Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Бардык адамдарга бүт жооштук менен» мамиле кылгыла

«Бардык адамдарга бүт жооштук менен» мамиле кылгыла

«Бардык адамдарга бүт жооштук менен» мамиле кылгыла

«Аларга... бардык адамдарга бүт жооштук менен мамиле кылып, эстүү болуу керектигин эскертип тур» (Титке 3:1, 2, ЖД).

1. Жооштук көрсөтүү эмне үчүн дайыма эле оңойго тура бербейт?

«МЕН Машайактан үлгү алгандай эле, силер да менден үлгү алгыла»,— деп жазган элчи Пабыл (1 Корунттуктарга 11:1). Бүгүн бул чакырыкка ылайык иш кылууга Кудайдын кызматчыларынын баары умтулушу керек. Бирок бул оңой эмес, анткени биз түпкү ата-энебизден Машайактын үлгүсүнө ылайык келбеген өзүмчүл каалоолорду жана кулк-мүнөздү мурастап калганбыз (Римдиктерге 3:23; 7:21—25). Ошентсе да жооштук көрсөтүүгө күч-аракет жумшоонун аркасында баарыбыз ийгиликке жете алабыз. Бирок өзүбүздүн күчүбүзгө эле таянуу жетишсиздик кылат. Анда дагы эмне зарыл?

2. Канткенде биз «бардык адамдарга бүт жооштук» менен мамиле кыла алабыз?

2 Кудайга жагарлык жооштук ыйык рухтун жемишине кирет. Кудайдын иш-аракеттүү күчүнүн жетегине канчалык көбүрөөк баш ийсек, анын жемиши ошончолук көбүрөөк байкалат. Ошондо гана биз бардык адамдарга «бүт жооштук» менен мамиле кыла алабыз (Титке 3:2). Келгиле, канткенде Ыйсанын үлгүсү боюнча жашап, тегеректегилерибиздин «жанын сергите» аларыбызды карап көрөлү (Матай 11:29, ЖД; Галаттыктарга 5:22, 23).

Үй-бүлөдө

3. Дүйнөнүн рухун үй-бүлөдөгү кандай абал чагылдырып турат?

3 Жооштук сапаты зарыл болгон чөйрөлөрдүн бири — үй-бүлө. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсеби боюнча, аялдардын денсоолугуна жол кырсыгы менен безгек оорусуна караганда (экөөн кошо алганда) үй-бүлөдөгү зомбулук көбүрөөк коркунуч туудурат. Мисалы, Лондондо (Англия) катталган зомбулуктуу кылмыштардын төрттөн бир бөлүгү үй-бүлөдө жасалат. Полиция кызматкерлери сезимдерин «кыйкырык, заар тил» менен билдирген адамдарды көп кезиктирчү болду. Андан да жаманы, кээ бир түгөйлөр, «кыжырга» алдырып, мамилелерин бузуп алышууда. Мунун баары «бул дүйнөнүн рухунун» кейиштүү кесепетин чагылдырып турат. Бирок Ыйсанын жолдоочуларынын үй-бүлөлөрүндө андай нерселерге жол берилбеши керек (Эфестиктерге 4:31; 1 Корунттуктарга 2:12).

4. Жооштук сапаты үй-бүлөгө кандай таасир эте алат?

4 Дүйнөнүн таасирине каршы туруу үчүн, биз Кудайдын рухуна муктажбыз. «Теңирдин Руху болгон жерде эркиндик» бар (2 Корунттуктарга 3:17). Сүйүү, боорукердик, өзүн-өзү башкара билүү жана эбегейсиз чыдамдуулук жеткилеңсиз жарлардын биримдигин чыңдайт (Эфестиктерге 5:33). Жоош мүнөз үйдөгү абалдын чыңалышына жол бербей, нечендеген үй-бүлөлөрдү уратып жаткан араздашууга жана чыр-чатакка бөгөт коёт. Адамдын кандай сөздөрдү колдонгону, албетте, маанилүү, бирок аларды кандай тон менен айтканы анын пейил-маанайынан кабар берет. Тынчсыздануубузду же кайгы-капабызды жооштук менен билдиргенибиз абалдын чыңалуусун солгундатат. Акылман Сулайман падыша: «Момундук менен айтылган жооп каарды токтотот, ал эми кордогон сөз ачууну козгойт»,— деп жазган (Накыл сөздөр 15:1).

5. Жооштук дин жагынан бөлүнгөн үй-бүлөлөргө кандай жардам бере алат?

