Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйсанын алгачкы жолдоочулары жана Мусанын мыйзамы

Ыйсанын алгачкы жолдоочулары жана Мусанын мыйзамы

Ыйсанын алгачкы жолдоочулары жана Мусанын мыйзамы

«Мыйзам биз үчүн Машайакка жетелеп келүүчү[«алып баруучу тарбиячы», ЖД] болду» (Галаттыктарга 3:24).

1, 2. Мусанын мыйзамына кылдат кармануудан ысрайылдыктар кандай пайдаларды алышмак?

ЖАХАБА б.з.ч. 1513-жылы ысрайыл элине мыйзамдар жыйнагын берген. Кудай ысрайылдыктарга тилалчаак болушса гана бата берерин жана алар бактылуу, каниеттүү өмүр сүрүшөрүн айткан (Чыгуу 19:5, 6).

2 Мусанын мыйзамы же жөн эле «мыйзам» деп аталган ал мыйзам жыйнагы «ыйык, адилет жана жакшы» болгон (Римдиктерге 7:12). Ал жүйүттөрдү чынчылдык, адеп-ыймандуулук жана ынак коңшулук сыяктуу изги иш-аракеттерге үндөгөн (Чыгуу 23:4, 5; Лебилер 19:14; Мыйзам 15:13—15; 22:10, 22). Ошондой эле бири-бирин сүйүүгө чакырган (Лебилер 19:18). Андан тышкары, алар Мыйзамга баш ийбеген бутпарастар менен мамилелешпөөгө жана аларга үйлөнбөөгө тийиш болушкан (Мыйзам 7:3, 4). Мусанын мыйзамы жүйүттөрдү бутпарастардан бөлүп турган «тосмо» катары Кудайдын элин бутпарастык ой жүгүртүүнүн жана иштердин жугуштуу таасиринен коргоп турган (Эфестиктерге 2:14, 15; Жакан 18:28).

3. Мыйзамды жеткилең түрдө эч ким сактай албагандыктан, бул эмнеге алып келген?

3 Бирок Кудайдын Мыйзамын өтө кылдат сактаган жүйүттөр да ал Мыйзамга жеткилең түрдө баш ие алышмак эмес. Анда Жахаба алардан өтө көптү талап кылганбы? Жок. Мыйзамдын Ысрайылга берилгендигинин бир себеби «кылмыштарды айгине кылуу» менен байланышкан (Галаттыктарга 3:19, ЖД). Мыйзам чын ыкластуу жүйүттөргө өздөрүнүн Куткаруучуга абдан муктаж экенин сездирген. Куткаруучу келгенде, ишенимдүү жүйүттөр кубанышкан, анткени алардын күнөө менен өлүмдүн каргышынан кутуларына аз калган эле! (Жакан 1:29).

4. Кандай мааниде Мыйзам «Машайакка алып баруучу тарбиячы» болгон?

4 Мусанын мыйзамы убактылуу келишим катары берилген. Ишенимдештерине жазган катында элчи Пабыл Мыйзамды «Машайакка алып баруучу тарбиячы» деп атаган (Галаттыктарга 3:24, ЖД). Байыркы кездеги тарбиячы балдарды мектепке коштоп барып келчү. Адатта, ал мугалимдин ролун аткарчу эмес, тек гана балдарды мугалимге алып барып келчү. Ошо сыяктуу эле, Мусанын мыйзамы Кудайдан корккон жүйүттөрдү Машайакка алып баруу ролун аткармак. Ыйса өзүнүн жолдоочуларына алар менен «бул дүйнөнүн акырына чейин, бардык убакта» болорун убадалаган (Матай 28:20). Андыктан, Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышы негизделгенден кийин, «тарбиячынын» — Мыйзамдын — кызматы соңуна чыккан (Римдиктерге 10:4; Галаттыктарга 3:25). Бирок Ыйсаны жолдогон айрым жүйүттөр бул маанилүү чындыкты түшүнүүдө камырабастык кылып, Ыйса тирилгенден кийин деле Мыйзамдын кээ бир талаптарына баш ийип жүрө беришкен. Ал эми башкалар өздөрүнүн ой жүгүртүүсүн өзгөртүп, бизге сонун үлгү калтырышкан. Келгиле, алардын бизге кантип үлгү көрсөтүшкөнүн карап чыгалы.

