Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Менин сөзүм боюнча жашагыла»

«Менин сөзүм боюнча жашагыла»

«Менин сөзүм боюнча жашагыла»

«Эгерде Менин сөзүм боюнча жашасаңар, анда Менин чыныгы шакирттеримсиңер» (Жакан 8:31).

1. а) Ыйса асманга кайтып кеткенде, анын артында эмнелер калган? б) Биз кайсы суроолорду талкуулайбыз?

ЧЫНЫГЫ диндин негиздөөчүсү Ыйса Машайак асманга кайтканда, адамдарга мурас катары китептерди, эстеликтерди же кенч-байлык калтырган эмес. Ал шакирттерди жана шакирт болуунун ачык-айкын талаптарын калтырган. Жакандын Инжилинде көрсөтүлгөндөй, Ыйса анын жолдоочусу болгусу келгендердин баарына үч маанилүү талапты койгон. Ал эмне болгон талаптар? Ал талаптарга жооп берүү үчүн эмне кылсак болот? Ошондой эле бүгүн ар бирибиз Ыйсанын шакирти катары жашап жатканыбызга кантип ынана алабыз? *

2. Жакандын Инжилинде жазылгандай, шакирт болуунун бир маанилүү талабы кайсы?

2 Ыйса өлөрүнө болжол менен алты ай калганда Иерусалимге барып, ал жерге бир жумалык Алачыктар майрамына чогулган калың элге кабар айткан. Майрамдын тең жарымы аяктап калганда, «элдин көбү... Ыйсага ишенип калышкан». Ал кабар айтуусун уланта бергендиктен, майрамдын акыркы күнүндө ага дагы «көптөр ишенип калышкан» (Жакан 7:10, 14, 31, 37; 8:30). Ошол убакта Ыйса бүт көңүлүн ошолорго буруп, аларга шакирт болуунун маанилүү талабын айткан. Ал талап элчи Жакандын Инжилинде: «Эгерде Менин сөзүм боюнча жашасаңар, анда Менин чыныгы шакирттеримсиңер»,— деп берилген (Жакан 8:31).

3. «[Ыйсанын] сөзү боюнча жашоо» үчүн кайсы сапат зарыл?

3 Ыйса ал сөздөрү менен жаңы эле ишенип калгандардын ишениминин жетишсиздигин көрсөтөйүн деген эмес. Тескерисинче, алар анын сөзү боюнча жашаса жана чыдамдуу болушса, чыныгы шакирттерден боло алышарын белгилеген. Алар анын сөзүн кабыл алышкан болчу, эми андан ары да анын сөзү боюнча жашоо керек эле (Жакан 4:34; Эврейлерге 3:14). Ооба, Ыйса чыдамдуулукту өзүнүн жолдоочулары үчүн абдан маанилүү сапат деп эсептегендиктен, Жакандын Инжилинде жазылгандай, элчилери менен болгон акыркы сүйлөшүүсүндө алардын бирине: «Менин артымдан ээрчи»,— деп эки жолу айткан (Жакан 21:19, 22). Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын көптөрү так ошентишкен (2 Жакан 4). Чыдамдуу болууга аларга эмне жардам берген?

4. Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын туруктуу болушуна эмне өбөлгө түзгөн?

4 Орто эсеп менен 70 жыл бою Ыйсанын ишенимдүү шакирти болгон элчи Жакан бир маанилүү нерсени айтып өткөн. Ал Ыйсанын ишенимдүү шакирттерин мактап: «Силер күчтүүсүңөр жана Теңирдин сөзү силердин ичиңерде жашап жатат. Силер амалкөйдү жеңдиңер»,— деген. Ал шакирттер туруктуу болуп, Теңирдин сөзү боюнча жашашкан, анткени Кудайдын сөзү алардын «ичинде жашаган». Алар ал сөздү жогору баалашкан (1 Жакан 2:14, 24). Ошо сыяктуу бүгүн да, «акырына чейин чыдаш» үчүн, Кудайдын сөзү ичибизде жашап жатканына көзүбүз жеткидей болушу керек (Матай 24:13). Ан үчүн эмне кылсак болот? Бул суроого Ыйсанын бир көрсөтмөлүү мисалы жооп берет.

