Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакшы кабарга чындап ишенесиңби?

Жакшы кабарга чындап ишенесиңби?

Жакшы кабарга чындап ишенесиңби?

«Кудайдын Падышачылыгы жакындап калды. Тобо кылгыла,Жакшы Кабарга ишенгиле» (МАРК 1:15).

1, 2. Марк 1:14, 15ти кантип түшүндүрүп берет элеңер?

БИЗДИН ЗАМАНДЫН 30-жылы. Ыйса Машайак өзүнүн көрүнүктүү кызматын Галилеядан баштайт. Ал «Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө» айтып жүргөндө, галилеялыктардын көптөрүн анын: «Убакыт келди, Кудайдын Падышачылыгы жакындап калды. Тобо кылгыла, Жакшы Кабарга ишенгиле»,— деген сөздөрү ойлондурган (Марк 1:14, 15).

2 Ыйса үчүн кызматын баштоого, ал эми адамдар үчүн Кудайдын жактыруусуна ээ кыла турган чечим чыгарууга «убакыт келген» (Лука 12:54—56). «Кудайдын Падышачылыгы жакындап калган» эле, анткени дайындалган Падыша, Ыйса, адамдардын арасында жүргөн. Анын кабар айтуу иши жүрөгү таза адамдарга тобо кылууга түрткү берген. Бирок «Жакшы Кабарга ишенишкенин» алар кантип көрсөтүшкөн? Биз кантип көрсөтө алабыз?

3. Жакшы кабарга ишенгенин адамдар кантип көрсөтүп келишет?

3 Ыйса сыңары, элчи Петир да адамдарды тобо кылууга үндөгөн. Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында Петир Иерусалимдеги жүйүттөргө кайрылып: «Күнөөңөр кечирилиш үчүн, тобо кылгыла, ар бириңер Ыйса Машайактын ысымынын урматына сууга чөмүлдүрүлгүлө, ошондо Кудай силерге Ыйык Рухту белек кылат»,— деген. Миңдеген адамдар тобо кылып, чөмүлдүрүлүп, Ыйсаны жолдой башташкан (Элчилер 2:38, 41; 4:4). Б.з. 36-жылы тобо кылган бутпарастар да ошентишкен (Элчилер 10:1—48). Биздин күндөрдө да жакшы кабарга болгон ишеним миңдеген адамдарга күнөөлөрү үчүн тобо кылып, Кудайга арналып, чөмүлдүрүлүүгө түрткү берүүдө. Алар куткарылуу жөнүндөгү жакшы кабарды кабыл алышып, Ыйсанын куткаруу курмандыгына ишеним көрсөтүшүүдө. Мындан тышкары, ал адамдар адил иштерди жасоо менен Кудайдын Падышачылыгын жакташууда.

4. Ишеним деген эмне?

4 А бирок ишеним деген эмне? Элчи Пабыл: «Ишеним — бул үмүттөнүп күтүп жаткан нерсенин ишке ашарына шектенбөө жана көрүнбөгөн нерсеге бекем ишенүү»,— деп жазган (Эврейлерге 11:1). Ишенимибиз Кудай Сөзүндө жазылган убадалардын баарын аткарылгандай эсептөөгө түрткү берет. Ал белгилүү бир менчик укукка ээ экенибизди ырастаган документ сыяктуу. Ишеним — бул «бар болгондун айкын көрүнүшү» же көзгө көрүнбөгөн нерселердин бар экенине ынандыруучу негиз. Акылыбыз жана ыраазы болгон жүрөгүбүз бизди ошол көзгө көрүнбөгөн нерселердин чынында эле бар экенине ынандырат (2 Корунттуктарга 5:7; Эфестиктерге 1:18).

Ишенимге ээ болуу зарыл!

5. Эмне үчүн ишенимге ээ болуу маанилүү?

