Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жооштук — абдан зарыл сапат

Жооштук — абдан зарыл сапат

Жооштук — абдан зарыл сапат

«Жооштукту... кийгиле» (Колостуктарга 3:12).

1. Эмнеден улам жооштук укмуш сапат болуп саналат?

ЖООШ, момун, жумшак адам менен мамилелешүү баарыбызга жагымдуу. Ошол эле учурда, даанышман падыша Сулайман айткандай, «жумшак [«жоош», ЖД] тил сөөктү сындырат» (Накыл сөздөр 25:15). Ооба, жооштук — жагымдуулук менен күчтү айкалыштырып турган укмуш сапат.

2, 3. Жооштук менен ыйык рухтун ортосунда кандай байланыш бар жана бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

2 Элчи Пабыл Галаттыктарга 5:22, 23-аяттарда «Рухтун жемишине» кирген сапаттарга жооштукту (ЖД) да кошкон. «Жаңы дүйнө котормосунда» «жооштук» (23-аят) деп которулган грек сөзү башка котормолордо көбүнчөсү «жумшактык», «момундук» деген сөздөр менен берилген. Себеп дегенде бул грек сөзүнүн так эквиваленти көптөгөн тилдерде жок, ал эми түпнускадагы сөз сырткы жумшактыкты же момундукту эмес, а ички жооштукту жана сыпаалыкты, ошондой эле адамдын өзүн кандай алып жүргөндүгүн эмес, анын эс-акылы менен жүрөгүнүн абалын сыпаттап турат.

3 Жооштук сапатынын маанисин жана баалуулугун толугураак түшүнүү үчүн, келгиле, Ыйык Китептен төрт мисал карап чыгалы (Римдиктерге 15:4). Ошондо бул эмне болгон сапат экенин эле эмес, ага кантип ээ боло аларыбызды жана аны башкалар менен мамилелешүүдө кантип көрсөтө аларыбызды баамдайбыз.

«Кудай алдында кымбат баалуу»

4. Жахабанын жооштук сапатын баалаарын кайдан билебиз?

4 Жооштук Кудайдын рухунун жемишине киргендиктен, бул сапатты Кудайдын кереметтүү касиет-сапаттары менен тыгыз байланыштырганыбыз жүйөлүү. Элчи Петир жазгандай, «момун жана жоош рух» «Кудай алдында кымбат баалуу эсептелет» (1 Петир 3:4). Дегиңкиси, жооштук Кудайга жагарлык сапат жана Жахаба аны жогору баалайт. Ушунун өзү эле Кудайдын бардык кызматчыларынын жоош болушуна жетишерлик негиз болуп саналат. Бирок кудуреттүү Кудай, Ааламдагы эң жогорку бийликтин Ээси, жооштук сапатын кантип көрсөтөт?

5. Жахабанын жооштук көрсөтүүсүнүн аркасында биз кандай үмүткө ээбиз?

5 Жер жүзүндөгү эң биринчи жубайлар, Адам менен Обо, Кудайдын «жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе» деген ачык-айкын буйругуна билип туруп баш ийбей коюшкан (Башталыш 2:16, 17). Мындай тилалбастык күнөөгө, өлүмгө жана өздөрү менен кошо болочок урпактарынын Кудайдан алысташына алып келген (Римдиктерге 5:12). Ушундай өкүм чыгарууга Жахаба толук укуктуу болсо да, Ал адам баласын такыр оңолгус жана куткарылгыс неме катары таштап койгон эмес (Забур 129:3). Тескерисинче, Кудай катаал жана өтө талаптуу болууну каалабай, жооштук менен ырайым көрсөтүп, күнөөлүү адамзаттын ага кайрылып, анын жактыруусуна ээ боло алышына чара караштырган. Ооба, Уулу Ыйса Машайактын куткаруу курмандыгы түрүндө берилген белек аркылуу Жахаба анын бийик тактысына коркпой жакындай алышыбызга кам көргөн (Римдиктерге 6:23; Эврейлерге 4:14—16; 1 Жакан 4:9, 10, 18).

6. Кудай Кабылга жасаган мамилесинде кантип жооштук көрсөткөн?