5 Жооштук көрсөтүү дин жактан бөлүнгөн үй-бүлөлөр үчүн өзгөчө маанилүү. Жакшы иштер менен коштолгон бул сапат каршы маанайдагы адамдын Жахабага кайрылышына өбөлгө түзө алат. Ыйсаны жолдогон аялдарга Петир мындай кеңеш берген: «Силер да күйөөңөргө баш ийгиле. Кимиңердин күйөөңөр Кудайдын сөзүнө баш ийбесе, ал силердин таза, Кудайдан корккон жашооңорду көрүп, силердин сөзүңөр аркылуу эмес, жүрүш-турушуңар аркылуу Кудайга баш ийгидей болсун. Жасалгаңар сырткы кооздуктар болуп эсептелген: өрүлгөн чач, алтын жасалга, жакшы кийим эмес, Кудай алдында кымбат баалуу эсептелген, жүрөктө сакталган, өтүп кеткис, момун жана жоош рух болсун» (1 Петир 3:1—4).

6. Кандайча жооштук көрсөтүү ата-эне менен балдардын ортосундагы байланышты чыңдай алат?

6 Айрыкча, эгер үй-бүлөдө Жахабага болгон сүйүү жок болсо, ата-эне менен балдар бири-бири менен начар мамиледе болушу мүмкүн. Бирок Ыйсанын жолдогон үй-бүлөлөрдүн бардык мүчөлөрү бири-бирине жооштук менен мамиле кылышы керек. Пабыл аталарга: «Аталар, силер да балдарыңарды кыжырдантпагыла, аларды Теңирдин үйрөтүүсү жана акыл-насааты менен тарбиялагыла»,— деп кеңеш айткан (Эфестиктерге 6:4). Жооштук үй-бүлөдө кеңири чагылдырылса, ата-эне менен балдардын ортосундагы ынактык ого бетер чыңдалат. Үй-бүлөдөгү беш баланын бири болгон Дин атасын мындайча эскерет: «Атам мүнөзү жоош киши эле. Экөөбүздүн качандыр бир талашып-тартышканыбыз эсиме келбейт. Атүгүл өспүрүм кезимде да чатакташкан эмеспиз. Ал эч качан жооштугунан жазбачу, ачууланып турганда да өзүн кармай билчү. Кээде жазалоо максатында мени өзүмдүн бөлмөмө жөнөтүп жиберчү же жакшы көргөн нерселеримди кылууга уруксат бербей койчу, бирок талашып-тартышуу деген экөөбүздүн ортобузда эч качан болгон эмес. Ал бизге ата эле эмес, дос дагы болчу. Ошондуктан биз анын көңүлүн калтыргыбыз келчү эмес». Ооба, жооштук ата-эне менен балдардын ортосундагы байланышты чыңдоого жардам берет.

Кабар айтуу кызматында

7, 8. Кабар айтуу кызматында жооштук көрсөтүү эмнеге маанилүү?

7 Жооштук сапаты кабар айтуу кызматында да маанилүү роль ойнойт. Башкаларга Падышалыктын жакшы кабарын таратууда биз ар кандай мүнөздөгү адамдарды жолуктурабыз. Биз тараткан үмүт кабарын кээ бирөөлөр кубаныч менен угушат. Башкалар ар кандай себептерден улам начар кабыл алышат. Мына ушундай учурларда бизге жооштук сапаты дүйнө жүзүн күбөлөндүрүүгө байланышкан тапшырмабызды аткарууга зор жардам берет (Элчилер 1:8; 2 Тиметейге 4:5).

8 Элчи Петир: «Машайакты жүрөгүңөрдө Теңир [«Эге», ЖД] катары ыйык туткула. Силердин үмүтүңөр жөнүндө айтып берүүнү сураган ар бир адамга момундук жана кичипейилдик менен жооп берүүгө дайым даяр болгула»,— деп жазган (1 Петир 3:15). Биз Машайакты жүрөгүбүздө Үлгү катары ардактагандыктан, кабар айтуу кызматында орой сүйлөгөн адамдарга жолукканда жооштук жана кичипейилдик менен жооп беребиз. Мунун аркасында биз көп учурда сонун натыйжаларга ээ болобуз.

9, 10. Кабар айтууда жооштук көрсөтүү маанилүү экени көргөзүлгөн окуяны айтып бергиле.