5 Биз рухий муктаждыктар менен төрөлсөк да, ишеним менен төрөлбөйбүз. Андан сырткары, «ишеним адамдардын баарында эле боло бербейт» (2 Тесалоникалыктарга 3:2, ЖД). Бирок Ыйсанын жолдоочулары Кудайдын убадаларын мурастоо үчүн ишенимге ээ болушу керек (Эврейлерге 6:12). Ишеним көрсөткөн көптөгөн адамдарды атап өтүп, Пабыл мындай деген: «Ушундай көп күбөлөргө курчалган биз ар кандай түйшүктөн жана оңой эле чырмап алчу ар кандай күнөөдөн арылып, алдыбыздагы жарыштын аягына чыдамдуулук менен чыгалы. Ишенимибиздин баштоочусу жана бүтүрүүчүсү болгон Ыйсага карайлы» (Эврейлерге 12:1, 2). Бизди «оңой эле чырмап алчу... күнөө» деген эмне? Бул ишенимдин жетишсиздиги же кайсы бир убакта ээ болгон ишенимди жоготуу. Ишенимди бекем сактоо үчүн, Ыйсага «карап», андан үлгү алууга тийишпиз. Ошондой эле адеп-ахлаксыздыкты четке кагып, күнөөкөр табияттын иштери менен күрөшүп, дүнүйөкорлуктан, дүйнө философияларынан жана Ыйык Китепке негизделбеген үрп-адаттардан качышыбыз керек (Галаттыктарга 5:19—21; Колостуктарга 2:8; 1 Тиметейге 6:9, 10; Жүйүт 3, 4). Андан сырткары, Кудай биз менен экенине жана анын Сөзүндөгү кеңештер бизге пайда алып келерине ишенишибиз керек.

6, 7. Кудайга ишеним сурап кайрылуу эмне үчүн орундуу?

6 Өз күчүбүз менен ишенимди өрчүтө албайбыз. Анткени ишеним Кудайдын ыйык рухунун, иш-аракеттүү күчүнүн, жемишине кирет (Галаттыктарга 5:22, 23). Ишенимибизди бекемдөө зарыл болсо, эмне кылышыбыз керек? Ыйса: «Силер... балдарыңарга жакшы нерселерди бергенди билсеңер, андан бетер Асмандагы Атаңар Өзүнөн сурагандарга Ыйык Рухту берет»,— деген (Лука 11:13). Анда эмесе, келгиле, Кудайдан ыйык рух сурап тиленели, анткени ыйык рух оор шарттарда да Кудайдын эркин аткарууга күч берерлик ишенимди өрчүтө алат (Эфестиктерге 3:20).

7 Кудайга ишенимди арттырууну сурап кайрылуу орундуу. Ыйса бир баланын ичиндеги жинди кууп чыгарарда анын атасы: «Ишенем... Менин ишенимимди арттыра көр»,— деп жалбарган (Марк 9:24). Ыйсанын элчилери: «Ишенимибизди арттыр»,— деп суранышкан (Лука 17:5). Ошондуктан, келгиле, Кудайга ишеним сурап кайрылалы да, андай тиленүүлөрүбүзгө жооп берерине эч шектенбейли (1 Жакан 5:14).

Кудайдын Сөзүнө ишенүү абдан маанилүү

8. Кудай Сөзүнө болгон ишенимибиз бизге кандайча жардам берет?

8 Өмүрүн курмандык катары берердин алдында Ыйса жолдоочуларына: «Кайгырбагыла. Кудайга жана Мага ишенгиле»,— деген (Жакан 14:1). Ыйсанын жолдоочулары катары биз Кудайга жана анын Уулуна ишеним көрсөтөбүз. А Кудайдын Сөзүнө ишенебизби? Эгер Кудай Сөзүн изилдеп, андагы кеңештер менен көрсөтмөлөрдүн эң мыкты экенине толук ишенсек, ал жашообузга зор таасир этип, көптөгөн пайдаларды алып келет (Эврейлерге 4:12).

9, 10. Жакып 1:5—8-аяттарда ишеним жөнүндө айтылгандарды кантип түшүндүрүп берет элеңер?

