Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Башкаларга Жахабанын көзү менен кароого аракеттенгиле

Башкаларга Жахабанын көзү менен кароого аракеттенгиле

Башкаларга Жахабанын көзү менен кароого аракеттенгиле

«[Кудай] адам карагандай карабайт» (1 Шемуел 16:7).

1, 2. Жахабанын Элийап жөнүндөгү көзкарашы Шемуелдикинен эмнеси менен айырмаланган жана мындан эмнеге үйрөнсөк болот?

ЖАХАБА б.з.ч. XI кылымда Шемуел пайгамбарды жашырын тапшырма менен Жышай деген кишинин үйүнө, анын уулдарынын бирин Ысрайылдын болочок падышасы кылып майлоого жиберген. Жышайдын тун уулу Элийапты көргөндө Шемуел Кудай тандаган адамды тапканына шектенген эмес. Бирок Жахаба: «Анын боюна, өңүнө караба. Аны Мен кабыл алган жокмун. Мен адам карагандай карабайм, анткени адам өңүнө карайт, ал эми Теңир жүрөгүнө карайт»,— деген (1 Шемуел 16:6, 7). Шемуел Элийапка Жахаба карагандай караган эмес *.

2 Адамдар башкаларга баа берүүдө оңой эле жаңылып калышат. Мисалы, кээде ынсапсыз адамдын сырткы сымбатына алданып калышыбыз мүмкүн. Кээде, тескерисинче, кыял-мүнөзү кыжырды келтирерлик дили таза адамдарга баа берүүдө чорт, катаал болушубуз ыктымал.

3, 4. а) Эки ишенимдештин ортосунда келишпестик пайда болгондо, экөө тең эмне кылууга белсениши керек? б) Ишенимдешибиз менен начар мамиледе болсок, өзүбүзгө кайсы суроолорду беришибиз керек?

3 Башкаларды, атүгүл көп жылдан бери тааныган адамдарыбызды айыптоого шашканыбыз көйгөй туудурушу мүмкүн. Балким, сен жакын достошуп жүргөн ишенимдешиң менен урушуп кеткендирсиң. Аны менен кайра жарашкың келеби? Бул максатка жетүүгө сага эмне жардам берет?

4 Ой токтотуп, ишенимдешиңе оң көзкараш менен карап көрүүгө эмнеге болбосун? Мисалга Ыйсанын: «Мени жиберген Атам чакырбаса, Мага эч ким келе албайт»,— деген сөздөрүн алып, ошонун негизинде ойлонуп көр (Жакан 6:44). Анан өзүңдөн: «Жахаба бул адамды өзүнүн Уулуна эмне үчүн чакырган? Бул адамдын кандай жакшы сапаттары бар? Анын ошол жактарын байкабай же баалабай жүргөн жокмунбу? Мурун экөөбүз эмне үчүн достошуп жүргөн элек? Мени анын кайсы жактары өзүнө тарткан?» — деп сурап көр. Эгер кайсы бир убакыттан бери ыза болуп жүрсөң, адегенде анын жакшы жактары жөнүндө ойлонуу сен үчүн оңойго турбастыр. Бирок адамдын оң сапаттарына көңүл буруу ортоңордогу ажырымды бүтөй ала турган маанилүү кадам болуп саналат. Андай кадамды кантип турмушка ашырса болорун түшүнүү үчүн, келгиле, кээде терс жактары көзгө көбүрөөк урунган эки адамдын — Жунус пайгамбар менен элчи Петирдин — мүнөзүнөн оң касиеттерди издеп көрөлү.

Жунуска калыс кароо

5. Жунуска кандай тапшырма берилген жана ал аны кандай кабыл алган?

