Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эгенин кечки тамагы сен үчүн эмнени билдирет?

Эгенин кечки тамагы сен үчүн эмнени билдирет?

Эгенин кечки тамагы сен үчүн эмнени билдирет?

«Ким татыксыз түрдө бул нандан жесе жана Теңирдин [«Эгенин», ЖД] чөйчөгүнөн ичсе, ал Теңирдин [«Эгенин», ЖД] Денесине жана Канына каршы күнөө кылган болот» (1 Корунттуктарга 11:27).

1. 2003-жылдын эң маанилүү аземи кайсы жана ал кайдан келип чыккан?

УШУЛ 2003-жылдын эң маанилүү аземи 16-апрелде күн баткандан кийин өткөрүлөт. Ал убакта Жахабанын Күбөлөрү Машайактын өлүмүн Эскерүү кечесин белгилөө үчүн чогулушат. Мурунку макалада айтылгандай, Эгенин кечки тамагы деп да аталган бул майрамды Ыйса өзүнүн элчилери менен б.з. 33-жылынын 14-нисанындагы Пасахты белгилегенден кийин негиздеген. Эскерүү кечесиндеги символдор — ачытылбаган нан менен кызыл шарап — Ыйсанын күнөөсүз денесин жана төгүлгөн канын билдирет. Тукум кууп өткөн күнөөдөн жана өлүмдөн адамзатты бир гана ошол курмандык куткара алат (Римдиктерге 5:12; 6:23).

2. 1 Корунттуктарга 11:27де кандай эскертүү берилет?

2 Эскерүүдөгү символдордон ооз тие тургандар алардан татыктуу түрдө ооз тийиши керек. Бул жөнүндө элчи Пабыл байыркы Корунттагы, Эгенин кечки тамагы тийиштүү түрдө белгиленбей келген шаардагы, Ыйсанын жолдоочуларына жазган катында айкын билдирген (1 Корунттуктарга 11:20—22). «Ким татыксыз түрдө бул нандан жесе жана Теңирдин [«Эгенин», ЖД] чөйчөгүнөн ичсе, ал Теңирдин [«Эгенин», ЖД] Денесине жана Канына каршы күнөө кылган болот»,— деп жазган Пабыл (1 Корунттуктарга 11:27). Бул сөздөр эмнени билдирет?

Айрымдар татыксыз белгилешкен

3. Ыйсанын Корунттагы көп жолдоочулары Эгенин кечки тамагын белгилөөдө өздөрүн кандай алып жүрүшкөн?

3 Ыйсанын Корунттагы көп жолдоочулары Эскерүүнү татыксыз белгилешкен. Алардын арасында ич ара бөлүнүүлөр орун алган жана айрым учурларда кээ бирөөлөр өздөрүнүн тамагын көтөрө келип, аны жолугушуунун алдында же учурунда жешкен. Көп учурда өтө көп жеп, өтө көп ичишкен. Алар акыл-эс жагынан да, рухий жактан да сергек болушкан эмес. Ошентип, Эгенин «Денесине жана Канына каршы күнөө кылышкан». Ал эми тамактанбай келгендер ачка болуп, алаксый беришкен. Ооба, көптөр символдордон урмат-сый тутпай жана аземдин канчалык олуттуу экенин толук түшүнбөй ооз тийишкен. Ошондуктан алардын өздөрүн өздөрү айыптуу кылганы таң калыштуу эмес! (1 Корунттуктарга 11:27—34).

4, 5. Эскерүүдөгү символдордон ооз тийип жүргөндөр өздөрүн эмне себептен текшериши зарыл?

4 Символдордон ооз тийип жүргөндөр жыл сайын Эскерүү кечеси жакындаганда өздөрүн текшерип турушу зарыл. Шериктештик тамакка татыктуу түрдө катышуу үчүн, алар рухий жактан жакшы абалда болушу керек. Ыйсанын курмандыгына урмат көрсөтпөгөн же жек көрүү менен мамиле кылган ар бир адам, шериктештик тамактан таза эмес болуп турганында жеген ысрайылдык сыяктуу эле, Кудайдын «элинин арасынан жок кылынуу» коркунучуна дуушар болот (Лебилер 7:20; Эврейлерге 10:28—31).