9 Жеткилеңсиз адам болгондуктан биз турмушта толгон токой кыйынчылыктарга кезигебиз. Бирок Кудай Сөзүнө болгон ишенимибиз бизге чоң жардам бере алат (Аюб 14:1). Маселен, кайсы бир сыноого кантип туруштук берүүнү билбей жатабыз дейли. Кудай Сөзү бизге төмөндөгүнү кеңеш кылат: «Кимиңерге акылмандык жетишпей жатса, баарына берешендик менен, жемелебестен берген Кудайдан сурасын, ага берилет. Бирок эч шектенбестен, ишеним менен сурасын. Анткени шектенген адам шамал айдаган деңиз толкунуна окшош. Мындай адам Теңирден бир нерсе алам деп ойлобой эле койсун. Эки ойлуу адам өзүнүн бардык жолдорунда туруксуз» (Жакып 1:5—8).

10 Акылмандык жетишпей жатканда аны сурап тиленгенибиз үчүн Жахаба Кудай бизди жемелебейт. Тескерисинче, сыноого туура көз караш менен кароого жардам берет. Мисалы, ишенимдештерибиз көңүлүбүздү бизге керек болгон аяттарга бурушу мүмкүн же Ыйык Китепти изилдеп жатып ал аяттарды өзүбүз байкап калышыбыз ыктымал. Же Жахабанын ыйык руху дагы башка жагынан жетекчилик кылаттыр. Эгер «эч шектенбестен, ишеним менен сурасак», асмандагы Атабыз сыноолорду жеңип өтүүгө акылмандык берет. Эгер биз шамал айдаган деңиз толкунундай болсок, Кудайдан бир нерсе аларыбызга үмүттөнбөй эле койсок болот. Эмне үчүн? Анткени бул биздин тиленүүдө же дагы башка нерселерде, атүгүл ишеним көрсөтүүдө чечкиндүү жана туруктуу эмес экенибизди билдирмек. Ошондуктан Кудай Сөзүнө жана андагы жетекчиликке бекем ишенишибиз керек. Келгиле, Кудай Сөзү бизге кантип жардам берерин көрсөткөн бир нече мисал карап көрөлү.

Ишеним жана турмуш-тиричиликке зарыл болгон нерселер

11. Кудай Сөзүнө болгон ишенимибиз күнүмдүк керектөөлөрүбүзгө байланыштуу эмнеге ынандырат?

11 Баш калкалар жайыбыз жоктугунан, тамак-аштын жетишсиздигинен же жакырчылыктын айынан кыйналып жатсак, эмне кылуу керек? Кудай Сөзүнө болгон ишенимибиз биздин күнүмдүк турмушубузга зарыл болгон нерселер үчүн Жахабанын кам көрөрүн, а жаңы заманда аны сүйгөндөрдүн баарына аларды мол берерин күтүүгө негиз берет (Забур 71:16; Лука 11:2, 3). Жахаба ачарчылык маалында пайгамбары Илиясты кантип бакканы жөнүндө ой жүгүртүүдөн кубат алабыз. Кийинчерээк Жахаба Кудай керемет жолу менен бир аялдын уну менен майын түгөттүрбөй, аны, баласын жана Илияс пайгамбарды аман сактап калган (1 Падышалар 17:2—16). Ушу сыңары, бабылдыктар Иерусалимди курчап алганда, Жахаба пайгамбары Жеремиянын муктаждыктарына да кам көргөн (Жеремия 37:21). Жеремия менен Илияс пайгамбар түрлөп тамак жебесе да, Кудай аларды ачка калтырган эмес. Ал азыркы күндө да ага ишеним көрсөткөндөргө кам көрөт (Матай 6:11, 25—34).

12. Күнүмдүк нанды тапканга ишеним кандайча жардам берет?

12 Ишеним жана ыйык китептик принциптерге кармануу байытып жибербесе да, күнүмдүк наныбызды табууга жардам берет. Маселен, Ыйык Китеп бизди чынчыл, өз ишин мыкты билген, эмгекчил адамдардан болууга чакырат (Накыл сөздөр 22:29; Насаатчы 5:18, 19; 2 Корунттуктарга 8:21). Мыкты жумушчу деген атка ээ болсок, муну баалашыбыз керек. Анткени айлыгы жакшы жумуш табуу кыйын болгон жерлерде да чынчыл, иш билги, тырышчаак жумушчулардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү башкалардыкына караганда көбүрөөк. Андай жумушчулар бай жашашпаса да, адатта, аларда күнүмдүк турмушта зарыл болгон нерселердин баары бар. Мындан сырткары, алар өз мээнети менен тапкан нанын жегенден канааттануу алышат (2 Тесалоникалыктарга 3:11, 12).