5 Жунус Жааштын уулу Жаробам IIнин тушунда Ысрайылдын түндүк падышалыгында пайгамбар болуп кызмат кылган (2 Падышалар 14:23—25). Бир күнү Жахаба ага Ысрайылдан чыгып, кубаттуу Ашур империясынын борбору Нинебиге барууга буйрук берген. Кандай тапшырма менен? Жунус Нинебинин тургундарына бул улуу шаардын кыйратылары жөнүндө эскертүүгө тийиш эле (Жунус 1:1, 2). Бирок Жунус Кудайдын көрсөтмөсүн аткаргандын ордуна, качып кетүүгө аракеттенет! Ал кемеге отуруп, Нинебиден алыс жайгашкан Таршышка жөнөп кетет (Жунус 1:3).

6. Эмне үчүн Жахаба Нинебиге жөнөтүүгө Жунусту тандап алган?

6 Жунусту ойлогондо оюңарга эмне келет? Ал тилалбас пайгамбардай көрүнөбү? Үстүртөн караганда ушундай ой туулушу мүмкүн. Бирок Кудай Жунусту тилазар болгону үчүн пайгамбар кылып дайындаганбы? Албетте, жок! Сыягы, Жунустун бир топ жагымдуу сапаттары болгон. Эмесе, анын пайгамбарлык кызматына сереп салып көрөлү.

7. Жунус Ысрайылда Жахабага кандай шарттарда кызмат кылган жана бул сенин ал тууралуу көзкарашыңа кандай таасир этет?

7 Жунус Ысрайылда кабарды укпаган элдин арасында ишенимдүү кызмат кылган. Анын замандаштарынан болгон Амос пайгамбар ошол убактагы ысрайылдыктарды ырахат сүйгөн дүнүйөкорлор катары сүрөттөгөн *. Өлкөдө көптөгөн жаман иштер жасалып жатса да, ысрайылдыктар буга кайдыгер карашкан (Амос 3:13—15; 4:4; 6:4—6). Ошого карабастан, Жунус кабар айтуу тапшырмасын күндөн күнгө ишенимдүүлүк менен аткара берген. Эгер сен жакшы кабардын жарчыларынын бири болсоң, анда өзүнө өзү корстон жана кошкөңүл адамдар менен сүйлөшүү канчалык кыйын экенин өз тажрыйбаңдан билсең керек. Ошондуктан Жунустун алсыз жактарын эске алуу менен бирге, анын ишенимсиз ысрайылдыктарга кабар айтууда ишенимдүүлүк жана чыдамдуулук көрсөткөнүн көз жаздымында калтырбайлы.

8. Ысрайылдык пайгамбарды Нинебиде кандай кыйынчылыктар күтүп турган?

8 Нинебиге баруу тапшырмасы андан бетер оор болгон. Ал шаарга жетиш үчүн Жунус 800 чакырымдай жолду жөө басып өтүшү керек эле жана мындай азаптуу жол жүрүүгө бир айдай убакыт кетмек. Нинебиге жеткенде пайгамбар мыкаачылыгы менен атагы чыккан ашурлуктарга (ассириялыктарга) кабар айтууга тийиш болгон. Душмандарын ырайымсыздык менен кыйноо ашурлуктар үчүн көнүмүш нерсе болчу. Кала берсе, алар өздөрүнүн жырткычтыгы менен мактанышчу. Ошондуктан Нинебинин «кан төккөн шаар» деп аталганы жөн жерден эмес эле! (Накум 3:1, 7).

9. Катуу шамалдан кемедеги адамдардын өмүрүнө коркунуч туулганда, Жунус кандай сапаттарды чагылдырган?

9 Жунус Жахабанын буйругун орундатууга көңүлдөнбөй, башка кемеге отуруп, өзүнө дайындалган жерден алыс жакка сүзүп кете берген. Бирок Жахаба өзүнүн пайгамбарынан баш тарткан эмес же анын ордуна башка бирөөнү дайындап койгон эмес. Тескерисинче, аны акылына келтирүү максатында Кудай деңиздин үстүнө катуу шамал көтөргөн. Жунусту алып бараткан кеме толкундан ары-бери чайпала баштаганда, бейкүнөө адамдардын өмүрүнө коркунуч туулган. Баары Жунустун айынан болуп атпайбы! (Жунус 1:4). Эми ал эмне кылмакчы? Өзүнүн айынан кемедегилердин бөөдө өлүмгө учурашын каалабай, Жунус аларга: «Мени көтөрүп, деңизге ыргыткыла. Ошондо деңиз тынчыйт»,— деп айткан (Жунус 1:12). Деңизге ыргытылганда, Жахаба куткарып калат деп ойлоого анда негиз жок эле (Жунус 1:15). Ошондой болсо да, кемедеги адамдардын өмүрүн ойлоп, Жунус жанын курман кылууга даяр болгон. Мындан анын кайраттуулугу, момундугу жана сүйүүсү көрүнүп турган жокпу?

