Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жогорку сот «Арарат жериндеги» чыныгы сыйынууну колдойт

Жогорку сот «Арарат жериндеги» чыныгы сыйынууну колдойт

Жогорку сот «Арарат жериндеги» чыныгы сыйынууну колдойт

Мамлекеттик жогорку соттун алдында чачын ак баскан армян, үч баланын атасы, турат. Анын өзүнүн жана көп сандаган ишенимдештеринин эркиндиги кылдын учунда турат.Диний көзкараштарын түшүндүрүү үчүн ал Ыйык Китептен үзүндүлөрдү келтиргенде, сот анын сөзүн көңүл коюп угат. Кандайча бул сот иши ал өлкөдөгү чыныгы сыйынуу үчүн чоң жеңиш менен аяктаганын түшүнүү үчүн, келгиле,окуянын өрчүү баскычтарына сереп салып көрөлү.

АРМЕНИЯ Түркиянын чыгыш жагында, улуу Кавказ кырка тоолорунун түштүгүндө жайгашкан. Калкынын саны үч миллиондон ашат. Башкалаасы Еревандан Арарат тоосунун эки кооз чокусу көрүнүп турат. Эл оозунда айтылып жүргөндөй, Нухтун кемеси Топон суудан кийин ошерге келип токтогон (Башталыш 8:4) *.

Арменияда Жахабанын Күбөлөрү кабар айтуу ишин 1975-жылдан бери жүргүзүп келишет. 1991-жылы мурунку Советтер Союзунан көзкарандысыз болуп калгандан кийин, Арменияда диний уюмдарды каттоодон өткөрүү үчүн Диний иштер боюнча мамлекеттик кеңеш түзүлгөн. Бирок бул кеңеш Жахабанын Күбөлөрүн, негизинен, бейтараптуулук сакташканы үчүн каттоодон өткөрүүдөн кайра-кайра баш тартып келген. Натыйжада 1991-жылдан бери Арменияда 100дөн ашык жаш Күбө соттолуп, аскердик кызматка карата болгон ыйык китептик көзкараштары үчүн көбү эркинен ажыратылган.

Ал кеңеш мамлекеттик прокуратурага Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышындагы аксакал жана жергиликтүү атомдук электростанцияда адал эмгектенген юрист Лёва Маргаряндын диний иш-аракетин иликтөөнү да табыштаган. Акыр-түбү Маргарян биртууганды 244-берене боюнча айыпташкан. Ал берене Хрущёвдун доорунда Жахабанын Күбөлөрүнө жана башка диний топторго тоскоолдук кылуу жана аларды акыры жок кылуу максатында иштелип чыккан советтик мыйзамдын саркындысы болчу.

Ал беренеге ылайык, диний ишенимдерди таратуу аракетине жамынып, жаштарды катталбаган диндин жолугушууларына катышууга азгырган жана «мүчөлөрүн өздөрүнүн атуулдук милдеттеринен баш тартууга үндөгөн» диний топту түзүү же башкаруу кылмышкерликке жатат. Айыптоосун бышыктоо үчүн, прокурор Мецамор шаарында Маргарян биртууган алып барган жолугушууларга жашы жете элек балдардын катышарына көңүл бурган. Прокурор Маргарян биртууганга жыйналыштагы жаштарды аскердик кызматтан баш тартууга мажбурлайт деп да айып койгон.

Сот ишинин башталышы

Сот иши 2001-жылдын 20-июлунда, жума күнү, Армавир шаарынын райондук сотунда судья Манвел Симоняндын төрагалык кылуусу астында башталып, августка чейин уланган. Көрсөтүү берүүдө прокурор тараптагы күбөлөр аларга Улуттук коопсуздук кызматында (мурунку КГБ) иштеген кызматкерлердин Маргарян биртууганга каршы айрым көрсөтүүлөрдү жаздырып, кол коюуга мажбурлашканын акырында моюнга алышкан. Бир жолу болсо бир аял ага Коопсуздук кызматынын кызматкери «Жахабанын Күбөлөрү биздин өкмөткө жана динибизге каршы» деп арызданууга көрсөтмө бергенин ачык айткан. Ал аял Жахабанын Күбөлөрүнүн эч кимисин тааныбай турганын, болгону эле, мамлекеттик телекөрсөтүүдөн аларга каршы айтылган айыптоолорду укканын мойнуна алган.

