Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кайраттуу болгула, анткени Мен бул дүйнөнү жеңдим»

«Кайраттуу болгула, анткени Мен бул дүйнөнү жеңдим»

«Кайраттуу болгула, анткени Мен бул дүйнөнү жеңдим»

ЫЙСА өлгөн күн — жүйүттөрдүн календары боюнча 14-нисан — б.з. 33-жылынын 31-мартында, бейшембиде, күн батканда башталган. Ошол кечте Ыйса менен элчилери Пасахты майрамдоо үчүн Иерусалимдеги үйдүн үстүнкү бөлмөсүнө чогулушат. «Бул дүйнөдөн кетип, Атасына барууга» даярданып жаткандыктан Ыйса элчилерин акырына чейин сүйгөнүн көрсөткөн (Жакан 13:1). Кантип? Ал элчилерине баа жеткис акыл-насааттарды айтуу менен аларды алдыда болчу нерселерге даярдаган.

Ошол түнү Ыйса шакирттерине: «Кайраттуу болгула, анткени Мен бул дүйнөнү жеңдим»,— деген (Жакан 16:33). Бул кайрат берерлик сөздөрдү айтуу менен ал эмне дегиси келген? Мындайча айтканда, ал: «Бул дүйнөдөгү жамандык мени катаал да, кекчил да кыла алган жок. Бул дүйнөнүн мени калыпташына жол берген жокмун. Силер да ошенте аласыңар»,— деген. Ыйсанын жердеги өмүрүнүн акыркы сааттарында айткан насааттары ишенимдүү элчилерине да дүйнөнү жеңүүгө жардам бермек.

Бүгүнкү күндө жер бетин жамандык каптап баратканын ким четке кага алат? Адилетсиздик жана таш боордук менен жасалган зомбулук бизге кандай таасир этүүдө? Каарыбызды кайнатабы? Же өч алууга түртөбү? А айланабыздагы адеп-ахлаксыздыкчы? Жеткилеңсиздигибизди жана күнөө кылууга жакындыгыбызды эске алганда, эки жакка каршы күрөш жүргүзүүгө туура келет: бир жагынан, каардуу дүйнөгө каршы, экинчи жагынан, күнөөгө азгырган терс сапаттарыбызга каршы. Бул күрөштө Кудайдын жардамысыз жеңишке жете алабызбы? Анын жардамын кантип алууга болот? Күнөөгө азгырган сапаттарыбызга каршы күрөшүү үчүн кайсы сапаттарды өрчүтүшүбүз керек? Бул суроолорго жооп алуу үчүн, келгиле, жердеги жашоосунун акыркы күнүндө Ыйсанын сүйүктүү шакирттерине айткан акыл-насааттарын карап чыгалы.

Текебердикти момундук менен жеңгиле

Мисал катары текебердик же менменсингендик кандай кыйынчылыктарга дуушар кыларын карап көрөлү. Бул сапат тууралуу Ыйык Китепте мындай делет: «Өлөрдүн алдында текебердик келет, кулаардын алдында менменсингендик келет» (Накыл сөздөр 16:18). Мындан сырткары, Ыйык Жазма: «Эгерде кимдир бирөө чынында эч ким эмес болуп туруп, өзүн жогору бааласа, ал өзүн-өзү алдайт»,— деп эскертет (Галаттыктарга 6:3). Ооба, текебердик, чынында эле, адамга зыян келтирип, аны туура жолдон адаштырат. Ошондуктан «текебердикти, менменсингендикти» жек көрүү акылмандыкка жатат (Накыл сөздөр 8:13).

Ыйсанын элчилеринде менменсингендик менен текебердик бар беле? Алар, бери эле дегенде, бир жолу кимиси чоң экени жөнүндө талашып-тартышышкан (Марк 9:33—37). Ошондой эле Жакып менен Жакандын Ыйсадан Падышалыкта сыйлуу орунду беришин сурап кайрылышкан учуру да болгон (Марк 10:35—45). Ыйса шакирттерине бул терс сапаттан арылууга жардам бергиси келген. Ошондуктан Пасах майрамындагы кечки тамакта ордунан туруп, сүлгүнү белине байлап, шакирттеринин бутун жууй баштаган. Ыйса мындай жол менен шакирттерине эмнени үйрөткүсү келгенин даана көрсөткөн. Ал: «Мен Теңир [«Эге», ЖД] жана Устат болуп туруп, бутуңарды жуудум. Демек, силер да бири-бириңердин бутуңарды жуушуңар керек»,— деген (Жакан 13:14). Текебердиктин ордуна ага карама-каршы келген сапатты, момундукту, өрчүтүү зарыл.

