Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Көп жемиш бергиле»

«Көп жемиш бергиле»

«Көп жемиш бергиле»

«Эгерде силер көп жемиш берсеңер, Менин шакирттерим болсоңор,Атам даңкталат» (Жакан 15:8).

1. а) Ыйса өзүнүн элчилерине шакирт болуунун кайсы талабын айткан? б) Биз өзүбүзгө кайсы суроону берип көрүшүбүз керек?

ЫЙСА өлөрүнүн алдындагы кечте элчилери менен жүрөктөн сырдашып, аларды бекемдөөгө жетиштүү убакыт бөлгөн. Түн бир оокум болуп калганына карабай, ал ошол жакын досторуна аларга болгон сүйүүсүнөн улам дагы көп нерселерди айтып берип отурган. Аңгемелешүүнүн ортосунда алардын андан ары да шакирт болуп кызмат кыла бериши үчүн дагы эмне зарыл экенин айткан. Ыйса: «Эгерде силер көп жемиш берсеңер, Менин шакирттерим болсоңор, Атам даңкталат»,— деген (Жакан 15:8). Бүгүн биз шакирт болуунун бул талабына жооп берип жатабызбы? «Көп жемиш берүү» деген эмнени билдирет? Бул суроого жооп алыш үчүн, келгиле, ошол кечтеги аңгемелешүүгө кайрылып көрөлү.

2. Ыйса өлөрүнүн алдындагы кечте жемиш жөнүндөгү кайсы көрсөтмөлүү мисалды айтып берген?

2 Жемиш берүү жөнүндөгү кеңеш — Ыйсанын өзүнүн элчилерине айтып берген көрсөтмөлүү мисалынын бир бөлүгү. Ал мындай деген: «Мен чыныгы жүзүм Сабагымын, Атам болсо — Жүзүмчү. Мендеги жемиш бербеген ар бир бутакты Ал кесип таштайт. Ал эми жемиш берген ар бир бутакты дагы көбүрөөк жемиш берсин деп тазалайт. Силер Менин сөзүм аркылуу тазартылдыңар. Менин ичимде болгула, ошондо Мен силердин ичиңерде болом [«Мени менен биримдикте болгула, ошондо мен да силер менен биримдикте болом», ЖД]. Сабактан ажыраган бутак жемиш бере албайт. Ошо сыяктуу эле силер да Менин ичимде болбосоңор, жемиш бере албайсыңар. Мен Сабакмын, силер болсо бутактарсыңар... Эгерде силер көп жемиш берсеңер, Менин шакирттерим болсоңор, Атам даңкталат. Атам Мени кандай сүйсө, Мен силерди ошондой сүйөм. Силерде Менин сүйүүм болсун... Менин осуяттарымды аткарсаңар, силерде Менин сүйүүм болот» (Жакан 15:1—10).

3. Ыйсанын жолдоочулары жемиш бериш үчүн эмне кылышы керек?

3 Бул көрсөтмөлүү мисалда Жахаба — Жүзүмчү, Ыйса — жүзүм Сабагы, ал эми Ыйсанын элчилери бутактар болуп көрсөтүлгөн. Элчилер Ыйса менен «биримдикте болууга» аракеттенишкен учурда гана жемиш беришмек. Анан Ыйса бул маанилүү биримдикти элчилери канткенде сактай алышарын түшүндүрүп: «Менин осуяттарымды аткарсаңар, силерде Менин сүйүүм болот»,— деген. Кийинчерээк болсо элчи Жакан ишенимдештерине ошо сыяктуу мындай сөздөрдү жазган: «[Ыйсанын] осуяттарын сактаган аны менен биримдикте болот» * (1 Жакан 2:24; 3:24, ЖД). Демек, Ыйсанын жолдоочулары анын осуяттарын аткарышса, аны менен биримдикте болушат, ал эми биримдик аларга жемиш берүүгө жардам берет. Биз кандай жемиш беришибиз керек?