6 Ыйса жерге келгенге чейин көп мезгил мурун, Жахаба Адам атанын балдары Кабыл менен Абыл курмандык алып келишкенде жооштук сапатын көрсөткөн. Алардын жүрөгүнүн абалын билген Жахаба Кабылдын тартуусун кабыл албай, Абылга жана анын тартуусуна «назарын салган». Кудайдын ишенимдүү Абылды жана анын курмандыгын жактыргандыгын Кабыл кастык менен кабыл алган. «Кабылдын аябай ачуусу келип, өңү кумсарып кетти»,— деп айтылат Ыйык Китепте. Жахаба буга кандай караган? Кабылдын жаман маанайы аны ыза кылганбы? Жок. Кудай Кабылдан эмнеге анчалык ачууланганын жооштук менен сураган. Жахаба Кабылга «анын алдында адил» болуш үчүн эмне кыла аларын да түшүндүргөн (Башталыш 4:3—7). Ооба, Жахаба жооштук сапатын жеткилең чагылдырат (Чыгуу 34:6).

Жооштук өзүнө тартат, сергитет

7, 8. а) Жахабанын жооштугун дагы кантип баамдай алабыз? б) Матай 11:27—29-аяттардан Жахаба менен Ыйса жөнүндө эмне биле алабыз?

7 Жахабанын теңдешсиз сапаттарын Ыйса Машайактын жашоосу жана кызматы менен таанышуу аркылуу да баамдай алабыз (Жакан 1:18; 14:6—9). Ыйса кабар айтуу кызматынын экинчи жылында Галилеяда жүрүп, Хоразин, Бетсайида, Капернаум жана ошол тегеректеги аймактарда көптөгөн кереметтерди көрсөткөн. Ошентсе да адамдардын көбү бойкөтөрчөөк жана кайдыгер болгондуктан, Ыйсага ишенбей коюшкан. Ал муну кандай кабыл алган? Ыйса аларга ишенбестик эмнеге алып келерин эскертүү менен бирге, амхаарец деп эсептелген төмөнкү катмардагы карапайым адамдардын аянычтуу рухий абалына боор ооруган (Матай 9:35, 36; 11:20—24).

8 Ыйсанын андан кийинки иш-аракеттери өзүнүн Атасын толук билерин жана аны туурай турганын айкындаган. Калайык калкка Ыйса: «Чарчап-чаалыккандар жана түйшүк тарткандар, баарыңар Мага келгиле, Мен силерге тынчтык берем [«силерди сергитем», ЖД]. Мен берген моюнтурукту алып, Менден үйрөнгүлө, анткени Мен жоошмун жана момунмун. Ошондо жаныңарга тынчтык табасыңар [«жаныңар сергийт», ЖД]»,— деген жылуу чакырык менен кайрылган. Бул сөздөр басынтылган, эзилген адамдарды кандай гана сооротуп-сергиткен! Ыйсанын сөздөрү бизге да зор таасирин тийгизет. Чын ыкласыбыздан жооштукка кийинсек, биз «Уул [Атасын] кимдерге ачып бергиси келсе, ошол адамдардын» арасында болобуз (Матай 11:27—29).

9. Жооштук кайсы сапат менен тектеш жана Ыйса ал сапатты чагылдыруу жагынан кандай сонун үлгү көрсөткөн?

9 Жооштук — момундук менен тектеш сапат. Текебердик болсо бойкөтөрүүчүлүккө алып барат жана, адатта, башкаларга орой жана ташбоор мамиле кылууга түрткү берет (Накыл сөздөр 16:18, 19). Ыйса жерде кызмат кылып жүргөндө дайыма момундук көрсөткөн. Ал өлөрүнө алты күн калганда кодикке отуруп, Иерусалимге келгенде, эл аны жүйүттөрдүн Падышасы катары тосуп чыккан. Ошондо да Ыйса өзүн дүйнөнүн башкаруучуларындай алып жүргөн эмес. Ал Захариянын: «Сага өзүңдүн момун Падышаң келет. Ал ургаачы эшекке, кодикке, минип келет»,— деген мессиялык пайгамбарлыгын аткарган (Матай 21:5; Захария 9:9). Ишенимдүү пайгамбар Даниел аян аркылуу Жахабанын өз Уулуна башкаруу бийлигин бергенин көргөн. Бирок ал андан мурунку пайгамбарлыктарынын биринде Ыйсаны «элдер арасында кемсинтилген» деп сүрөттөгөн. Ооба, жооштук менен момундук бири-бири менен тыгыз байланышта (Даниел 4:14; 7:13, 14).