«Сөздү угуу»

5. а) Ыйсанын көрсөтмөлүү мисалдарынын биринде жердин кандай түрлөрү жөнүндө айтылат? б) Ыйсанын көрсөтмөлүү мисалындагы үрөн менен жер эмнени билдирет?

5 Ыйса үрөн себүүчү тууралуу көрсөтмөлүү мисал айткан. Ал мисал Матайдын, Марктын жана Луканын Инжилдеринде жазылган (Матай 13:1—9, 18—23; Марк 4:1—9, 14—20; Лука 8:4—8, 11—15). Бул билдирүүлөрдү окууда ал көрсөтмөлүү мисалдын негизги өзгөчөлүгү бирдей эле үрөндөрдүн ар кандай жерге түшүп, ар кандай натыйжа бергендигинде экендиги байкалат. Жердин биринчи түрү катуу, экинчиси топурагы аз, үчүнчүсү тикенектүү. Бул үчөөнөн айырмаланып, жердин төртүнчү түрү «жакшы». Ыйса өзү түшүндүргөндөй, үрөн — Кудай Сөзүндө камтылган Падышалык жөнүндөгү кабарды, жер болсо жүрөктөрүнүн абалы ар башка болгон адамдарды билдирет. Жердин ар кандай түрлөрүнө салыштырылган адамдардын ортосунда кандайдыр бир жалпылыктар бар болгону менен, жакшы жерге салыштырылгандар аларды калгандарынан айырмалап турган өзгөчөлүккө ээ.

6. а) Ыйсанын көрсөтмөлүү мисалындагы жердин төртүнчү түрү калган үч түрүнөн эмнеси менен айырмаланат жана бул эмнени билдирет? б) Машайактын шакирттери катары чыдамдуу болуш үчүн бизге эмне зарыл?

6 Лука 8:12—15-аяттардагы билдирүүдө көрсөтүлгөндөй, төрт учурда тең адамдар «сөздү угат». Бирок «жакшы, таза жүрөктүү» адамдар «сөздү угуу» менен эле тим болушпайт. Алар аны «сактап, чыдамдуулук менен жемиш беришет». Жумшак жана топурагы калың жакшы жерге себилген үрөн терең тамыр алып, натыйжада жакшы түшүм берет (Лука 8:8). Ошо сыяктуу эле, жүрөгү жакшы адамдар Кудайдын сөзүн түшүнүшөт, баалашат жана өздөрүнүн кан-жанына сиңиришет (Римдиктерге 10:10; 2 Тиметейге 2:7). Кудайдын сөзү алардын ичинде жашайт. Ошондуктан алар чыдамдуулук менен жемиш беришет. Демек, Машайактын шакирттери катары чыдамдуу болуу үчүн, Кудайдын Сөзүн чын жүрөктөн терең баалоо зарыл (1 Тиметейге 4:15). Бирок Кудайдын Сөзүн канткенде чын жүрөктөн баалай алабыз?

Жүрөктүн абалы жана мазмундуу ой жүгүртүү

7. Жакшы жүрөк менен кандай иш-аракет тыгыз байланышта?

7 Ыйык Китепте жакшы жүрөк кайра-кайра кандай иш-аракет менен байланыштырылганына көңүл бурсаңар. «Адил адамдын жүрөгү ойлонуп жооп берет» (Накыл сөздөр 15:28). «Менин оозумдан чыккан сөздөрүм менен жүрөгүмдөгү ойлорум [«жүрөгүмдүн ой жүгүртүүсү», ЖД] Сага жага тургандай болсун, Теңирим» (Забур 18:15). «Жүрөгүмдүн ойлогону — билим» (Забур 48:4).

8. а) Ыйык Китепти окуганда эмнеден качышыбыз керек жана эмне кылышыбыз зарыл? б) Кудайдын Сөзүнүн үстүнөн тиленүү менен ой жүгүртүүнүн кандай пайдасы бар? («Чындык менен бекемделгиле» деген кутудагы ойлорду камтыгыла.)

