Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эгенин кечки тамагын эмне үчүн белгилейбиз?

Эгенин кечки тамагын эмне үчүн белгилейбиз?

Эгенин кечки тамагын эмне үчүн белгилейбиз?

«Силерге үйрөткөндөрүмдү мен Теңирден [«Эгеден», ЖД] алгам» (1 Корунттуктарга 11:23).

1, 2. Б.з. 33-жылы Пасах майрамдалган кечте Ыйса эмне кылган?

ЖАХАБАНЫН өзү жалгыз жараткан Уулу жана «башына кыйынчылык келген учурларда Аны менен бирге болгон» 11 эркек чогуу отурушкан (Лука 22:28). Ал маал бейшембинин кечи, б.з. 33-жылынын 31-марты эле. Иерусалимдин төбөсүндөгү асманды толгон ай көркүнө чыгарып турса керек. Элчилери менен Пасах майрамын жаңы эле белгилеп бүтүп, Ыйса Машайак чыккынчы Жүйүт Искариоттун алардын арасынан чыгып кетишине чара көрөт. Бирок калгандары кетпеши керек. Эмне себептен? Анткени Ыйса абдан маанилүү нерсе кылганы жаткан. Ал эмне эле?

2 Бул окуяларга Инжил жазуучуларынын бири Матай өзү күбө болгондуктан, келгиле, анын сөзүнө кулак төшөйлү. Ал: «Ыйса нан алып, Кудайга ыраазычылык келтирди. Андан кийин нанды сындырып, шакирттерине берип жатып: „Алгыла, жегиле. Бул Менин Денем“,— деди. Анан чөйчөктү алып, Кудайга ыраазычылык келтирди да, аны шакирттерине узатып жатып, мындай деди: „Баарыңар мындан ичкиле. Анткени бул — көптөрдүн күнөөлөрүнүн кечирилиши үчүн төгүлүп, жаңы келишимди беките турган Менин каным“»,— деп жазган (Матай 26:26—28). Бул азем бир эле жолу жасалышы керек беле? Анын мааниси кандай? Биз үчүн бүгүн анын кандайдыр бир мааниси барбы?

«Муну ар дайым кыла жүргүлө»

3. Ыйсанын б.з. 33-жылынын 14-нисанындагы кечте өткөргөн расмиси эмнеси менен маанилүү?

3 Б.з. 33-жылынын 14-нисанындагы кечте Ыйса Машайак андай расмини жөн жерден эле өткөрүп койгон эмес. Элчи Пабыл бул жөнүндө Ыйсанын Корунттагы майланган жолдоочуларына жазган катында талкуу жүргүзгөн. А кезде корунттуктар Ыйса негиздеген аземди 20 жылдан ашык убакыттан бери сактап келатышкан болчу. Б.з. 33-жылы Пабыл Ыйсанын жана 11 элчинин жанында болбосо да, анын ошол кечте эмне болгону жөнүндө кээ бир элчилердин өзүнөн укканына шек жок. Андан тышкары, ал окуялардын чоо-жайы Пабылга Кудайдын аяны аркылуу тастыкталганы да күмөнсүз. Пабыл мындай деп жазган: «Силерге үйрөткөндөрүмдү мен Теңирден [«Эгеден», ЖД] алгам. Адамдардын колуна салынып берилер түнү Ыйса Теңир [«Эге», ЖД] нанды алып, Кудайга ыраазычылык билдирип сыйынгандан кийин, нанды сындырып, мындай деген: „Алгыла, жегиле. Бул менин силер үчүн сындырылган Денем. Бул нанды Мени эскериш үчүн жегиле“. Тамактан кийин чөйчөктү да алып, мындай деген: „Бул чөйчөк — Менин каным менен бекитиле турган жаңы келишим. Бул шараптан ичкен сайын, Мени эскергиле [«андан ичкениңерде, мени эскериш үчүн муну ар дайым кыла жүргүлө», ЖД]“» (1 Корунттуктарга 11:23—25).