Рухий жактан ар бирибиз өсө алабыз

4. Жахабанын жемиш бербеген ар бир бутакты «кесип ташташынан» эмнеге үйрөнсөк болот?

4 Жүзүм сабагы жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалда Жахаба жемиш бербеген бутакты «кесип таштайт» же кыйып салат деп айтылат. Бул эмнени көрсөтүп турат? Мындан биз бардык шакирттердин жемиш берүүгө тийиш экенин эле эмес, өздөрүнүн жагдайына же шарттарынын чектелүү болгонуна карабай алардын баары жемиш бере аларын да көрө алабыз. Чын эле, Ыйсанын шакиртин колунан келбегенди же шарты жол бербегенди кыла албаганы үчүн «кесип таштоо», же аны эчтекеге жараксыз деп эсептеп коюу, Жахабанын сүйүүсүнө каршы келмек (Забур 102:14; Колостуктарга 3:23; 1 Жакан 5:3).

5. а) Кандайча Ыйсанын көрсөтмөлүү мисалы жемиш берүүдө ийгилик кыла аларыбызды көрсөтүп турат? б) Жемиштин кайсы эки түрүн карап чыгабыз?

5 Жүзүм сабагы жөнүндөгү Ыйсанын көрсөтмөлүү мисалы жагдай-шартыбыздын чектөөлөрүнө карабай Кудайга кылган кызматыбызда рухий жактан өсүүгө мүмкүнчүлүк издешибиз керектигин да көрсөтүп турат. Буга байланыштуу Ыйсанын: «Мендеги жемиш бербеген ар бир бутакты Ал кесип таштайт. Ал эми жемиш берген ар бир бутакты дагы көбүрөөк жемиш берсин деп тазалайт»,— деп айтканына назар салсаңар (Жакан 15:2). Мисалынын аягында болсо Ыйса өз жолдоочуларын «көп жемиш» берүүгө үндөгөн (8-аят). Биз үчүн бул эмнени билдирет? Ыйсанын шакирттери катары биз эч качан өзүбүзгө өзүбүз ыраазы болуп отуруп калбашыбыз керек (Аян 3:14, 15, 19). Тескерисинче, жемиш берүүдө ийгилик кылуунун жолдорун издешибиз кажет. Биз кандай жемиш берүүгө көбүрөөк умтулушубуз керек? Жемиштин эки түрү бар: 1) «Рухтун жемиши», 2) Падышалыктын жемиши (Галаттыктарга 5:22, 23; Матай 24:14).

Сапаттар түрүндөгү жемиш

6. Ыйса Машайак рухтун жемишинин биринчисин чагылдыруу маанилүү экенин кантип баса белгилеген?

6 «Рухтун жемишинин» арасында сүйүү биринчи орунга коюлган. Кудайдын ыйык руху Ыйсанын жолдоочуларында сүйүү өрчүтөт, анткени алар Ыйсанын жемиштүү жүзүм сабагы жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалды айтарынын алдында берген буйругуна баш ийишет. Ал өзүнүн элчилерине: «Силерге жаңы осуят берем: бири-бириңерди сүйгүлө!» — деп айткан (Жакан 13:34). Жердеги жашоосунун ошол акыркы кечинде сүйлөгөн сөзүндө Ыйса сүйүү көрсөтүүнүн зарылдыгын элчилеринин эсине бир канча жолу салган (Жакан 14:15, 21, 23, 24; 15:12, 13, 17).

7. Жемиш берүүнүн Ыйсаныкындай сапаттарды чагылдыруу менен байланышы бар экенин элчи Петир кантип көрсөткөн?