Бирок текебердикти жеңүү оңой эмес. Ошол эле кечте кийинирээк, Ыйса ага каршы чыккынчылык уюштурууга даярданып жаткан Жүйүт Искариотту кетирип жибергенден кийин, 11 элчи дагы кызуу талашка түшүшкөн. Алардын талашы эмне жөнүндө эле? Кимиси улук экени тууралуу! Ыйса аларды жемелеп кирбестен, тескерисинче, чыдамдуулук менен башкаларга кызмат кылуу маанилүү экенин дагы бир ирет баса белгилеп, мындай деген: «Элдерге падышалар үстөмдүк кылышат, элдердин үстүнөн бийлик жүргүзүүчүлөр „Жакшылык кылуучулар“ деп аталышат. Силер болсо андай болбогула. Тескерисинче, араңарда ким улуу болсо, ал кичүүдөй болсун; ким башчы болсо, ал кызматчыдай болсун». Анан өзүнүн үлгү көрсөткөнүн айтып: «Мен болсо силердин араңарда кызмат кылган адам сыяктуумун»,— деп кошумчалаган (Лука 22:24—27).

Ыйсанын эмнеге үйрөткүсү келгенин элчилер түшүнүшкөнбү? Түшүнүшкөн көрүнөт. Бир нече жылдардан кийин элчи Петир: «Баарыңар бир ойдо болгула, кайрымдуу болгула, бир туугандарыңарды сүйгүлө, боорукер жана момун болгула»,— деп жазган (1 Петир 3:8). Биздин да текебердикти момундук менен жеңишибиз абдан маанилүү! Атак-даңктын, бийликтин жана мансаптын артынан сая түшпөгөнүбүз менен акылмандык көрсөтөбүз. Ыйык Китепте: «Кудай текеберлерге каршы, ал эми момундарга ырайымдуу»,— деп айтылат (Жакып 4:6). Байыркы даанышман накыл сөздө да: «Моюн сунгандан кийин, Теңирден коркуу, байлык, атак-даңк жана өмүр келет»,— делет (Накыл сөздөр 22:4).

Жек көрүүчүлүктү кантип жеңсе болот?

Азыркы дүйнөдөгү адамдарга мүнөздүү дагы бир сапат — жек көрүүчүлүк. Анын пайда болушуна эмне гана түрткү бербесин: коркунучпу, наадандыкпы, бейкалыс пикирде болуучулукпу, эзүүчүлүкпү, адилетсиздикпи, улутчулдукпу, уруучулукпу, расизмби, сыягы, аны бардык жерде кездештирүүгө болот (2 Тиметейге 3:1—4). Ыйсанын мезгилинде да адамдар арасында жек көрүүчүлүк кеңири тараган эле. Жүйүт коомунда салык жыйноочулар элден чыгып калган адамдар катары эсептелинип, жек көрүндү болчу. Жүйүттөр самариялыктар менен такыр мамилелешчү эмес (Жакан 4:9). Алар бутпарастарды да жек көрүшчү. Бирок убакыттын өтүшү менен Ыйса негиздеген сыйынуу ар кайсы улуттагы адамдарды бириктириши керек болчу (Элчилер 10:34, 35; Галаттыктарга 3:28). Ошондуктан ал мээримдүүлүк менен шакирттерин жаңы нерсеге үйрөткөн.

Ыйса мындай деген: «Силерге жаңы осуят берем: бири-бириңерди сүйгүлө! Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири-бириңерди сүйгүлө». Шакирттер ушундай сүйүүнү чагылдырууга үйрөнүшү керек эле, анткени Ыйса: «Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, башкалар силердин Менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деп кошумчалаган (Жакан 13:34, 35). Бул осуят «өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй» дегенден да көптү билдиргендиктен жаңы болгон (Лебилер 19:18). Кандайча? Ыйса: «Менин осуятым бул: бири-бириңерди Мен силерди сүйгөндөй сүйгүлө. Достор үчүн өз жанын берип коюудан өткөн сүйүү жок»,— деп айтуу менен бул эки осуяттын ортосундагы айырмачылыкты түшүндүрүп берген (Жакан 15:12, 13). Алар өз өмүрүн бири-бири үчүн жана башкалар үчүн да берүүгө даяр болушу керек эле.

