Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Бекем, кайраттуу бол!»

«Бекем, кайраттуу бол!»

«Бекем, кайраттуу бол!»

«Кайраттуу болгула, анткени Мен бул дүйнөнү жеңдим» (Жакан 16:33).

1. Ысрайылдыктарды Канаанда кубаттуу душмандары күтүп турганына байланыштуу аларга кандай күч-кайрат берилген?

ЫСРАЙЫЛДЫКТАР Иордан дарыясынын жанында Убадаланган жерге киргени турганда, Муса аларга: «Бекем жана кайраттуу болгула, алардан коркпогула, алардын алдында титиребегиле, анткени Кудай-Теңириң Өзү сени менен барат»,— деп айткан. Анан ысрайылдыктарды Канаан жерине алып бара турган Жашыяны өзүнө чакырып, аны да кайраттуу болууга насыяттаган (Мыйзам 31:6, 7). Кийинчерээк Жашыяны Жахаба өзү бекемдеп, ага: «Бекем, кайраттуу бол... Бекем, өтө кайраттуу бол»,— деген (Жашыя 1:6, 7, 9). Бул сөздөр өз убагында айтылган эле. Ысрайылдыктар Иордандын ар жагында күтүп турган кубаттуу душмандары менен беттешүү үчүн күч-кайратка муктаж эле.

2. Азыр биз кандай жагдайда жашап жатабыз жана эмнеге муктажбыз?

2 Бүгүнкү күндө Ыйсанын чыныгы жолдоочулары убадаланган жаңы дүйнөгө киргени турушат жана Жашыя сыяктуу алар да кайраттуу болушу керек (2 Петир 3:13; Аян 7:14). Бирок биздин жагдай Жашыяныкынан бир аз башкача. Жашыя колуна кылыч, найза алып салгылашкан. Биз болсо рухий согушка катышып жаткандыктан, колубузга эч качан курал албайбыз (Ышайа 2:2—4; Эфестиктерге 6:11—17). Андан тышкары, Жашыяга Убадаланган жерге киргенден кийин да көп жолу катуу салгылашууга туура келген. Ал эми биз айыгышкан күрөшкө азыр — жаңы дүйнөгө киргенге чейин — катышып жатабыз. Келгиле, кайраттуулукту талап кылган айрым жагдайларга кайрылып көрөлү.

Эмне үчүн күрөшүшүбүз керек?

3. Башкы душманыбыз жөнүндө Ыйык Китепте эмне айтылат?

3 Элчи Жакан: «Биз Кудайдан экенибизди, ал эми бүт дүйнө амалкөйдүн бийлиги астында экенин билебиз»,— деп жазган (1 Жакан 5:19). Бул сөздөр Ыйсанын жолдоочуларынын өздөрүнүн ишенимин сакташ үчүн эмнеликтен күрөшүшү керектигинин негизги себебин көрсөтүп турат. Ыйсанын жолдоочусу ишенимдүүлүгүн сактаганда, бул Шайтан Ибилис үчүн кайсы бир деңгээлде жеңилиш болот. Ошондуктан Шайтан «айкырган арстандай» болуп, Ыйсанын ишенимдүү жолдоочуларын коркутуп, жутуп жиберүү аракетинде жүрөт (1 Петир 5:8). Ал Ыйсанын майланган жолдоочулары жана алардын шериктери менен согушуп жатат (Аян 12:17). Шайтан бул согушта анын ой-максаттарын атайылап же билбей көздөгөн адамдарды колдонот. Шайтан менен анын таламдаштарына каршы бекем туруу үчүн, кайраттуу болушубуз керек.

4. Ыйса кандай эскертүү берген жана Ыйсанын чыныгы жолдоочулары кандай маанай сакташат?