4. Ыйсанын жолдоочулары Эгенин кечки тамагын эмнеге белгилеши керек?

4 Инжил жазуучусу Лука Ыйсанын: «Муну Мени эскерүү үчүн жегиле [«кылгыла», СК]»,— деп буйрук бергенин ырастайт (Лука 22:19). Бул сөздөр: «Муну Мени эске түшүрүш үчүн кылгыла»,— деп да которулган («Мукаддас»). Бул майрам көп учурда Машайактын өлүмүн Эскерүү кечеси деп аталат. Пабыл аны Эгенин Кечки Тамагы деп атаган (азем кечинде негизделгендиктен, бул аталыш ылайыктуу) (1 Корунттуктарга 11:20). Ыйык Жазмада Ыйсанын жолдоочуларына Эгенин кечки тамагын белгилөөгө көрсөтмө берилет. Бирок бул майрам эмне максатта негизделген?

Эскерүү кечеси эмне максатта негизделген?

5, 6. а) Ыйсанын Эскерүүнү негиздегенинин бир себеби кайсы? б) Эгенин кечки тамагынын негизделгенинин дагы бир себебин келтиргиле.

5 Эскерүү кечесинин негизделгенинин бир себеби Ыйсанын өлүмү ишке ашырган максатка байланыштуу. Ыйса асмандагы Атасынын эгедерлигин жактап өлгөн. Ошентип, ал Кудайга адамдар өзүмчүл ой-максаттар менен гана кызмат кылат деп жалаа жапкан Шайтан Ибилистин жалганчы экенин далилдеген (Аюб 2:1—5). Ыйсанын ишенимдүүлүк сактап өлгөнү ал ырастоонун төгүн экенин далилдеген жана Жахабанын жүрөгүн кубанткан (Накыл сөздөр 27:11).

6 Эгенин кечки тамагынын негизделгенинин дагы бир себеби — бул азем Ыйсанын жеткилең, күнөөсү жок адам катары өлүп, «көптөрдү куткарганын» эсибизге салып турат (Матай 20:28). Биринчи адам Кудайга каршы күнөө кылып, адамдык жеткилең өмүрдөн жана келечектен кол жууган. Бирок Ыйса: «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди»,— деген (Жакан 3:16). Ооба, «күнөө үчүн жаза — өлүм, ал эми Кудайдын белеги — Теңирибиз [«Эгебиз», ЖД] Ыйса Машайак аркылуу бериле турган түбөлүк өмүр» (Римдиктерге 6:23). Эгенин кечки тамагын белгилөө Ыйсанын курмандык өлүмү аркылуу көрсөтүлгөн Жахабанын жана Уулунун улуу сүйүүсүн эсибизге түшүрөт. Бул сүйүү үчүн биз кандай ыраазы болушубуз керек!

Качан белгилениши керек?

7. Кандайча майлангандар Эскерүүнүн символдорунан ооз тийген «сайын» Ыйсанын өлүмү жөнүндө жарыялашмак?

7 Эгенин кечки тамагына байланыштуу Пабыл: «Бул нандан жеп, бул чөйчөктөгү шараптан ичкен сайын, Теңир [«Эге», ЖД] келгенге чейин, силер Анын өлүмү жөнүндө жарыялайсыңар»,— деген (1 Корунттуктарга 11:26). Ыйсанын майланган жолдоочулары Эскерүүнүн символдорунан өздөрүнүн өмүрүнүн аягына чейин ооз тие беришмек. Ошентип, алар Кудайдын Ыйсанын куткаруу курмандыгын караштырганына ишенишерин Жахаба Кудайдын жана дүйнөнүн алдында кайра-кайра жарыялашмак.

8. Майланган жолдоочулардын тобу Эгенин кечки тамагын качанга дейре белгилеши керек эле?

