчу менен аял үчүн баалуу болгондой эле, жыйналыштан алыстап кеткендер жана Кудайдын эли менен байланышын жоготуп алгандар да Жахабанын көз алдында баалуу (Жеремия 31:3). Мындай адамдар рухий жактан алсыз болушу мүмкүн, бирок бул сөзсүз эле алардын Кудайга баш ийбесин билдирбейт. Алсырап калышканына карабастан, алар дагы деле кайсы бир деңгээлде Жахабанын талаптарына карманып жашап жатышы ыктымал (Забур 118:176; Элчилер 15:29). Ошондуктан, байыркы убактагыдай эле, Жахаба аларды «Өзүнүн жүзүнөн четке кагып» салууга шашпайт (2 Падышалар 13:23).

10, 11. а) Жыйналыштан алыстап кеткендерге карата кандай көз карашта болгубуз келет? б) Ыйсанын эки көрсөтмөлүү мисалына ылайык, алсыздар үчүн болгон тынчсыздануубузду кантип көрсөтө алабыз?

10 Жахаба менен Ыйсага окшоп, биз да алсырап жыйналышка келбей калгандар үчүн кабатыр болобуз (Жезекиел 34:16; Лука 19:10). Рухий жактан алсырап калган адамды иши бүткөн адам катары эмес, жоголгон кой катары көрөбүз. Биз: «Андай адам үчүн тынчсыздануунун эмне кереги бар? Ансыз жыйналыш токтоп калмак беле»,— деген ойдон алыспыз. Тескерисинче, жыйналыштан алыстап кеткен, бирок кайра кайрылып келүүнү каалагандарга биз Жахабанын көз карашы менен карайбыз — алар биз үчүн да баалуу.

11 Бирок биз алар үчүн тынчсызданарыбызды кантип көрсөтсөк болот? Ыйсанын эки көрсөтмөлүү мисалынан айкын болгондой, алсыздарды ойлоорубузду 1) демилгебиз, 2) жылуу мамилебиз жана 3) тырышчаактыгыбыз менен көрсөтө алабыз. Келгиле, ушул аспектилерди өз-өзүнчө карап чыгалы.

Демилгени колго алгыла

12 «Жоголуп кеткен коюн издеши» койчунун кандай сапатынан кабар берет?

12 Ыйса көрсөтмөлүү мисалдардын биринчисинде койчунун «жоголуп кеткен бир коюн издегенин» айтат. Койчу демилгени колго алып, жоголгон коюн издеп табууга бел байлайт. Кыйынчылык, коркунуч жана жолдун алыстыгы аны чочулатпайт. Ал жоголгон коюн тапмайынча издейт (Лука 15:4).

13. Байыркы убактагы ишенимдүү кызматчылар алсыздар жардамга муктаж болгондо эмне кылышкан жана Ыйык Китептеги мындай үлгүлөрдөн эмнеге үйрөнсөк болот?

13 Ошо сыяктуу эле, бекемдөөгө муктаж болгон адамга жардам берүү үчүн, адатта, демилгени рухий жактан күчтүү адам колго алышы керек. Муну байыркы убактагы ишенимдүү кызматчылар билишкен. Мисалы, Шабул падышанын уулу Жонатан жан кыйышпас досу Дөөттүн күч-кубатка муктаж болуп турганын сезгенде, «Дөөткө, токойго келип, анын Кудайга болгон ишенимин бекемдеп кеткен» (1 Шемуел 23:15, 16). Бир канча кылымдан кийин башкаруучу Некемия кээ бир жүйүт бир туугандарынын алсырап калганын көргөндө, ал да ошол замат барып, аларды «Теңирди эстөөгө» үндөгөн (Некемия 4:14). Бүгүн биз да, алсыздарды бекемдөө үчүн, демилгени колго алгыбыз келет. Бирок жыйналышта кимдер демилгени колго алышы керек?

14. Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышында алсыз болгондорго кимдер жардам бериши керек?

14 «Алсыраган колдорду чыңдоо, титиреген тизелерди бекемдөө» жана жүрөкзаада болгондорго «бекем болгула, коркпогула» деп айтуу — биринчи кезекте, жыйналыш аксакалдарынын жоопкерчилиги (Ышайа 35:3, 4; 1 Петир 5:1, 2). Бирок, байкасаңар, Пабыл «кайгырган жандарды сооротууга» (ЖД) жана «алсыздарды колдоого» аксакалдарды эле чакырган эмес. Анын сөздөрү бүтүндөй «Тесалоника Жыйынына» жолдонгон (1 Тесалоникалыктарга 1:1; 5:14). Демек, алсыздарга жардам берүү — Ыйсанын бардык жолдоочуларынын милдети. Көрсөтмөлүү мисалдагы койчуга окшоп, Ыйсанын ар бир жолдоочусу жоголгонду издөөгө даяр болууга тийиш. Албетте, бул жагынан аксакалдар менен кызматташуу эң жакшы натыйжа берет. Жыйналышыңардагы алсыз бирөөгө силер да кандайдыр бир жол менен жардам көрсөтө аласыңарбы?