Ыйсанын жолдоочуларына берилген жаңы түшүнүктөр

5. Көрүнүш аркылуу Петир кандай көрсөтмө алган жана эмне үчүн ал селдейип туруп калган?

5 Ыйсаны жолдогон элчи Петир б.з. 36-жылы укмуштай көрүнүш көргөн. Ошол учурда асмандан чыккан үн ага Мыйзам боюнча арам деп эсептелген канаттуу куштарды жана жаныбарларды союп жегенге буйрук берет. Петир селдейип туруп калат! Ал «эч качан арам же таза эмес нерсе жеген эмес» болчу. Бирок ага кайрадан: «Кудай тазалаган нерсени сен таза эмес деп эсептебе»,— деген үн угулат (Элчилер 10:9—15). Петир Мыйзамга чып жабышып туруп албастан, көзкарашын өзгөрткөн. Мунун аркасында ал Кудайдын ой-ниеттерине байланыштуу таң каларлык түшүнүк алган.

6, 7. Бутпарастарга кабар айтса болорун Петир кантип түшүнгөн жана болжолу, дагы кандай корутундуларды чыгарган?

6 Окуя мындайча өрчүгөн. Үч киши Петир токтогон үйгө келип, андан Кудайдан корккон Корнелий аттуу сүннөткө отургузулбаган бутпарастын үйүнө барууну өтүнүшөт. Петир аларды үйгө киргизип, коноктойт. Ал бул көрүнүштүн маанисин түшүнүп, эртеси күнү алар менен Корнелийдин үйүнө барат. Ал жерден Петир Ыйса Машайак жөнүндө мыкты күбөлөндүрүү берет да: «Кудайда бет карамалык жок экенине, ар бир элден Кудайдан корккон жана адилеттик боюнча иш кылган адам Ага жагаарына чыны менен ынанып турам»,— деп айтат. Корнелий эле эмес, анын туугандары менен жакын достору да Ыйсага ишенип калышат жана «сөздү угуп отургандардын бардыгынын үстүнө Ыйык Рух түшөт». Мунун баары Жахабадан экенин түшүнүп, Петир «аларга Ыйса Машайактын ысымынын урматына сууга чөмүлдүрүлүүгө буйрук берет» (Элчилер 10:17—48).

7 Мусанын мыйзамына баш ийбеген бутпарастар эми Ыйса Машайактын жолдоочуларынан боло алышат деп корутунду чыгарууга Петирге эмне жардам берген? Рухий баамчылдык. Кудай сүннөткө отургузулбаган бутпарастарга ыйык рухун төгүп, аларга өзүнүн жактыруусун көрсөткөндүктөн, Петир алардын чөмүлтүлүүгө жарактуу экенин баамдаган. Ошол эле учурда ал чөмүлтүлүү үчүн Ыйсаны жолдогон бутпарастардан Мусанын мыйзамына кармануу талап кылынбай турганын айкын түшүнгөн. Сен ошол убакта жашасаң, Петирге окшоп, өзүңдүн көзкарашыңды өзгөртүүгө даяр болот белең?

Айрымдар дагы деле «тарбиячыны» ээрчип жүрүшкөн

8. Иерусалимде жашаган Ыйсанын айрым жолдоочулары Петирдин сүннөткө отургузууга байланыштуу көзкарашынан айырмаланган кандай пикирге карманышкан жана эмне үчүн?