10. Жахаба кайрадан тапшырма бергенде, Жунус эмне кылган?

10 Акыр-түбү Жахаба Жунусту сактап калган. Соңку иш-аракеттеринин айынан Жунус Кудайдын өкүлү болуп кызмат кылууга жараксыз болуп калганбы? Жок, Жахаба пайгамбарга ырайым жана сүйүү көрсөтүп, аны кайрадан нинебиликтерге кабар айтууга жөнөткөн. Жунус Нинебиге келип, анын тургундарына алардын кыянат иштери Кудайга жеткенин жана шаардын 40 күндөн кийин талкаланарын кайраттуулук менен жарыялаган (Жунус 1:2; 3:4). Нинебиликтер анын ачык-түз кабарын угуп өкүнүшкөндүктөн, алардын шаары кыйратылбай калган.

11. Жунустун баа жеткис сабак алганын эмне көрсөтүп турат?

11 Жунустун көзкарашы дагы деле туура эмес эле. Ошондуктан Жахаба көрсөтмөлүү мисал колдонуп, башкаларга адам карагандай карабай турганын көрсөтүп, Жунуска чыдамдуулук менен жардам берген. Кудай жүрөктөрдү сынайт (Жунус 4:5—11). Жунустун мындан баа жеткис сабак алганын өзү жазып калтырган ачык-айрым билдирүүсү айкындап турат. Өзүнүн кемчиликтери жөнүндө төкпөй-чачпай айтып бергени анын момундугунун дагы бир далили болуп саналат. Себеп дегенде катаны моюнга алуу эрдикти талап кылат эмеспи!

12. а) Ыйсанын адамдарга болгон көзкарашы Жахабаныкындай экенин кайдан билебиз? б) Жакшы кабар айтууда адамдарга карата кандай көзкарашта болууга чакырылабыз? (12-беттеги кутучаны карагыла.)

12 Бир канча кылымдан кийин Ыйса Машайак Жунустун жашоосунда болгон бир окуяны жакшы маанайда эскерген. Ал: «Жунус пайгамбар үч күн, үч түн чоң балыктын ичинде болгондой эле, Адам Уулу да үч күн, үч түн жер ортосунда болот»,— деген (Матай 12:40). Жаңы заманда тирилгенде, Жунус Ыйсанын өзүнүн көрүстөндө жаткан убагын пайгамбардын жашоосундагы ошол күңүрт учурга салыштырганын угат. Биз кызматчылары жаңылышканда алардан баш тартып кетпеген Кудайга кызмат кылып жатканыбыз үчүн кубанбайбызбы? Забурчу: «Атасы балдарына ырайым кылгандай, Теңир Өзүнөн корккондорго ырайым кылат. Анткени Ал биздин түзүлүшүбүздү билет, биздин топурак экенибизди билет»,— деп жазган (Забур 102:13, 14). Ооба, бул «топурак» — анын ичинде бүгүнкү жеткилеңсиз адамдар — Кудайдын ыйык рухунун колдоосу менен чоң иш аткара алат!

Петирге карата тең салмактуу көзкараш

13. Петирди эстегенде оюбузга анын кайсы өзгөчөлүктөрү келиши мүмкүн, бирок Ыйса аны эмне үчүн элчи кылып тандап алган?