Ишеним кайгы-капаларды көтөрүүгө жардам берет

13, 14. Кайгы-капаны көтөрүп кетүүгө ишеним кандайча жардам берет?

13 Ыйык Китепте жакыныбыздан айрылганда кайгырып-капалануу табигый нерсе экени ачык көрсөтүлөт. Ишенимдүү патриарх Ыбрайым сүйүктүү аялы Саара каза болгондо аны жоктоп ыйлаган (Башталыш 23:2). Дөөт уулу Абышаломдун өлгөнүн укканда катуу кайгыга баткан (2 Шемуел 18:33). Атүгүл жеткилең адам Ыйса досу Лазардын каза болгонун билгенде көзүнө жаш алган (Жакан 11:35, 36). Жакыныбыздан айрылганыбызда көтөрүп кетүүгө мүмкүн эместей сезилген кайгыга батышыбыз ыктымал, бирок Кудай Сөзүндөгү убадаларга болгон ишенимибиз ага чыдоого жардам берет.

14 Пабыл: «Адилеттүүлөр да, адилетсиздер да тирилет деп, Кудайдан үмүттөнөм»,— деген (Элчилер 24:15). Кудайдын миллиондогон каза болгон адамдарды тирилтүү жөнүндөгү ой-ниетине ишенишибиз керек (Жакан 5:28, 29). Алардын арасында Ыбрайым, Саара, Ыскак, Ребека, Жакып, Лея болот. Булардын баары Кудайдын жаңы заманындагы тирилүүнү күтүп, өлүм уйкусунда жатышат (Башталыш 49:29—32). Жерде өмүр сүрүү үчүн жакын адамдарыбыз өлүм уйкусунан ойгонгондо, кандай зор кубанычка батабыз! (Аян 20:11—15). Азыр болсо, ишеним кайгы-капалардан толук арылтпаса да, күйүтүбүздү көтөрүүгө жардам берүүчү Кудай менен болгон жакын мамилебизди сактоого өбөлгө түзөт (Забур 120:1—3; 2 Корунттуктарга 1:3).

Ишеним көңүл чөгүп турганда бекемдейт

15, 16. а) Ишеними барлардын да көңүлү чөгүшү эмне үчүн адаттан тыш нерсе эмес? б) Көңүл чөгөттүктү жеңүү үчүн эмне кылууга болот?

15 Ошондой эле Кудай Сөзүндө ишеними барлардын да көңүлү чөгүп, депрессияга кабылышы мүмкүн экени көрсөтүлүүдө. Оор сыноону башынан өткөрүп жатканда Аюбга Кудай аны таштап койгондой сезилген (Аюб 29:2—5). Иерусалимдин ээн калып, дубалдарынын кыйрап жатышы Некемияны капаланткан (Некемия 2:1—3). Петир Ыйсадан баш тартканынан улам катуу кайгыга батып «өксүп ыйлаган» (Лука 22:62). Пабыл болсо Тесалоникадагы жыйналыштагы ишенимдештерди «кайгырган жандарды сооротууга» чакырган (1 Тесалоникалыктарга 5:14, ЖД). Мындан ишеними барлардын да көңүл чөгөттүккө чалдыгышы адаттан тыш нерсе эмес экенин көрүүдөбүз. Анда эмесе көңүл чөгөттүктү кантип жеңүүгө болот?

16 Бир нече олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болгонубузда көңүлүбүз чөгүшү ыктымал. Бирок алардын баарын бир чоң көйгөй катары карабай, ыйык китептик принциптерге карманып, аларды бир-бирден чече алышыбыз мүмкүн. Ушундай жол менен кандайдыр бир деңгээлде көңүл чөгөттүктөн арылууга болот. Мындан сырткары, жумуш жасоодо тең салмактуулукту сактоо жана жетишерлик эс алуу пайдалуу болушу мүмкүн. Бир нерсеге такыр шектенбешибиз керек: Кудай Сөзүнө болгон ишенимибиз рухий саламаттыгыбызды чыңоого өбөлгө түзөт, анткени ал Кудайдын биз үчүн чындап кам көрөрүнө ого бетер ынандырат.