Сөз кезеги келгенде Маргарян биртууган Жахабанын Күбөлөрүнүн жолугушууларына жашы жете элек балдар ата-энелеринин уруксаты менен катышып жүргөнүн билдирген. Ошондой эле аскердик кызматка байланыштуу ар ким өз алдынча чечим чыгарарын да түшүндүргөн. Прокурордун бир нече күнгө созулган кайчылаш сурагында Маргарян биртууган Ыйык Китепти колдонуп, өзүнүн ишенимине байланыштуу суроолорго токтоолук менен жооп берип жатканда, прокурор келтирилген аяттарды өзүнүн Ыйык Китебинен текшерип отурган.

Судья 2001-жылдын 18-сентябрында Маргарян биртуугандын иш-аракеттеринде «эч кандай кылмыш жок» экенин айтып, аны «айыпсыз» деп жарыялаган. Бул сот иши тууралуу Ассошиэйтед прессте так маалымат берилип, анда мындай деп айтылган: «Бүгүн Армениядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн жетекчисинен башкаларды өзүнүн динине тарткан жана жаштарды аскердик кызматтан баш тартууга үндөгөн деген айыптоолор алынды. Сот эки айга созулган тергөөдөн кийин уюмдун жетекчиси Левон Маркарианга [Лёва Маргарянга] каршы келтирилген далилдерди жетишсиз деп тапты. Аны беш жылга кесүү аракети жүзөгө ашкан жок... Армениянын Конституциясы дин тутуу эркиндигин камсыздаганы менен, жаңы диний уюмдар каттоодон оңой менен өткөрүлбөйт жана бийлик ээлери өлкөдө үстөмдүк кылган Армян апостолдук чиркөөсүнө жан тартышат». Ал эми Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) 2001-жылдын 18-сентябрындагы пресс-релизинде: «ЕККУнун өкүлдүгү соттун чечимин колдосо да, иштин дегеле козголгонуна өкүнүч билдирет»,— деп айтылган.

Сот куугунтугунун улантылышы

Анткен менен, прокурорлордун чыгарылган чечим жөнүндө даттанышканына байланыштуу аппеляциялык териштирүү дагы төрт айга созулган. Сот жараянынын башталышында Маргарян биртуугандын көрсөтүү берүүгө убактысы келгенде, биринчи суроону ага судьялардын бири берген. Маргарян биртууган жооп бере баштаганда, төрагалык кылуучу каршы чыгып, аны токтотуп салган. Анан Маргарян биртуугандын бир да жообун аягына чыгартпай койгон. Ошондой эле айыпталуучуга жактоочу тарабынан берилген суроолордун көбүн эч бир себепсиз эле сот ишинин материалына киргизбей койгон. Сот залы Күбөлөргө каршы болгон диний фанатиктерге толо эле. Соттун жүрүшүндө алар Маргарян биртууганды бир канча жолу сөгүп-сагып кордошкон. Сот олтурумунан кийин сыналгыдан Маргарян күнөөсүн мойнуна алды деген сыяктуу көптөгөн бурмаланган жалган маалыматтар таратылган.

Сот жараяны ортолоп калганда, үч судьядан турган сот коллегиясынын төрагасы Диний иштер боюнча мамлекеттик кеңештин прокуратурадан Маргарян биртууганга каршы чара көрүүнү талап кылганы жөнүндөгү катын жарыялап, залдагыларды айран кылган. Бул кат сот жараянына катышып отурган эл аралык байкоочуларды да таң калтырган, анткени Армения Европа Кеңешине мүчө болуу жөнүндөгү өтүнмөсүндө «бардык чиркөөлөрдүн же диний жамааттардын, айрыкча, „салттуу эмес“ деп эсептелгендеринин кысымга алынбашын камсыз кылууга» милдеттүү экенин билдирген болчу.

Сот иши кийинки жумаларда да улантылып, жагдай ого бетер курчуган. Каршы адамдар Күбөлөргө сот имаратынын ичинен да, тышынан да кордук көрсөтө беришкен. Күбө-аялдарды буттарына тепкилеп кордошкон. Бир Күбө асылгандарга жооп кайтарбай жөн эле турган жеринен омурткасына сокку жеп, ооруканага жеткирилген.

Ал ортодо бул ишке төрагалык кылууга жаңы судья дайындалган. Залдын ичинде бир нече адам адвокатты коркутуп-үркүтүүгө аракеттенишкенине карабай, жаңы төрага жагдайды көзөмөлгө алып, ал түгүл адвокатка кыйкырып-өкүргөн бир аялды сот залынан чыгартып салган.