13 Эми кыскача экинчи мисалга көңүл буруп, элчи Петирдин өзгөчөлүктөрүн талдап көрөлү. Петирди мүнөздөп берүү керек болсо, чү дегенде эле аны шашкалак, желөпкө, атүгүл менменсинген адам катары элестетесиңерби? Ырас, Петир кээде ошондой жактары менен өзгөчөлөнгөн. Бирок, эгер Петир чындап эле шашкалак, желөпкө же менменсинген адам болсо, Ыйса аны 12 элчисинин бири кылып тандап алат беле? (Лука 6:12—14). Албетте, жок! Ыйса Петирдин кемчиликтерине эмес, оң сапаттарына көңүл бурган.

14. а) Петирдин сүйлөөгө келгенде өтө эле демилгелүү болгонун эмне менен түшүндүрүүгө болот? б) Петирдин көп суроо бергенине эмне себептен ыраазы болушубуз керек?

14 Петирдин кээде башка элчилердин атынан сүйлөп жибермейи бар эле. Ошондуктан бул кээ бирөөлөргө момундуктун жетишсиздиги катары көрүнүшү ыктымал. Бирок сөзсүз эле ошондойбу? Божомолдоолор боюнча, Петир башка элчилерден, балким, Ыйсанын өзүнөн да улуу болгон. Муну эске алганда, Петирдин сүйлөөгө келгенде эмнеге ушунчалык демилгелүү болгону түшүнүктүү болот (Матай 16:22). Бирок дагы бир нерсени эске алуу зарыл. Петир рухий адам болгон. Анын билимге умтулгандыгы көп суроо берүүгө түрткү берген. Мындан биз да пайда көрүп жатабыз. Ыйса Петирдин суроолоруна жооп берүү менен бир канча баалуу ойлорду айткан жана анын жооптору Ыйык Китептин барактарында сакталып калган. Маселен, Петирдин суроосуна жооп айтып, Ыйса «ишенимдүү башчы» жөнүндө сөз кылган (Лука 12:41—44). Ошондой эле Петирдин: «Биз баарын таштап, Сени ээрчип жүрөбүз. Бул үчүн эмне алабыз?» — деген суроосуна назар салсаңар. Бул суроо Ыйсанын төмөнкүдөй кубаттандырарлык убада беришине алып келген: «Менин ысымым үчүн үй-жайын, ага-инилерин же эже-карындаштарын, атасын же энесин, аялын же балдарын, же өз жерин таштаган адам жүз эсе алат жана түбөлүк өмүрдү мурастайт» (Матай 15:15; 18:21, 22; 19:27—29).

15. Эмне үчүн Петирди чын эле ишенимдүү болгон десе болот?

15 Петир дагы бир сонун сапатка ээ. Ал ишенимдүү болгон. Шакирттердин көбү Ыйсанын окууларынын бирин түшүнбөй калышканы үчүн аны жолдобой калышканда, Петир олку-солку болбой 12 элчинин атынан: «Теңир [«Эге», ЖД], биз кимге бармак элек? Түбөлүк өмүр берүүчү сөздөр Сенде»,— деп айткан (Жакан 6:66—68). Бул сөздөр Ыйсанын жүрөгүнө кандай гана жылуу таасир эткен! Кийинчерээк, Ыйсаны кармап кетүү үчүн бир топ адам келгенде, анын элчилеринин көбү качып кеткен. Бирок Петир Ыйсаны алып кеткен топту белгилүү бир аралыкта ээрчип барып, башкы ыйык кызмат кылуучунун короосуна чейин кирген. Аякка келүүгө ага коркоктук эмес, эржүрөктүк түрткү берген. Ыйса суракка алынып жатканда, Петир отту тегеректеп жылынып отурган жүйүттөрдүн тобуна кошулат. Ошондо ыйык кызмат кылуучунун кулдарынын бири Петирди таанып калып, аны Ыйса менен болгонсуң деп айыптайт. Ооба, Петир өз Устатынан танып кеткен. Бирок Ыйсанын артынан барууга элчилердин көбү батына албаганын, ал эми Петир Ыйсага тынчсызданганынан жана берилгендигинен ошондой кооптуу кырдаалга бет бакканын унутпайлы (Жакан 18:15—27).

