Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Адамдардын өздөрү билбеген Кудайга ишенүүсү

Адамдардын өздөрү билбеген Кудайга ишенүүсү

Адамдардын өздөрү билбеген Кудайга ишенүүсү

ГЕРМАНИЯДА адамдардын үчтөн эки бөлүгү Кудайга ишенет. Бирок миңден ашык адамдан ишенген Кудайын сыпаттап берүүсүн суранышканда, дээрлик ар биринин жообу ар кандай болуп чыккан. «Немистердин Кудай жөнүндөгү түшүнүгү индивидуалдуу жана адамдар сыяктуу эле ар түрдүү»,— деп билдирилет «Фокус» аттуу коомдук-саясый журналда. Албетте, адамдардын Кудайга ишенгени мактоого татырлык, бирок анын кандай Кудай экенин билбей туруп ишенгени кейиштүү көрүнүш эмеспи?

Кудайдын касиет-сапаттарын германиялыктар эле эмес, Европанын башка өлкөлөрүнүн тургундары да билишпейт. Австрия, Улуу Британия жана Нидерландияда жүргүзүлгөн сурамжылоо көпчүлүктүн Кудайды «эң жогорку күч же түшүндүрүлгүс табышмак» деп эсептээрин ачыкка чыгарган. Бүгүн, айрыкча, жаштар арасында, атүгүл Кудайга ишенген кишилердин арасында ал купуя сыр бойдон калууда.

Кудайды жекече билесиңерби?

Кимдир бирөөнү билүү менен аны жакын билүүнүн ортосундагы айырма асман менен жердей. Кимдир бирөөнү билүү тек гана кайсы бир адамдын — кол жеткис монархтын, белгилүү спортсмендин же кино жылдызынын — бар экенинен кабардар болууну билдирет. Бирок кимдир бирөөнү жакын билүү алда канча көп нерсени билдирет. Буга адамдын кулк-мүнөзүн, жүрүм-турумун, ой-сезимдерин, эмнени жактырарын, эмнени жактырбаарын жана келечекке болгон пландарын билүү кирет. Кимдир бирөөнү жакын билүү аны менен жакын мамиледе болууга өбөлгө түзөт.

Жүз миңдеген адамдар Кудай жөнүндө бүдөмүк түшүнүктө болуу, башкача айтканда, анын бар экенине эле ишенүү жетишсиз деген тыянакка келишкен. Алар андан аркы кадамдарды жасап, Кудай менен жакыныраак таанышышкан. Муну алар арзырлык нерсе деп эсептейби? Германиянын түндүгүндө жашаган Паул аттуу бир киши мурун Кудайга жалпы жонунан эле ишенчү. Бирок күндөрдүн биринде ал Кудай менен жакыныраак таанышууну чечкен. Паул мындай дейт: «Кудай менен жакыныраак таанышуу үчүн убакыт жана күч-аракет жумшоо зарыл. Бирок натыйжасы ошого татыйт. Аны менен өз ара жакын мамиледе болуу күндөлүк жашооңду кыйла жеңилдетет».

Кудай менен жакыныраак таанышууга жумшалган убакыт менен күч-аракеттин акыбети кайтабы? Жоопту кийинки макаладан окусаңар болот.

[3-беттеги кыстырма]

Кимдир бирөөнү билүү менен аны жакын билүүнүн ортосундагы айырма асман менен жердей.