Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Жахаба кайда?» деп сурайсыңбы?

«Жахаба кайда?» деп сурайсыңбы?

«Жахаба кайда?» деп сурайсыңбы?

«Менден алыстап... „Теңир кана? [„Жахаба кайда?“, ЖД]“ —деп айтышкан жок» (Жеремия 2:5, 6).

1. «Кудай кайда?» деген суроону берүү менен адамдар эмнени билгиси келет?

«КУДАЙ кайда?» Бул суроо көп адамдарды түйшөлтөт. Кээ бирөөлөр Жараткан жөнүндө жөнөкөй эле нерсени, тагыраак айтканда, анын кайда экенин түшүнүүгө аракет кылышат. Айрымдар кырсык-каргашанын кеңири кулач жайып жатканын көргөндө же башына мүшкүл түшкөндө, буга Кудайдын эмне үчүн жол берип жатканын түшүнбөй, жогорудагы суроого жооп издешет. Башкалар болсо Кудайдын бар экенин четке каккандыктан ал суроого кызыгып да коюшпайт (Забур 9:25).

2. Кудайды издөөдө кимдер ийгиликке жетет?

2 Албетте, Кудайдын бар экенин көрсөтүп турган сансыз далилдерди көптөр билет (Забур 18:2; 103:24). Алардын кээ бирлери кайсы бир динди тутканына эле каниет кылышат. Бирок чындыкка болгон күчтүү сүйүү жер жүзүндөгү миллиондогон адамдарга чыныгы Кудайды издөөгө түрткү берүүдө. Алардын аракети текке кетпейт, анткени Кудай «ар бирибизге жакын» (Элчилер 17:26—28).

3. а) Кудайдын жашаган жери кайда? б) Ыйык Жазмадагы «Жахаба кайда?» деген суроо кандай маанини туюнтат?

3 Жахабаны чындап тапкан адам анын көзгө көрүнбөгөн рух экенин баамдайт (Жакан 4:24). Ыйса чыныгы Кудайды «асмандагы Атам» деп атаган. Бул эмнени билдирет? Бул, асман жерден бийик тургандай эле, Жараткан Атабыз жашаган чөйрө рухий мааниде бийик экенин көрсөтүп турат (Матай 12:50; Ышайа 63:15). Бирок Кудай, аны көзүбүз менен көрө албасак да, биздин аны таанып-билишибизге жана ой-ниеттери менен кеңири тааныша алышыбызга кам көргөн (Чыгуу 33:20; 34:6, 7). Ал жашоонун маңызын издеген дили таза адамдардын суроолоруна жооп берет. Ошондой эле турмушубузга тиешеси бар маселелерди чечүүдө бизге өзүнүн көзкарашын, башкача айтканда, ал маселелерге кандай караарын жана биздин каалоолорубуздун анын ой-ниеттерине туура келер-келбесин биле алышыбызга ишеничтүү негиз сунуш кылат. Кудай биздин бул маселелерди иликтеп, жооп табууга жан-дилден аракет кылышыбызды каалайт. Жеремия пайгамбар аркылуу Жахаба байыркы ысрайыл элин ошондой аракет жасабаганы үчүн айыптаган. Алар Кудайдын ысмын билишкен, бирок «Жахаба кайда?» деп сурашкан эмес (Жеремия 2:6, ЖД). Жахабанын ой-ниети аларды кызыктырбагандыктан, алар анын жетекчилигин издешкен эмес. Сенчи? Чоң болобу, кичине болобу, чечим чыгарууда «Жахаба кайда?» деп сурайсыңбы?

Кудайдан жетекчилик издегендер

4. Дөөттүн Жахабадан жетекчилик издөөдө көрсөткөн үлгүсүнөн эмнеге үйрөнсөк болот?