16. Жунус менен Петирдин жакшы сапаттарын кайсы себеп менен карап чыктык?

16 Петирдин жакшы сапаттары кемчиликтеринен алда канча көп болгон. Жунус жөнүндө да ошону айтууга болот. Биз Жунус менен Петирге адаттагыдан өзгөчөрөөк, оң көзкараш менен карай алганыбыздай эле, бүгүнкү күндөгү рухий биртуугандарыбызга да оң маанай менен кароого үйрөнүшүбүз керек. Ошондо алар менен мындан да жакшыраак мамиледе болобуз. Биртуугандарыбызга оң көзкараш менен кароо эмне үчүн абдан зарыл?

Үйрөнгөнүбүздү жүзөгө ашыруу

17, 18. а) Ыйсанын жолдоочуларынын ортосунда келишпестик эмне үчүн келип чыгышы мүмкүн? б) Ортодогу кыйынчылыктарды чечүүгө ыйык китептик кайсы кеңеш жардам бере алат?

17 Экономикалык деңгээли, билими жана расалык тек-тамыры ар башка болгон эркектер, аялдар жана балдар бүгүн Жахабага биримдикте кызмат кылышууда (Аян 7:9, 10). Жыйналыштарыбыздан кыял-мүнөзү да ар түрдүү адамдарды кезиктиребиз. Биз Кудайга кызмат кылууда тыгыз кызматташкандыктан, кээде келишпестиктерден качып кутула албайбыз (Римдиктерге 12:10; Филипиликтерге 2:3).

18 Биртуугандарыбыздын кемчиликтерин байкабай коё албасак да, аларга көп маани бере бербейбиз. Биз Жахабаны тууроого аракеттенебиз. Кудайдын андай касиети жөнүндө забурчу: «Теңирим, эгерде Сен мыйзамсыздыктын баарын эсиңе ала берсең, Теңирим, анда ким туруштук бере алат?» — деп ырдаган (Забур 129:3). Ишенимдештерибиздин ортобузга от коё ала турган жактарына көңүл бургандын ордуна, биз «тынчтыкка жана бири-бирибизди бекемдөөгө умтулабыз» (Римдиктерге 14:19). Биз башкалардын алсыз жактарына көп маани бербей, жакшы сапаттарына көбүрөөк көңүл буруп, аларга Жахабанын көзү менен кароого аракеттенебиз. Бул бизге «көтөрүмдүү болууга» жардам берет (Колостуктарга 3:13).

19. Олуттуу келишпестиктерди чечүү үчүн, Ыйсанын жолдоочусу кандай кадамдарды жасай алат?

19 Ал эми жүрөгүбүздө чечип коюуга болбой турган түшүнбөстүктөр пайда болгондо эмне кылышыбыз керек? (Забур 4:5). Кайсы бир ишенимдешиң экөөңдүн ортоңдо ошондой келишпестик барбы? Анда маселени чечүүгө аракет кылып көрүүгө эмне үчүн болбосун? (Башталыш 32:13—15). Адегенде Жахабага тиленүү менен кайрылып, анын жетекчилигин сура. Анан адамдын жакшы сапаттарын ойго алып, ага «акылман момундук» менен кайрыл (Жакып 3:13). Аны менен элдешкиң келерин айт. «Ар бир адам укканга даяр болсун, ойлонуп сүйлөсүн, ачууга алдырбасын»,— деген Кудайдан шыктандырылган кеңешти эсиңен чыгарба (Жакып 1:19). «Ачууга алдырба» деген сөздөр тиги адамдын ачууңа тийгидей бир нерсе кылышы же айтышы мүмкүн экенин көрсөтүп турат. Андай учурда өзүңдү өзүң токтото билүү үчүн Жахабадан жардам сура (Галаттыктарга 5:22, 23). Биртууганың нааразылыгын айтып алсын, аны кунт коюп ук. Айткандарынын баарына кошулбасаң да, ал сүйлөп жатканда сөзүн бөлбө. Анын көзкарашы туура эмес болушу ыктымал, бирок эмнеси болсо да, бул анын көзкарашы. Көйгөйгө анын көзү менен кароого аракеттен. Балким, бул үчүн өзүңө биртууганыңдын көзкарашы менен баа берүү зарыл (Накыл сөздөр 18:17).

