Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ишенимиң канчалык бекем?

Ишенимиң канчалык бекем?

Ишенимиң канчалык бекем?

«Ишенимиңер аркылуу бекем турасыңар» (2 Корунттуктарга 1:24, «Мукаддас»).

1, 2. Эмне үчүн ишенимге ээ болушубуз зарыл жана ишенимди кантип бекемдесе болот?

ЖАХАБАНЫН кызматчылары ишенимге ээ болуу зарыл экенин билишет. «Кудайга ишенимсиз жагууга мүмкүн эмес» (Эврейлерге 11:6). Ошол себептүү Кудайдан ыйык рух жана рухтун жемишине кирген ишеним сурап тиленүү менен акылмандык көрсөтөбүз (Лука 11:13; Галаттыктарга 5:22, 23). Рухий бир туугандарыбыздын ишенимин тууроо менен өзүбүздүн да ишенимибизди бекемдей алабыз (2 Тиметейге 1:5; Эврейлерге 13:7).

2 Ыйсанын бүт жолдоочулары үчүн Кудай Сөзүндө көрсөтүлгөн жол менен мындан ары да жүрүүгө умтулсак, барган сайын ишенимибиз бекемделе берет. Ыйык Китепти күн сайын окуунун жана аны «ишенимдүү... башчы» аркылуу берилип жаткан адабияттардын жардамы менен кылдат изилдөөнүн аркасында да ишеним бекемделет (Лука 12:42—44; Жашыя 1:7, 8). Облустук, райондук жыйындарга, жыйналыштарга дайым катышып, бири-бирибиздин ишенимибизден дем-күч алабыз (Римдиктерге 1:11, 12; Эврейлерге 10:24, 25). Кабар айтууда башкалар менен сүйлөшкөндө да ишенимибиз бекемделет (Забур 144:10—13; Римдиктерге 10:11—15).

3. Ишеним жагынан мээримдүү аксакалдар бизге кандай көмөк көрсөтүшөт?

3 Мээримдүү аксакалдар Ыйык Китептин жардамы менен кеңеш берип, кубаттандырып ишенимибизди бекемдөөгө көмөк көрсөтүшөт. Алар корунттуктарга: «Кубанычыңар үчүн силерге эмгектеш болуп жатабыз; себеби силер ишенимиңер аркылуу бекем турасыңар»,— деп айткан элчи Пабылдыкындай рухту көрсөтүшөт (2 Корунттуктарга 1:23, 24, «Мукаддас»). Бул аят башка котормодо мындай деп берилет: «Силерди кубандырыш үчүн, силер менен чогуу эмгектенип жатабыз, анткени силердин ишенимиңер бекем» («Contemporary English Version»). Адил адам ишеними аркылуу тирүү жүрөт. Албетте, эч ким биз үчүн ишеним да көрсөтө албайт, Кудай алдындагы актыгыбызды да сактай албайт. Бул жагынан «ар кимибиз өз жүгүбүздү көтөрөбүз» (Галаттыктарга 3:11; 6:5).

4. Ыйык Жазмадагы Кудайдын ишенимдүү кызматчылары жөнүндөгү билдирүүлөр ишенимибизди бекемдөөгө кандайча жардам берет?

4 Ыйык Жазмада ишенимге ээ болгон адамдар жөнүндө абдан көп билдирүүлөр бар. Мүмкүн, алардын көптөгөн сонун иштери жөнүндө билеттирбиз, бирок алардын күн сайын өмүрүнүн аягына чейин ишеним көрсөткөнү тууралуу билебизби? Биздикиндей жагдай-шарттарда кантип ишеним көрсөтүшкөнү жөнүндө ой жүгүртүп көргөнүбүз ишенимибизди бекемдөөгө жардам берет.

Ишеним бизге кайрат берет

5. Ишенимдин Кудай Сөзүн кайраттуулук менен айтууга жардам берери ыйык китептик кайсы мисалдан көрүнүп турат?

