Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кайсы жалгыз себеп боюнча Ыйык Китептин негизинде ажырашууга жол берилет?

Кайсы жалгыз себеп боюнча Ыйык Китептин негизинде ажырашууга жол берилет?

Кайсы жалгыз себеп боюнча Ыйык Китептин негизинде ажырашууга жол берилет?

ЫЙСА МАШАЙАК Тоодогу насаатында: «Дагы мындай деп айтылган: „Ким аялын кетире турган болсо, ага талак кат жазып берсин“. Мен болсо силерге мындай деп айтамын: ойноштук [«бузуктук», ЖД] кылуу, себеби менен эмес, башка бир себеп менен аялын кетирген адам аялынын ойноштук кылуусуна себепкер болот; күйөөсү кетирип жиберген аялды алган адам да ойноштук кылат»,— деп билдирген (Матай 5:31, 32). Ошондой эле Мусанын убагындагыдай аялдарын кетирүүгө «башында» жол берилбегенин фарисейлерге түшүндүрүп Ыйса: «Мен силерге айтып коёюн, ойноштук [«бузуктук», ЖД] кылуу себеби менен эмес, башка бир себеп менен аялын кетирип, башка аял алган адам ойноштук кылган болот»,— деп айткан (Матай 19:8, 9). Бүгүн «бузуктук кылуу» менен «ойноштук кылуу» деген сөз айкаштары ар башка мааниде колдонулат. «Бузуктук кылгандарга» никеге турбай туруп бөлөк жыныстагы адам менен өз каалоосу боюнча жыныстык катнашта болгондор кирет. Ал эми никеде туруп, бирок өз каалоосу боюнча бөлөк жыныстагы башка адам менен жыныстык катнашта болгондор «ойноштук кылгандар» болуп саналат. Бирок «бузуктук» деген сөз Жазма койгон талаптарга жооп берген никеден тышкаркы тыюу салынган жыныстык катнашуулардын бардык түрүн билдирген порни́а деген грек сөзүнөн которулган. Демек, Ыйсанын Матай 5:32 жана Матай 19:9да айткан сөздөрү көрсөткөндөй, нике түйүнүн чындап буза турган ажырашуунун жалгыз себеби — жубайлардын бири тарабынан кылынган порни́а. Мындай учурда Ыйсанын жолдоочусунун, эгер кааласа, ажырашып, башка ишенимдеши менен үй-бүлө курууга укугу бар (1 Корунттуктарга 7:39).

Никелүү адамдын өзүнүн жынысындагы адам менен жыныстык жактан ыпластык кылуусу (гомосексуализм) арам жана жийиркеничтүү нерсе. Мындай арамдыкка барган адам өкүнбөсө, Кудайдын Падышалыгын мурастай албайт. Ошондой эле мал менен жынысташуу да Ыйык Китепте айыпталат (Лебилер 18:22, 23; Римдиктерге 1:24—27; 1 Корунттуктарга 6:9, 10). Ушул жийиркеничтүү иштердин баары тең порни́а деген сөздүн кеңири маанисине кирет. Дагы бир белгилей кетчү нерсе, Мусанын мыйзамы боюнча, гомосексуалист же мал менен жынысташкан адам өлүм жазасына тартылчу; бул бейкүнөө жубайдын кайрадан турмуш куруусуна жол ача турган (Лебилер 20:13, 15, 16).

Ыйса Машайак «аял кишиге кумарлануу менен караган адам өз жүрөгүндө ойноштук кыларын» айткан (Матай 5:28). Муну менен Ыйса жүрөгүндө жасалган, бирок иш жүзүндө кылынбаган ойноштук ажырашууга укук берет деген эмес. Машайактын сөзү жүрөктү таза сактап, акылга терс ойлорду жана каалоолорду уялатпоо керек экенин көрсөтүп турат (Филипиликтерге 4:8; Жакып 1:14, 15).

Жүйүттөрдүн раббиндик мыйзамында жубайлардын бири-бирине болгон парыздарынын аткарылышына чоң маани бериле турган жана аялы төрөбөгөн эркекке ажырашууга уруксат берилчү. Бирок Ыйык Жазма Ыйсанын жолдоочусунун ушундай себеп менен ажырашуусуна жол бербейт. Сааранын узак жылдар бою тукумсуз болуп келгендиги Ыбрайымга аны менен ажырашууга себеп болгон эмес. Ошондой эле Ыскак менен Ребека, Жакып менен Рахел жана ыйык кызмат кылуучу Захария менен Элизабеттердин да абалы ушундай болсо да ажырашышкан эмес (Башталыш 11:30; 17:17; 25:19—26; 29:31; 30:1, 2, 22—25; Лука 1:5—7, 18, 24, 57).

Эгерде жубайлардын бири жубайлык парызын аткара албаса, психикалык жактан ооруп калса, айыкпас же жийиркеничтүү ооруга чалдыкса, Ыйсанын жолдоочусу аны менен ажырашса болот деп Жазманын эч жеринде айтылган эмес. Жан аябастык сүйүү Ыйсанын жолдоочусуна андай жубайы менен ажырашууга эмес, ага мээримдүүлүк менен кам көрүүгө түрткү берет (Эфестиктерге 5:28—31). Ошондой эле Ыйык Китеп Ыйсанын жолдоочусуна жубайы бөлөк динди туткандыгы үчүн эле ажырашууга укук бербейт, тескерисинче, анда ишенимин бөлүшпөгөн жубайын таштабай, аны чыныгы ишенимге тарта алары айтылат (1 Корунттуктарга 7:12—16; 1 Петир 3:1—7).