4 Ыйса Шайтан менен анын таламдаштарынын жакшы кабарга каршылык көрсөтөрүн билгендиктен, өзүнүн жолдоочуларына мындай эскертүү берген: «Силерди кыйнашат, өлтүрүшөт. Менин ысымым үчүн бардык элдерге жек көрүндү болосуңар» (Матай 24:9). Бул сөздөр биринчи кылымда аткарылган, бүгүн да аткарылып жатат. Жахабанын биздин мезгилдеги кээ бир Күбөлөрү тарыхта болуп көрбөгөндөй катуу куугунтукка дуушар болуп келишет. Бирок Ыйсанын чыныгы жолдоочулары мындай кысымга карабай кайраттуу бойдон калышат. Алар «адамдардын алдында коркуу тузак коёрун» билишет жана тузакка түшүүнү каалашпайт (Накыл сөздөр 29:25).

5, 6. а) Кандай жагдайларда кайраттуу болушубуз керек? б) Ыйсанын ишенимдүү жолдоочуларынын кайраттуулугу сыналганда, алар буга кандай карашат?

5 Кайраттуулугубузду куугунтук эле эмес, башка да кыйынчылыктар сынайт. Кээ бир жарчылар үчүн чоочун адамдар менен жакшы кабар жөнүндө сүйлөшүү кыйынга турат. Айрым мектеп окуучуларынын кайраттуулугу өлкөгө же желекке ишенимдүү болуу жөнүндө ант берүү талап кылынганда сыналат. Мындай ант, чынында, диний убада болуп эсептелгендиктен, Ыйсаны жолдогон балдар өздөрүн эр жүрөктүк менен Кудайга жаккыдай алып жүрүүгө чечкиндүү. Алардын эрдиги бизди кубантпай койбойт.

6 Ошондой эле каршылаштар маалымат каражаттары аркылуу Кудайдын кызматчылары тууралуу жалган маалымат таратканда же «мыйзамды элдин шоруна колдонуп», чыныгы сыйынууну чектөөгө аракеттенишкенде, кайраттуу болушубуз керек (Забур 93:21, БМК). Мисалы, гезиттерде, үналгы же сыналгыдан Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө бурмаланган же таптакыр эле калп кабар берилгенде, буга кандай карашыбыз абзел? Таң калышыбыз керекпи? Жок. Анткени мындай нерселердин болушу керектигин билебиз (Забур 108:2). Бизди кээ бир адамдардын басма сөз бетиндеги бурмаланган айың сөздөргө ишенгени да таң калтырбайт, анткени «акылсыз адам ар кандай сөзгө ишене берери» белгилүү (Накыл сөздөр 14:15). Ыйсанын ишенимдүү жолдоочулары болсо өздөрүнүн бир туугандары тууралуу айтылган сөздөрдүн баарына эле ишене беришпейт жана жалган маалыматтар алар үчүн жыйналыш жолугушууларын калтырууга, кабар айтуу кызматына азыраак катышып калууга же ишенимдеринин алсырашына себеп боло албайт. Алар «[башкалар] сыйлап жатышканда да, кордоп жатышканда да, жамандап жатышканда да, мактап жатышканда да... өздөрүн Кудайдын кызматчылары катары көрсөтүшөт. [Душмандары аларды] жалганчы деп эсептешет, бирок [чынында алар] ишенимдүү» (2 Корунттуктарга 6:8).

7. Өзүбүзгө кандай суроолорду берип көрсөк болот?