Жылуу мамиле кылгыла

15. Эмне себептен койчу жоголгон коюна мисалда сүрөттөлгөндөй мамиле жасаган?

15 Койчу жоголгон коюн тапкандан кийин эмне кылат? «Аны ийнине көтөрүп алат» (Лука 15:5). Кандай гана жүрөк козгоорлук айкын сүрөттөмө! Кой чоочун жерде бир канча күн адашып жүрсө керек. Атүгүл, ал арстандарга жем болуп калуу коркунучуна да дуушар болушу мүмкүн эле (Аюб 38:39, 40). Жем-чөптүн жетишсиздигинен алсырап калганы да турган иш. Короого кайтып келатканда анын жолдогу тоскоолдуктарга туруштук бере алгыдай алы жок. Ошондуктан койчу эңкейип, койду акырын көтөрүп, аны бардык тоскоолдуктардан алып өтүп, кайрадан короого кошот. Койчунун мындай камкордугун биз кантип чагылдыра алабыз?

16. Эмне үчүн биз адашып калган койго назик мамиле жасаган койчудай болушубуз керек?

16 Жыйналыш менен байланышын жоготуп алган адам рухий жактан чабал болуп калышы мүмкүн. Койчусунан бөлүнүп калган койго окшоп, мындай адам кас маанайдагы дүйнөдө адашып калышы ыктымал. Кой отордун — Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышынын — коргоосунан ажырап калгандыктан, ал «кимди жутуп жиберсем деп, айкырган арстан сыяктуу тегеренип жүргөн» Шайтандын кол салуусуна ого бетер кабылышы мүмкүн (1 Петир 5:8). Андан тышкары, ал адам рухий тамактын жетишсиздигинен алсырайт. Мунун натыйжасында кайра жыйналышка кайтып келиш үчүн айрым тоскоолдуктардан өз күчү менен өтүүгө анын чамасы жетпейт. Ошондуктан биз каймана мааниде эңкейип, алсыз адамды «акырын» көтөрүп, аны кайрадан жыйналышка алып келишибиз зарыл (Галаттыктарга 6:2). Муну кантип ишке ашыра алабыз?

17. Алсырап калган ишенимдешибиздикине барганда, биз элчи Пабылды кантип туурай алабыз?

17 Элчи Пабыл: «Бирөө алсыз болсо, мен да өзүмдү алсыз сезбейминби?» — деген (2 Корунттуктарга 11:29; 1 Корунттуктарга 9:22). Пабыл адамдарга, анын ичинде алсыздарга боор ооруй билген. Биз да алсыздарга боор ооруу менен жылуу мамиле кылгыбыз келет. Рухий жактан алсырап калган ишенимдешибиздикине барганда, аны Жахабанын көз алдында баалуу экенине жана рухий бир туугандары аны абдан сагынып жатканына ынандыруу зарыл (1 Тесалоникалыктарга 2:17). Ошондой эле алардын ага колдоо көрсөтүүгө даяр экенин жана «башына иш түшкөндө бир туугандай болуп келүүнү» каалашарын билдирүү абзел (Накыл сөздөр 17:17; Забур 33:19). Биздин чын жүрөктөн чыккан жылуу сөздөрүбүз аны бара-бара бекемдеп, кайра оторго кайтып келишине өбөлгө түзүшү мүмкүн. Кийин эмне кылышыбыз керек? Бир күмүш тыйынын жоготкон аял жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалда буга байланыштуу жакшы жетекчилик берилет.

Тырышчаак болгула

18. а) Көрсөтмөлүү мисалдагы аял эмне үчүн үмүтүн үзгөн эмес? б) Аял тырышчаактык менен кандай күч-аракет жумшаган жана бул эмнеге алып келген?

18 Тыйынын жоготкон аял жагдайдын татаал экенин билсе да, үмүт үзүүгө негиз жок экенин билген. Эгерде тыйын бадалдардын арасына же терең ылай сууга түшүп кетсе, болжолу, аял бул жоготууга кол шилтеп коймок. Бирок тыйындын үйдүн эле бир бурчунда жатканын билгендиктен, аны шымаланып, тырышып издеп кирген (Лука 15:8). Адегенде ал караңгы үйүн жарыктантыш үчүн чырак күйгүзөт. Анан тыйынды шыңгыраганынан табам деген ойдо үйүн шыпырып чыгат. Издебеген жери калбайт. Акырында күмүш тыйын чырактын жарыгына жылт эте түшөт. Аялдын тырышчаактыгы жакшы натыйжа берет!