4 Жышай уулу Дөөт жаш кезинен Жахабага бекем ишеним өрчүткөн. Ал Жахабанын «тирүү Кудай» экенин билген. Дөөт Жахабанын коргоосун жеке турмушунан көргөн. «Теңирдин атына» болгон ишениминин жана сүйүүсүнүн деми менен ал оор куралданган пелиштилик алп Голийатты сулаткан (1 Шемуел 17:26, 34—51). Бирок Дөөт ийгиликке жеткенден кийин бой көтөрүп кеткен эмес. Эми эмне кылсам да Жахаба батасын бере берет деп ойлогон эмес. Дөөт андан кийинки жылдарда да чечим чыгарууда дайыма Жахабадан жетекчилик издеген (1 Шемуел 23:2; 30:8; 2 Шемуел 2:1; 5:19). Ал Кудайга тиленип жатып: «Теңир, мага Өз жолуңду көрсөт, Өз жолуңда жүргөндү үйрөт. Мени Өз чындыгыңа багытта, Өз чындыгыңа үйрөт, анткени Сен мени куткарган Кудайсың. Ар күнү Сенден үмүттөнөм»,— деп айткан (Забур 24:4, 5). Биз үчүн кандай сонун үлгү!

5, 6. Жошапат дайыма Жахабанын жетекчилигин издегенин кантип көрсөткөн?

5 Дөөттөн тараган падышалык тукумунун бешинчи падышасы Жошапаттын тушунда үч элден чогулган аскер Жүйүт өлкөсүнө каршы согушка аттанган. Өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туулганын көргөндө Жошапат «жүзүн Кудайга бурган» (2 Жылнаама 20:1—3). Жахабанын жетекчилигин ал мурунтан издеп келген. Ысрайыл түндүк падышалыгы Кудайдан четтеп, Баалга табынуучулукка белчесинен батып жүргөндө, Жошапат андай сыйынуудан оолак болуп, Жахабанын жолдору менен жүрүүгө умтулган (2 Жылнаама 17:3, 4). Эми коркунуч туулганда Жошапат кандайча «жүзүн Кудайга бурган»?

6 Мындай кысталыш учурда Жошапат Иерусалимде элдин алдында тиленип жатып, Жахабанын кудурети күчтүү экенин эстеген. Ал Жахабанын башка элдерди кууп чыгып, ал жерди ысрайылдыктарга мурас катары бергенде ачылган ой-ниети тууралуу терең ойлонгон. Падыша Жахабанын жардамына муктаж экенин билдирген (2 Жылнаама 20:6—12). Жахаба ага жооп кылганбы? Ооба. Ал леби Жахазиел аркылуу өзгөчө көрсөтмө берип, кийинки күнү өзүнүн элине жеңиш тартуулаган (2 Жылнаама 20:14—28). Жахабадан жетекчилик сураганыңда, сага да жооп берерине эмнеден улам толук ишенсең болот?

7. Кудай кимдердин тиленүүлөрүн угат?

7 Жахабада беткарамалык жок. Ал бардык адамдарды тиленүү аркылуу Аны издөөгө чакырат (Забур 64:3; Элчилер 10:34, 35). Кудай ага тиленгендердин жүрөгүн жакшы билет жана бизди адил адамдардын тиленүүлөрүн угарына ынандырат (Накыл сөздөр 15:29). Жахаба мурун анын ким экенине кызыкпай жүргөн, бирок эми момундук менен андан жетекчилик издегендерге да ачылып жатат (Ышайа 65:1). Ал анын мыйзамын сактабай жүрүп, бирок эми момундук менен күнөөсүн мойнуна алган адамдардын да тиленүүлөрүн угат (Забур 31:5, 6; Элчилер 3:19). Бирок жүрөгү Кудайга баш ийбесе, адамдын тиленгени бекер (Марк 7:6, 7). Муну кээ бир мисалдар айкындап турат.

Сурашкан, бирок алышкан эмес

8. Жахаба Шабул падышанын тиленүүлөрүн эмнеге кабыл алган эмес?

8 Шемуел пайгамбар Шабул падышага тил албастыгы үчүн Кудай аны четке какканын айткандан кийин, Шабул Жахабага таазим эткен (1 Шемуел 15:30, 31). Бирок бул анын анткорлонгондогусу эле. Шабул Кудайга тил алууну эмес, элдин алдында урмат-сыйга ээ болууну каалаган. Кийинчерээк пелиштиликтер Ысрайылга каршы согушка чыкканда, Шабул Жахабага кайрылымыш болгон. Бирок эч жооп албаган соң, Жахабанын сыйкырчылыкты айыптаарын билип турса да, кеңеш издеп сыйкырчыга кайрылган (Мыйзам 18:10—12; 1 Шемуел 28:6, 7). Ошондуктан 1 Жылнаама 10:14тө Шабул жөнүндө: «Ал Теңирге кайрылган эмес»,— деп айтылат. Эмнеге? Себеби Шабул ишеним менен тиленген эмес эле. Ошондуктан анын тиленгени тиленбегенге тете болгон.