7 Пабыл Тиметейге жазган катында: «Кудай бизге коркунучту эмес, күчтү... берген. Ошондуктан сен Ыйса Машайакты күбөлөндүрүүдөн... уялбагын»,— деп айткан (2 Тиметейге 1:7, 8; Марк 8:38). Бул сөздөрдү окуган соң, биз өзүбүзгө төмөнкүдөй суроолорду берип көрсөк болот: «Туткан диним үчүн уяламбы же кайраттуу турамбы? Иштеген жеримдегилерге (же мектептегилерге) Жахабанын Күбөсү экенимди билдиремби же тескерисинче, жашырууга аракеттенемби? Башкалардан бөлөкчө болгонум үчүн уяламбы же Жахаба менен тыгыз мамиледе болгонумдан улам айырмаланып жатканым үчүн сыймыктанамбы?» Эгерде кимдир бирөө жакшы кабар айтууга же көпчүлүк колдобогон ишенимдерге карманууга салкын карап калса, аны Жахабанын: «Бекем, кайраттуу бол»,— деп Жашыяга берген кеңешин эстен чыгарбоого үндөсөк болот. Биз үчүн чогуу иштегендерибиздин же классташтарыбыздын пикири эмес, Жахаба менен Ыйса Машайактын көз карашы маанилүү экенин эч качан унутпайлы (Галаттыктарга 1:10).

Канткенде кайраттуу боло алабыз?

8, 9. а) Бир жолу Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын кайраттуулугу кантип сыналган? б) Петир менен Жакан коркутуп-үркүтүүгө дуушар болгондо эмне кылышкан жана алар бир туугандары менен өздөрүнүн тиленүүсүнө кандай жооп алышкан?

8 Ушул оор мезгилде ишенимдүү бойдон калуу үчүн, канткенде кайраттуу боло алабыз? Ыйсанын алгачкы жолдоочуларына кайраттуу болууга эмне жардам берген? Иерусалимдеги башкы ыйык кызмат кылуучулар менен жүйүт аксакалдары Петир менен Жаканга Ыйсанын ысымынан кабар айтууга тыюу салышканда эмне болгонун эстеп көрөлү. Шакирттер ал тыюуга баш ийүүдөн баш тартышканда, аларды коркутуп туруп, бошотуп жиберишкен. Андан соң ал шакирттер кайрадан бир туугандары менен бириккен да, баары чогулуп: «Теңир, алардын коркутуп жатканын көрүп турасың, ошондуктан Өзүңдүн сөзүңдү тайманбастык менен айтышыбыз үчүн, Өзүңдүн кулдарыңа кайраттуулук бере көр»,— деп тиленишкен (Элчилер 4:13—29). Жахаба жооп кылып, аларды ыйык рух менен бекемдеген жана кийинчерээк жүйүт дин жетекчилери белгилегендей, алар өздөрүнүн окутуусун «бүт Иерусалимге жайылтышкан» (Элчилер 5:28).

9 Келгиле, ошол окуяны талдап көрөлү. Жүйүт дин жетекчилери коркутуп-үркүтүшкөндө, шакирттер кабар айтууну токтотууну ойго да алышкан эмес. Тескерисинче, андан ары да кабар айта бериш үчүн кайраттуулук сурап тиленишкен. Анан өздөрүнүн тиленүүсүнө жараша иш кылышкан, ал эми Жахаба аларды өзүнүн руху менен бекемдеген. Бул окуя Пабылдын бир нече жылдан кийин башка катында жазган сөздөрү Ыйсанын куугунтукталып жаткан жолдоочуларына тиешелүү экенин көрсөтүп турат. Пабыл: «Мага күч-кубат бергендин аркасы менен колуман баары келет»,— деген (Филипиликтерге 4:13, ЖД).

10. Жеремиянын тажрыйбасы табиятынан уялчаак болгондорго кандай жардам болуп саналат?

10 А эгер адам табиятынан уялчаак болсочу? Ал каршылыкка карабай Жахабага кайраттуулук менен кызмат кыла алабы? Албетте! Жахаба Жеремияны пайгамбар кылып дайындаганда, анын муну кандай кабыл алганын эстесеңер. Жаш Жеремия: «Мен али жашмын»,— деген. Ооба, ал андай кызматка өзүн жараксызмын деп эсептеген. Бирок Жахаба аны бекемдеп: «„Жашмын“,— дебе, анткени Мен сени кимге жиберсем, ошолордун бардыгына барасың, Мен сага эмнени буйрусам, ошону айтасың. Алардан коркпо. Сени куткаруу үчүн, Мен сени мененмин»,— деп айткан (Жеремия 1:6—10). Жеремия Жахабага таянган, ошондуктан Жахабанын күчү менен өзүнүн чечкинсиздигин жеңип, Ысрайылдагы абдан кайраттуу күбөлөрдөн болгон.