Канткенде жеткилеңсиз адамдар жек көрүүчүлүктөн арыла алышат? Жан аябастык сүйүүнү өрчүтүү менен. Этникалык тек-тамыры, маданияты, дини ар кандай болгон жана ар башка саясий көзкарашка карманып келишкен миллиондогон акниет адамдар учурда ушундай сүйүүнү өрчүтүшүүдө. Алар жек көрүүчүлүк жок коомчулукту — Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк боордоштугун — түзүшүүдө. Алар Кудайдан шыктандырылган элчи Жакандын: «Бир тууганын жек көргөн адам — киши өлтүрүүчү. Киши өлтүрүүчү адам түбөлүк өмүргө ээ эмес экендигин силер билесиңер»,— деген сөздөрүн жүрөктөрүнө бек түйүшөт (1 Жакан 3:15). Ыйсанын чыныгы жолдоочулары колдоруна курал алып жаңжалдарга катышуудан баш тарткандан тышкары, бири-бирине сүйүү көрсөтүүгө абдан аракеттенишет.

Ишенимибизди бөлүшпөгөндөргө жана (мүмкүн) бизди жек көргөн адамдарга карата кандай көзкарашта болушубуз керек? Мамыда кадалып турганда Ыйса: «Ата, буларды кечире көр! Анткени алар эмне кылып жатышканын билишпейт»,— деп римдик желдеттер үчүн тиленген (Лука 23:34). Жек көрүүчүлүк сөөгүнө сиңген адамдар шакирт Степанды өлтүрүш үчүн ташбараңга алышканда, ал: «Теңир! Бул күнөөнү алардын күнөөсү катары эсептебе»,— деп көз жумган (Элчилер 7:60). Ыйса менен Степан аларды жек көргөн адамдарга да жакшылык каалашкан. Алар эч кандай кек сакташкан эмес. Ошондуктан Ыйык Китеп бизди да: «Бардыгына... жакшылык кылалы»,— деп чакырат (Галаттыктарга 6:10).

Түбөлүк жардамчы

Жолугушуу аяктап калганда, Ыйса 11 ишенимдүү элчисине бир аздан кийин алардан кете турганын жана кайра адам денесинде кайрылып келбесин билдирген (Жакан 14:28; 16:28). Бирок аларды: «Атамдан өтүнгөнүмдө, ал силерге силер менен түбөлүк бирге боло турган башка жардамчыны берет»,— деп ынандырган (Жакан 14:16, ЖД). Убада кылынган жардамчы — Кудайдын ыйык руху. Ал шакирттерге Ыйык Китептеги терең ойлорду түшүнүүгө жардам берип, Ыйсанын жерде кызмат кылып жүргөн кезинде үйрөткөндөрүн эстетип турмак (Жакан 14:26).

Бүгүнкү күндө ыйык рух бизге кандайча жардам бере алат? Ыйык Китеп аркылуу, анткени ал — Кудайдын ыйык Сөзү. Кудай пайгамбарлыктарды айттырууга жана Ыйык Китепти жаздырууга колдонгон эркектер «Ыйык Рухтун жетеги» астында болушкан (2 Петир 1:20, 21, 2 Тиметейге 3:16). Ошондуктан Ыйык Китепти изилдөө аркылуу билгендерибизди иш жүзүндө колдонуунун аркасында билимге, акылмандыкка, түшүнүктүүлүккө, эстүүлүккө, кыраакылыкка ээ болуп, туура ой жүгүртүүгө үйрөнөбүз. Булардын жардамы менен азыркы каардуу дүйнөнүн кысымына туруштук берүүгө жакшыраак даяр болот эмеспизби?

Ыйык рух бизге дагы бир жагынан жардам берет. Анын күчтүү жана пайдалуу таасири астында биз Кудайга жагарлык сапаттарды чагылдыра алабыз. Ыйык Китепте: «Рухтун жемиши... сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамдуулук, ак көңүлдүк, боорукердик, ишенимдүүлүк, момундук, өзүн өзү токтото билүү»,— делет. Адеп-ахлаксыздыкка, чыр-чатакка, көрө албастыкка, ачууланууга, уруш-талашка жана башка нерселерге түрткөн күнөөкөр табиятыбызга каршы күрөшүү үчүн дал ушул сапаттарга ээ болушубуз керек эмеспи? (Галаттыктарга 5:19—23).