5 Ишеним Кудай Сөзүн кайраттуулук менен таратууга күч берет. Энох Кудайдын чыгарган өкүмү аткарыларын эр жүрөктүүлүк менен жарыялаган. Ал мындай деген: «Мына, Теңир бардыгын соттош үчүн, кудайсыздардын өздөрүнүн кудайсыздыгы менен жасаган иштеринин бетин ачуу үчүн, Ага каршы ошол сөздөрдү айткан кудайсыз күнөөкөрлөрдү ашкерелөө үчүн, Өзүнүн он миңдеген ыйыктары менен келе жатат» (Жүйүт 14, 15). Мындай сөздөрдү уккан душмандары, албетте, аны өлтүргүсү келген. Ага карабастан Энох кайраттуулугунан жазбай ишеним менен сүйлөгөн. Анан Кудай «аны алып кеткен», сыягы, өлөрүнүн алдында азап тартпашы үчүн, өлүм уйкусу менен уктатып койгон көрүнөт (Башталыш 5:24; Эврейлерге 11:5). Биз үчүн мындай кереметтер жасалбаса да, Сөзүн ишеним жана кайраттуулук менен айтышыбыз үчүн Жахаба тиленүүлөрүбүзгө жооп берет (Элчилер 4:24—31).

6. Кудай берген ишеним жана кайраттуулук Нухка кандайча жардам берген?

6 Нух ишеними аркылуу «өз үй-бүлөсүнүн куткарылышы үчүн... кеме курган» (Эврейлерге 11:7; Башталыш 6:13—22). Мындан тышкары, ал замандаштарына Кудайдын эскертүүсүн кайраттуулук менен жарыялаган «адилеттиктин жарчысы» да болгон (2 Петир 2:5, «Мукаддас»). Алар Нух Топон суу жөнүндөгү кабарды жарыялаганда маскарлашса керек. Азыркы учурда да айрымдар, бул түзүлүштүн кыйратылышы жакындап калганын далилдеген ыйык китептик аяттарды көрсөткөнүбүздө, бизди шылдың кылышат (2 Петир 3:3—12). Буга карабастан, Энох менен Нухка окшоп, биз да Кудай берген ишеним жана кайраттуулук менен андай кабарды адамдарга айта алабыз.

Ишеним бизди чыдамдуу кылат

7. Ыбрайым жана башкалар ишеним менен чыдамдуулукту кантип көрсөтүшкөн?

7 Айрыкча, азыр, бул каардуу түзүлүштүн акырын күтүп жаткан маалда, бизге ишеним жана чыдамдуулук керек. Патриарх Ыбрайым «убадалаганды ишеними жана чыдамдуулугу менен мурастай» тургандардын бири болгон (Эврейлерге 6:11, 12). Ал ишенимге ээ болгондуктан, сонун шарттары бар Ур шаарын калтырып, Кудай убада кылган чоочун жерде келгин болуп жашаган. Ыскак менен Жакып да ушул «убаданын мурасчылары болгон». Бирок алардын «баары ишенип жүрүп өлүшкөн, убадалаганды алышкан эмес». Ишеними аркылуу алар «андан жакшысына, башкача айтканда, асмандагыга умтулушкан». Ошондуктан Кудай алар үчүн шаар даярдап койгон (Эврейлерге 11:8—16). Ооба, Ыбрайым, Ыскак, Жакып Кудайдан корккон аялдары менен чогуу чыдамдуулук көрсөтүшүп, Кудайдын асмандагы Падышалыгын күтүшкөн. Ошол Падышалыктын башкаруусу алдында алар тирилтилишип, жер бетинде өмүр сүрүшөт.

8. Эмнеге карабастан Ыбрайым, Ыскак, Жакыптар чыдамдуулук менен ишеним көрсөтүшкөн?

8 Ыбрайым, Ыскак жана Жакып ишенимдерин жоготушкан эмес. Көзү тирүү кезинде алар Убадаланган жерди ээлешкен да эмес, Ыбрайымдын тукуму аркылуу жер жүзүндөгү бүт элдердин бата алышканын да көрүшкөн эмес (Башталыш 15:5—7; 22:15—18). Ошондой эле «Куруучусу Кудай болгон шаар» жүздөгөн жылдардан кийин курулмактыгына карабастан, алар өмүрлөрүнүн аягына чейин ишеним менен чыдамдуулук көрсөтүшкөн. Азыр Мессиялык Падышалык асманда орнотулган кезде биздин ишенимибиз да бекем болушу керек (Забур 41:6, 12; 42:5).

Ишеним бийик максаттарды коюуга түрткү берет

9. Ишеним максаттарыбызга кандай таасир тийгизет?