11. Жеремиядай кайраттуу болууга Ыйсанын бүгүнкү жолдоочуларына эмне жардам берет?

11 Бүгүн Ыйсанын майланган жолдоочуларына Жеремияныкындай тапшырма берилген жана алар «башка койлордун» тобуна кирген «эбегейсиз көп адамдардын» колдоосу менен кош көңүлдүккө, шылдыңга жана куугунтукка карабай Жахабанын ой-ниеттерин жарыялап келишүүдө (Аян 7:9; Жакан 10:16). Алар Жахабанын Жеремияга айткан: «Алардан коркпо»,— деген сөздөрүнөн күч-кубат алышат. Майлангандар Кудайдын тапшырмасын аткарып, анын кабарын айтып жатышканын эстен чыгарышпайт (2 Корунттуктарга 2:17).

Кайраттуулук көрсөтүү менен үлгү калтыргандар

12. Ыйса кайраттуулуктун кандай сонун үлгүсүн көрсөткөн жана өзүнүн жолдоочуларын эмнеге үндөгөн?

12 Жеремия сыяктуу кайраттуу кызматчылардын үлгүлөрүнүн үстүнөн ой жүгүртүү бизге да кайраттуу болууга жардам берет (Забур 76:13). Маселен, Ыйсанын кызматы менен таанышып чыгып, анын Шайтан тарабынан сыналганда жана жүйүт дин жетекчилеринин катуу каршылыгына дуушар болгондо көрсөткөн эр жүрөктүгүнө суктанбай койбойсуң (Лука 4:1—13; 20:19—47). Жахабанын күчү менен Ыйса кажыбас болгон жана өлөрүнө аз калган убакта ал өзүнүн шакирттерине: «Бул дүйнөдө азап тартасыңар, бирок кайраттуу болгула, анткени Мен бул дүйнөнү жеңдим»,— деген (Жакан 16:33; 17:16). Ыйсанын үлгүсү боюнча жашап, анын шакирттери да жеңүүчүлөрдөн боло алышмак (1 Жакан 2:6; Аян 2:7, 11, 17, 26). Бирок алар «кайраттуу болушу» керек болгон.

13. Пабыл филипиликтерди кантип бекемдеген?

13 Ыйсанын өлгөнүнө бир нече жылдын жүзү болгондо, Пабыл менен Сылас Филипиде камакта отурушкан. Кийинчерээк Пабыл Филипидеги жыйналышты «Жакшы Кабардын таратылышы үчүн бир ой, бир тилек менен бардык күч-аракетин жумшоого... каршы чыккан адамдардан эч коркпоого» чакырган. Аларды бекемдөө үчүн, Пабыл мындай деген: «Бул [Ыйсанын жолдоочуларынын куугунтукталышы] — алар үчүн [куугунтуктоочулар үчүн] өлүмдүн, ал эми силер үчүн куткарылуунун белгиси, бул Кудайдан. Анткени силерге Машайакка ишенүү эле эмес, Ал үчүн азап чегүү артыкчылыгы да берилген» (Филипиликтерге 1:27—29).

14. Пабылдын эр жүрөктүгү Римдеги бир туугандарга кандай таасир эткен?

14 Пабыл Филипидеги жыйналышка кат жазган учурунда кайрадан камакта (бул сапар Римде) отурган болчу. Буга карабастан кабар айтуусун кайраттуулук менен уланткан. Бул кандай жемиш берген? «Машайак үчүн кишенделгеним падыша сарайынын бардык сакчыларына жана башкаларга маалым болду. Менин кишендерим Теңир жолундагы бир туугандардын көбүнө дем берди. Алар Кудай Сөзүн кайраттуулук менен, коркпостон тарата башташты»,— деп жазган Пабыл (Филипиликтерге 1:13, 14).