9 Эшик тыкылдаганда Кит үйдүн төр жагында эле. Эшикти аялы ачкан. Келген адам Жахабанын Күбөсү экенин билгенде, Киттин аялы ачууланып, балдарга ташбоор мамиле кыласыңар деп Күбөлөрдү айыптап кирген. Күбө аны унчукпай угуп, жооштук менен: «Мындай ойдо болгонуңузга өкүнүчтөмүн. Жахабанын Күбөлөрүнүн эмнеге ишенерин көрсөтүп берүүгө уруксат этесизби?» — деп сураган. Маекти угуп турган Кит эшиктин жанына басып келип, сөздү токтоткон.

10 Кийин жубайлар Күбөгө орой мамиле кылышканы үчүн өкүнүп калышкан. Анын жооштугу аларды таасирлентпей койбоптур. Күбө бир жумадан кийин кайра келгенде, Кит менен аялы таң калышат жана ал өзүнүн ишенимдерин Ыйык Жазманын негизинде түшүндүрүп бергенде кунт коюп угушат. Кийинчерээк алар: «Кийин биз эки жыл бою башка Күбөлөр менен да маектешип жүрдүк»,— дешкен. Алар Ыйык Китепти изилдөөгө макул болуп, акыр-аягы экөө тең Жахабага арналышканын билдирип чөмүлтүлүшкөн. Кит менен анын аялына биринчи болуп келген Күбө үчүн бул кандай кубаныч! Ал бул жубайларды бир нече жылдан кийин жолуктуруп, эми алар өзүнүн рухий биртуугандары экенин билген. Ооба, жооштук ийгиликке жеткирет.

11. Кандайча жооштук кимдир бирөөнүн чындыкты кабыл алышына жол ача алат?

11 Харолд аскердик кызматын өтөп келгенден кийин катаалданып, Кудайдын бар экенине шектенип калган эле. Ал аз келгенсип, бир мас айдоочунун айынан жол кырсыгына учурап, майып болуп калат. Үйүнө Жахабанын Күбөлөрү келгенде, Харолд алардын экинчи келбешин эскертет. Бирок бир күнү Билл аттуу Күбө Харолддун квартирасынан эки эшик нары жашаган кызыгуучуга келип, адашып Харолдун эшигин тыкылдатып алат. Харолд балдакчан келип эшикти ачканда, Билл кечирим сурап, башка эшикти тыкылдатып алганын түшүндүрөт. Буга Харолд эмне деген? Билл келгенге чейин Харолд сыналгыдан Күбөлөрдүн кыска мөөнөттүн ичинде жаңы Падышалык залын куруп биримдикте эмгектенип жатканын көргөн эле. Ошончо көп адамдын ынтымактуулугуна таасирленген Харолд Күбөлөргө карата көзкарашын өзгөрткөн. Биллдин сылык кечирим сураганы жана жооштук менен жагымдуу жооп бергени ага чоң таасир калтыргандыктан, Харолд Күбөлөр менен жолугушуп турууну чечкен. Ошентип, ал Ыйык Китепти изилдеп, ийгилик кылып, Жахабанын чөмүлтүлгөн кызматчыларынын катарына кошулган.

Жыйналышта

12. Жыйналыштын мүчөлөрү дүйнөгө таандык кандай терс көрүнүштөргө каршы турушу керек?

12 Жооштук көрсөтүү абдан зарыл болгон үчүнчү чөйрө — жыйналыш. Кагылышып-тирешүүлөр бүгүнкү коомдо кадимки нерсе болуп саналат. Жарышсөздөр, талаш-тартыштар жана араздашуулар жашоого дүйнөнүн көзкарашы менен карагандар үчүн боло жүргөн нерсеге айланды. Айрым учурларда дүйнөгө таандык мындай өзгөчөлүктөр Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышына таасирин тийгизип, теңтайлашууну жана айтыш-тартыштарды жаратат. Мындай кыйынчылыктарды чечүүгө келгенде, жоопкерчиликтүү биртуугандар кайгырбай коюшпайт. Ошентсе да Жахабага жана биртуугандарына болгон сүйүүнүн түрткүсү менен алар адашкандарды кайрып келүүгө аракеттенишет (Галаттыктарга 5:25, 26).

13, 14. «Жооштук менен насаат айтуу» кандай натыйжа бериши мүмкүн?