8 Петир Корнелийдин үйүнөн чыгып, Иерусалимге келет. Сүннөткө отургузулбаган бутпарастардын «Кудайдын сөзүн кабыл алганы» тууралуу кабар ал жактагы жыйналышка да жетет жана айрым жүйүт шакирттер бул маселеге байланыштуу тынчсызданууларын билдиришет (Элчилер 11:1—3). Бутпарастардын Ыйсанын жолдоочулары боло аларын танышпаса да, «сүннөткө отургузууну» жактагандар жүйүттөрдөн бөлөк элдерден чыккан адамдар куткарылуу үчүн Мыйзамга баш ийүүгө тийиш деп ырасташкан. Ал эми көбүнесе бутпарастар жашаган жана Ыйсанын жүйүт жолдоочулары аз болгон жерлерде сүннөткө отургузуу сөзсүз деп эсептелген эмес. Бул эки көзкараш болжол менен 13 жылдай өкүм сүргөн (1 Корунттуктарга 1:10). Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын, айрыкча, жүйүттөрдүн аймактарында жашаган жана мурун бутпарас болгон жолдоочулардын ишенимдүүлүгү кандай гана сыналган!

9. Сүннөткө отургузууга байланышкан маселенин чечилиши эмне үчүн абдан маанилүү болгон?

9 Бул талаш маселе б.з. 49-жылы Ыйсанын Иерусалимдеги жолдоочулары Сириянын Антийохея шаарына келгенде күч алган. Пабыл да ошол жакта кабар айтып жүргөн эле. Иерусалимден келген шакирттер бутпарастардан чыккан ишенимдештерин Мыйзам боюнча сүннөткө отургузулуу керек деп окутушкан. Ушундан улам Пабыл жана Барнаба менен алардын ортосунда келишпестик пайда болуп, талаш-тартыш чыккан! Маселе чечилмейин, Ыйсанын кээ бир жолдоочуларынын (жүйүт болобу, бутпарас болобу) рухий жактан мүдүрүлөрү турган иш эле. Ошондуктан Пабыл менен бир нече адам талаш маселени биротоло чечип берүү өтүнүчү менен Иерусалимге Ыйсанын жолдоочуларынын жетекчи кеңешине жиберилген (Элчилер 15:1, 2, 24).

Эки ача пикирдүүлүктөн кийин биримдиктин пайда болушу

10. Бутпарастарга байланыштуу чечим чыгарардан мурда жетекчи кеңеш эмнелерди талкуулап чыккан?

10 Уюштурулган жолугушууда айрымдар сүннөткө отургузууну жакташса, экинчилери тескери көзкарашта болушкан. Бирок сезимдердин үстөмдүк кылышына жол берилген эмес. Узакка созулган талкуудан кийин элчи Петир менен Пабыл Жахабанын сүннөткө отургузулбагандардын арасында көрсөткөн ажайыптарын айтып өтүшкөн. Алар Кудайдын сүннөткө отургузулбаган бутпарастарга ыйык рух төккөнүн түшүндүрүшкөн. Башка сөз менен айтканда, алар: «Кудай кабыл алгандарды жыйналыш четке кага алабы?» — деп сурашкан. Анан шакирт Жакып Ыйык Жазмадан үзүндү окуп берип, катышып отургандардын баарына Жахабанын бул маселеге байланыштуу ой-ниетин түшүнүүгө жардам берген (Элчилер 15:4—17).

11. Сүннөткө отургузулууга байланышкан суроодо кайсы фактор роль ойногон эмес жана Жахабанын чечимге бата бергенин эмне көрсөтүп турат?

11 Баары жетекчи кеңештин жообун күтүп жатышкан. Теги жүйүт болгондуктан, жетекчи кеңештин мүчөлөрү сүннөткө отургузууну колдоп коюшпайбы? Жок. Бул ишенимдүү эркектер Ыйык Жазмага карманууга жана Кудайдын ыйык рухунун жетегине баш ийүүгө чечкиндүү болушкан. Маселеге тиешеси бар далилдерди уккандан кийин, жетекчи кеңеш Ыйсанын бутпарастардан чыккан жолдоочуларына сүннөткө отургузулуунун жана Мусанын мыйзамына баш ийүүнүн зарылдыгы жок деп бир добуштан чечим чыгарган. Биртуугандар бул кабарды угуп кубанышкан жана жыйналыштар «сан жагынан күндөн-күнгө көбөйө» берген. Теократиялык айкын көрсөтмөгө баш ийген биртуугандар толугу менен Ыйык Жазмага негизделген жооп алышкан (Элчилер 15:19—23, 28, 29; 16:1—5). Бирок дагы бир маанилүү суроо жоопсуз калып жаткан.