5 Пабыл Эскерүүнү байыркы Ысрайылдагы шериктештик тамакка салыштырган. Ал Машайакка үлүштөш болгондор жөнүндө сөз кылган соң: «Силер бир эле учурда Теңирдин да, жиндердин да чөйчөгүнөн иче албайсыңар. Силер бир эле учурда Теңирдин да, жиндердин да дасторконунан тамактана албайсыңар»,— деген (1 Корунттуктарга 10:16—21). Эгер Эскерүүдөгү символдордон ооз тийип жүргөн адам олуттуу күнөө жасаса, ал Жахабанын алдында күнөөсүн мойнуна алып, жыйналыштагы аксакалдардан рухий жардам издеши керек (Накыл сөздөр 28:13; Жакып 5:13—16). Ал чын дилинен өкүнүп, өкүнүчүнө жараша жемиш берсе, символдордон татыксыз ооз тийген болбойт (Лука 3:8).

Сый көргөзгөн байкоочулар катары катышуу

6. Эгенин кечки тамагынан ооз тийүү артыкчылыгын Кудай кимдерге ыйгарган?

6 Машайактын 144000 бир тууганынын калдыгына жакшылык кылып келаткандар Эгенин кечки тамагынан ооз тийиши керекпи? (Матай 25:31—40; Аян 14:1). Жок. Кудай ал артыкчылыкты анын ыйык руху менен майланып, «Машайак менен мурасташ» боло турган адамдарга ыйгарган (Римдиктерге 8:14—18; 1 Жакан 2:20). Анда Падышалык башкаруунун тушунда жердеги бейиште түбөлүк жашоого үмүтү барлар эмне кылышат? (Лука 23:43; Аян 21:3, 4). Алар асманда жашоого үмүттөнбөгөндүктөн жана Ыйсанын мурасташтары болбогондуктан, Эскерүү кечесине сый көргөзгөн байкоочулар катары катышышат (Римдиктерге 6:3—5).

7. Ыйсанын I кылымдагы жолдоочулары Эскерүүдөгү символдордон ооз тийиши керектигин кантип билишкен?

7 Биринчи кылымда Ыйсанын чыныгы жолдоочулары ыйык рух менен майланышкан. Алардын көптөрү рухтун башка тилдерде сүйлөө сыяктуу кереметтүү белектеринин бирин же андан көбүн колдоно алышкан. Ошондуктан мындай адамдарга өздөрүнүн рух менен майланганын жана Эскерүүдөгү символдордон ооз тийиши керектигин билүү кыйынга турган эмес. Ал эми азыркы убакта адам рух менен майланганын Кудайдан шыктандырылган төмөнкү сөздөрдүн негизинде биле алат: «Кудайдын рухунун жетеги менен жүргөндөрдүн баары — Кудайдын балдары. Себеби силер кайрадан коркунуч менен жашоо үчүн кулдуктун рухун кабыл алган жоксуңар, тескерисинче, Кудайдын баласы кылган Рухту кабыл алдыңар. Ошол Рух аркылуу: „Абба! Ата!“ — деп чакырабыз» (Римдиктерге 8:14, 15).

8. Матай китебинин 13-бабында сөз кылынган «буудай» жана «отоо чөптөр» кимдерди билдирет?

8 Кылымдар бою чыныгы майлангандар жалган христиандарды билдирген «отоо чөптөрдүн» арасында «буудай» катары өсүп келишкен (Матай 13:24—30, 36—43). 1870-жылдардан тартып «буудай» барган сайын айкын көрүнө баштаган. Ошондуктан бир канча жылдан кийин Ыйсаны жолдогон майланган көзөмөлчүлөргө мындай көрсөтмө берилген: «Аксакалдар тарабынан... [Эскерүүгө] чогулгандарга төмөнкүдөй талаптар коюлушу керек: 1) [Машайактын] канына ишенүү; 2) Эгеге жана анын кызматына арналуу (өлгөнгө дейре). Анан алар ушуга көңүлдөнгөндөрдүн жана Эгенин өлүмүн чогуу белгилөөгө арналгандардын баарын чакырышы керек» («Жазманы изилдөө», 6-том, англ.; «Жаңы жаратуу», 473-бет, англ.) *.