8 Ыйык Китептин ушул жазуучуларындай болуп, биз да Кудайдын Сөзүнүн жана анын иштеринин үстүнөн ыраазычылык менен, тиленүү менен ой жүгүртүшүбүз зарыл. Ыйык Китепти же ага негизделген адабияттарды окуганда, биз бир кооз жерден экинчисине ашыгып, көзү көргөндүн баарын сүрөткө тартып, бирок кооздукка суктана албай калган шашма туристтердей болбошубуз керек. Тескерисинче, Ыйык Китепти изилдөөдө ой токтоткубуз, мындайча айтканда, «кооз жерлерге» суктанууга убакыт бөлгүбүз келет *. Окуганыбыздын үстүнөн жайбаракат ой жүгүрткөнүбүздө, Кудайдын сөзү жүрөгүбүзгө таасир этет. Ал сезимдерибизди козгоп, ойломубузду калыптайт. Ошондой эле тиленүү аркылуу Кудай менен түпөйүл сырларыбызды бөлүшүүгө түрткү берет. Натыйжада Жахабага болгон ынактыгыбыз чыңдалат жана Кудайга болгон сүйүүбүз бизге татаал шарттарда да Ыйсаны жолдой берүүгө жардам берет (Матай 10:22). Ырас, акырына чейин ишенимдүү калууну кааласак, Кудайдын сөзүнүн үстүнөн ой жүгүртүшүбүз зарыл (Лука 21:19).

9. Жүрөгүбүздүн Кудай сөзүн кабыл алып жатканына канткенде ынана алабыз?

9 Ыйсанын көрсөтмөлүү мисалы үрөндүн — Кудай сөзүнүн — өсүшүнө тоскоол кылган нерселер бар экенин да көрсөтүп турат. Андыктан ишенимдүү шакирт бойдон калуу үчүн, биз 1) көрсөтмөлүү мисалдагы начар жерлер менен салыштырылган тоскоолдуктарды аныктай билгенибиз жана 2) аларды оңдоого же алардан качууга байланыштуу кадамдарды жасаганыбыз абзел. Мунун аркасында биз жүрөгүбүздүн Падышалыктын үрөнүн кабыл алып, түшүм берип жатканына ынана алабыз.

«Жол боюндагылар» — түйшүк менен алек болгондор

10. Ыйсанын көрсөтмөлүү мисалындагы жердин биринчи түрүн сүрөттөп, мисалдын маанисин түшүндүргүлө.

10 Биринчи үрөн «жол боюна» түшөт да, «тапталып калат» (Лука 8:5). Эгин талаасындагы жолдун боюндагы жер кишилердин нары-бери өткөнүнөн улам ныкталып катып калат (Марк 2:23). Ошо сыяктуу эле, дүйнөнүн иштерине ашкере көп убакыт жана күч сарптагандар, тирилик менен өтө алек болуп жүрүп, Кудайдын сөзүн чын жүрөктөн баалай албай калышат. Алар сөздү угушат, бирок анын үстүнөн ой жүгүртүшпөгөндүктөн, жүрөктөрү сөздү сиңирбей калат. Алар ага карата сүйүү өрчүткөнгө чейин, «шайтан келет да, алар ишенбесин, куткарылбасын деп, жүрөктөрүнөн сөздү алып кетет» (Лука 8:12). Муну болтурбай коюуга болобу?

11. Жүрөгүбүздү катуу жер сыяктуу болуп калышынан кантип сактасак болот?

11 Жүрөктүн жол боюндагы түшүмсүз жердей болуп калбашына ар кандай жолдор менен кам көрүүгө болот. Тапталып калган катуу жерди айдап, жолду башка багытка буруп салса, ал жер жумшарып, түшүмдүү болот. Анын сыңарындай, Кудай Сөзүн изилдөөгө жана анын үстүнөн ой жүгүртүүгө убакыт бөлүү жүрөктүн түшүмдүү жакшы жер сыяктуу болушуна шарт түзөт. Негизгиси, көр оокат менен өтө эле алек болуп кетпешибиз керек (Лука 12:13—15). Анын ордуна, жашообуздагы «маанилүүрөөк нерселер» тууралуу ой жүгүртүүгө дайыма убакыт арнаганыбыз абзел (Филипиликтерге 1:9—11, ЖД).

«Таштак жердегилер» — коркоктук кылгандар

12. Ыйсанын көрсөтмөлүү мисалында айтылган жердин экинчи түрүнө түшкөн өнүмдүн соолуп калышынын башкы себеби эмнеде?