Ыйсанын жүйүт жолдоочуларычы?

12. Кайсы суроо жоопсуз калып жаткан?

12 Жетекчи кеңеш Ыйсанын бутпарастардан чыккан жолдоочуларына сүннөткө отургузулуунун зарылдыгы жок экенин ачык-айкын билдирген. А жүйүт жолдоочуларчы? Жетекчи кеңештин чечиминде маселенин бул аспектиси даана көрсөтүлгөн эмес эле.

13. Куткарылуу үчүн Мусанын мыйзамын сактоо керек деп ырастоо эмне үчүн туура эмес болгон?

13 Ыйсаны жолдогон кээ бир жүйүттөр «Мусанын мыйзамын кызганчаактык менен тутуп», балдарын сүннөткө отургузууну токтотпой, Мыйзамдын айрым өзгөчөлүктөрүн дагы деле сактай беришкен (Элчилер 21:20). Башкалары болсо Ыйсаны жолдогон жүйүттөр куткарылуу үчүн Мыйзамды сакташы керек деп чыгышкан. Бул чоң жаңылыштык болчу. Мисалы, кантип эле Ыйсанын жолдоочусу күнөөлөрүнүн кечирилиши үчүн мал курмандыгын чалсын? Машайактын курмандыгы андай курмандыктарды жокко чыгарбады беле? Ал эми жүйүттөр бутпарастар менен жакын мамиледе болбошу керек деген Мыйзамдын талабычы? Андай чектөөлөргө кармануу менен бирге, бутпарастарды Ыйса үйрөткөн нерселердин баарына үйрөтүү тапшырмасын аткаруу жакшы кабарды тараткан ынталуу Ыйсанын жолдоочулары үчүн аябай эле кыйынга турмак (Матай 28:19, 20; Элчилер 1:8; 10:28) *. Бул маселенин жетекчи кеңештин кайсы бир жолугушуусунда ачыкталганына эч кандай далил жок. Бирок жыйналыш жардамсыз калтырылган эмес.

14. Пабылдын Кудайдан шыктандырылган каттары аркылуу Мыйзамга байланыштуу кандай жетекчилик берилген?

14 Жетекчилик жетекчи кеңештин каты аркылуу эмес, Кудайдын шыктандыруусу менен жазган элчилердин кошумча каттары аркылуу берилген. Алсак, элчи Пабыл Римде жашаган жүйүттөр менен бутпарастарга күчтүү билдирүү жиберген. Аларга жазган катында ал чыныгы жүйүттүн «жүрөгү жүйүт болушу» керектигин жана «жүрөктүн сүннөтү... рух боюнча болорун» түшүндүргөн (Римдиктерге 2:28, 29). Ошол эле катта Пабыл Ыйсанын жолдоочуларынын мындан ары Мыйзамга баш ийбей турганын далилдөө үчүн бир мисал колдонгон. Пабыл аялдын бир эле учурда эки күйөөгө тие албасын көрсөткөн. Бирок күйөөсү өлүп калса, аял кайрадан турмушка чыга алмак. Анан Пабыл бул мисалга таянып, Ыйсанын майланган жолдоочулары бир эле учурда Мусанын мыйзамына да баш ийип, Машайакка да таандык боло алышпасын көрсөткөн. Алар Машайак менен биримдикте болуш үчүн, «мыйзам үчүн өлүүгө» тийиш эле (Римдиктерге 7:1—5).

Жаңы түшүнүктү кабыл алууга шашпагандар

15, 16. Эмне үчүн Ыйсаны жолдогон айрым жүйүттөр өздөрүнүн Мыйзамга карманууга милдетсиз экенин аңдашкан эмес жана бул рухий жактан сергек болуунун зарылдыгына байланыштуу эмнени көрсөтүп турат?