15. Кайраттуу болуу чечкиндүүлүгүбүздү бекемдей турган сонун үлгүлөрдү каерден тапсак болот?

15 Пабылдын үлгүсү бизге күч-кубат берет. Диктатордук башкаруу өкүм сүргөн же диний жетекчилердин таасири күчтүү болгон өлкөлөрдө куугунтукка алынып келген бүгүнкү күндөгү ишенимдештерибиздин сонун үлгүлөрү да бизге дем берет. Алардын көптөрүнүн өмүр баяндары «Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» журналдарында, ошондой эле «Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китебинде» берилет. Ал адамдар жөнүндө окуганда алардын бизге окшогон эле адамдар экенин унутпайлы. Болгону эле, алар ар кандай оор жагдайга туш болгондо, Жахаба берген кудуреттүү күч менен туруктуу болушкан. Зарыл болгондо Жахаба бизге да ошондой күч берерине шек санабасак болот.

Кайраттуулугубуз Жахабаны кубантат жана даңктайт

16, 17. Бүгүн биз кантип кайраттуу боло алабыз?

16 Эгер адам чындык жана адилеттүүлүк үчүн бекем турса, ал кайраттуу. Эгер коркконуна карабай бекем турса, анда ал андан да кайраттуу. Ооба, Ыйсанын ар бир жолдоочусу кайраттуу боло алат. Эгер Жахабанын эркин аткарууну чындап кааласа, ишенимдүү бойдон калууга чечкиндүү болсо, ар убак Кудайга таянса жана Жахабанын мурун көп сандаган адамдарды бекемдегенин дайыма эсинде сактаса, ал кайраттуу боло алат. Андан тышкары, биздин кайраттуулугубуз Жахабаны кубантарын жана даңктаарын билип, биз белди бекем бууга ого бетер чечкиндүү болобуз. Биз Кудайды абдан сүйгөндүктөн, шылдыңга же андан да жаман мамилеге чыдоого даярбыз (1 Жакан 2:5; 4:18).

17 Биз кандайдыр бир жаман иш кылганыбыз үчүн эмес, ишенимибиз үчүн азап тартып жатканыбызды унутпашыбыз керек (1 Петир 3:17). Биз Жахабанын эгедерлигин жактаганыбыз үчүн, жакшылык кылганыбыз үчүн жана дүйнөдөн болбогонубуз үчүн азап тартып жатабыз. Буга байланыштуу элчи Петир: «Силер жакшы иш кылып жатып да, азап чегүүгө чыдап жатсаңар, анда бул Кудайга жагат»,— деген. Кийин ал: «Кудайдын эрки боюнча азап тартып жаткандар жакшы иш кылуу менен, өздөрүнүн жанын ишенимдүү Жаратуучуга тапшырышсын»,— деп да айткан (1 Петир 2:20; 4:19). Ырас, биздин ишенимибиз мээримдүү Кудайыбыз Жахабага кубаныч жана даңк алып келет. Кайраттуу болууга биз үчүн бул кандай орчундуу негиз!

Бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшкөндө

18, 19. Сот алдында кайраттуу болуу менен биз аларга кандай кабарды жеткирген болобуз?