9 Ишенимдүү патриархтар эч качан канаандыктардын жашоо образын туурашкан эмес, анткени алар алда канча бийик максаттарга умтулушкан. Ушу сыяктуу, каардуунун, Шайтан Ибилистин, кол алдында жаткан дүйнөнүн иштерине аралашып кетпешибиз үчүн ишеним рухий максаттарды коюуга түрткү берет (1 Жакан 2:15—17; 5:19).

10. Жусуптун дүйнөнүн атактууларынан болууга эмес, андан алда канча бийик турган максаттарга умтулганын кайдан билебиз?

10 Кудайдын эрки боюнча, Жакыптын уулу Жусуп Мисирде азык-түлүктү бөлүштүрүү боюнча көзөмөлчүлүк кылып калган. Бирок Жусуп ал мезгилдин атактуу адамдарынан болууга умтулган эмес. Жахабанын убадаларынын аткарыларына ишенип, 110 жаштагы Жусуп бир туугандарына мындай деген: «Менин көзүм өтүп бара жатат, бирок Кудай силерге келип, силерди бул жерден алып чыгып, Ыбрайым, Ыскак жана Жакыпка убада кылган жерге жеткирет». Ал сөөгүнүн Убадаланган жерге коюлушун суранган. Каза болгондон кийин, аны Мисирде бальзамдап катырып, табытка салып коюшкан. Бирок ысрайылдыктар Мисир кулчулугунан бошотулганда, Муса пайгамбар Жусуптун сөөгүн Убадаланган жерге коюш үчүн өзү менен кошо алып чыккан (Башталыш 50:22—26; Чыгуу 13:19). Жусуптукундай ишеним бизге дүйнөнүн атактууларынан болууга умтулуудан алда канча бийик болгон максаттарды коюуга түрткү бериши керек (1 Корунттуктарга 7:29—31).

11. Муса рухий максаттарга умтулганын кантип көрсөткөн?

11 Муса фараондун үй-бүлөсүнүн илим-билимдүү мүчөсү катары «убактылуу, күнөөлүү жыргалчылыкка» батып жашаганга караганда, Кудай эли менен кошо азап чегүүнү артык көргөн (Эврейлерге 11:23—26; Элчилер 7:20—22). Бул үчүн ал дүйнөнүн атак-даңкынан, ошондой эле, балким, сөөгүнүн укмуштай кооз табытка салынып, Мисирдин кайсы бир белгилүү аймагындагы күмбөзгө коюлушунан баш тарткан. Бирок муну «Кудайдын кулу», Мыйзам келишиминин арачысы, Жахабанын пайгамбары, Ыйык Китептин жазуучусу болуу артыкчылыгы менен салыштырып болобу? (Эзра 3:2). Азыркы дүйнөдө мансапка умтуласыңбы же ишенимиң андан алда канча бийик рухий максаттарды коюуга түрткү береби?

Ишеним маңыздуу жашоо өткөрүүгө жардам берет

12. Ишеним Рахаптын жашоосуна кандай таасир тийгизген?

12 Ишеним адамдарга бийик максаттарды коюуга эле эмес, маңыздуу жашоо өткөрүүгө да жардам берет. Жерихондук бузулган аял Рахап жашоосунун маңызсыз экенин билсе керек. Бирок ишеним көрсөткөнү үчүн ал кандай гана сыйланган! Канаан душмандарынан качып кетиши үчүн, «[ысрайылдык] чалгынчыларды үйүнө кабыл алып, андан кийин башка жол менен узатып жиберген Рахап иши [аркылуу көрсөтүлгөн ишеними] менен акталган» (Жакып 2:24—26). Мындан сырткары, Рахап Жахабаны чыныгы Кудай катары кабыл алып, сойкулук кылганын токтотуп ишеним көрсөткөн (Жашыя 2:9—11; Эврейлерге 11:30, 31). Ал чыныгы Кудайга сыйынбаган канаандыкка эмес, Жахабанын кызматчысына турмушка чыккан (Мыйзам 7:3, 4; 1 Корунттуктарга 7:39). Ошентип, Мессиянын чоң энелеринен болуу артыкчылыгына ээ болгон (1 Жылнаама 2:3—15; Рут 4:20—22; Матай 1:5, 6). Көптөр, алардын арасында адеп-ахлаксыз жашоосунан баш тарткан адамдар сыяктуу эле, Рахап келечекте дагы бир сыйлыкка ээ болот, тактап айтканда, жердеги бейиште өмүр сүрүү үчүн тирилтилет.