Армениянын эң жогорку сотунда

Акырында, 2002-жылдын 7-мартында апелляциялык сот биринчи инстанциядагы соттун чечимин колдогон. Кызыктуусу, бул чечимдин кулактандырыларына бир күн калганда, Диний иштер боюнча мамлекеттик кеңеш жоюлуп кетиптир. Прокурорлор бул чечим жөнүндө дагы бир жолу даттанып, бу сапар Армениянын эң жогорку соту болгон Кассациялык сотко кайрылышкан. Алар андан «айыптуулук жөнүндө чечим чыгаруу» үчүн ишти кайрадан тергөөгө жөнөтүшүн өтүнүшкөн.

Судья Мхер Хачатрян төрагалык кылган алты мүчөдөн турган сот коллегиясы 2002-жылдын 19-апрелинде эртең мененки саат он бирде чогулган. Прокурорлордун бири сөзүнүн башында мурунку эки соттун Маргарян биртууганды күнөөлүү деп таппаганына абдан нааразы экенин билдирген. Бирок бул сапар прокурордун сөзүн бөлүп, төрт судья ага бир нече тике суроолорду беришкен. Судьялардын бири прокурорду Маргарян биртуугандын үстүнөн жазган арызында кабар айтуу ишин жана Жахабанын Күбөлөрүнүн каттоодон өткөрүлбөгөнүн кылмыш катары көрсөтүү менен сотту бейкалыс пикирге түртүүгө аракеттенгени үчүн катуу жемелеген, анткени ал айыптоолордун экөө тең 244-беренеде кылмыш катары көрсөтүлгөн эмес. Анан судья прокуратуранын иш-аракеттерин «кылмыш ишин козгоо аркылуу куугунтук көрсөтүү» деп сыпаттаган. Экинчи судья Европа сотунда каралган ар кайсы териштирүүлөрдө Жахабанын Күбөлөрү «белгилүү дин» деп таанылып, Адам укугу боюнча Европа конвенциясы тарабынан коргоого алынганын айтып өткөн. Ошондо сот залынан бир дин кызматчы Жахабанын Күбөлөрү элди бузуп атат деп кыйкырганда, Сот ага тынчтыкты сактоону буйруган.

Андан соң судьялар Маргарян биртууганга бир нече суроо беришкенде, ал Жахабанын Күбөлөрүнүн ар кайсы маселелерге карата көзкарашын түшүндүрүп, сонун күбөлөндүрүү берген (Марк 13:9). Сот кыскача талкуулашуудан кайтып келип, төмөнкү инстанциядагы соттордун айыпсыздык жөнүндөгү чечимдерин бир добуштан колдогон. Маргарян биртууганды ошол жерден эле бошотуп жиберишкен. Соттун кагаз жүзүндөгү чечиминде: «[Лёва Маргаряндын] иш-аракети азыркы мыйзам боюнча кылмыш болуп эсептелбейт жана мындай айыптоо Армениянын Конституциясынын 23-беренесине жана Европа конвенциясынын 9-беренесине карама-каршы келет»,— деп айтылган.

Чечимдин натыйжасы

Бул сот куугунтугу ийгиликтүү ишке ашканда, бүт Армения боюнча Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарындагы аксакалдарга каршы сот иштеринин козголушуна жол ачылмак. Бирок жогорку соттун чыгарган айкын чечими мындай кысым көрсөтүүгө жол бербейт деп үмүттөнөбүз. Ошондой эле, эгерде тескери чечим чыгарылса, бул Жахабанын Күбөлөрүн каттоодон өткөрүүдөн баш тартууга андан ары да шылтоо боло бермек. Бактыга жараша, жогорку сот андай кур шылтоону жокко чыгарды.

Бул өлкөдөгү 7 000ден ашык Жахабанын Күбөсүнө катталууга уруксат берилеби, жокпу, убакыт көрсөтөт. Ал эми азыр чыныгы сыйынуу «Арарат жеринде» дагы да болсо гүлдөөдө.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Ушундан улам да армяндар өздөрүнүн өлкөсүн Арарат тоосу менен байланыштырышат. Байыркы убакта Армения ал тоонун айлана-тегерегиндеги аймактарды кучагына алган чоң падышалык болгон. Ошондуктан Ыйык Китептин грек тилиндеги «Септуагинта» котормосунда Ышайа 37:38-аяттагы «Арарат жери» деген сөз айкашы «Армения» деп берилген. Арарат тоосу азыр Түркиянын чыгыш чек арасына жакын жерди ээлеп, ошол өлкөгө карайт.