Тоодогу насаатында Ыйса: «Ойноштук [«бузуктук», ЖД] кылуу себеби менен эмес, башка бир себеп менен аялын кетирген адам аялынын ойноштук кылуусуна себепкер болот; күйөөсү кетирип жиберген аялды алган адам да ойноштук кылган болот»,— деп айткан (Матай 5:32). Муну менен Машайак эгер күйөөсү аялы менен «бузуктуктан» (порни́а) башка себеп боюнча ажырашса, аялынын келечекте ойноштук кылуусуна себепкер болорун көрсөткөн. Себеби аялы ойноштук кылбагандыктан, ажырашуу нике түйүнүн толугу менен бузбайт жана аялга башка күйөөгө тийип, жыныстык катнашта болуусуна жол бербейт. Машайак: «Күйөөсү кетирип жиберген аялды алган адам ойноштук кылган болот»,— деп, «бузуктуктан» (порни́а) башка себеп менен ажырашкан аялга үйлөнүүнү айткан. Мындай аял мыйзамдуу түрдө ажырашканы менен, Ыйык Жазма боюнча ажырашкан болуп эсептелбейт.

Ыйсанын фарисейлерге ажырашуу жөнүндө айтканын, Матай жазгандай эле, Марк да жазып кеткен. Ал: «Аялын кетирип, башканы алган адам ойноштук кылган болот. Күйөөсүн таштап, башкага тийген аял да ойноштук кылган болот»,— деген (Марк 10:11, 12; Матай 19:3—9). Ушундай билдирүүнү Лука 16:18ден да таба алабыз. Ал жерде: «Аялын кетирип, башка аял алган адам ойноштук кылган болот. Күйөөсү кетирип жиберген аялды алган адам да ойноштук кылган болот»,— деп айтылат. Бул аяттарды өзүнчө алып караганда, Ыйсанын жолдоочусуна кандай себеп болбосун, ажырашууга укук жоктой же, жок эле дегенде, мурунку жубайы өлмөйүн, жаңы никеге турууга жол берилбечүдөй көрүнүшү мүмкүн. Бирок Ыйсанын Марк менен Лука аркылуу жазылган сөздөрү Матайдын кеңирирээк маалымат камтылган билдирүүсүнөн түшүнүктүү болот. Матайдын сөздөрүндө ажырашууга карата «бузуктуктан башка себеп менен» деген маанилүү кошумча бар (Матай 19:9, ЖД; Матай 5:32ни да кара). Бул Марк менен Луканын сөздөрү да «бузуктуктан» (порни́а) башка себеп менен ажырашууга тиешелүү экенин көрсөтүп турат.

Бирок ойноштук кылган жубай чындап өкүнсө, Ыйык Жазма ажырашууга милдеттендирбейт. Мындайда Ыйсаны жолдогон күйөө же аял, Ошуядай болуп (кыязы, ал ойноштук кылган аялы Гомерди кайра кабыл алган), ырайымдуулук көрсөтө алат. Ошондой эле рухий жактан ойноштук кылып, кайра өкүнгөн Ысрайылга ырайым кылган Жахабаны туураган болот (Ошуя 3-бап).

Кудайдын эң башында бекиткен нормаларынын калыбына келтирилиши. Ыйса Машайактын сөздөрү Жахаба Кудайдын никеге карата эң башында бекиткен бийик нормалары калыбына келтириле баштаганын жана Ыйсанын окуучусу боло тургандар ушул бийик нормаларга бек карманышы керек экенин айкын көрсөткөн. Ал убакта ажырашууга карата Мусанын мыйзамындагы жол берүүлөр күчүндө болсо да, Ыйсанын чыныгы окуучулары — анын Атасынын эркин аткаргандар жана Ыйсанын сөзүнө кармангандар — андай мүмкүнчүлүктү колдонушпаган жана өмүрлүк жубайларына карата жүрөктөрүн мерез кылган эмес (Матай 7:21—29; 19:8). Алар Машайактын чыныгы окуучулары катары Кудайдын никеге карата эң башында бекиткен нормаларын бузбашы жана жубайлары менен «бузуктуктан» (порни́а) башка себеп менен ажырашпашы керек болчу.

Эгерде бойдок адам сойку менен бузуктук кылса, ал аны менен «бир дене» болуп калат. Ошондой эле адам ойноштук кылгандан кийин, өзүнүн аялы менен эмес, жыныстык катнашта болгон адамы менен «бир дене» болуп калат. Мындай адам өзүнүн денесине эле эмес, буга чейин «бир дене» болуп келген өзүнүн аялына да каршы күнөө кетирет (1 Корунттуктарга 6:16—18). Ошондуктан ойноштук кылуу Кудай бекиткен принцип боюнча ажырашууга толук негиз берет. Ойноштук кылуунун кесепетинен ажырашуу ыйык китептик принципке эле эмес, дүйнөлүк мыйзамга да негизделет. Мындай ажырашуу бейкүнөө жубайдын урматтоого татырлык жаңы нике курушуна жол берет (Эврейлерге 13:4).