12 Үрөн жердин экинчи түрүнө түшкөндө, биринчи учурдагыга окшоп, жердин үстүндө жата бербейт. Ал тамыр алып, өнүп чыгат. Бирок кийин күн чыкканда, өнүм күндүн ысыгынан соолуп, куурап калат. Эми төмөнкү маанилүү деталга назар салсаңар. Өнүмдүн соолуп калганынын башкы себеби күндүн ысыктыгында эмес. Анткени жакшы жерден өнүп чыккан өнүм да күндүн таасирине дуушар болот, бирок ал соолубайт, тескерисинче, гүлдөйт. Анда тиги өнүмдүн соолуп калышынын себеби эмнеде? Ыйса түшүндүргөндөй, «топурагы терең болбогондуктан» жана «нымдуулук жетишпегендиктен» соолуп калган (Матай 13:5, 6; Лука 8:6). Топурактын астындагы «таштак жер» үрөндүн тереңирээк тамыр алып, нымдуулук табышына жана бекем отурукташына жол бербейт. Жердин топурагы калың болбогондуктан, өнүм соолуп калат.

13. Кандай адамдар топурагы аз жерге окшош жана алардын коркок болушунун түпкү себеби эмнеде?

13 Көрсөтмөлүү мисалдын бул бөлүгүндө «сөздү угуп, кубанып кабыл алган» жана ынталуулук менен Ыйсаны «убактылуу гана» жолдогон адамдар жөнүндө айтылат (Лука 8:13). Алар күн кайнаганда — «кайгыга же куугунтукка» дуушар болгондо — ушунчалык коркушкандыктан өздөрүнүн кубанычын жана күчүн жоготуп, Ыйсаны жолдобой калышат (Матай 13:21). Бирок алардын коркоктугунун түпкү себеби каршылыкка дуушар болушканында эмес. Эмне дегенде, Ыйсанын миллиондогон шакирттери баштарынан кайгы-касиреттин ар кандай түрлөрүн өткөрүшсө да, ишенимдүү бойдон калышууда (2 Корунттуктарга 2:4; 7:5). Кээ бирөөлөрдүн коркок болуп калышынын жана чындыктан четтеп кетишинин чыныгы себеби төмөнкүдө: алардын жүрөгүнүн таштак жер сыяктуу абалы рухий пайдалуу нерселердин үстүнөн жетишерлик терең ой жүгүртүүгө тоскоолдук кылат. Натыйжада алардын Жахабага жана анын сөзүнө карата өрчүткөн ыраазычылыгы өтө эле үстүрт жана чабал болгондуктан, алар каршылыкка туруштук бере албай калышат. Мындайга канткенде жол бербөөгө болот?

14. Жүрөгү топурагы аз жердей болуп калбашы үчүн, адам кандай кадамдарды жасашы керек? а) Ыйсанын мисалындагы жердин үчүнчү түрүнө эмне үчүн өзгөчө көңүл буруу зарыл? б) Жердин үчүнчү түрүндө өнүм акыр-аягы эмне болот жана эмне себептен?

14 Адам өзүнүн жүрөгүнө таштак жердей болгон тоскоолдуктардын — катуу ызакорлук, байкалбаган өзүмчүлдүк же ушу сыяктуу терс жана тымызын сезимдердин — уялашына жол бербеши керек. Эгер мындай тоскоолдуктар бар болсо, аларды Кудай Сөзүнүн күчү менен жеңүүгө болот (Жеремия 23:29; Эфестиктерге 4:22; Эврейлерге 4:12). Анан тиленүү менен ой жүгүртүү адамдын жүрөгүнө сөздүн терең «себилишин» шарттайт (Жакып 1:21). Бул болсо көңүл чөккөндө багынбоого жана сыноолорго карабай ишенимдүү калууга күч-кайрат берет.

«Тикенектин арасындагылар» — эки анжы жүрөктүүлөр

15. Тикенектүү жерге кандай адамдарды салыштырса болот?