10. Эмне үчүн жооштук алсыздыкты билдирбейт?

10 Жахаба менен Ыйсанын укмуштай жооштук көрсөтүүсү биздин аларга жакындашыбызга жардам берет (Жакып 4:8). Жооштук алсыздыкты билдирбейт. Кудуреттүү Кудай Жахаба зор күч-кубатка ээ. Анын каары ыймансыздыкка каршы багытталат (Ышайа 30:27; 40:26). Ыйса да ишенимдүүлүгүнөн жазбоого бел байлап, Шайтан Ибилис кол салганда да бекем турган. Ал ошол убактагы диний жетекчилердин мыйзамсыз алып-сатарлык иштерине көзжумду мамиле кылган эмес (Матай 4:1—11; 21:12, 13; Жакан 2:13—17). Бирок шакирттеринин кемчиликтери менен кагылышканда Ыйса жооштук көрсөтүп, алардын алсыздыктарын чыдамдуулук менен көтөрө билген (Матай 20:20—28). Ыйык китептик бир окумуштуу жооштукту «артында зор күч катылып жаткан жумшактык» деп сыпаттаган. Келгиле, Ыйсаны туурап, жооштук сапатын биз да чагылдыралы.

Өзүнүн доорундагы эң жоош адам

11, 12. Мусанын кандай чөйрөдө тарбияланганын эске алганда, анын жооштугу эмне үчүн бөтөнчө болгон?

11 Эми үчүнчү мисалды карап, Мусанын жооштугуна көңүл буралы. Ыйык Китепте: «Муса жер үстүндөгү бардык адамдардын ичинен эң момун [жоош] адам болгон»,— деп айтылат (Сандар 12:3). Бул сүрөттөмө Кудайдын шыктандыруусу менен жазылган. Муса бөтөнчө жоош болгондуктан, Жахабанын жетекчилигин оңой кабыл алган.

12 Ишенимдүү эврейлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн Муса өзгөчө тарбия көрүп чоңойгон. Жахаба анын өмүрүн жүзүкаралык жана кан төгүү өкүм сүрүп турган убакта сактап калган. Муса ымыркай кезинде апасынын колунда болгон. Апасы аны чыныгы Кудай Жахаба жөнүндө дыкаттык менен үйрөткөн. Кийин Муса үйүнөн алынып, такыр башка чөйрөдө өскөн. Ыйсанын алгачкы жолдоочусу, азапкеч Степан: «Муса Мисирде ар тараптуу билим алып, сөзгө чечен, ишке жөндөмдүү адам болгон»,— деп айткан (Элчилер 7:22). Мусанын ишеними фараондун кишилеринин анын биртуугандарына аябай адилетсиз мамиле кылып жатканын көргөндө айкындалган. Муса эврейди сабап жаткан мисирликти өлтүрүп койгону үчүн Мисирден Мидиан жерине качууга аргасыз болгон (Чыгуу 1:15, 16; 2:1—15; Эврейлерге 11:24, 25).

13. Мусага Мидиан жеринде 40 жыл жашаганы кандай таасир тийгизген?

13 Муса 40 жашында какыраган чөлдө жан багууга аргасыз болгон. Мидиандан Ребуелдин жети кызына жолугуп, аларга атасынын бир короо коюна суу сузуп алууга жардам берген. Кыздар үйүнө кайтып келип, Ребуелге «мисирлик бир кишинин» аларды зөөкүр койчулардан коргоп калганын жыргап айтып беришкенде, Ребуел Мусаны үйүнө чакырган. Ошентип, Муса аныкында жашап калган. Ал башына түшкөн бактысыздыкка ызырынган эмес. Ошондой эле кыйынчылыктар ага жаңы шарттарга ылайыкташа билүүгө тоскоол болгон эмес. Муса Жахабанын эркин аткарууга ар убак дилгир болгон. Ал 40 жыл ичинде Ребуелдин койлорун кайтарып, Сипорго үйлөнүп, бала-чакалуу болуп, жооштукту чыйралта өстүргөн жана ал сапат анын кан-жанына сиңип калган. Ооба, Муса кыйынчылыктардын элегинен өтүп, жооштукка үйрөнгөн (Чыгуу 2:16—22; Элчилер 7:29, 30).