8 Ыйсанын майланган жолдоочуларынын тобу Машайактын өлүмүн Эскерүү кечесин качанга дейре белгилешмек? «Эге келгенге чейин»,— деген Пабыл. Демек, алар Эскерүүнү Ыйса өзүнүн «катышуусунун» (ЖД) учурунда майланган жолдоочуларын тирилтүү менен аларды асманга кабыл алуу үчүн келгенге чейин белгилей беришмек (1 Тесалоникалыктарга 4:14—17). Бул Ыйсанын өзүнүн ишенимдүү 11 элчисине айткан: «Барып, силерге орун даярдап койгондон кийин кайтып келем да, Мен болгон жерде силер да болууңар үчүн, силерди жаныма алып кетем»,— деген сөздөрүнө дал келет (Жакан 14:3).

9. Ыйсанын Марк 14:25теги сөздөрү эмнени билдирет?

9 Ыйса Эскерүүнү негиздегенде чөйчөктөгү шарапка байланыштуу ишенимдүү элчилерине: «Кудайдын Падышачылыгында жаңы шарап иче турган күн келгенге чейин, Мен мындан ары жүзүм ширесинен ичпейм»,— деп айткан (Марк 14:25). Ыйса асманда сөздүн түз маанисинде шарап ичпей тургандыктан, бул жерде анын кээде шарап менен символдоштурулган кубаныч тууралуу сөз кылганы талашсыз (Забур 103:15; Насаатчы 10:19). Падышалыкта бирге болуу — Ыйса жана ал күндү чыдамсыздык менен күтүп келген жолдоочулары үчүн кубанычтуу нерсе (Римдиктерге 8:23; 2 Корунттуктарга 5:2).

10. Эскерүү кечеси бир жылда канча жолу белгилениши керек?

10 Ыйсанын өлүмү ай сайын, жума сайын же күнүгө белгилениши керекпи? Жок. Ыйса Эгенин кечки тамагын Пасах болгон күнү негиздеп, ошол күнү өлгөн. А Пасах майрамы Ысрайылдын б.з.ч. 1513-жылы Мисир туткунунан бошотулганын эскерүү үчүн белгиленчү (Чыгуу 12:14). Пасах бир жылда бир эле жолу, эврей календарынын нисан айынын 14-күнүндө өткөрүлчү (Чыгуу 12:1—6; Лебилер 23:5). Бул Ыйсанын өлүмү ай сайын, жума сайын же күн сайын эмес, Пасах сыяктуу жылына бир эле жолу белгилениши керектигин көрсөтүп турат.

11, 12. Биздин замандын алгачкы жүз жылдыктарында Эскерүүнүн белгиленип келгени тууралуу тарых барактарында эмне айтылат?

11 Демек, Эскерүүнү жыл сайын 14-нисанда белгилөө орундуу. Буга байланыштуу бир эмгекте мындай деп айтылат: «Кичи Азиядагы Ыйсанын жолдоочулары 14-нисан сайын пасханы [Эгенин кечки тамагын] майрамдап келишкенинен улам квартодецимандар [он төртүнчүлүктөр] деп аталышкан... Ал күн жумага же аптанын башка күнүнө деле туура келе бере турган» («The New Schaff-Herzog Encyclopedia of Religious Knowledge», 4-том, 44-бет).

12 Тарыхчы Ж. Л. фон Мосхайм б.з. II кылымында ал расминин качан өткөрүлгөнүн кеп кылат. Анын айтымында, квартодецимандар «Машайактын калтырган үлгүсүн мыйзам катары көрүшкөндүктөн», Эскерүүнү 14-нисанда белгилешкен. Дагы бир тарыхчы мындай дейт: «Азиядагы квартодецимандардын чиркөөсүнүн ал расмиси Иерусалимдеги чиркөөнүкүндөй эле болчу. II кылымда бул чиркөөлөр өздөрүнүн 14-нисанда өткөрүлчү пасхасында Машайактын өлүмү алып келген куткарылууну эскеришчү» («Studia Patristica», 5-том, 1962-жыл, 8-бет).

