Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жамандык жеңдиби?

Жамандык жеңдиби?

Жамандык жеңдиби?

ААЛАМДАГЫ жакшылык менен жамандык күчтөрүнүн ортосундагы күрөш жөнүндөгү идея кылымдар бою жазуучулар менен философторго түгөнгүс ой-жоромолдорду айтууга түрткү берип келген. Бирок Кудай менен Ибилистин ортосундагы күрөш тууралуу так маалымат камтылган китеп бар. Ал — Ыйык Китеп. Ыйык Жазма ушул күрөшкө байланышкан суроо жөнүндөгү маалыматты камтыгандан сырткары, чындыгында кимдин жеңүүчү болгонун аныктоого жардам берет.

Алгачкы эркек менен аял жаратылгандан көп өтпөй, көзгө көрүнбөгөн рухий жаратуу, Шайтан Ибилис, Кудайдын бийлигине шек келтирген. Кантип? Ал куулук менен адамдар Кудайдан көз карандысыз болушса жакшыраак жашашмак, Кудай жаратууларынан кандайдыр бир жакшы нерсени жашырып жатат деген ойдун четин чыгарган (Башталыш 3:1—5; Аян 12:9).

Кийинчерээк патриарх Аюбдун убагында Шайтан дагы бир суроо көтөргөн. Аюбдун Кудай алдындагы актыгын бузуу үчүн, Шайтан: «Тери үчүн тери, адам өз жаны үчүн колунда эмне болсо, ошонун бардыгын берет»,— деген (Аюб 2:4). Кандай гана негизсиз ырастоо! Аюбду атынан атоонун ордуна, Шайтан «адам» деген жалпы түшүнүктү колдонуп, Кудай алдындагы ар бир адамдын актыгына шек туудурган. Ал, мындайча айтканда: «Адам өз жанын сактап калуу үчүн баарын жасайт. Мага мүмкүнчүлүк бергиле, ошондо мен ар бир адамды Кудайдан алыстата алам»,— деген.

Кудай менен Ибилистин ортосундагы күрөштө ким жеңгенин төмөндөгү эки суроого жооп алгандан кийин билебиз: Адамдар өз алдынча ийгиликтүү бийлик жүргүзө алышабы? Ибилис адамдардын баарын чыныгы Кудайдан алыстата алдыбы?

Адамдар өз алдынча ийгиликтүү бийлик жүргүзө алышабы?

Миңдеген жылдардан бери адамдар башкаруунун ар кандай түрлөрүн эксперименттеп келишкен. Мисалы, тарыхта монархия, аристократия, демократия, автократия, фашизм жана коммунизм сыяктуу башкаруу формалары колдонулган. Мындай эксперименттерди жүргүзүүнүн талап кылынышы жогоруда саналып өтүлгөн башкаруунун түрдүү формаларынын начардыгын көрсөтүп турган жокпу?

«Римдиктер административдик чоң экспериментке катышып калышканын өздөрү да билбей калышкан»,— деп жазган тарыхчы Г. Ж. Уэллс («A History of the World», 1922-жыл). «Башкаруу жолдору туруктуу болбой, дайым өзгөрүп турган. Бир жагынан, ал эксперимент ишке ашпай калса, экинчи жагынан, эксперимент дагы эле уланууда. Бүгүнкүгө чейин Европа менен Америка биринчи жолу римдиктер кезиккен өлкөнү башкаруу көйгөйүнүн үстүнөн иштеп келүүдө»,— деген Уэллс.

Өлкөнү башкарууга байланышкан эксперименттер XX кылымда да жүргүзүлгөн. Акыры, кылымдын аягында көпчүлүктүн көңүлүнө демократиялык башкаруу төп келип калган. Башкаруунун бул формасынын аныктамасына ылайык, мамлекет демократиялык жол менен башкарылганда өлкөнү башкарууга бүт эл катышышы керек. Бирок бийлик жүргүзүүнүн мындай жолу Кудайдын жардамысыз адамдардын ийгиликтүү бийлик кыла аларын көрсөттүбү? Индиянын мурунку премьер-министри Жавахарлал Неру демократиялык башкарууну жакшы дегени менен: «Минтип айтканымдын себеби, башкаруунун башка формалары мындан да начар»,— деп кошумчалаган. Франциянын мурунку президенти Валери Жискар д’ Эстен мындай деген: «Демократиялык башкаруу жолу кризиске учурап атканына күбө болуудабыз».

Б.з.ч. V кылымда грек философу Платон демократиялык башкаруунун мүчүлүштүктөрүн байкаган. Бир эмгекке ылайык, ал «саясатчылардын наадандыгы менен түркөйлүгүн» сынга алып, «мындай кемчиликтер, өзгөчө, демократиялык жол менен башкарылган өлкөлөрдү бактысыздыкка учуратарын» белгилеген («A History of Political Theory»). Бүгүнкү күндө саясатчылардын көптөрү өкмөттү башкара алган жөндөмдүү адамдарды табуу кыйын экенин айтып даттанышууда. «Уолл-стрит жорнал» гезитинде адамдардын «жетекчилерине нааразы экени, анткени алар чоң көйгөйлөрдүн алдында кенедей болуп калышары» айтылган. Андан ары гезитте: «Жетекчилик сурап кайрылышканда жетекчилердин чечкинсиздигин жана сатылмалыгын көрүү адамдарды жийиркентет»,— деп кошумчаланган.