Андан сырткары, Кудайдын ыйык рухуна таянуу менен кандай кыйынчылык, кайгы-капалар болбосун, аларды көтөрүп кетүүгө көмөк кылган «артык кудурет» алабыз (2 Корунттуктарга 4:7, «Мукаддас»). Ыйык рух сыноолорду же азгырыктарды токтотуп койбосо да, аларга туруштук берүүгө жардам берери күмөнсүз (1 Корунттуктарга 10:13). Элчи Пабыл: «Мага күч-кубат бергендин аркасы менен колуман баары келет»,— деп жазган (Филипиликтерге 4:13, ЖД). Кудай мындай күч-кубатты ыйык руху аркылуу берет. Ыйык рух үчүн биз кандай гана ыраазы болсок болот! Ыйык рухтун Ыйсаны сүйгөн жана анын осуяттарын аткарган адамдарга берилери убадаланган болчу (Жакан 14:15).

«Менин сүйүүмдө болгула»

Ыйса жердеги жашоосунун акыркы түнүндө элчилерине мындай деген: «Ким Менин осуяттарымды билсе жана аткарса, ал Мени сүйөт. Ал эми Мени сүйгөн адамды Атам сүйөт» (Жакан 14:21). «Менин сүйүүмдө болгула»,— деп чакырган ал (Жакан 15:9, ЖД). Атанын жана Уулунун сүйүүсүндө болуу күнөөгө азгырган кумарларыбызга жана каардуу дүйнөгө каршы күрөшүүгө кандайча жардам берет?

Күнөөгө азгырган кумарларыбызды тыюуга кандайдыр бир күчтүү себеп болбосо, аларды тыя алат белек? Жахаба Кудай жана анын Уулу менен жакын мамиледе болууну каалоодон артык эмне себеп боло алат? Өспүрүм кезинен тартып адеп-ахлаксыз жашоо өткөрүп келген Эрнесто *, жосунсуз адаттарына каршы чечкиндүү күрөшкөн. Ал мындай деген: «Кудайга жагарлык иштерди жасагым келчү. А Ыйык Китептен менин адеп-ахлаксыз жашоом Кудайга жакпай турганын билдим. Ошондуктан жаман адаттарымдан арылып, Кудайдын нормаларына ылайык жашоого бел байладым. Мээмди уялаган терс, ыплас ойлор менен күн сайын күрөшчүмүн. Ошентсе да жеңишке жетүүгө белсенип, Кудайга тынбай тилендим. Биринчи эки жыл абдан оор болду, бирок азыр да өзүмдү катуу кармаганга аракет кылам».

Дүйнөнүн таасири менен күрөшүүгө карата Ыйсанын Иерусалимдеги үстүнкү бөлмөдөн чыгар алдында айткан соңку тиленүүсүн карап көрөлү. Атасына кайрылып, шакирттери үчүн мындай деп тиленген: «Мен Сенден аларды бул дүйнөдөн алып кетүүңдү өтүнбөйм, шайтандан сактооңду өтүнөм. Мен сыяктуу эле, алар да бул дүйнөдөн эмес» (Жакан 17:15, 16). Кандай гана кайраттандырарлык сөздөр! Жахаба аны сүйгөндөргө жана дүйнөдөн оолак болууга аракеттенгендерге көңүл буруп бекемдеп турат.

Ишеним көрсөткүлө

Ыйсанын осуяттарын сактап, каардуу дүйнөгө жана күнөөгө азгырган кумарларыбызга каршы күрөштө жеңишке жете алабыз. Мындай жеңиштер маанилүү болсо да, алар аркылуу дүйнөнүн таасиринен жана тукум кууп өткөн күнөөдөн биротоло кутула албайбыз. Бирок чөкпөш керек.

Анткени Ыйык Китепте: «Бул дүйнө өзүнүн кумарлары менен кошо жок болот. Ал эми Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт»,— деп айтылган (1 Жакан 2:17). Ыйса өзүнө «ишенген ар бир адамды» күнөөдөн жана өлүмдөн арылтыш үчүн өз өмүрүн берген (Жакан 3:16). Кудайдын эрки жана ой-ниети жөнүндө көбүрөөк билген сайын, келгиле, Ыйса Машайактын: «Кудайга жана Мага ишенгиле»,— деген кеңешин жүрөгүбүзгө бек түйөлү (Жакан 14:1).

[Шилтемелер]

^ 22-абз. Ысмы өзгөртүлүп берилди.

[7-беттеги сүрөт]

Ыйса элчилерин: «Менин сүйүүмдө болгула»,—деп чакырган.

Жакында күнөөдөн жана анын кесепетинен арылабыз.