Нан эмнени билдирет?

13. Ыйса Эгенин кечки тамагын негиздегенде нандын кандай түрүн колдонгон?

13 Ыйса Эскерүү кечесин негиздеген кечте «нанды алган да, Кудайга ыраазычылык келтирип, сындырган. Анан шакирттерине берген» (Марк 14:22). Ал нан Пасахтан эле калган нан болчу (Чыгуу 13:6—10). Ал ачыткысыз камырдан жасалып, жука болгондуктан, оңой сындырылар эле. Ыйса миңдеген адамдарды тойгузуу үчүн керемет жолу менен көбөйткөн нандар да калама сыяктуу болгон жана Ыйса аны элге таратып берүү үчүн сындырып шакирттерине берген (Матай 14:19; 15:36). Демек, Эскерүү кечесиндеги нандын сындырылышы эч кандай рухий мааниге ээ эмес.

14. а) Эскерүү кечесинде ачытылбаган нандын колдонулушу эмне үчүн жөндүү? б) Эгенин кечки тамагында колдонуу үчүн кандай нан табууга же бышырууга болот?

14 Эскерүүнү негиздегенде колдонулган нан жөнүндө Ыйса: «Бул Менин силер үчүн сындырылган Денем»,— деп айткан (1 Корунттуктарга 11:24; Марк 14:22). Нандын ачытылбай жасалганы жөндүү болгон. Эмнеге? Себеби ачыткы бузуктукту, жамандыкты же күнөөнү символдоштурат (1 Корунттуктарга 5:6—8). Нан болсо куткаруу курмандыгы катары берилген Ыйсанын адамдык жеткилең, күнөөсүз денесин билдирген (Эврейлерге 7:26; 10:5—10). Жахабанын Күбөлөрү муну эстен чыгарбай, Ыйса калтырган үлгү боюнча Эскерүү кечелеринде ачытылбаган нанды колдонушат. Кээде пияз же жумуртка сыяктуу кошумча нерселер аралаштырылбаган жүйүт наны да колдонулат. Же болбосо, ачытылбаган нанды дан өсүмдүктөрүнөн алынган бир аз унду (мүмкүн болсо, буудай унун) сууга жууруп жасаса болот. Андай учурда камырды жука жайып, көмөчтандын бетин майлап, нанды кургак жана кытырак болгуча бышыруу керек.

Шарап эмнени билдирет?

15. Ыйса өзүнүн өлүмүн Эскерүү кечесин негиздегенде колдонгон чөйчөктүн ичинде эмне болгон?

15 Ачытылбаган нанды берген соң, Ыйса чөйчөктү колуна алып, «Кудайга ыраазычылык келтирген да, [элчилерге] берген. Бардыгы ошол чөйчөктөгүдөн ичишкен». Ыйса: «Бул — көптөр үчүн төгүлүп, жаңы келишимди беките турган Менин каным»,— деп түшүндүргөн (Марк 14:23, 24). Чөйчөктүн ичинде эмне болгон? Анын ичинде ачытылбаган жүзүм ширеси эмес, ачытылган шарап болгон. Ыйык Жазмада шарап жөнүндө сөз жүргөндө, ал сөз жүзүмдүн ачытылбаган ширесин билдирбейт. Мисалы, ачытылган шараптан (жүзүм ширесинен эмес), Ыйса айткандай, «эски чанач» айрылат. Ыйсанын душмандары аны «шарап ичкенди жакшы көрөт» деп айыпташкан. Эгер ал шарап тек гана жүзүм ширеси болсо, алар Ыйсага андай айып тагышмак эмес (Матай 9:17; 11:19). Пасах майрамында шарап ичилчү. Ыйса да өзүнүн өлүмүн Эскерүү кечесин негиздегенде шарапты колдонгон.

16, 17. Эскерүү кечесине шараптын кайсы түрү ылайыктуу жана эмне үчүн?