13 Биринчи кылымда жыйналыштагы айрым адамдар Пабыл менен анын шериги Тиметейге кыйынчылыктарды туудурушкан. Пабыл Тиметейди «сыйга урунулбаган» идиштердей болгон биртуугандардан этият болуу керектигин эскерткен. «Теңирдин кулуна урушуп-талашууга болбойт,— деп айткан Пабыл,— тескерисинче, ал бардыгына кичипейилдик менен [«жумшак», ЖД] мамиле кылуусу, үйрөтүүгө жөндөмдүү жана сабырдуу болуусу зарыл. Каршы чыккандарга момундук [«жооштук», ЖД] менен насаат айтышы керек». Кимдир бирөөлөр көкүткөндө да жооштугубуздан жазбасак, тескери ойдогулар, адатта, өздөрүнүн сын көзкарашын кайра карап чыгууга түрткү алышат. Ал эми Жахаба, Пабыл андан ары жазгандай, «чындыкты таанып билиши үчүн, аларды тобо кылдырар» (2 Тиметейге 2:20, 21, 24, 25). Пабылдын жумшактыкты жана сабырдуулукту жооштук менен байланыштырганын байкасаңар.

14 Пабыл өзү айткан кабарга ылайык жашаган. Ал Корунт жыйналышындагы «мыкты элчилерге» мамиле жасоодо биртуугандарын: «Араңарда жүргөндө момун, алыста жүргөнүмдө кайраттуу деп эсептелинген мен, Пабыл, Машайактын момундугу жана ырайымдуулугу менен силерден өтүнөм»,— деп үндөгөн (2 Корунттуктарга 10:1; 11:5). Пабыл чыны менен эле Машайактан үлгү алчу. Анын ошол биртуугандарына «Машайактын момундугу» менен кайрылганына көңүл бурсаңар. Ошентип, ал өкүмчүл, өктөм маанайдан алыс болгон. Андыктан анын чакырыгы жыйналыштагы акпейил адамдардын жүрөгүн козгогону шексиз. Ал жыйналышта чыңалган мамилелердин болбошуна жана тынчтык менен биримдиктин өкүм сүрүшүнө өбөлгө түзгөн. Биз да өзүбүздү ошондой алып жүрүшүбүз керек эмеспи? Айрыкча, аксакалдар Машайак менен Пабылдан үлгү алууга умтулушу керек.

15. Башкаларга сылыктык менен кеңеш берүү эмне үчүн маанилүү?

15 Арийне, жоопкерчиликтүү биртуугандар башкаларга жыйналыштын тынчтыгы менен биримдигине коркунуч туулганда эле жардам беришпейт. Жыйналыш мүчөлөрү ич ара мамилелер чыңала элек кезде мээримдүү жетекчиликке муктаж болушат. «Биртуугандар, кандайдыр бир күнөө жасап айыбы ачылган адамды, силер, Рухтун жетеги менен жашагандар, момундук менен оң жолго салгыла [«оңдогула», ЖД], бирок өзүңөр да азгырылып кетпеш үчүн сак болгула»,— деген Пабыл. Демек, алар биртуугандарын кандай маанай менен оңдошу керек эле? «Момундук менен» (Галаттыктарга 6:1). Момундук же жооштук көрсөтүү дайыма эле оңой эмес, себеби Ыйсанын бардык жолдоочулары, анын ичинде жоопкерчиликтүү биртуугандар да күнөөгө азгырган ийкемдерге ээ. Ошентсе да, жооштук адашкан адамдын оңолушуна жардам берет.

16, 17. Кеңешти колдонууга болгон көңүлдөнбөстүктү жеңүүгө эмне жардам бере алат?

16 Грек тилиндеги түпнускада «оңдогула» деп которулган сөз сынган сөөктү бириктирүү же ордуна келтирүү (сай-сөөктү сыздаткан процедура) деген мааниде да колдонулат. Догдур сынган сөөктү ордуна келтирерде бейтапты сооротуп, ага бул процедуранын пайдалуу болорун түшүндүрөт. Анын жумшак мамилеси оорулуунун көңүлүн жубатат жана алдын ала бир-эки ооз сөз айтканы ооруну көтөрүүгө жардам берет. Ошо сыяктуу эле, адамды рухий жактан оңдоо «сыздатарлык» болушу мүмкүн. Бирок жооштук максатка жетүүгө жана жагымдуу мамилелерди калыбына келтирүүгө шарт түзүп, адашканга жүрүш-турушун өзгөртүүгө түрткү берет. Кеп-кеңеши башында кабыл алынбаса да, жардам берип жаткан адамдын жооштук көрсөтүүсү Ыйык Жазманын акылман кеңешине ылайык жашоого болгон көңүлдөнбөстүктү багындыра алат (Накыл сөздөр 25:15).