9. Ситкиянын Жахабадан жетекчилик сураганы эмнеге орунсуз болгон?

9 Ошо сыяктуу эле, Жүйүт падышалыгынын акыры жакындап калганда, жүйүттөр байма-бай тиленип, Жахабанын пайгамбарлары менен акылдашышкан. Бирок эл Жахабаны аздектөө менен бирге бурканга сыйынуучулукка берилип жүргөн (Сепания 1:4—6). Кудайдын жетегин издемиш болушканы менен, алар анын эркине чын жүрөктөн баш ийишкен эмес. Ситкия падыша Жеремиядан өзү жөнүндө Жахабадан суроосун өтүнгөн. Жахаба падышага эмне кылыш керектигин буга чейин эле айткан болчу. Бирок ишениминин жетишсиздигинен жана адамдардан коркконунан улам падыша Жахабаны укпай койгон, ошондуктан Жахаба да падышанын көңүлүнө төп келерлик башка жооп айткан эмес (Жеремия 21:1—12; 38:14—19).

10. Жаканандын Жахабанын жетекчилигин издегени эмнеси менен орунсуз болгон жана анын катасынан кандай сабак алууга болот?

10 Бабылдыктардын аскери Иерусалимди талкалап, жүйүттөрдү туткунга алып кеткенден кийин, Жаканан Жүйүт жеринде калган жүйүттөрдүн чакан тобун Мисирге алып кетүүгө камданган. Алар бардыгын пландаштырып коюшкан болчу, бирок жөнөп кетерден мурда Жеремиядан Жахабага тиленип, жетекчилик сурашын өтүнүшкөн. Бирок ойдогудай жооп алышпаган. Ошого карабастан жолго чыгып, өздөрүнүн көздөгөнүн иштешкен (Жеремия 41:16—43:7). Жахабаны издегенде тапкыдай болуш үчүн, ушул окуялардан өзүңө пайда болорлук сабактарды көрүп турасыңбы?

«Ажырата билгиле»

11. Эфестиктерге 5:10ду колдонуу эмне үчүн зарыл?

11 Чыныгы сыйынуу Кудайга арналганыбызды сууга чөмүлтүлүү менен билдирүүнү, жыйналыш жолугушууларына катышууну жана кабар айтууну эле камтыбайт. Чыныгы сыйынуу бүт өмүр жолубуз менен байланышкан. Биз күнүгө терс таасирлерге дуушар болобуз. Кээлери билинер-билинбес, кээлери олуттуу болгон андай таасирлер бизди Кудайга берилгендик жолунан адаштырышы мүмкүн. Аларды биз кандай кабыл алабыз? Ыйсанын Эфестеги ишенимдүү жолдоочуларына жазган катында элчи Пабыл ишенимдештерин: «Кудайга эмне жагарын ажырата билгиле»,— деп үндөгөн (Эфестиктерге 5:10). Бул кеңешти колдонуунун акылмандыкка жатарын Ыйык Жазмада баяндалган көп окуялар тастыктап турат.

12. Дөөт келишим сандыгын Иерусалимге көчүрүп жатканда, Жахаба муну эмнеге жактырган эмес?