7 Ошол кечте башка элчилер менен бирге Петир да болгон. Ал Ыйсаныкындай сүйүү жана ага байланыштуу сапаттар Машайактын чыныгы шакирттеринин арасында чагылдырылышы керектигин баамдаган. Бир канча жылдан кийин Петир ишенимдештерин өзүн-өзү токтото билүү, бир туугандык ынактык жана сүйүү сыяктуу сапаттарды өстүрүүгө үндөп, андай сапаттарды өрчүтүү менен «ийгиликсиз жана жемишсиз калбай» турганыбызды айткан (2 Петир 1:5—8). Жагдайыбыз кандай болбосун, рухтун жемишин чагылдырууга кудуретибиз жетет. Андыктан, келгиле, Ыйсаныкындай сүйүүнү, боорукердикти, момундукту жана башка сапаттарды дагы да көбүрөөк чагылдырууга умтулалы, анткени «буларга каршы мыйзам жок», же чек жок (Галаттыктарга 5:23). Келгиле, «көбүрөөк жемиш» берели.

Падышалыктын жемиши

8. а) Рухтун жемиши менен Падышалыктын жемишинин ортосунда кандай байланыш бар? б) Кайсы суроого көңүл буруу зарыл?

8 Кооз, ширелүү жемиштер дарактын көркүн ачат. Бирок жемиштин наркы анын көркүнөн ашып түшөт. Ичиндеги уруктары аркылуу жемиш дарактын көбөйүшүнө шарт түзөт. Ошо сыяктуу, рухтун жемиши биздин сапаттарыбызды көрктөндүрүү менен эле чектелбейт. Сүйүү жана ишеним сыяктуу сапаттар бизге Кудайдын Сөзүндө камтылган урукту — Падышалык жөнүндөгү кабарды — таратууга түрткү берет. Элчи Пабылдын бул маанилүү байланышты кантип баса белгилегенине көңүл бурсаңар. Ал: «Биз да ишенебиз [ишеним болсо — рухтун жемишинин бир бөлүгү], ошондуктан сүйлөп жатабыз»,— деген (2 Корунттуктарга 4:13). Ошентип биз, Пабыл андан ары түшүндүргөндөй, «Кудайга тынымсыз мактоо курмандыгын, башкача айтканда, Анын ысмын мактоочу ооздун жемишин алып келебиз». Бул — биз чагылдырышыбыз керек болгон жемиштин экинчи түрү (Эврейлерге 13:15). Жеке жашообузда жемиштүүрөөк болууга, Кудайдын Падышалыгынын жарчылары катары «көп жемиш» берүүгө мүмкүнчүлүк барбы?

9. Жемиш берүү шакирт даярдоо дегенди эле билдиреби? Түшүндүргүлө.

9 Ал суроого туура жооп берүү үчүн, адегенде Падышалыктын жемиши деген эмне экенин түшүнүшүбүз зарыл. Жемиш берүү шакирт даярдоо дегенди билдирет деген тыянак туурабы? (Матай 28:19). Биз бере турган жемиш Жахабанын чөмүлтүлгөн сыйынуучулары болууга жардам алган адамдарды билдиреби? Жок. Андай болгон учурда Падышалык жөнүндөгү кабарды жакшы кабыл албаган аймактарда көп жылдардан бери ишенимдүү кызмат кылып жүргөн Күбөлөрдүн баары өкүнүчтүү абалда болушмак. Ооба, андай күжүрмөн Күбөлөр, эгер биз бере турган Падышалыктын жемиши жаңы шакирттерди эле билдирсе, Ыйсанын көрсөтмөлүү мисалындагы жемиш бербеген бутактардай болуп калышмак! Албетте, алар андайлардан эмес. Анда кызматыбызда биринчи кезекте Падышалыктын жемиши болуп эмне саналат?

Падышалыктын үрөнүн себүү менен жемиштүүбүз

10. Ыйсанын себүүчү жана жердин ар кандай түрлөрү жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалында Падышалыктын жемиши эмне экени жана эмне эмес экени кандайча көрсөтүлөт?