13. Дөөт Бат-Шебат менен кандай күнөө жасаган, бирок Дөөт кандай маанай көрсөткөн?

13 Сыягы, Рахап адеп-ахлаксыз жашоосунан баш тарткандан кийин туура жолдон чыккан эмес. Бирок Кудайга көп жылдардан бери кызмат кылгандардын арасында оор күнөө жасагандар болгон. Дөөт падыша Бат-Шеба менен ойноштук кылган соң, анын күйөөсүнүн согуш майданында курман болушун уюштурган, анан аны аялдыкка алган (2 Шемуел 11:1—27). Кылган иштерине өкүнүп, катуу кайгырган Дөөт Жахабага: «Менден Өзүңдүн Ыйык Рухуңду алба»,— деп жалбарган. Дөөт Кудайдын ыйык рухунан айрылган эмес. Ал Жахаба ырайымдуу болгондуктан, күнөөсү үчүн «кайгырган жана моюн сунган жүрөктү» жек көрбөй турганына ишенген (Забур 50:13, 19; 102:10—14). Дөөт менен Бат-Шебат ишеним көрсөтүшкөнү үчүн Мессиянын чоң ата, чоң энелеринен болуу артыкчылыгына ээ болушкан (1 Жылнаама 3:5; Матай 1:6, 16; Лука 3:23, 31).

Кудайдын колдой турганын билүү ишенимибизди бекемдейт

14. Гидон Кудайдын колдоосуна ээ экенине кантип ынанган жана бул билдирүү биздин ишенимибизге кандай таасир этет?

14 Ишенимде жүрсөк да, кээде Кудайдын колдоо көрсөтөрүн билгибиз келет. «Ишенимдери менен падышалыктарды жеңишкендердин» бири Гидон да буга муктаж болгон (Эврейлерге 11:32, 33). Мидиандыктар жана алардын тарапташтары Ысрайылга кол салганда, Гидонду Кудайдын руху «курчаган». Жахабанын колдоо көрсөтөрүн билүү үчүн, Гидон андан түн ичинде кырманга төшөлгөн жүн аркылуу белги берүүнү суранат. Биринчи сыноодо жүнгө шүүдүрүм түшүп, а калган жер кургак бойдон калат. Экинчи сыноодо болсо баары тескерисинче болот. Ошентип, кыраакы Гидон Кудайдын колдоосуна ээ экенине ынанып, ишеним менен иш-аракет жасайт да, Ысрайылдын душмандарын жеңип алат (Башкаруучулар 6:33—40; 7:19—25). Чечим чыгарарда Кудайдын колдой турганына ынанууга умтулуу ишенимибиздин аздыгын билдирбейт. Тескерисинче, андай учурларда, жетекчилик издеп Ыйык Китепке жана ага негизделген адабияттарга кайрылсак, Кудайдан ыйык рух сурап тиленсек, ишенимибиз бар экенин көрсөтөбүз (Римдиктерге 8:26, 27).

15. Барактын ишеними жөнүндө ой жүгүртүү бизге кандайча жардам берет?

15 Башкаруучу Барактын ишеними башкача жол менен бекемделген: ал Кудайдын колдоо көрсөтөрүн кайраттандыруу аркылуу билген. Пайгамбар аял Дебора Баракты ысрайылдыктарды Канаан падышасы Жабиндин эзүүсүнөн бошотуу үчүн демилгени колго алууга үндөгөн. Ишеними менен Барак Кудайдын колдоосуна ээ экенин билип, 10 000 начар куралданган аскерлерди алып, күч жагынан ысрайылдыктардан бир кыйла ашып түшкөн Сисара башчылык кылган Жабиндин аскерлеринин мизин кайтарат. Бул жеңиш Дебора менен Барактын толкундандырарлык ырында даңкталган (Башкаруучулар 4:1—5:31). Дебора Баракты Кудай тарабынан дайындалган жолбашчы катары иш-аракет кылууга үндөгөн. Ошентип, Барак ишеними аркылуу «бөтөн аскерлерди кууп чыккан» Жахабанын кызматчыларынын бири болуп калган (Эврейлерге 11:34). Кызматыбызда кандайдыр бир оор тапшырманы аткарууга чечкиндүүлүгүбүз жетпей жатканда Барактын ишеним менен иш-аракет кылганы үчүн Кудайдан кандай бата алганы жөнүндө ой жүгүртүү иш-аракет кылууга түрткү бере алат.