17 Башкаларга оңолууга жардам бергенде, кеңеш сын катары кабыл алынып калышы ыктымал. Бир жазуучу мындай дейт: «Башкаларга эскертүү бергенде кокурайып кетмей жагыбыз бар, андыктан бизге жооштук абдан зарыл». Момундукка тектеш болгон жооштукту өрчүтүү Ыйсанын жолдоочусуна ошол коркунучтан качууга жардам берет.

«Бардык адамдарга»

18, 19. а) Өкмөт бийликтери менен мамилелешүүдө жооштук көрсөтүү Ыйсанын жолдоочулары үчүн эмне себептен кыйынга турушу мүмкүн? б) Бийлик башындагыларга жооштук менен мамиле кылууга бизге эмне жардам берет жана андай мамиле кандай натыйжа бериши мүмкүн?

18 Көптөр үчүн өкмөт бийликтери менен мамилешүүдө да жооштук көрсөтүү кыйынга турат. Бийлик башында турган кээ бир адамдардын катаалдыгы, боор ооруй билбегени эч кимге жашыруун эмес (Насаатчы 4:1; 8:9). Бирок Жахабага болгон сүйүүбүз бизге анын эң жогорку бийлигин таанууга жана өкмөт бийликтерине салыштырмалуу жана тийиштүү түрдө баш ийүүгө жардам берет (Римдиктерге 13:1, 4; 1 Тиметейге 2:1, 2). Бийлик башындагылар Жахабага болгон сыйынуубузга чектөө койгон күндө да, биз мактоо курмандыгын алып келүүнүн али да ачык болгон жолдорун жан-дилден издейбиз (Эврейлерге 13:15).

19 Кандай гана жагдайга дуушар болбойлу, биз эч качан жаңжал көтөрбөйбүз. Биз адил принциптерден эч убакта тайбай, эстүү болууга умтулабыз. Ошентип, кызматыбызды биртуугандарыбыз менен бирге дүйнө жүзү боюнча 234 өлкөдө ийгиликтүү улантып жатабыз. Эмесе, Пабылдын кеңешине кулак кагып, «башкаруучулар менен бийликтегилерге баш иели, тил алалы жана бардык жакшы иштерди жасоого даяр бололу, эч кимге жаман сөз айтпайлы, жаңжалчыл эмес, жоош бололу жана бардык адамдарга момундук менен мамиле кылалы [«бардык адамдарга бүт жооштук менен мамиле кылып, эстүү бололу», ЖД]» (Титке 3:1, 2).

20. Момун-жоошторду кандай сыйлык күтүп турат?

20 Жооштук же момундук көрсөткөндөр мол баталарды алышат. «Момундар бактылуу, анткени алар жерди мурасташат»,— деген Ыйса (Матай 5:5). Ыйсанын рух менен майланган биртуугандары жооштук көрсөтүүнүн аркасында бакытка жана Падышалыктын жердеги ээлигине бийлик жүргүзүү артыкчылыгына ээ болушат. Ал эми «башка койлордун» катарына кирген «эбегейсиз көп адамдар» жооштук чагылдыруу менен жер жүзүндөгү Бейиште өмүр сүрүүнү эңсеп күтүшүүдө (Аян 7:9; Жакан 10:16; Забур 36:11). Келечегибиз кандай гана кең! Келгиле анда, Пабылдын Ыйсанын Эфестеги жолдоочуларына берген төмөнкү эскертүүсүн эч качан унут калтырбайлы: «Ошентип, Теңир үчүн туткун болгон мен силерден өтүнөмүн: Кудай тарабынан чакырылып алынганыңарга ылайык жашагыла, бардык учурда момун, жоош жана чыдамдуу болгула» (Эфестиктерге 4:1, 2).

Кайталоо

• Үй-бүлөдө...

• Кабар айтуу кызматында...

• Жыйналышта...

• жооштук көрсөтүү кандай баталарды алып келет?

• Момун-жоошторго кандай сыйлык убадаланган?

[Изилдөө суроолору]

[25-беттеги сүрөт]

Жооштук көрсөтүү дин жактан бөлүнгөн үй-бүлөлөр үчүн өзгөчө маанилүү.

Жооштук үй-бүлөнү бекемдейт.

[26-беттеги сүрөт]

Чындыкты жооштук жана терең урмат-сый менен коргогула.

[28-беттеги сүрөт]

Адашкан адамга жооштук менен берилген кеңеш жардам бере алат.