10 Жогорудагы суроого Ыйсанын себүүчү жана жердин ар кандай түрлөрү жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалында кабарды жакшы кабыл албаган аймактарда кызмат кылгандар үчүн кубаттандырарлык жооп бар. Ыйса үрөндүн Кудай Сөзүндөгү Падышалык жөнүндөгү кабар экенин, ал эми жер адамдын каймана жүрөгүн билдирерин айткан. «Кээ бир үрөндөр жакшы жерге түшкөн. Өсүп чыгып, жүз эсе түшүм берген» (Лука 8:8). Ал кандай түшүм? Буудайдын сабагы өсүп жетилип, бышкандан кийин, анын түшүмүн кичинекей сабакчалар эмес, жаңы урук түзөт. Ошо сыяктуу, Ыйсанын жолдоочусунун түшүмү же жемиши сөзсүз эле жаңы шакирттерди эмес, а Падышалыктын жаңы уругун түзөт.

11. Падышалыктын жемишине кандай аныктама берүүгө болот?

11 Ошондуктан бул учурда жемиш жаңы шакирттерди да, Ыйсанын жолдоочусундагы сонун сапаттарды да билдирбейт. Себилген үрөн Падышалык жөнүндөгү сөз болгондуктан, түшүм же жемиш ошол үрөндүн көбөйтүлүшүн билдириши керек. Демек, жемиш берүү бул учурда Падышалык жөнүндө кабар айтууну камтыйт (Матай 24:14). Жагдай-шартыбыз кандай болбосун, биз Падышалыктын ушундай жемишин алып келүүгө — Падышалык тууралуу жакшы кабар таратууга — кудуреттүүбүзбү? Ооба! Ыйса ошол эле мисалында мунун себебин түшүндүрөт.

Кудайдын даңкы үчүн эң жакшы нерселерди кылуу

12. Падышалыктын жемишин берүүгө Ыйсанын бардык жолдоочулары кудуреттүүбү? Түшүндүргүлө.

12 «Жакшы жерге себилген үрөн,— деген Ыйса,— жүз эсе, же алтымыш эсе, же отуз эсе түшүм берет» (Матай 13:23). Талаага эгилген эгиндин өндүрүмдүүлүгү айлана-чөйрөдөгү шартка жараша ар кандай болушу мүмкүн. Анын сыңарындай, жакшы кабарды жарыялоодогу салымыбыз шарттарыбызга жараша ар кандай болушу ыктымал жана Ыйса муну түшүнөрүн билдирген. Айрымдардын көбүрөөк мүмкүнчүлүгү болсо, башкалардын ден соолугу чыңыраак, өздөрү күчтүүрөөк болушу ыктымал. Ошондуктан колубуздан келгенди кылганыбыз башкалардыкына салыштырмалуу көбүрөөк же азыраак болушу мүмкүн, бирок Жахаба үчүн эң жакшы нерселерди кылуу бизди анын жактыруусуна ээ кылат (Галаттыктарга 6:4). Жашыбыз өтүп калгандыктан же алдан-күүдөн тайганыбыздан улам кабар айтуу ишине ойдогудай катыша албай жатсак да, боорукер Атабыз Жахабанын бизди «көп жемиш бергендер» деп эсептей турганында шек жок. Эмне үчүн? Себеби ага биз «колубузда болгондун» баарын беребиз — жан-дилден кызмат кылабыз * (Марк 12:43, 44; Лука 10:27).

13. а) Мындан ары да Падышалыктын жемишин бере беришибиздин негизги себеби кайсы? б) Кабарды адамдар анча жакшы укпаган аймактарда жемиш берүүгө бизге эмне жардам берет? (31-беттеги кутуну карагыла.)