17. Жахабанын бизге кам көрөрүн кайдан билебиз?

17 Петир: «Кудай силерди Өз убагында жогору көтөрүшү үчүн, Анын күчтүү колунун астында моюн сунгула. Бардык түйшүктөрүңөрдү Ага тапшыргыла, анткени Ал силер үчүн кам көрөт»,— деген сөздөрү менен бизге жубатуу берет (1 Петир 5:6, 7). Забурчу болсо: «Теңир жыгылып бара жаткандарды жыкпай кармап калат, кулагандарды тургузат»,— деп ырдаган (Забур 144:14). Бул сөздөргө бекем ишенүүгө толук негиз бар, анткени алар Кудай Сөзүндө жазылган. Көңүл чөгөттүк өтүп кетпесе да, тынчсызданууларыбыздын баарын асмандагы мээримдүү Атабызга тапшыра аларыбызды билүү ишенимибизди кандай гана бекемдейт!

Ишеним жана башка сыноолор

18, 19. Ишеним ооруга чыдоого жана ооруп жаткан туугандарды жубатууга кандайча жардам берет?

18 Өзүбүз же жакыныбыз олуттуу ооруга чалдыкканда, ишенимибиз катуу сыналышы ыктымал. Ыйык Китепте Эпафродит, Тиметей, Трофим сыяктуу Ыйсанын жолдоочуларынын керемет жолу менен айыкканы айтылбаса да, оорусуна чыдаш үчүн, Жахабанын аларга күч бергени шексиз (Филипиликтерге 2:25—30; 1 Тиметейге 5:23; 2 Тиметейге 4:20). Мындан сырткары, «бей-бечараны ойлогон адам» жөнүндө забурчу: «Ал ооруп жатканда, Теңир күч берет. Сен аны төшөгүнөн тургузасың, дартынан арылтасың»,— деп ырдаган (Забур 40:2—4). Оорулуу ишенимдештерибизди жубатууга забурчунун бул сөздөрү кандайча жардам берет?

19 Ооруп жаткан бир туугандар менен чогуу жана өзүбүзчө алар үчүн тиленүү менен аларды рухий жактан бекемдей алабыз. Азыркы учурда Кудайдан аларды керемет жолу менен айыктырышын суранбасак да, оорусуна чыдай алыш үчүн күч-кайрат беришин сурай алабыз. Ошондой эле Кудайдан аларды ушул оор күндөрүн чыдамдуулук менен басып өтүүгө рухий жактан бекемдешин сурасак болот. Жахаба аларды кубаттайт, а алар «тургундардын бири да: „Мен ооруп жатам“,— деп айтпай» турган маалды күтүү менен ишенимин бекемдей алышат (Ышайа 33:24). Тирилген Ыйса Машайактын жана Кудайдын Падышалыгынын аркасында тил алчаак адамдардын күнөөдөн, оорудан, өлүмдөн биротоло арыларын билүүдөн кандай жубатуу алабыз! Алдыдагы ушундай сонун келечек үчүн «бүт ооруларды айыктыруучу» Жахабага ыраазыбыз (Забур 102:1—3; Аян 21:1—5).

20. Эмне үчүн ишеним карылыктын «оор күндөрүн» басып өтүүгө жардам берет деп айта алабыз?

20 Мындан сырткары, ишеним карылыктын жана оорунун айынан алдан-күчтөн тайган кездеги «оор күндөрдү» басып өтүүгө жардам берет (Насаатчы 12:1—7). Ошондуктан арабыздагы улгайган бир туугандар карып калган забурчуга окшоп: «Сен менин үмүтүмсүң, Теңирим Кудайым... Картайганымда, менден баш тартпа, алдан-күчтөн тайганымда, мени таштап салба»,— деп тилене алышат (Забур 70:5, 9). Көп жылдардан бери Жахабага кызмат кылып келаткан улгайган ишенимдештерибиз забурчу сыңары Жахабанын колдоосуна муктаж экенин сезишет. Бул бир туугандарыбыз ишенимге ээ болгондуктан, Жахабанын «түбөлүктүү колдору» аларды дайым колдой турганына толук ишенишсе болот (Мыйзам 33:27).

