Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Көксөгөнүмдү таптым»

«Көксөгөнүмдү таптым»

«Көксөгөнүмдү таптым»

БҮТКҮЛ дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун отчётуна ылайык, бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча 120 миллиондон ашык адам депрессияга чалдыгууда. Жыл сайын 1 миллион адам өз өмүрүн кыйса, 10—20 миллиондою ошентүүгө аракеттенет. Депрессиядан жапа чеккендерге кантип жардам берсе болот? Медициналык дарылоо адамдын азабын жеңилдет, бирок эмоциялык жактан колдоо көрсөтүү андан да чоң роль ойнойт. Депрессияга чалдыккандардын айрымдары Жахабанын Күбөлөрүнүн Ыйык Китепке негизделген адабияттарынан да кошумча жардам алышкан. Муну Франциядан келген төмөндөгү каттан көрүүгө болот.

«Мындан бир аз эле убакыт мурун жашоо таптакыр кызыксыз көрүнүп, Кудайга өлүм сурап кайрылгам. Басып жүргөнүм эле болбосо, жан дүйнөм өлүп калгандай сезилген болчу. Жетекчилик издеп, жан-дилимден Жахабага тилендим. Ошондой эле «Жахабанын Күбөлөрүнүн 2002-жылдагы жылдык китебин» окуп чыгууну чечтим. Аны үч күндө окуп бүттүм. Бул китептин мага зор дем-күч берип, ишенимимди бекемдегенин айтууну парыз деп эсептейм.

«Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» журналдарынын жардамы менен изилдөө жүргүзгөнүмдө таң калганымды айтпагыла! Бул журналдарды мен 15 жылдан ашуун убакыттан бери үзгүлтүксүз окуйм, бирок алардагы макалалардын ушунчалык кайраттандырарлык, кызыктуу экенин байкаган эмес экенмин. Ал макалалар азыркы учурда эң эле сейрек кездешкен сапатка, сүйүүгө, сугарылган. Мен көксөгөнүмдү таптым».

Ыйык Китепте: «Теңир жүрөгү жаралууларга жакын жана рухий момундарды сактайт»,— делет (Забур 33:19, «Мукаддас»). «Жүрөгү жаралуулар» менен «рухий момундардын» баары Ыйык Китептен күч-кубат алып, келечекке карата үмүткө ээ болору талашсыз. Жахабанын Күбөлөрү, муктаж болгондордун баары Кудайдан шыктандырылган жубатуунун булагынан пайда ала алышы үчүн, Ыйык Китепке негизделген адабияттарды таратууда.