14. Мусанын Ысрайылга жолбашчы болгон кезинде жооштук көрсөткөнү баяндалган окуяны айтып бергиле.

14 Жахаба Мусаны ысрайыл элине жолбашчы кылып дайындагандан кийин, Муса дагы бир жолу жооштук көрсөткөн. Бир жаш улан ага Элдат менен Мейдаддын кошуунда пайгамбарлык кылып жатышканын айтып келген, анткени Жахаба 70 аксакалды Мусага жардамчы кылып дайындап, рухун төккөндө алардын арасында ал экөө жок болчу. Жашыя: «Муса төрөм! Аларды токтот»,— дегенде, Муса жооштук менен: «Мен үчүн кызганып жатасыңбы? О, Теңиримдин бардык эли пайгамбар болуп калса кана! Теңирим аларга Өз Рухун берсе экен!» — деп жооп берген (Сандар 11:26—29). Ал жооштук көрсөтүү менен жагдайдын курчуп кетишине жол берген эмес.

15. Муса жеткилеңсиз болсо да, эмне үчүн ал бизге жакшы үлгү болуп саналат?

15 Ал эми бир жолу Мусага жооштук жетишсиздик кылган көрүнөт. Кадешке жакын жердеги Мериба суусунун жанында ал керемет жаратуучу Жахабага даңк келтирүүнү барк албай калган (Сандар 20:1, 9—13). Ооба, Муса жеткилеңсиз болгон. Бирок кажыбас ишеними аны өмүрүнүн аягына чейин колдогон жана анын бөтөнчө жооштугу, кала берсе, бүгүн да бизди өзүнө тартат (Эврейлерге 11:23—28).

Катаалдык жана жооштук

16, 17. Набал менен Абигейил жөнүндөгү билдирүүдө биз үчүн кандай сабак бар?

16 Эми Дөөттүн жашоосунан бизге сабак болорлук бир окуяны карап көрөлү. Ал окуя Кудайдын пайгамбары Шемуел көз жумгандан көп өтпөй болгон. Анда Набал менен анын аялы Абигейил жөнүндө айтылат. Ал экөөнүн ортосундагы айырма асман менен жердей эле! Абигейил «өтө акылдуу», ал эми күйөөсү «катаал, каардуу киши» болгон. Набалдын короо-короо койлорун уурулардан коргоп келген Дөөттүн кишилери андан азык сурап келишкенде, орой Набал өтүнүчтү орундатуудан кескин баш тарткан. Адилеттүү түрдө ачууланган Дөөт жана анын кошууну кылыч тагынып, Набал менен беттешүү үчүн жолго чыгышкан (1 Шемуел 25:2—13).

17 Муну уккан Абигейил ошол замат нан, шарап, эт, мейиз, анжыр алып, Дөөттүн алдынан чыгат. «Күнөө мага болсун, менин мырзам,— деп жалынып-жалбарган ага.— Кулагыңа айтууга күңүңө уруксат кыл, күңүңдүн сөзүн ук». Абигейилдин жумшак сөздөрүнөн Дөөттүн жүрөгү жумшара түшүп, анын түшүндүрүп айткандарын уккандан кийин, Дөөт: «Ушул күндө сени мага кезигүүгө жиберген Ысрайылдын Кудай-Теңирине даңк. Ушул кезде кан төгүүгө... жол бербегениң үчүн, Кудай сага батасын берсин, акылыңа да береке берсин»,— деген (1 Шемуел 25:18, 24, 32, 33). Набалдын катаалдыгы акыры анын түбүнө жеткен. Абигейил болсо мыкты сапаттарынын аркасы менен Дөөттүн аялы болуп калган. Анын жооштугу бүгүн Жахабага кызмат кылып жаткандардын баары үчүн үлгү болуп саналат (1 Шемуел 25:36—42).

Жооштукка умтул

18, 19. а) Жооштукту кийгенибизде бизден кандай өзгөрүүлөр байкалат? б) Өзүбүздү жакшылап текшерип көрүүгө эмне жардам берет?