13 Падышалыктын жемишин берүүгө канчалык деңгээлде жөндөмдүү болбойлу, эмне үчүн берип жатканыбызды унутпасак, бул бизге «барып, жемиш берүүгө» түрткү берет (Жакан 15:16). Ыйса мунун негизги себебин айтып: «Эгерде силер көп жемиш берсеңер... Атам даңкталат»,— деген (Жакан 15:8). Ооба, кабар айтуу ишибиз Жахабанын ысымы ыйык экенин бүт адамзатка көрсөтөт (Забур 108:30). Жетимиш бештердеги Онор аттуу ишенимдүү Күбө: «Адамдар кабарды анча жакшы уга бербеген аймактарда да Эң Жогорку Кудайдын өкүлү болууну артыкчылык катары көрөм»,— дейт. 1974-жылдан бери ынталуу Күбө болуп келген Клаудиодон аймагынан чындыкты аз эле адам кабыл алганына карабай кабар айтуусун эмне үчүн улантып келатканын сурашканда, ал Жакан 4:34кө шилтеме кылган. Ал жерде Ыйсанын: «Менин тамагым — Мени жиберген Кудайдын каалоосун аткаруу жана Анын ишин бүтүрүү»,— деген сөздөрүн окуйбуз. Андан кийин Клаудио: «Ыйсага окшоп, мен Падышалыктын жарчысы катары ишимди баштап эле койбостон, аны аягына чыгаргым келет»,— деп айткан (Жакан 17:4). Дүйнө жүзү боюнча Жахабанын Күбөлөрү ушундай маанай тутушат. (31-беттеги «Кантип „чыдамдуулук менен жемиш берүүгө“ болот?» деген кутуну карагыла.)

Кабар айтуу жана окутуу

14. а) Чөмүлдүрүүчү Жакан менен Ыйсанын аткарган иши кайсы эки максатта жүргүзүлгөн? б) Бүгүн Ыйсанын жолдоочулары кандай иш аткарышууда?

14 Инжилде Падышалыктын биринчи жарчысы катары Чөмүлдүрүүчү Жакан көрсөтүлөт (Матай 3:1, 2; Лука 3:18). Башкы максаты «күбөлөндүрүү» болгондуктан, ал терең ишеним менен жана «баары... ишенип калат» деген үмүт менен күбөлөндүргөн (Жакан 1:6, 7). Чынында эле, Жакандан кабар уккандардын кээ бирлери Ыйсанын шакирттери болуп калышкан (Жакан 1:35—37). Демек, Жакан кабарчы да, шакирт даярдоочу да болгон. Ыйса да кабарчы жана окутуучу болгон (Матай 4:23; 11:1). Демек, Ыйсанын өзүнүн жолдоочуларына Падышалык жөнүндөгү кабарды айтууга эле эмес, кабарды кабыл алгандардын шакирт болушуна жардам берүүгө да буйрук бергени таң калыштуу эмес (Матай 28:19, 20). Ошондуктан бүгүн биздин кызматыбыз кабар айтууну да, окутууну да камтыйт.

15. Б.з. I кылымындагы жана бүгүнкү күндөгү адамдардын кабар айтуу ишине жасаган мамилесинде кандай окшоштук бар?

15 Б.з. I кылымында Пабылдын кабар айтуусуна жана окутуусуна кулак төшөгөндөрдүн «кээ бирөөлөрү айтылган сөздөргө ынанышкан, ал эми кээ бирөөлөрү ишенишкен эмес» (Элчилер 28:24). Бүгүнкү жагдай так эле ошондой. Падышалыктын үрөнүнүн көбү, тилекке каршы, начар жерге түшөт. Ошентсе да, айрым үрөндөр жакшы жерге түшүп, тамыр байлайт жана Ыйса алдын ала айткандай, өсүп чыгат. Азыр дүйнө жүзү боюнча Ыйсанын чыныгы шакирттеринин катарына жума сайын орто эсеп менен 5000ден ашык адам кошулууда! Адамдардын көбү ишенбесе да, бул жаңы шакирттер «айтылган сөздөргө ынанышат». Алардын жүрөктөрүнүн Падышалык жөнүндөгү кабарды кабыл алышына эмне жардам берген? Көп учурда Күбөлөрдүн аларга жекече кызыгуу көрсөткөнү — мындайча айтканда, жаңы себилген үрөндү сугарганы — жакшы натыйжа берген (1 Корунттуктарга 3:6). Буга байланыштуу көп мисалдардын экөөсүн эле алып көрөлү.