Ишеним тынчтыкка өбөлгө түзөт

16. Ыбрайым Лот менен тынчтыкты сактоого умтулуу менен кандай сонун үлгү көрсөткөн?

16 Ишеним кызматыбыздагы оор тапшырманы аткарууга жардам бергенден сырткары, тынчтыкка жана башкалар менен жакшы мамиледе болууга өбөлгө түзөт. Койчулары чатакташпасын үчүн, Ыбрайым бир тууганынын уулу Лотко, андан улуу болгонуна карабастан, жайыттын эң жакшысын тандоого жол берген (Башталыш 13:7—12). Ыбрайым ишеним менен ушул маселенин чечилишине жардам сурап Кудайга тиленсе керек. Өзүнүн кызыкчылыктарын биринчи орунга койбостон, Ыбрайым маселени тынчтык менен чечкен. Ишенимдешибиз менен чырдашып кетсек, биз да Ыбрайымдай кыраакы болуп, ишеним менен Кудайга тиленип, «тынчтыкты издөөгө» умтулалы (1 Петир 3:10—12).

17. Пабыл менен Барнабанын, Марктын ортосунда пайда болгон келишпестик тынчтык жолу менен чечилген деп эмне үчүн айта алабыз?

17 Ыйык китептик принциптерге ишеним менен карманып, тынчтыкка кандайча өбөлгө түзө аларыбызды карап көрөлү. Пабыл Кипрге экинчи жолку миссионердик сапарын баштоого даярданып жаткан. Ал Барнабага аны менен чогуу Кипрдеги жана Кичи Азиядагы жыйналыштарга кайра барууну сунуш кылат. Барнаба сунушту кабыл алат. Бирок ал тууганы Маркты ээрчитип алгысы келет. Пабыл буга макул болбойт, анткени Марк Памфилияда аларды таштап кеткен болчу. Ушундан улам Пабыл менен Барнабанын ортосунда «келишпестик пайда болуп», экөө бири-биринен бөлүнүп кетишет. Барнаба Маркты алып Кипрге кетет, а Пабыл кызматташ кылып Силасты алып, «Сирияны жана Киликияны кыдырып... Жыйындардын ишенимин бекемдеп жүргөн» (Элчилер 15:36—41). Убакыттын өтүшү менен ортодогу келишпестик чечилсе керек, анткени Марк Пабыл менен Римде чогуу болгон жана элчинин сөздөрүнөн анын Марк тууралуу жакшы ойдо болгону көрүнүп турат (Колостуктарга 4:10; Филемонго 23, 24). Болжол менен б.з. 65-жылы Пабыл Римде абакта жатканда Тиметейге: «Маркты өзүң менен кошо ала кел, анткени кызмат кылышы үчүн, ал мага керек»,— деген (2 Тиметейге 4:11). Пабыл Барнаба жана Марк менен болгон мамилелери тууралуу Кудайга ишеним менен тиленсе керек, натыйжада «Кудайдын тынчтыгынын» аркасында алардын мамилелери кайрадан жакшырган (Филипиликтерге 4:6, 7).

18. Сыягы, Эйдия менен Синтихе акыр-аягы эмне кылышкан?

18 Жеткилеңсиздигибизден улам «баарыбыз көп жаңылабыз» (Жакып 3:2). Өз ара мамилелеринде кандайдыр бир кыйынчылык болгон Ыйсаны жолдогон эки аял тууралуу Пабыл мындай деп жазган: «Эйдиядан жана Синтихеден өтүнөрүм, Теңир жолунда оюңар бир болсун... Бул аялдарга жардам бер. Анткени алар мени менен бирге... Жакшы Кабар таратуу ишине катышышкан» (Филипиликтерге 4:1—3). Матай 5:23, 24тө жазылганга окшогон кеңештерди колдонуп, бул такыбаа аялдар ортодогу келишпестикти тынчтык менен чечишкен эле болуш керек. Ыйык китептик принциптерге ишеним менен карманып, биз да тынчтыкка өбөлгө түзө алабыз.