15 Пабылдын Мыйзамга байланыштуу туура ой калчаганы талашсыз эле. Анда эмнеликтен Ыйсаны жолдогон кээ бир жүйүттөр жаңы түшүнүктү кабыл албай жүрүшкөн? Бир себеби рухий баамчылдыктын жетишсиздигинде болгон. Мисалы, алар рухий жактан күчтүү тамактанууга кайдыгер карашкан (Эврейлерге 5:11—14). Андан тышкары, жыйналыш жолугушууларына үзгүлтүксүз катышышкан эмес (Эврейлерге 10:23—25). Айрымдардын жаңы түшүнүктү кабыл албаганынын дагы бир себеби, болжолу, Мыйзамдын табиятына байланыштуу болгон. Мусанын мыйзамынын өзөгүн ийбадаткана жана ыйык кызмат кылуучулук сыяктуу көзгө көрүнгөн, кармап көрүүгө болорлук нерселер түзүп турган. Рухий жактан алсыз болгон адам үчүн Ыйсанын жолдоочуларынын көрүнбөгөн нерселерге негизделген терең окууларын кабыл алганга караганда Мыйзамга кармануу жеңилирээк болгон (2 Корунттуктарга 4:18).

16 Өздөрүн Ыйсанын жолдоочусу деп атаган айрым адамдардын Мыйзамга карманууга дилгир болгонунун дагы бир себебин Пабыл өзүнүн галаттыктарга жазган катында түшүндүргөн. Анын билдирүүсүнө ылайык, ал адамдар башкалардын көзүнө кадырлуу жана көпчүлүк туткан диндин мүчөсү болуп көрүнгүсү келген. Элдин көзүнө илинүүдөн качып, алар тегеректегилери менен жуурулушуунун аракетинде атүгүл бардыгына көнүүгө даяр болушкан. Алар Кудайдын жактыруусуна караганда адамдардын жактыруусуна көбүрөөк умтулушкан (Галаттыктарга 6:12).

17. Мыйзамга карманууга байланыштуу ачык-даана түшүнүк качан берилген?

17 Пабылдын жана башка элчилердин Кудайдан шыктандырылган каттарын кылдат изилдеген Ыйсанын эстүү жолдоочулары Мыйзамга карата айкын-так тыянактарга келе алышкан. Бирок Ыйсаны жолдогон жүйүттөрдүн баары Мусанын мыйзамына карата туура, ачык-так көзкарашка б.з. 70-жылынан кийин гана ээ болушкан. Андай түшүнүк Кудай Иерусалимдин, андагы ийбадаткананын жана ыйык кызмат кылуучуларга тиешелүү болгон жазмалардын кыйратылышына жол бергенде келген. Ал кыйроодон кийин Мыйзамдын бардык өзгөчөлүктөрүнө кармануу мүмкүн эмес болуп калган.

Өзүбүзгө сабак алуу

18, 19. а) Рухий саламаттыгыбызды сактоо үчүн, кандай маанайга ээ болуп, кандай маанайдан качышыбыз керек? б) Пабылдын үлгүсү жоопкерчиликтүү биртуугандардын көрсөтмөсүн аткарууга байланыштуу бизди эмнеге үйрөтөт? (16-беттеги кутучаны карагыла.)

18 Байыркы убакта болуп өткөн бул окуяларды карап чыгып, сен өзүңө: «Мен ошол убакта жашасам, Кудайдын эркинин акырындык менен ачылып берилип жатканына кандай караар элем? Мыйзамга байланыштуу салттуу көзкараштарга катуу карманып туруп алат белем? Же туура түшүнүк ачык-даана болгонго чейин чыдамдуулук көрсөтмөкмүнбү? Ал эми туура түшүнүк берилгенден кийин аны чын жүрөктөн колдомокмунбу?» — деген суроолорду берсең болот.

19 Ошол убакта жашаганда өзүбүздү кандай алып жүрмөктүгүбүздү так айтуу, албетте, кыйын. Ошентсе да өзүбүздөн: «Бүгүнкү күндө Ыйык Китеп тагыраак түшүндүрүлүп берилгенде, муну кандай кабыл алам? (Матай 24:45). Ыйык Китепке негизделген көрсөтмө берилгенде, мыйзамдын тамгасына эле эмес, рухуна карманып, көрсөтмөнү аткарууга аракеттенемби? (1 Корунттуктарга 14:20). Кээ бир суроолорума али жооп ала элек болсом, Жахабаны чыдамкайлык менен күтө билемби?» — деп сурап көрсөк болот. «Ишенимден тайбаш үчүн», бүгүн берилип жаткан рухий тамакты жакшы пайдалана билгенибиз өтө маанилүү (Эврейлерге 2:1). Жахаба өзүнүн Сөзү, руху жана жердеги уюму аркылуу көрсөтмө бергенде, келгиле, аны кунт коюп угалы. Ошондо Жахаба бизди бактылуу, каниеттүү, чексиз өмүр менен алкайт.