Жекече кызыгуу көрсөтүүнүн маанилүүлүгү

16, 17. Кабар айтууда адамдарга жекече кызыгуу көрсөткөнүбүз эмне үчүн маанилүү?

16 Белгияда жашаган Каролин аттуу жаш Күбө бир улгайган аялдыкына кабар айтып келгенде, ал Падышалык тууралуу кабарга кызыкпай турганын билдирет. Аялдын колунун таңылуу экенин байкап, Каролин шериги экөө жардам сунуш кылышат, бирок алардын сунушу кабыл алынбайт. Эки күндөн кийин ошол эле Күбөлөр аялдын үйүнө кайрылып келип, анын ал-абалын сурашат. «Бул жакшы натыйжа берди,— дейт Каролин.— Ал биздин ага адамгерчилик менен чындап кызыгуу көрсөткөнүбүзгө таң болуп, бизди үйүнө киргизди. Ошентип, ыйык китептик изилдөө башталды».

17 Кошмо Штаттардагы Санди деген Күбө да кабар айтканда адамдарга жекече кызыгуу көрсөтөт. Ал жергиликтүү гезиттен төрөлгөн балдар жөнүндөгү кулактандырууларды карап чыгып, «Менин ыйык китептик аңгемелер китебим» деген китепти алып жаңы эле балалуу болгон ата-энелердин үйлөрүнө барат *. Адатта, эне үйдө отургандыктан жана келгендерге ымыркайын кубаныч менен көрсөткөндүктөн, көп учурда бул маек курууга шарт түзөт. «Мен ата-энелер менен жаңы төрөлгөн балага китеп окуп берүүнүн натыйжасында аны менен ынак болуунун маанилүүлүгү жөнүндө сүйлөшөм. Кийинчерээк болсо азыркы коомдогу бала багуунун кыйынчылыктары тууралуу сүйлөшөм»,— дейт Санди. Мунун аркасында жакында бир эне алты баласы менен Жахабага кызмат кыла баштады. Демилге жана жекече кызыгуу көрсөтүү кызматыбызда ушундай кубанычтуу жемиштерди бериши мүмкүн.

18. а) «Көп жемиш берүү» талабына эмне үчүн баарыбыз тең жооп бере алабыз? б) Жакандын Инжилинде шакирт болууга байланыштуу айтылган кайсы үч талапка жооп берүүгө чечкиндүүсүңөр?

18 «Көп жемиш берүү» талабына жооп бере аларыбызды билүү кандай күч-кубат берет! Жашпызбы же карыбызбы, ден соолугубуз чыңбы же начарбы, адамдар чындыкты жакшы кабыл алган же анча жакшы кабыл албаган аймакта кабар айтып жатабызбы, баарыбыз көп жемиш бере алабыз. Кантип? Рухтун жемишин көбүрөөк деңгээлде чагылдыруу менен жана Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү кабарды таратууга болгон мүмкүнчүлүгүбүздү жумшоо менен. Ошол эле учурда биз Ыйсанын «сөзү боюнча жашоого» жана «бири-бирибизди сүйүүгө» умтулабыз. Ооба, Жакандын Инжилинде шакирт болууга байланыштуу айтылып өткөн ушул үч маанилүү талапты аткарсак, чынында эле Ыйсанын «шакирттери экенибизди» далилдейбиз (Жакан 8:31; 13:35).

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Көрсөтмөлүү мисалдагы жүзүм сабагынын бутактары Ыйсанын элчилерин жана Кудайдын асман Падышалыгынан орун ала турган шакирттерди билдирсе да, бул көрсөтмөлүү мисал Ыйсанын бүгүнкү бардык жолдоочуларына пайдалуу болорлук чындыктарды камтыйт (Жакан 3:16; 10:16).