«Башка койлорду» издөө

9. «Эбегейсиз көп адамдардын» ким экени 1935-жылы кантип айкындалган жана Эскерүүдөгү символдордон ооз тийип келгендердин кээ бирлерине бул кандай таасир эткен?

9 Кийинчерээк Жахабанын уюму Машайактын майланган жолдоочуларынан башка адамдарга да көңүл бура баштаган. Буга байланыштуу 1930-жылдардын ортосунда жакшы өсүш болгон. Ага чейин Аян 7:9да айтылган «эбегейсиз көп адамдар», Машайактын колуктусунун курдаштары же шериктери сыяктуу, асманга тирилтилген 144 000 майланганга пикирдеш боло турган экинчи даражадагы рухий топко кирген адамдар деп эсептелген (Забур 44:15, 16; Аян 7:4; 21:2, 9). Бирок 1935-жылдын 31-майында Жахабанын Күбөлөрүнүн Вашингтондо (АКШ) өткөн жыйынында Ыйык Жазманын негизинде «эбегейсиз көп адамдар» акыркы мезгилде жашап жаткан «башка койлор» экени түшүндүрүлгөн (Жакан 10:16). Ошол жыйындан кийин Эскерүүдөгү символдордон ооз тийип жүргөндөрдүн кээ бирлери алардын үмүтү асманга эмес, жерге байланыштуу экенин түшүнүп, символдордон ооз тийбей калышкан.

10. Бүгүнкү күндөгү «башка койлор» кандай үмүткө жана жоопкерчиликтерге ээ?

10 Ыйсанын курмандыгына ишенген, Кудайга арналган жана Падышалык жөнүндө кабар айтуу ишинде майланган «кичине оторду» колдогон «башка койлордун» тобуна кирчүлөр, айрыкча, 1935-жылдан тартып чогултула баштаган (Лука 12:32, ЖД). Бул башка койлор жер бетинде түбөлүк жашоого үмүттөнүшөт, бирок калган жактарынан алар Падышалыктын мурасчыларынын бүгүнкү калдыгына окшош. Байыркы Ысрайылда Жахабага табынган жана Мыйзамга баш ийген келгиндерге окшоп, бүгүнкү күндөгү башка койлор рухий Ысрайылдын мүчөлөрү менен бирге жакшы кабарды таратуу сыяктуу жоопкерчиликтерди аткарышууда (Галаттыктарга 6:16). Бирок, эч бир келгин Ысрайылдын падышасы же ыйык кызмат кылуучу боло албаган сыяктуу эле, бул башка койлордун эч кимиси асман Падышалыгында бийлик жүргүзө албайт же ыйык кызмат кылуучу болуп кызмат кыла албайт (Мыйзам 17:15).

11. Адамдын Кудайга качан арналгандыгынын анын үмүтү менен кандай байланышы болушу мүмкүн?

11 Демек, 1930-жылдары, жалпы жонунан, асман тобуна кирүүчүлөрдүн тандалып бүткөнү бара-бара айкын боло берген. Андан бери ондогон жылдар бою жерде жашоого үмүтү бар башка койлор чогултулуп келет. Эгер майлангандардан кимдир бирөө ишенимсиз болуп калса, 144 000дин арасындагы бош орунду толукташ үчүн, анын ордуна башка койлордун ичинен Кудайга көп мезгилден бери ишенимдүү кызмат кылып келген адам чакырылышы толук ыктымал.

Жаңылыш божомолдоолор

12. Эскерүүдөгү символдордон ооз тийгенин адам кандай жагдайда токтотушу керек жана эмне үчүн?