16 Чөйчөктүн ичиндегини билдирген нерсеге, атап айтканда, Ыйсанын төгүлгөн канына кызыл шарап гана ылайыктуу символ болуп саналат. Ал өзү: «Бул — көптөр үчүн төгүлүп, жаңы келишимди беките турган Менин каным»,— деген. Ал эми элчи Петир: «Муундан муунга өтүп келе жаткан түйшүктүү жашоодон силер [майлангандар] жок болуп кетчү күмүш же алтын менен эмес, кемчиликсиз, таза Козунун — Машайактын кымбат баалуу каны аркылуу куткарылгандыгыңарды билесиңер»,— деп жазган (1 Петир 1:18, 19).

17 Ыйса Эскерүүнү негиздегенде, жүзүмдөн жасалган кызыл шарапты колдонгону шексиз. Бирок азыркы кызыл шараптардын айрымдары Ыйса колдонгон шараптай эмес, анткени алар спирт же бренди кошулуп, күчөтүлүп жасалат. Андан тышкары, аларга чөп-чар же татымал аралаштырылышы мүмкүн. Ыйсанын каны талапка жооп берерлик болгон соң, башка нерсенин кошундусу талап кылынган эмес. Ошондуктан портвейн, херес жана вермут сыяктуу шараптар Эскерүү кечесине ылайыктуу эмес. Эскерүүдө кант кошулбаган, күчөтүлбөгөн кызыл шарап колдонулушу керек. Ошондой эле колго жасалган, кант кошулбаган кызыл жүзүм шарабын, кызыл бургунди жана кларет сыяктуу шараптарды да колдонсо болот.

18. Эмне үчүн Ыйса Эскерүү кечесиндеги нан менен шарапты колдонуп керемет жасаган эмес?

18 Бул кечени негиздегенде, Ыйса керемет жолу менен ал символдорду өзүнүн денесине жана канына айландырып жиберген эмес. Адамдын денесин жеп, канын ичүү киши жегичтикке, Кудайдын мыйзамын бузгандыкка жатмак (Башталыш 9:3, 4; Лебилер 17:10). Ыйсанын денеси менен каны бүт бойдон өзүндө эле калган. Ал эврей календары боюнча ошол эле күнү, 14-нисанда, түштөн кийин денесин жеткилең курмандык катары берип, канын төккөн. Андыктан Эскерүүдө колдонулуучу нан менен шарап Машайактын денеси менен канын символдоштурат *.

Эскерүү кечеси — шериктештик тамактын учуру

19. Эскерүүдө колдонулуучу тарелканын же чөйчөктүн саны эмне үчүн бирден көп болушу мүмкүн?

19 Ыйса Эскерүү кечесин негиздегенде ишенимдүү элчилерине бир эле чөйчөктү сунган. Матайдын Инжилинде: «Чөйчөктү алып, Кудайга ыраазычылык келтирген да, аны шакирттерине узатып жатып, мындай деген: „Баарыңар мындан ичкиле“»,— деп айтылат (Матай 26:27). Бир нече эмес, бир эле чөйчөктү колдонуу эч кыйынчылык туудурган эмес, анткени ал кечеде символдордон 11 эле адам кабыл алган жана болжолу, алар бир эле үстөлдү тегеректеп отурушкандыктан, бири-бирине чөйчөктү оңой узата алышкан. Бул жылы дүйнө жүзү боюнча Жахабанын Күбөлөрүнүн 94000ден ашуун жыйналыштарына миллиондогон адамдар Эгенин кечки тамагы аземин белгилөө үчүн чогулат. Бир эле кечте белгилене турган бул аземге ушунча көп адам келе тургандыктан, болжолу, баарынын бир чөйчөктү колдонушу мүмкүн эместир. Бирок ошол эле принцип сакталып, чоң жыйналыштарда символдун тийиштүү убакыттын ичинде колдон колго өткөрүлүп чыгышы үчүн бир нече чөйчөк колдонулат. Ошо сыяктуу эле, нанга да бир нече тарелка колдонууга болот. Ыйык Жазмада чөйчөктүн же идиштин кандайдыр бир өзгөчө болушу керектиги жөнүндө эчтеке айтылбайт. Ошентсе да чөйчөк менен тарелкадан аземдин олуттуулугу чагылдырылып турушу керек. Колдон колго өтүп жатканда, шарап төгүлүп кетпеши үчүн, чөйчөктүн бир аз бөксө болгону абзел.