^ 12-абз. Карып калганына же оорусуна байланыштуу үйүнөн алыс чыга албагандар кат аркылуу же, мүмкүн болсо, телефон аркылуу күбөлөндүрүү берүүгө же жакшы кабарды үйгө келгендер менен бөлүшүүгө жарактуу болушу мүмкүн.

^ 17-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

Кайталоо үчүн суроолор

Биз кандай жемиш берүүгө көбүрөөк умтулушубуз керек?

Эмне үчүн биз «көп жемиш берүүгө» максат койсок болот?

Жакандын Инжилинде шакирт болууга байланыштуу айтылганкайсы үч маанилүү талапты карап чыктык?

[Изилдөө суроолору]

[31–беттеги кутуча]

КАНТИП «ЧЫДАМДУУЛУК МЕНЕН ЖЕМИШ БЕРҮҮГӨ» БОЛОТ?

АДАМДАР чындыкты анча жакшы кабыл албаган аймактарда Падышалык жөнүндөгү кабарды ишенимдүүлүк менен тарата берүүгө силерге эмне жардам берет? Төмөндөгү ойлордо бул суроого жакшы жооп берилет:

«Аймактагы адамдар кабарды кандай кабыл албасын, Ыйсанын толук колдоосуна ээ экенибизди билүү оң маанай сактоого жана тырышчаак болууга түрткү берет» (Харри, 72 жашта; 1946-жылы чөмүлтүлгөн).

«2 Корунттуктарга 2:17-аят мага дайыма күч-кубат берет. Ал жерде „Кудай алдында, Машайак менен тыгыз байланышта болуп“ кызмат кылып жатканыбыз айтылат. Кабарга чыкканда ошол эң жакын досторума шериктеш экениме кубанам» (Клаудио, 43 жашта; 1974-жылы чөмүлтүлгөн).

«Чынын айтканда, кабар айтуу мен үчүн оңой эмес. Ошентсе да мен Забур 17:30дагы: „Кудайым менен бийик дубалдын үстүнө чыгам“,— деген сөздөрдүн калетсиздигин көрүп жатам» (Жерард, 79 жашта; 1955-жылы чөмүлтүлгөн).

«Кабар айтууда, жок дегенде, бир аят окуп берсем, кимдир бирөөгө жүрөгүн Ыйык Китептин негизинде текшерүүгө жардам бере алганыма көңүлүм канагаттанат» (Элеанора, 26 жашта; 1989-жылы чөмүлтүлгөн).

«Мен ар кандай кылып сөз баштоого аракеттенем. Алар ушунчалык көп болгондуктан, баарын колдонууга өмүрүмдүн калган жылдары жетпейт болуш керек» (Пол, 79 жашта; 1940-жылы чөмүлтүлгөн).

«Башкалар кабарды укпай койгондо, муну көңүлүмө албайм. Адамдар менен сүйлөшкөндө жана алардын көз карашын угуп жатканда достук маанайда болууга аракеттенем» (Дэниел, 75 жашта; 1946-жылы чөмүлтүлгөн).

«Жаңы чөмүлтүлгөн айрым бир туугандар менин кабар айтуу ишим алардын Күбө болушуна салым кошконун айткан учурлар болду. Мен билбесем да, кимдир бирөө алар менен Ыйык Китепти изилдеп, аларга ийгилик кылууга жардам берген. Кызматыбыз эриш-аркак ишке ашырылып жатканын билүү мага кубаныч алып келет» (Жоан, 66 жашта; 1954-жылы чөмүлтүлгөн).

«Чыдамдуулук менен көп жемиш берүүгө» силерге эмне жардам берет? (Лука 8:15).

[28-беттеги сүрөт]

Рухтун жемишин чагылдырып жана Падышалык жөнүндөгү кабарды жарыялап, биз көп жемиш беребиз.

[32-беттеги сүрөт]

Ыйсанын элчилерине:«Көп жемиш бергиле»,— дегени эмнени билдирет?