12 Ыйсанын майланган жолдоочулары өздөрүнүн асманга чакырылганына эч шектенишпейт. Бирок асманга чакырылбагандардын кээ бирлери Эскерүүдөгү символдордон ооз тийип жүргөн болсочу? Албетте, алар асман үмүтүнө ээ эмес экенин түшүнгөн соң, абийирлеринин түрткүсү менен символдордон ооз тийбей калышат. Асманда падыша жана ыйык кызмат кылуучу болууга чакырылбаганын билип туруп, өзүн ошондой көрсөткөн адам Кудайдын жактыруусуна ээ болбойт (Римдиктерге 9:16; Аян 20:6). Жахаба леби Коракты менменсинип Арундун ыйык кызмат кылуучулук абалына умтулганы үчүн өлүм менен жазалаган (Чыгуу 28:1; Сандар 16:4—11, 31—35). Эгерде Ыйсанын жолдоочуларынан кимдир бирөө Эскерүүдөгү символдордон жаңылыштык менен ооз тийип жүргөнүн түшүнсө, андан ары ооз тийгенин токтотуп, момундук менен Жахабадан кечирим издеп тилениши керек (Забур 18:14).

13, 14. Эмне үчүн айрымдар жаңылыштык менен өздөрүн асманга чакырылганмын деп божомолдошу мүмкүн?

13 Эмне үчүн айрымдар жаңылыштык менен өздөрүн асманга чакырылганмын деп божомолдошу мүмкүн? Аларга жубайынын каза болушунан же башка бир кайгылуу окуядан улам жердеги жашоо кызыксыз көрүнүп калышы ыктымал. Же болбосо, алар өзүн Ыйсанын майланган жолдоочусу деп атаган жакын досунукундай үмүткө ээ болууну каалашы мүмкүн. Албетте, Кудай бул артыкчылыкка башкаларды чакырууга эч кимди дайындаган эмес. Ошондой эле ал Падышалыктын мураскорлоруна алардын майланганы жөнүндө асмандан үн угузуп кабар бербейт.

14 Кээ бирөөлөрдү болсо жакшы адамдардын баары асманга барат деген диний жалган түшүнүк асманга чакырылгам деген ойго түртүшү ыктымал. Ошондуктан биз мурунку туура эмес көз караштарыбыздын же башка факторлордун таасирине алдыруудан этият болушубуз керек. Мисалы, кээ бирөөлөр өздөрүнөн: «Мен сезимдерди козгогон дары-дармектерди колдонбоймбу? Ички сезимдеримдин таасири менен туура эмес жыйынтык чыгарып алууга ийкемдүү эмесминби?» — деп сурап көрсө болот.

15, 16. Эмне үчүн кээ бирөөлөр асманга чакырылгам деп туура эмес тыянак чыгарышы мүмкүн?

15 Айрымдар өздөрүнө: «Белгилүү болууну каалап жаткан жокмунбу? Азыркы учурда жыйналышта бийликке ээ болууга же келечекте Машайакка мурасташ болууга умтулуп жаткан жокмунбу?» — деген суроолорду берип көргөнү жөндүү. I кылымдагы жыйналышта Падышалыктын мураскорлору болууга чакырылгандардын баары эле жоопкерчиликтүү абалга ээ болгон эмес. Ошондой эле асманга чакырылган адамдар өздөрүнө атак-даңк издешпейт же майлангандардан болгонуна мактанышпайт. «Машайактын акылына» ээ болгондор катары алар момундук көрсөтүшөт (1 Корунттуктарга 2:16).

16 Кээ бирөөлөр Ыйык Китептен кеңири билим алгандыктан асманга чакырылгам деп тыянак чыгарышы мүмкүн. Бирок майлангандар рух менен майланганда адаттан тыш түшүнүккө ээ болуп калышпайт. Алсак, Пабыл майлангандардын айрымдарына насаат айткан, кеңеш берген (1 Корунттуктарга 3:1—3; Эврейлерге 5:11—14). Кудай рухий тамак менен бүт элин бирдей камсыз кылат (Матай 24:45—47). Ошондуктан Ыйсанын майланган жолдоочусу болуу аны жерде жашоого үмүттөнгөндөрдүкүнөн артыгыраак акылмандыкка ээ кылат деп ойлобошубуз керек. Ыйык Китепке байланышы бар суроолорго жооп берүүгө, кабар айтууга же ыйык китептик сөз сүйлөөгө шыктуу болушу адамдын рух менен майланганын билдирбейт. Ыйсанын жерде жашоого үмүттөнгөн жолдоочуларынын арасында да бул жактардан дасыккандар бар.