18 Ыйса өзүнүн жолдоочуларына алардын куугунтукталарын айтып: «[Адамдар] силерди сотко беришет жана синагогаларында уруп-сабашат. Мен үчүн силерди башчылардын жана падышалардын алдына алып барышат. Ошентип, силер аларга жана бутпарастарга Мен жөнүндө күбөлөндүрөсүңөр»,— деген (Матай 10:17, 18). Жалган айыптоолордун айынан сотко же белгилүү бир бийлик ээсине чакырылганда, бизге кайраттуулук керек. Бирок мындай мүмкүнчүлүктөрдү ал адамдарга кайраттуулук менен күбөлөндүрүү берүүгө колдонсок, татаал жагдайда маанилүү иш бүтүргөн болобуз. Биз соттолуп жатканда, сот кишилерине 2-забурдагы: «Падышалар, акылыңарга келгиле. Жер жүзүнүн башкаруучулары, үйрөнгүлө [«соттору, оңолгула», ЖД]! Теңирге коркунуч менен кызмат кылгыла»,— деген Жахабанын сөздөрүн жеткирген болобуз (Забур 2:10, 11). Жахабанын Күбөлөрүнө сотто жалган айып тагылганда, соттор көп учурда дин тутуу эркиндигин жакташат. Бул үчүн биз, албетте, ыраазыбыз. Бирок кээ бир соттор каршылаштардын таасирине ооп кетишет. Ыйык Жазмадагы: «Оңолгула»,— деген чакырык ошолорго айтылат.

19 Соттор Жахаба Кудайдын мыйзамы эң жогорку мыйзам экенин билиши керек. Алар Жахаба Кудайдын жана Ыйса Машайактын алдында адамдардын баары, анын ичинде соттор да жооптуу экенин унутпашы керек (Римдиктерге 14:10). Ал эми биз, сот адамдары адилеттүү чечим чыгарабы же жокпу, Жахаба бизди колдоп жаткандыктан кайраттуу болууга чечкиндүүбүз. «Ага таянгандардын баары бактылуу»,— деп айтылат Ыйык Китепте (Забур 2:12).

20. Куугунтукка жана ушак-айыңга кабылганыбызда эмне үчүн бактылуу боло алабыз?

20 Тоодогу насаатында Ыйса: «Мен үчүн кордук көрсөңөр, Мен үчүн куугунтукталсаңар, Мен үчүн жалган жалаага калсаңар, бактылуусуңар. Кубанып шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыңар чоң! Силерден мурунку пайгамбарларды да ушинтип куугунтукташкан»,— деп айткан (Матай 5:11, 12). Албетте, куугунтуктун өзү жагымсыз нерсе, бирок куугунтукка, анын ичинде маалымат каражаттарындагы ушак-айыңдарга карабай бекем турганыбыз кубанууга себеп болуп саналат. Бул биздин Жахабанын жактыруусуна ээ экенибизди жана сыйлык аларыбызды билдирет. Кайраттуу болгонубуз ишенимибиздин чын экенин көрсөтүп, бизди Кудайдын колдоосуна ээ экенибизге ынандырып турат. Ооба, бул биздин Жахабага толук таянарыбызды айкындайт. Эмки макалада мындай таянуунун Ыйсанын жолдоочулары үчүн абдан маанилүү экени көрсөтүлөт.

Эмнелерге үйрөндүңөр?

• Бүгүн кандай жагдайларда кайраттуулук талап кылынышы мүмкүн?

• Канткенде кайраттуу боло алабыз?

• Кайраттуулук көрсөтүү жагынан кимдер сонун үлгү калтырган?

• Биз эмне үчүн кайраттуу болгубуз келет?

[Изилдөө суроолору]

[20-беттеги сүрөт]

Биз жакшы кабар айтуудан уялбайбыз.

[21-беттеги сүрөт]

Германиядагы Симон Арнолд (азыр Либстер), Малавидеги Уиддас Мадона жана Украинадагы Лидия менен Алексей Курдас кайраттуу болуп, Шайтанга каршы турушкан.

[22-беттеги сүрөт]

Биз сотторго Ыйык Китепке негизделген көз карашыбызды кайраттуулук менен түшүндүрүп маанилүү кабар жеткирген болобуз.

[23-беттеги сүрөт]

Пабылдын камакта көрсөткөн кайраттуулугу жакшы кабардын таратылышына чоң өбөлгө түзгөн.