20, 21. Эмне үчүн биз Эскерүү кечесин шериктештик тамактын учуру деп айта алабыз?

20 Нан салынган тарелканын жана шарап куюлган чөйчөктүн саны бирден көп болсо да, Эскерүү кечеси — шериктештик тамактын учуру. Байыркы Ысрайылда адам Кудайдын ыйык жайына курмандыкка мал алып келүү менен шериктештик тамак бере алган. Союлган жандыктын бир бөлүгү курмандык чалынуучу жайда өрттөлчү, бир бөлүгү — ыйык кызмат кылуучуга, дагы бир бөлүгү Арундун ыйык кызмат кылуучу уулдарына берилчү. Бул тамакка курмандык алып келген адам да үй-бүлөсү менен үлүштөш болчу (Лебилер 3:1—16; 7:28—36). Эскерүү кечеси да шериктештик тамактын учуру болуп саналат, анткени ал башкалардын үлүштөш болушу менен өткөрүлөт.

21 Жахаба бул шериктештик тамакка аземдин Жаратманы катары катышат. Ыйса — курмандык, ал эми анын майланган жолдоочулары — үлүштөштөр катары символдордон ооз тийгендер. Алардын Жахабанын үстөлүнөн тамак жеши аны менен тынчтыкта экенин билдирет. Ошондуктан Пабыл: «Теңирге ыраазычылык келтирүү менен ыраазычылык чөйчөгүнөн ичкенде, биз Машайактын канына үлүштөш болуп жаткан жокпузбу? Нан сындырып жегенде, биз Машайактын денесине үлүштөш болуп жаткан жокпузбу? Нан бирөө, бардыгыбыз биригип бир денебиз, анткени бардыгыбыз бир нандан жеп жатабыз»,— деп жазган (1 Корунттуктарга 10:16, 17).

22. Эскерүү кечесине байланыштуу дагы кайсы суроолорду карап чыгышыбыз зарыл?

22 Эгенин кечки тамагы — Жахабанын Күбөлөрү бир жылда бир жолу белгилеген жалгыз диний майрам. Мунун жөнү бар, анткени Ыйса өзүнүн жолдоочуларына: «Мени эскериш үчүн муну ар дайым кыла жүргүлө»,— деп буюрган. Эскерүү кечесинде биз Ыйсанын өлүмүн, Жахабанын эгедерлигин жактаган өлүмдү, эскеребиз. Жогоруда айтылгандай, бул шериктештик тамакта нан — Машайактын курмандыкка чалынган адамдык денесин, ал эми шарап анын төгүлгөн канын символдоштурат. Бирок ал нан менен шараптан саналуу гана адамдар ооз тиет. Эмне үчүн? Символдордон ооз тийбей турган миллиондогон адамдар үчүн Эскерүү кечеси кандай мааниге ээ? Эгенин кечки тамагы сен үчүн эмнени билдириши керек?

[Шилтемелер]

^ 18-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жазманы түшүнүү» (англ.) эмгегинин 2-томунун 271-бетин карагыла.

Кандай жооп айтасыңар?

• Ыйса Эгенин кечки тамагы аземин эмне үчүн негиздеген?

• Эскерүү кечеси бир жылда канча жолу белгилениши керек?

• Эскерүүдөгү ачытылбаган нан эмнени билдирет?

• Эскерүүдөгү шарап эмнени символдоштурат?

[Изилдөө суроолору]

[11-беттеги сүрөт]

Ыйса Эгенин кечки тамагы аземин негиздеген.