Эми байыркы Ысрайылдын падышасы Сулаймандын башкаруусу кандай болгонун карап чыгалы. Жахаба Кудай ага зор акылмандык берген (1 Падышалар 4:29—34). Сулаймандын 40 жылдык башкаруусунун алдында ысрайыл элинин жашоо-шарты кандай болгон? Ыйык Китеп: «Деңиз жээгиндеги кумдай көп Жүйүт менен Ысрайыл ичип-жеп, көңүл ачып жатышты... Сулаймандын өмүрү өткөнчө Дандан Бейер-Шебага чейин жаткан Ысрайыл менен Жүйүт эли өздөрүнүн анжыр жыгачынын, жүзүм багынын астында бейкапар жашады»,— деп жооп берет (1 Падышалар 4:20, 25). Эң жогорку Жахаба Кудайдын өкүлү болгон акылман падышанын тушунда өлкөдө стабилдүүлүк өкүм сүрүп, эл өркүндөп-өсүп, шаттыкка бөлөнүп жашаган.

Кудайдын башкаруусу менен адамдык башкаруунун ортосундагы айырмачылык кандай чоң! Башкарууга байланышкан суроодо Шайтан жеңди деп кимдир бирөө ишенимдүү айта алабы? Жок, муну Жеремия пайгамбардын: «Теңир, мен адамдын жолу өзүнүн эркинде эмес экенин, өзүнүн бутуна багыт берүү бара жаткандын бийлигинде эмес экенин билем»,— деген сөздөрү тастыктап турат (Жеремия 10:23).

Шайтан адамдардын баарын Кудайдан алыстата алабы?

Шайтан адамдардын бирин калтырбай Кудайдан алыстата алам дегенин орундата алдыбы? Элчи Пабыл Эврейлерге жазган катынын 11-бабында Ыйсанын жолдоочуларына чейинки убакта жашаган ишенимдүү бир канча эркектер менен аялдарды ысымынан атап өтүп, мындай деген: «Гидон, Барак, Шимшон, Иптах, Дөөт, Шемуел жана башка пайгамбарлар жөнүндө айтууга убакыт да жетпейт» (Эврейлерге 11:32). Кудайдын ушул ишенимдүү кызматчыларын Пабыл «булуттай көп күбөлөр» деп айткан (Эврейлерге 12:1, «Мукаддас»). Бул жерде колдонулган «булут» деген грек сөзү белгилүү бир көлөмдөгү жана формадагы өзүнчө турган булутту эмес, чоң, формасыз булуттар массасын билдирет. Бул эң ылайыктуу салыштыруу, анткени Кудайдын мурунку убактагы ишенимдүү кызматчылары абдан көп болгондуктан, килейген булуттар массасы сыяктуу эле. Ооба, кылымдар бою эбегейсиз көп адамдар Кудайга берилгендикте кызмат кылуу жолун өз эрки менен тандашкан (Жашыя 24:15).

А биздин мезгил тууралуу эмне десек болот? Жыйырманчы кылымда катуу куугунтуктоолорго, каршылыктарга дуушар болушса да, Жахабанын Күбөлөрүнүн саны дүйнө жүзү боюнча алты миллиондон ашты. Мындан сырткары, тогуз миллионго жакын киши алар менен байланышып турат жана алардын көптөрү Кудай менен өз ара жакын мамиле түзүү үчүн чечкиндүү кадамдарды шилтөөдө.

Адамдардын баарын Жахабадан алыстата алам деген Шайтанга Кудайдын Уулу Ыйса Машайак күчтүү жооп кайтарган. Кыйноо мамысында сай сөөгүнүн сыздаганына карабастан, ал актыгын бузган эмес. Өмүрүнүн эң акыркы секундасында Ыйса Кудайга: «Ата, рухумду сенин колуңа тапшырдым»,— деп кайрылган (Лука 23:46, ЖД).

Шайтан адамдарды кол астында кармап туруш үчүн колунан келгендин баарын (азгырыктардан тартып ачык куугунтуктоолорго чейин) жасайт. Ал адамдарды «дене кумары, көз кумары жана турмуш-тиричиликтеги текебердик» менен азгырып, аларды Кудайдан четтетүүгө же ага жакындатпоого умтулат (1 Жакан 2:16). Ошондой эле Шайтан «Машайактын даңкын жарыялаган Жакшы Кабардын жарыгын көрүшпөсүн үчүн... ишенбегендердин акылын караңгылатып койгон» (2 Корунттуктарга 4:4). Мындан сырткары, Шайтан мүдөөсүнө жетиш үчүн, опузалоону жана адамдардан коркуу сезимин колдонууга да даяр (Элчилер 5:40).