19. Жоголгон тыйын жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалдагы аялдын иш-аракеттеринен алсыздарга жардам берүүгө байланыштуу эмнелерге үйрөнсөк болот?

19 Көрсөтмөлүү мисалдын бул бөлүгүнөн биз Ыйык Жазма боюнча алсыз ишенимдешибизге жардам берүүгө милдеттүү экенибизди жана андай жардам колубуздан келерин көрүп турабыз. Ошол эле учурда андай жардам көрсөтүү үчүн күч-аракет жумшашыбыз керектигин да түшүнөбүз. Элчи Пабыл Эфестеги аксакалдарга: «Ушинтип эмгектенип, алсыздарга жардам берүү керек»,— деп айтпады беле (Элчилер 20:35а). Тиги аял тыйынын оңой эле, эки жагын каранып, нары-бери көз жүгүртүп эле таап албаганын эстен чыгарбайлы. Жок, ал «аны тапмайынча» акырына чейин издегендиктен ийгиликке жеткен. Ошо сыяктуу, биз рухий жактан алсырап калган адамды кайра жыйналышка алып келүүгө аракеттенгенде, максатыбыздан тайбай тырышчаак болушубуз зарыл. Буга байланыштуу кандай иш-чараларды кылууга болот?

20. Алсыздарга кантип жардам бере алабыз?

20 Алсыз адамга ишенимин жана чындыкка болгон ыраазылыгын өстүрүүгө кантип жардам бере алабыз? Ылайыктуу ыйык китептик адабиятты колдонуп, аны менен ыйык китептик изилдөө өткөрүү эң зарыл нерсе болушу мүмкүн. Рухий жактан алсыз адам менен Ыйык Китепти изилдөө ага акырындан жакшылап жардам берүүгө шарт түзөт. Мындай жардам көрсөтүүгө ким жөндөмдүү экенин кызмат көзөмөлчүсү жакшыраак аныктай алат. Ал кайсы темаларды жана кайсы адабиятты изилдөө эң пайдалуу болоруна карата кеп-кеңеш бере алат. Көрсөтмөлүү мисалдагы аял ылайыктуу куралдарды колдонуп максатына жеткендей, биз да бүгүн алсыздарды колдоого байланышкан жоопкерчилигибизди аткарууда пайдалуу куралдарды колдонобуз. Бул жоопкерчиликти орундатууда бизге эки жаңы курал, же адабият, айрыкча жардам берет. Ал куралдар — «Жалгыз чыныгы Кудайга сыйынгыла» жана «Жахабага жакында» (ор.) китептери *.

21. Алсыздарга жардам берүү кандайча баарыбызга бата алып келет?

21 Алсыздарга жардам берүү баарыбызга бата алып келет. Жардам алган адам кайрадан чыныгы достору менен бириккени үчүн бактылуу болсо, биздин жүрөгүбүз башкаларга жардам берүү менен гана сезүүгө боло турган кубанычка толот (Лука 15:6, 9; Элчилер 20:35б). Ал эми жыйналыштын ар бир мүчөсү башкаларга сүйүү менен кызыгуу көрсөтө билсе, жыйналыштагы жылуу маанай ого бетер айкын сезиле берет. Андан да маанилүүсү, алсыздарга жердеги кызматчылары аркылуу колдоо көрсөтүлүшү камкор Койчуларыбыз Жахаба менен Ыйсага даңк алып келет (Забур 71:12—14; Матай 11:28—30; 1 Корунттуктарга 11:1; Эфестиктерге 5:1). Демек, «бири-бирибизди сүйүүгө» бизде орчундуу себептер бар!

^ 20-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Сүйүү көрсөтүү эмне себептен ар бирибиз үчүн маанилүү?

• Эмне үчүн алсыздарга сүйүү көрсөтүшүбүз керек?

• Жоголгон кой жана жоголгон тыйын жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалдар бизди эмнеге үйрөтөт?

• Алсыз бирөөгө жардам берүү үчүн иш жүзүндө кандай кадамдарды жасасак болот?

[Изилдөө суроолору]

[24-беттеги сүрөт]

Алсыздарга жардам берүүдө демилгелүүлүк, жылуу мамиле жана тырышчаактык көрсөтөбүз.

[25-беттеги сүрөт]

Алсыздарга жардам берүү баарыбызга бата алып келет.