15 Биз жердин үчүнчү түрүнө — тикенектүү жерге — өзгөчө көңүл бурушубуз зарыл, анткени кээ бир жактардан ал жакшы жерге окшошуп кетет. Жакшы жердегидей эле, тикенектүү жерде да үрөн тамыр алып, өнүп чыгат. Башында бул эки башка жерде өнүп чыккан өнүмдөрдүн өсүшүндө эч кандай айырма болбойт. Бирок убакыттын өтүшү менен шарт өзгөрүп, акырында тикенектүү жердеги өнүм басылып калат. Жакшы жерден айырмаланып, бул жерде тикенек көп. Өнүм баш көтөрүп келатканда, аны менен теңтайлашып тикенек да өсө берет. Бир канча убакытка чейин бул эки өсүмдүктүн ортосунда азык-зат, жарык жана жай үчүн күрөш жүрүп, акырында тикенек өнүмдү көлөкөсүндө калтырып, «басып салат» (Лука 8:7).

16. а) Тикенектүү жерди кандай адамдарга салыштырууга болот? б) Үч Инжилге ылайык, тикенектер эмнелерди билдирет? (Шилтемени карагыла.)

16 Ыйса: «Тикенектин арасына түшкөн үрөндөр сөздү угуп, кубанып кабыл алган адамдарды билдирет. Алар нары басары менен түйшүккө батып, байлыкка азгырылып, жашоонун ыракатына берилип кетишет»,— деп түшүндүрөт (Лука 8:14). Себилген үрөн менен тикенек бир эле учурда өсүп чыккандай, айрым адамдар Кудайдын сөзүн кабыл алууга жана ошол эле учурда «жашоонун ыракатына» батууга аракеттенишет. Кудайдын сөзүндөгү чындык алардын жүрөгүнө себилгени менен, ал алардын көңүлүн азгырган нерселердин атаандашуусуна дуушар болот. Алардын каймана жүрөгү эки анжы (Лука 9:57—62). Бул алардын Кудай сөзүнүн үстүнөн тиленүү менен мазмундуу ой жүгүртүүгө жетиштүү убакыт бөлүшүнө тоскоолдук кылат. Алар Кудайдын сөзүн өздөрүнүн жүрөгүнө толук сиңиришпейт, ошондуктан аны чын жүрөктөн баалай алышпайт. Ал эми бул алардын чыдамдуулук өстүрүшүнө кедерги болот. Ошентип, алардын рухий кызыкчылыктары акырындык менен рухий эмес иштердин көлөкөсүндө калып, өздөрү «түйшүккө батып» кетишет *. Бул Жахабаны чын жүрөктөн сүйбөгөндөр үчүн кандай кайгылуу натыйжа! (Матай 6:24; 22:37).

17. Ыйсанын көрсөтмөлүү мисалында сөз кылынган каймана тикенектер тарабынан басылып калбаш үчүн, эмне кылышыбыз керек?

17 Рухий иштерди материалдык нерселерден артык көрүү менен биз дүйнөнүн азабы менен жыргалы тарабынан басылып калуудан алыс боло алабыз (Матай 6:31—33; Лука 21:34—36). Биз эч качан Ыйык Китепти окууну жана окуганыбыздын үстүнөн ой жүгүртүүнү барк албай койбошубуз керек. Жашообузду мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтсөк, ой топтоп тиленүү менен ой жүгүртүүгө көбүрөөк убакыт табабыз (1 Тиметейге 6:6—8). Кудайга кызмат кылып, жөнөкөй жашоо алпаргандар — мындайча айтканда, түшүмдүү өсүмдүккө көбүрөөк азык-зат, жарык жана жай тийиши үчүн топурактан тикенектерди тамыры менен жулуп салгандар — Жахабанын батасын алып жатышат. 26 жаштагы Сандра: «Мен чындыкта жүрүп алган баталарым жөнүндө ой жүгүрткөндө, дүйнөнүн мага буга тең келерлик эчтеке сунуш кыла албасын түшүнөм»,— дейт (Забур 83:12).

18. Канткенде биз Кудайдын сөзү боюнча жашап, Ыйсанын жолдоочулары катары чыдамдуу боло алабыз?

18 Демек, Кудайдын сөзү биздин ичибизде жашаса, баарыбыз тең: жашыбыз да, карыбыз да Кудайдын сөзү боюнча жашайбыз жана Ыйсанын шакирттери катары чыдамдуу болобуз. Ошондуктан, келгиле, каймана жүрөгүбүздүн топурагы катуу, жука же тикенектүү эмес, жумшак жана калың болушуна кам көрөлү. Ошондо биз Кудайдын сөзүн жүрөгүбүзгө толук сиңирип, «чыдамдуулук менен жемиш бере» алабыз (Лука 8:15).