Ишеним чыдамдуу болууга жардам берет

19. Кайсы сыноо Ыскак менен Ребеканын ишенимин эч солгундаткан эмес?

19 Мындан сырткары, ишеним кыйынчылыктарды көтөрүүгө жардам берет. Балким, үй-бүлөнүн чөмүлдүрүлгөн мүчөсү Кудайдын тилин албай, Ыйсаны жолдобогон адам менен баш кошуп алганы силерди абдан капалантып жаткандыр (1 Корунттуктарга 7:39). Эйсаптын чыныгы Кудайга сыйынбаган аялдарга үйлөнүп алганы ата-энесин азапка салган. Анын хеттик аялдары Ыскак менен Ребеканын «башына түшкөн кайгы болуп», Ребека ушунчалык кыйналгандыктан: «Хет кыздарынан улам мен жашоого ыраазы эмесмин. Эгерде Жакып да бул жердин кыздарынан, Хеттин ушундай кыздарынан аял алса, анда мага жашоонун кереги эмне?» — деп кейиген (Башталыш 26:34, 35; 27:46). Бирок бул сыноо Ыскак менен Ребеканын ишенимин эч солгундаткан эмес. Келгиле, биз да оор жагдайларга дуушар болгондо ишенимибизди бекем бойдон сактоого умтула берели.

20. Ишеним көрсөтүү жагынан Рут менен Наами бизге кандай үлгү калтырышкан?

20 Жүйүт элинен болгон улгайган жесир аял Наами жүйүт аялдарынын бири Мессиянын ата-бабаларынан боло турган уул төрөй турганын билчү. Уулдары балалуу болбой каза болуп, а өзү бала төрөөчү курактан өтүп калгандыктан, анын үй-бүлөсүнүн Мессиянын санжырасынан орун алышы күмөн эле. Бирок Нааминин жесир калган келини Рут улгайып калган Буузга турмушка чыгып, ага уул төрөп берип Мессиянын ата-энелеринен болуп калган (Башталыш 49:10, 33; Рут 1:3—5; 4:13—22; Матай 1:1, 5). Наами менен Руттун ишеними кыйынчылыктарды көтөрүүгө жардам берип, аларга кубаныч алып келген. Кыйынчылыктарга карабай, ишенимибизди сактасак, биз да келечекте зор кубанычка бөлөнөбүз.

21. Ишеним бизге кандай пайда алып келет жана эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

21 Эч кимибиз эртең эмне болорубузду билбейбиз, бирок ишенимибиз бар болсо, кандай сыноо болбосун көтөрө алабыз. Ишеним кайраттуу, чыдамдуу кылат. Ал бийик максаттарды коюуга түрткү берип, жашообуздун маңыздуу болушуна өбөлгө түзөт. Ишеним башкалар менен жакшы мамиледе болууга жана кыйынчылыктарды көтөрүүгө жардам берет. Келгиле, «жанынын куткарылышы үчүн, ишенгендердин» арасында болууга умтулалы (Эврейлерге 10:39). Мээримдүү Кудайыбыз Жахабанын даңкталышы үчүн, анын берген күчү менен мындан ары да бекем ишеним көрсөтө берели!

Кантип жооп берет элеңер?

• Ыйык Жазмадагы кайсы билдирүүлөр ишенимдин бизге кайраттуулук бере аларын көрсөтөт?

• Ишеним маңыздуу жашоо өткөрүүгө жардам берет деп эмне үчүн айта алабыз?

• Ишеним тынчтыкка кандайча өбөлгө түзөт?

• Кыйынчылыктарды көтөрүүгө ишеним жардам бере турганын эмне далилдейт?

[Изилдөө суроолору]

[12-беттеги сүрөт]

Ишеним Нух менен Энохко Жахабанын кабарын кайраттуулук менен таратууга жардам берген.

[15-беттеги сүрөт]

Мусаныкындай ишеним рухий максаттарга умтулууга түрткү берет.

[16-беттеги сүрөт]

Барак, Дебора жана Гидондордун ишеними Кудайдын колдоо көрсөтөрүн билүүдөн бекемделген.