[Шилтемелер]

^ 13-абз. Петир Сириянын Антийохея шаарына келип, мурун бутпарас болгон ишенимдештери менен жылуу пикир алышып жүргөн. Бирок Иерусалимден Ыйсанын жүйүт жолдоочулары келгенде, Петир «коркуп, сүннөткө отургузулбагандардан четтеп, алыстай баштаган». Бутпарастардан чыккан биртуугандарына кадырлуу элчинин алар менен чогуу тамактануудан баш тартып жатканы кандай катуу тийгенин элестетип көрсөңөр (Галаттыктарга 2:11—13).

Эмне деп жооп бересиңер?

• Кандай мааниде Мусанын мыйзамы «Машайакка алып баруучу тарбиячы» сыяктуу болгон?

• Чындыкты түшүнүүдөгү өзгөртүүлөрдү кабыл алууда Петир жана «сүннөткө отургузууну» жактагандар эмнеси менен айырмаланган?

• Жахабанын бүгүн чындыкты кантип ачып берери тууралуу эмнелерди билдиңер?

[Изилдөө суроолору]

[16-беттеги кутуча]

Пабыл сыноону момундук менен көтөргөн

Пабыл миссионердик сапарын ийгиликтүү аяктагандан кийин, б.з. 56-жылы Иерусалимге келген. Ал жерде аны сыноо күтүп турган. Анын Мыйзамдын жоюлгандыгы жөнүндө окутуп жүргөнүн Иерусалимдеги жыйналыш уккан болчу. Аксакалдар Пабылдын Мыйзам жөнүндө ачык айтып жатканы жаңы эле Ыйсаны жолдоп баштаган жүйүттөрдү «мүдүрүлтөт» жана Ыйсанын жолдоочулары Жахабанын тартип-чараларына урмат көрсөтпөйт экен деген ойго түртөт деп чочулашкан. Ал жыйналышта, болжолу, назир болууга убада берген жана Ыйсаны жолдогон төрт жүйүт бар эле. Алар убаданын талаптарын аткарып бүтүү үчүн ийбадатканага барууга тийиш болчу.

Аксакалдар Пабылдан ошол төрт адамды ийбадатканага ээрчитип барып, алардын чыгымын төлөөнү өтүнүшкөн. Ага чейин Пабыл куткарылуу үчүн Мыйзамга кармануу талап кылынбай турганына жүйө келтирип, Кудайдын шыктандыруусу менен, бери дегенде, эки кат жазган эле. Бирок ал башкалардын абийирин да эске алган. Мурунураак ал: «Мыйзам астындагылардын Машайакка ишенип калышы үчүн, мыйзам астындагы адам сыяктуу болдум»,— деп жазган болчу (1 Корунттуктарга 9:20—23). Пабыл Ыйык Жазмадагы маанилүү принциптерден эч качан тайбаса да, аксакалдардын сунушуна макул болууну жөндүү деп тапкан (Элчилер 21:15—26). Анын андай ишке барганы күнөө болгон эмес. Убада берүү Ыйык Жазмага каршы келген эмес жана ийбадаткана бурканга табынуучулук үчүн эмес, таза сыйынуу үчүн колдонулчу. Ошондуктан Пабыл башкалардын «мүдүрүлүшүнө» себепкер болуудан качып, аксакалдардын суранычын орундаткан (1 Корунттуктарга 8:13). Албетте, мындай кадам андан бир топ момундукту талап кылган. Бул бизге аны дагы да көбүрөөк кадырлоого түрткү берет.

[15-беттеги сүрөт]

Ыйсанын жолдоочулары Мусанын мыйзамына карата бир нече жыл бою ар кандай көзкарашта болушкан.