[Шилтемелер]

^ 1-абз. Бул макалада ал талаптардын биринчиси каралат. Калган экөө кийинки макалаларда талкууланат.

^ 8-абз. Ыйык Китептен үзүндү окуп чыгып, анын үстүнөн тиленүү менен ой жүгүртүү үчүн, өзүңөргө, мисалы: «Мында Жахабанын кайсы бир сапаттары ачылып берилеби? Мунун Ыйык Китептин темасы менен кандай байланышы бар? Муну жашоомдо же башкаларга жардам берүүдө кантип колдонсом болот?» — деген суроолорду бергиле.

^ 16-абз. Ыйсанын үлгү-насаат аңгемеси камтылган үч Инжилге ылайык, үрөндү дүйнөнүн азабы менен жыргалы — «бул дүйнөнүн түйшүгү», «байлыкка азгырылуу», «башка кызыгып калуулар» жана «жашоонун ыракаты» — басып салат (Марк 4:19; Матай 13:22; Лука 8:14; Жеремия 4:3, 4).

Кандай жооп айтасыңар?

• Эмне үчүн дайыма Ыйсанын «сөзү боюнча жашашыбыз» керек?

• Кудайдын сөзүнүн жүрөгүбүздө жашашына кантип жол бере алабыз?

• Ыйса айтып өткөн жердин төрт түрү кандай адамдарды билдирет?

• Кудайдын сөзүнүн үстүнөн ой жүгүртүүгө кантип убакыт таба алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[20–беттеги кутуча]

«ЧЫНДЫК МЕНЕН БЕКЕМДЕЛГЕНДЕР»

Көп убактан бери Ыйсанын шакирти болуп келгендер «чындык менен бекемделишкенин» жылдан жылга далилдеп келишүүдө (2 Петир 1:12). Туруктуу болууга аларга эмне жардам берет? Эмесе, алардын кээ бирлеринин ой-пикирлерине токтолуп көрөлү.

«Ар бир күндүн аягында Ыйык Китептен үзүндү окуп, Кудайга тиленем. Анан окугандарым тууралуу ойлоном» (Жин, 1939-жылы чөмүлтүлгөн).

«Жахабанын ушунчалык бийик абалды ээлегенине карабай бизди терең сүйөрүн ойлогондо, өзүмдү коопсуз сезип, андан ары да ишенимдүү болууга күч алам» (Патриция, 1946-жылы чөмүлтүлгөн).

«Ыйык Китепти ынтызарлык менен изилдөө жана „Кудайдын улуу сырларына“ чөмүлүү мага кызматымды улантууга дем берет» (1 Корунттуктарга 2:10) (Анна, 1939-жылы чөмүлтүлгөн).

«Мен Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды жүрөгүмдү жана пейил-ниеттеримди текшерүү максаты менен окуйм» (Зелда, 1943-жылы чөмүлтүлгөн).

«Мен сейилдеп чыгып, тиленүү аркылуу Жахаба менен сүйлөшкөндү жана ага көкүрөктөгү сезимдеримди билдиргенди абдан жакшы көрөм» (Ральф, 1947-жылы чөмүлтүлгөн).

«Мен ар бир күндү күндөлүк аятты талкуулоодон жана Ыйык Китептен үзүндү окуудан баштайм. Мындан кечке чейин ой жүгүртүү үчүн жаңы бир нерсе табам» (Мэри, 1935-жылы чөмүлтүлгөн).

«Ыйык Жазмадагы кайсы бир китептин аятма-аят талданышы мага зор дем-шык берет» (Дэниел, 1946-жылы чөмүлтүлгөн).

Кудайдын сөзүнүн үстүнөн тиленүү менен ой жүгүртүүгө силер кайсы маалда убакыт бөлөсүңөр? (Даниел 6:10б; Марк 1:35; Элчилер 10:9).

[22-беттеги сүрөт]

Рухий иштерди биринчи орунга коюуп, биз «чыдамдуулук менен жемиш бере» алабыз.