Бирок Кудайдын тарабында тургандарды Шайтан өз бийлигине багындыра албайт. Анткени алар Жахабаны таанып-билишкен жана аны «чын жүрөгү менен, жан-дили менен, бүт акылы менен сүйүшөт» (Матай 22:37). Ооба, Ыйса Машайак жана сан жеткис адамдар туруктуу берилгендигин сактап, Шайтан Ибилистин «мизин кайтарышты».

Алдыда кандай келечек турат?

Адамдардын башкаруу формаларына байланышкан эксперименттери түбөлүккө улана береби? Даниел пайгамбар алдын ала: «Ошол падышалыктардын убагында асмандагы Кудай түбөлүк кыйрабай турган бир падышалыкты орнотот, ал падышалык башка элге берилбейт. Ал бүт падышалыктарды кыйратат, талкалайт, өзү болсо түбөлүк турат»,— деген (Даниел 2:44). Асмандагы Кудай орното турган Падышалык — Ыйса Машайак башкарган асман өкмөтү. Ыйса жолдоочуларын дал ушул Падышалыктын келишин сурап тиленүүгө үйрөткөн (Матай 6:9, 10). Ошол Падышалык «Бардыгын Кармап Туруучу Кудайдын улуу күнүндө боло турган согушта» адамдардын бүт өкмөттөрүн кыйратып, жер үстүнө түбөлүк бийлик кылат (Аян 16:14, 16).

Анда Шайтан эмне болот? Ыйык Китепте анын эмне болору мындайча сүрөттөлөт: «[Жахабанын периштеси] шайтан жана ибилис болуп эсептелген ажыдаарды — байыркы жыланды кармап алып, миң жылга чынжырлап койду. Миң жыл өткөнгө чейин элдерди азгырбасын деп, ал аны түпсүз туңгуюкка кулатып түшүрүп, камап салды, анан сыртынан мөөр басып койду» (Аян 20:1—3). Шайтан иш-аракет жок туңгуюкка кулатылгандан кийин, Ыйса Машайактын Миң жылдык башкаруусу башталат.

Ошондо жер кандай сонун жайга айланат! Жамандык да, аны жасагандар да жок болот. Ыйык Китеп: «Жамандык кылгандар кырылышат... Ал эми момундар болсо жерди мураска алышат да, тынч турмушка ыракаттанышат»,— деп убадалайт (Забур 36:9—11). Алардын тынчтыгын адам да, жаныбар да бузбайт (Ышайа 11:6—9). Атүгүл билбестиктен жана Жахабаны таанып-билүүгө мүмкүнчүлүгү болбогондуктан мурун Шайтанды жактаган миллиондогон адамдар кайрадан жашоого тирилтилип, Кудай аркылуу окутулат (Элчилер 24:15).

Миң жылдык башкаруунун аягында жер бейишке айланат, а адамдар жеткилеңдикке жетишет. Андан кийин Шайтан, Кудайдын бардык каршылаштары менен чогуу биротоло кыйратылыш үчүн, «бир аз убакытка» бошотулат (Аян 20:3, 7—10).

Силер кимдин тарабын жактайсыңар?

Айрыкча, XX кылымда Шайтан жер бетин бүлгүнгө учуратып, ойронун чыгарды. Азыркы жагдай-шарттар Шайтандын жеңгенин билдирбейт; алар каардуу дүйнөнүн акыркы күндөрүндө жашап жатканыбызды көрсөтүүдө (Матай 24:3—14; Аян 6:1—8). Кимдин жеңишке ээ болгондугуна жердеги жамандыктын күчөшү да, көпчүлүктүн ой-пикири да аныктоочу факторлордон боло албайт. Андай фактор болуп кимдин башкаруу жолу эң мыкты экени жана адамдардын Кудайга аны жакшы көргөндүктөн кызмат кылышы эсептелет. Ушул эки учурда тең жеңишке Жахаба ээ болду.

Шайтанга бөлүнгөн убакыт анын Кудайга каршы чыкканы туура эмес болгонун көрсөтсө, анда эмне үчүн Кудай дагы эле жамандыкка жол берүүдө? Жахаба «бирөөнүн өлүмүн каалабай, бардыгы тобо келтирсин үчүн» сабырдуулук көрсөтүп жатат (2 Петир 3:9, «Мукаддас»). Ал «бардык адамдардын куткарылышын, чындыкты таанып билишин каалайт» (1 Тиметейге 2:4). Калган убакытты Ыйык Китепти изилдеп, «чыныгы Кудайды жана... [ал] жиберген... Ыйса Машайакты» таанып-биле берүүгө колдоносуңар деп үмүттөнөбүз (Жакан 17:3). Жахабанын Күбөлөрү бекем ишеним менен Жеңүүчү тарапта турган миллиондогон адамдардын катарына кошулушуңар үчүн силерге ушундай билим алууга кубанычтуулук менен жардам беришет.

[5-беттеги сүрөт]

Жахабанын Күбөлөрү Кудай алдында актыгын сактап, Шайтандын жеңилгенин далилдешүүдө.