20. Келишпестиктерди чечүүдө дагы кандай кадамдар элдешүүгө өбөлгө түзө алат?

20 Сөзгө конок берилгенде, сылык бол (Колостуктарга 4:6). Биртууганыңа анын кайсы жактарын баалай турганыңды айт. Түшүнбөстүктүн келип чыгышына себепкер болгон жактарың үчүн кечирим сура. Момундук менен жасаган аракеттериң элдешүүгө алып келсе, Жахабага ыраазычылык билдир. А эгер аракеттериңен майнап чыкпаса, Жахабадан андан ары да жетекчилик сурап, элдешүү үчүн дагы башка мүмкүнчүлүктөрдү издей бер (Римдиктерге 12:18).

21. Бул талкуудан башкаларга Жахабанын көзү менен кароого кандай жардам алдыңар?

21 Жахаба кызматчыларынын баарын сүйөт. Жеткилеңсиздигибизге карабай ал өзүнүн кызматына баарыбызды колдонууга ынтызар. Анын башкаларга карата көзкарашы тууралуу канчалык көбүрөөк билсек, рухий биртуугандарыбызга болгон биздин сүйүүбүз ошончолук өсө берет. Эгерде ишенимдешибизге болгон сүйүүбүз сууп калса, аны кайра жандандырууга умтулушубуз керек. Башкаларга карата оң көзкарашта болууга, аларга Жахабанын көзү менен кароого чечкиндүү күч-аракет жумшасак, кандай гана баталарды алабыз!

[Шилтемелер]

^ 1-абз. Келбеттүү Элийаптын Ысрайылдын падышалык тактысына жараксыз болгону кийинчерээк айгинеленген. Пелиштилик алп Голийат ысрайылдыктарды эрөөлгө чакырганда, Элийап башка ысрайылдык эркектердей эле суу жүрөктүк кылган (1 Шемуел 17:11, 28—30).

^ 7-абз. Жаробам II айрым чоң жеңиштердин, мурунку аймактарды кайрып алуунун жана болжолу, ошонун натыйжасында чогултулган салыктардын аркасында түндүк падышалыктын байлыгын кыйла арттырган көрүнөт (2 Шемуел 8:6; 2 Падышалар 14:23—28; 2 Жылнаама 8:3, 4; Амос 6:2).

Эмне деп жооп бермексиңер?

• Жахаба ишенимдүү кызматчыларынын кемчиликтерине кандай карайт?

• Жунус менен Петирдин кайсы оң сапаттарын санап бере аласыңар?

• Рухий биртуугандарыңарга карата кандай көзкарашта болууга чечкиндүүсүңөр?

[Изилдөө суроолору]

Кудайдын адамдарга кандай караарын ойлогула

Ыйык Китептеги Жунус тууралуу билдирүүнүн үстүнөн ой жүгүрткөн соң, жакшы кабар айтууда жолуктурган адамдарга жаңыча кароонун зарылдыгын көрүп жатасыңарбы? Алар, ысрайылдыктарга окшоп, кокурайган же кайдыгер болуп көрүнүшү, же Кудайдын кабарына каршы болушу мүмкүн. Бирок Жахаба Кудай аларга кандай карайт? Жунустун кабар айтуусунун натыйжасында Нинебинин падышасы өкүнүп тобо кылгандай эле, бул дүйнөдөгү кээ бир атактуу адамдар да бир күнү Жахабага кайрылышы этимал (Жунус 3:6, 7).

[8-беттеги сүрөт]

Башкаларга Жахабанын көзү менен карайсыңарбы?

[10-беттеги сүрөт]

Ыйса Жунустун жашоосунда болгон бир окуяны жакшы маанайда эскерген.