Кудай Сөзүнө болгон ишенимиңерди сактагыла

21, 22. Эгер ишенимибиз бар болсо, ал Кудай менен болгон мамилелерибизге кандай таасир этет?

21 Жакшы кабарга, деги эле Кудай Сөзүнө болгон ишенимибиз Жахабага мурункудан да көбүрөөк жакындоого жардам берет (Жакып 4:8). Ооба, ал Эгедер Кудай, биздин Жаратканыбыз жана Атабыз (Ышайа 64:8; Матай 6:9; Элчилер 4:24). Забурчу: «Сен менин атамсың, Кудайымсың жана куткаруучу аскамсың»,— деп ырдаган (Забур 88:27). Жахабага, анын Сөзүнө ишеним көрсөтсөк, биз үчүн да ал «куткаруучу аска» болуп берет. Мындай артыкчылыкка ээ болуу кандай гана шыктандырат!

22 Жахаба — Ыйсанын майланган жолдоочуларынын жана алардын жерде жашоого үмүтү бар шериктештеринин Атасы (Римдиктерге 8:15). Асмандагы Атабызга болгон ишеним эч качан акталбай калбайт. Дөөт: «Мени атам да, энем да таштап кетишти, бирок Теңир мени кабыл алат»,— деген (Забур 26:10). Мындан сырткары, Ыйык Жазма бизди Теңирдин «Өзүнүн улуу ысымы үчүн Өз элин таштабай» турганына ынандырат (1 Шемуел 12:22).

23. Жахаба менен болгон мамилебизди түбөлүккө сактоо үчүн эмне талап кылынат?

23 Кудай менен болгон мамилебизди түбөлүккө сактоо үчүн, сөзсүз түрдө, жакшы кабарга ишенип, Ыйык Жазманы чынында эле Кудай Сөзү катары кабыл алышыбыз керек (1 Тесалоникалыктарга 2:13). Жахабага толук ишенип, анын Сөзүнө жолубузга жарык болушуна жол берүүгө тийишпиз (Забур 118:105; Накыл сөздөр 3:5, 6). Жахабага анын боорукердик, ырайымдуулук, колдоо көрсөтөрүнө түк шектенбей тиленгенибизде ишенимибиз бекемделет.

24. Римдиктер 14:8де кандай жубатарлык ой жазылган?

24 Ишеним бизге өзүбүздү Кудайга түбөлүккө арноого түрткү берди. Ишенимибиз күчтүү болсо, өлсөк да, тирилүүгө үмүтү бар анын арналган кызматчылары бойдон кала беребиз. Ооба, «Жашасак да... өлсөк да Теңирдикибиз» (Римдиктерге 14:8). Ушул жубатарлык ойду жүрөгүбүздө бек сактап, Кудай Сөзүнө жана жакшы кабарга болгон ишенимибизди мындан ары да бекемдей берели.

Кантип жооп берет элеңер?

• Ишеним деген эмне жана ал эмне үчүн бизге керек?

• Эмне үчүн жакшы кабарга, деги эле, Кудай Сөзүнө ишенүү маанилүү?

• Ар кандай сыноолорго туруштук берүүгө ишеним кантип жардам берет?

• Ишенимди сактоого бизге эмне жардам берет?

[Изилдөө суроолору]

[8-беттеги сүрөт]

Жеремия менен Илиястын ишеними бар болгондуктан, Жахаба аларга кам көргөн.

[9-беттеги сүрөт]

Аюб, Петир, Некемиялардын ишеними бекем болгон.

[10-беттеги сүрөт]

Жахаба менен болгон мамилебизди түбөлүккө сактоо үчүн, жакшы кабарга ишенишибиз керек.