18 Демек, жооштук — өтө зарыл сапат. Жооштук жумшак мүнөздү эле эмес, башкаларды сергите ала турган жагымдуу сапатты билдирет. Балким, биз мурун башкаларга орой сүйлөп, жаман мамиле кылып жүргөндүрбүз. Бирок Ыйык Китептен чындыкты тапкандан кийин, мүнөзүбүздү өзгөртүп, жагымдуураак, сүйкүмдүүрөөк пейил күтө баштадык. Пабыл ишенимдештерин: «Боорукердикти, ак көңүлдүктү, момундукту, жооштукту, чыдамдуулукту кийгиле»,— деп үндөп, ошондой өзгөрүлүү жөнүндө айткан (Колостуктарга 3:12). Ыйык Китепте андай өзгөрүлүү карышкыр, илбирс, аюу, жылан сыяктуу коркунучтуу жапайы жырткычтардын козу, улак, музоо, уй сыяктуу тынчтыкты сүйгөн үй жаныбарларындай болуп калганына окшоштурулат (Ышайа 11:6—9; 65:25). Кыял-мүнөзүбүздүн ушунчалык өзгөргөндүгүнө байкап тургандар да таң калышат. Бирок биз мындай өзгөрүү Кудайдын рухунун иш-аракетинин аркасында ишке ашып жатканын билебиз, себеп дегенде жооштук ыйык рухтун сонун жемишине кирет.

19 Кулк-мүнөзүбүздү өзгөртүп, Жахабага арналганыбыз андан ары жооштукка умтулууга муктаж эмеспиз дегенди билдиреби? Албетте, жок. Алсак, жаңы кийимди таза, тыкан күтүү үчүн, аны дайыма жууп-тазалап туруу зарыл. Кудайдын Сөзүнө дит коюп, андагы мисалдардын үстүнөн ой жүгүрткөнүбүз өзүбүзгө жаңыча жана калыс көз менен кароого жардам берет. Күзгү сыяктуу болгон Кудайдын Сөзү сен жөнүндө эмнени айтып турат? (Жакып 1:23—25).

20. Жооштук сапатын чагылдырууда кантип ийгиликтүү боло алабыз?

20 Адамдардын кулк-мүнөзү табиятынан ар кандай болот. Жооштук көрсөтүү Кудайдын кээ бир кызматчылары үчүн оңой, кээ бирлери үчүн кыйын. Кандай болбосун, Кудайдын рухунун жемишин, анын ичинде жооштук сапатын өрчүтүүгө Ыйсанын жолдоочуларынын баары муктаж. Пабыл Тиметейди: «Ишенимиңди, сүйүүңдү өстүрүүгө, адилет, такыбаа, чыдамкай, момун болууга умтул»,— деп сүйүү менен үндөгөн (1 Тиметейге 6:11). «Умтул» деген сөз күч-аракет жумшоо талап кылынарын көрсөтүп турат. Ал сөз Ыйык Китептин бир котормосунда «дитиңди кой» деп берилген («New Testament in Modern English», Ж.Б.Филипстин котормосу). Кудайдын Сөзүндөгү сонун мисалдардын үстүнөн ой жүгүртүүгө күч-аракет жумшасак, ал мисалдар жүрөгүбүзгө таасир этип, дилибизге сиңет. Ошондой эле алар бизди калыптайт жана жетектейт (Жакып 1:21).

21. а) Жооштукка эмне үчүн умтулушубуз керек? б) Эмки макалада эмне талкууланат?

21 Жооштук сапатын канчалык деңгээлде чагылдырып жатканыбыз башкаларга жасаган мамилебизден көрүнөт. «Араңарда ким акылман жана акыл-эстүү? — деп сураган шакирт Жакып.— Ал өзүнүн ошондой экендигин жакшы жүрүм-туруму менен, акылман момундугу менен көрсөтсүн» (Жакып 3:13). Үйдө, кызмат кылууда жана жыйналышта кантип жооштук көрсөтө алабыз? Кийинки макалада буга байланыштуу жакшы кеңештер берилет.

Кайталоо

• Жахабанын...

• Ыйсанын...

• Мусанын...

• Абигейилдин...

• үлгүсүнөн жооштукка байланыштуу эмнелерге үйрөндүңөр?

• Эмне үчүн жооштукка умтулушубуз абзел?

[Изилдөө суроолору]

[20-беттеги сүрөт]

Эмне үчүн Жахаба Абылдын тартуусуна назар салган?

[21-беттеги сүрөт]

Ыйса жооштук менен момундуктун тыгыз байланышта экенин көрсөткөн.

[22-беттеги сүрөт]

Муса жооштугу менен сонун үлгү калтырган.