17. Рух менен майлануу эмнеден жана кимден көз каранды?

17 Эгер кайсы бир ишенимдештин асманда жашоого байланыштуу суроолору болсо, аны менен бул маселени жыйналыштын аксакалы же башка бир жетилген бир тууган талкуулай алат. Бирок буга байланыштуу чечимди бир адам экинчи бир адам үчүн чыгара албайт. Чыны менен эле асманда жашоого чакырылган адам өзүнүн андай үмүтү бары-жогу тууралуу башкалардан суроого муктаж эмес. Майлангандар «чирий турган уруктан эмес, чирибей турган, Кудайдын түбөлүк кала тарган тирүү Сөзү аркылуу кайрадан төрөлүшөт» (1 Петир 1:23). Кудай «урукту» өзүнүн руху жана Сөзү аркылуу эгип, адамды асманда жашоого үмүтү бар «жаңы адам» кылат (2 Корунттуктарга 5:17). Ошондой эле майлангандарды Жахаба өзү тандайт. Рух менен майлоо «адамдын каалоосуна, аракетине байланыштуу эмес, ырайым кылчу Кудайдын Өзүнө байланыштуу» (Римдиктерге 9:16). Анда адам асманга чакырылганына кантип ынана алат?

Эмне үчүн шектенишпейт?

18. Кудайдын руху майлангандардын рухуна кантип күбөлөндүрөт?

18 Ыйсанын майланган жолдоочуларын асманга үмүтү бар экенине Кудайдын руху күбөлөндүрүп ынандырат. «Силер... Кудайдын баласы кылган Рухту кабыл алдыңар,— деп жазган Пабыл.— Ошол Рух аркылуу „Абба! Ата!“ — деп чакырабыз. Ошол Рухтун Өзү биздин рухубузга Кудайдын балдары экенибизди күбөлөндүрүп жатат. Эгерде балдары болсок, анда мурасчылары да болобуз. Машайак менен бирге даңкталыш үчүн, Аны менен бирге азап тартып жатсак, анда Кудайдын мурасчыларыбыз, Машайак менен мурасташпыз» (Римдиктерге 8:15—17). Майлангандардын руху, башкача айтканда, алардын басымдуулук кылган маанайы, ыйык рухтун таасири менен Ыйык Жазмадагы Жахабанын рухий балдары жөнүндөгү билдирүүлөрдүн өздөрүнө карата айтылганын түшүнүүгө жардам берет (1 Жакан 3:2). Кудайдын руху аларга Кудайдын балдары экенин сездиртет жана жүрөктөрүнө өзгөчө үмүт салат (Галаттыктарга 4:6, 7). Албетте, жакындары менен досторунун арасында жеткилең адамдардан болуп жерде түбөлүк өмүр сүрүү эң сонун болмок, бирок алардын Кудайдан алган үмүтү башка. Кудай өзүнүн руху аркылуу майлангандарга асманда жашоого ушунчалык күчтүү үмүт бергендиктен, алар жер бетинде жашоого болгон каалоодон жана жүрөктөрүнө кымбат болгондун баарынан кечүүгө даяр (2 Корунттуктарга 5:1—5, 8; 2 Петир 1:13, 14).

19. Ыйсанын майланган жолдоочуларынын жашоосунда жаңы келишим кандай роль ойнойт?

19 Ыйсанын майланган жолдоочулары өздөрүнүн асманга болгон үмүтүнө, жаңы келишимге кабыл алынышканына шек санашпайт. Ыйса бул жөнүндө Эскерүү кечесин негиздегенде сөз кылып: «Бул чөйчөк — силер үчүн төгүлө турган Менин каным менен бекитиле турган жаңы келишим»,— деп айткан (Лука 22:20). Жаңы келишимге Кудай жана майлангандар кирет (Жеремия 31:31—34; Эврейлерге 12:22—24). Ыйса болсо — арачы. Жаңы келишим Машайактын төгүлгөн каны аркылуу ишке киргизилгенде, Жахабанын ысымы үчүн жүйүттөрдөн эле эмес, бардык элдерден эл жаратылып, алар Ыбрайымдын «урпактарынын» бир бөлүгүн түзүп калышкан (Галаттыктарга 3:26—29; Элчилер 15:14). Бул «түбөлүк келишимдин» аркасы менен рухий ысрайылдыктардын баары асмандагы өлбөс-өчпөс жашоого тирилтилишет (Эврейлерге 13:20).

20. Майлангандар Машайак менен кандай келишимге киришет?

20 Майлангандар өздөрүнүн үмүтүнө шек санашпайт. Алар дагы бир келишимге, Падышалык келишимге, киришет. Ыйса алардын өзүнө ортоктош болору тууралуу мындай деген: «Мен сыноого кабылган учурларда силер жанымда болдуңар. Атам мени менен келишим түзгөндөй, мен да силер менен Падышалык үчүн келишим түзөм» (Лука 22:28—30, ЖД). Ыйса менен анын кошо падышалык кылуучуларынын ортосундагы бул келишим түбөлүккө күчүндө болот (Аян 22:5).

Эскерүү кечеси өтө турган убак — баталуу убак

21. Эскерүү кечеси өтө турган убактан биз кандай чоң пайда алсак болот?

21 Эскерүү кечеси өтө турган убак көп баталар менен коштолот. Биз ошол убакка пландаштырылган Ыйык Китепти окуу программасынан пайда алсак болот. Ошондой эле ал убак тиленүү үчүн, Ыйсанын жердеги жашоосу жана өлүмү жөнүндө ой жүгүртүү үчүн, Падышалык тууралуу кабар айтуу ишине катышуу үчүн өзгөчө ылайыктуу учур болуп саналат (Забур 76:13; Филипиликтерге 4:6, 7). Майрамдоонун өзү болсо Ыйсанын куткаруу курмандыгы менен көрсөтүлгөн Кудайдын жана Машайактын сүйүүсүн эсибизге түшүрөт (Матай 20:28; Жакан 3:16). Ыйсанын курмандыгы бизге үмүт менен жубатуу берет жана андан ары да анын жолу менен жүрүүгө чечкиндүү болушубузга жардам берет (Чыгуу 34:6; Эврейлерге 12:3). Ошондой эле Эскерүү бизди Кудайдын кызматчылары катары арналуубузга ылайык жашоого жана анын сүйүктүү Уулунун ишенимдүү жолдоочулары болууга бекемдеши керек.

22. Кудайдын адамзатка берген эң зор белеги кайсы жана ал үчүн ыраазылык көрсөтүүнүн бир жолу кайсы?

22 Жахаба бизге кандай сонун белектерди берип жатат! (Жакып 1:17). Биз анын Сөзүнүн жетекчилигине, рухунун жардамына жана түбөлүк жашоо үмүтүнө ээбиз. Кудайдын эң зор белеги — майлангандардын жана ишеним көрсөткөндөрдүн баарынын күнөөлөрү үчүн берилген Ыйсанын курмандыгы (1 Жакан 2:1, 2). Ошондуктан Ыйсанын өлүмү сен үчүн канчалык кымбат? Ал үчүн ыраазылык көрсөтүп, сен 2003-жылдын 16-апрелинде күн баткандан кийин Эгенин кечки тамагы аземин белгилөө үчүн чогула тургандардын арасында болосуңбу?

[Шилтемелер]

^ 8-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган, бирок азыр чыгарылбайт.

Кандай жооп айтасыңар?

• Эскерүүдөгү символдордон кимдер ооз тийиши керек?

• Эмне үчүн Эгенин кечки тамагы аземине «башка койлор» сый көргөзгөн байкоочулар катары гана катышышат?

• Ыйсанын майланган жолдоочулары анын өлүмүн Эскерүү кечесинде нан менен шараптан ооз тийүү керектигин кантип билишет?

• Эскерүү өтө турган убак эмне кылууга ылайыктуу учур болуп саналат?

[Изилдөө суроолору]

[14-беттеги сүрөт]

Бул жылы сен Эгенин кечки тамагы аземине катышасыңбы?

[17-беттеги сүрөт]

Эскерүү кечеси өтө турган убак — Ыйык Китепти кошумча окууга жана Падышалык тууралуу кабар айтууга ылайыктуу учур.