12 Келишим сандыгы кайрадан Ысрайылга алынып келинип, Кирийат-Жейаримде көп жыл тургандан кийин, Дөөт падыша аны Иерусалимге көчүрүп келүүнү каалаган. Ал эл башчылары менен кеңешип, «эгерде алар ылайык көрсө, эгерде бул Кудай-Теңирдин эркине туура келсе» сандыктын көчүрүп келинерин айткан. Бирок Дөөт Жахабанын бул маселеге кандай караарын тийиштүү түрдө иликтебей калган. Иликтегенде, сандык эч качан арабага салынмак эмес. Кудайдын айкын көрсөтмөсү боюнча, аны Кааттын уулдарынан болгон лебилер ийиндерине салып көтөрүп жүрүүгө тийиш эле. Адатта Жахабанын жетекчилигин издеп келген Дөөт бул сапар тийиштүү түрдө издебей калган. Мунун арты каргашалуу бүткөн. Кийинчерээк Дөөт: «[Сандыкты] кантип алып келүүнү Теңирден сурабаганыбыз үчүн, бизди Кудай-Теңирибиз жазалады»,— деп айткан (1 Жылнаама 13:1—3; 15:11—13; Сандар 4:4—6, 15; 7:1—9).

13. Сандык ийгиликтүү көчүрүлүп келгенде ырдалган ырда кандай эскертүү бар эле?

13 Акыры лебилер сандыкты Обейт-Эдомдун үйүнөн Иерусалимге көчүрүп келишкенде, бул салтанат Дөөт чыгарган ыр менен коштолгон. Ал ырда: «Теңирди жана Анын күчүн издегиле, Анын жүзүн тынымсыз издегиле. Ал жараткан укмуштарды, Анын белгилерин, Анын оозунан чыккан өкүмүн унутпагыла»,— деген эскертүү сөздөрү бар эле (1 Жылнаама 16:11, 12).

14. Сулаймандын үлгүсүнөн жана улгайганында кетирген каталарынан өзүбүзгө кандай сабак алсак болот?

14 Дөөт өлөр алдында уулу Сулайманга: «Эгерде Кудайды издесең, Аны табасың»,— деп акыл айткан (1 Жылнаама 28:9). Такка отургандан кийин Сулайман жыйын чатыры жайгашкан Гибонго барып, Жахабага курмандык чалган. Ошерде Жахаба Сулаймандан: «Мен сага эмне берейин, сура?» — деген. Сулаймандын өтүнүчүнө жооп кылып, Жахаба марттык менен ага Ысрайылды башкарууга акыл жана билим берген. Андан тышкары, ага байлык, атак-даңк берген (2 Жылнаама 1:3—12). Сулайман Жахабанын Дөөткө берген курулуш долбоорун колдонуп, эбегейсиз зор ийбадаткана курган. Бирок нике маселесине келгенде Жахабаны издебей койгон. Сулайман Жахабага сыйынбаган аялдарга үйлөнгөн. Жашап калган кезинде аялдары анын жүрөгүн Жахабадан буруп кетишкен (1 Падышалар 11:1—10). Канчалык атактуу, акылман же илим-билимдүү болуп көрүнбөйлү, «Кудайга эмне жагарын ажырата билүү» маанилүү!

15. Эфиопиялык Зерак Жүйүт жерине каршы чыкканда, эмне үчүн Аса Жахабанын Жүйүттү куткарып каларына шектенбей тиленген?

15 Мунун зарылдыгын Сулаймандын чөбөрөлөрүнөн болгон Асанын падышалыгы жөнүндөгү билдирүү да ырастап турат. Асанын падыша болгонуна он бир жыл болгондо, эфиопиялык Зерак Жүйүт жерине каршы бир миллион аскер баштап келген. Жахаба Жүйүт падышалыгын куткарабы? Ага чейин 500дөн ашык жыл мурун Жахаба өзүнүн элине Анын тилин алып, осуяттарын аткарган учурда эмнелерди күтө алышарын жана тил албаган учурда эмнелерди күтө алышарын айкын айткан эле (Мыйзам 28:1, 7, 15, 25). Аса башкаруусунун башында Жүйүт аймагын жалган сыйынууда колдонулган курмандык чалынуучу жайлардан, балбалдардан тазалаган. Элди «Кудай-Теңирди издөөгө» чакырган. Аса муну каргашанын кирип келишин күтүп отурбастан эртелеп жасаган. Андыктан Жахабадан элине жардам беришин өтүнүп, ишеним менен тиленген. Натыйжасы кандай болгон? Кудай Жүйүткө укмуштай жеңиш берген (2 Жылнаама 14:2—12).

16, 17. а) Аса жеңишке ээ болсо да, Жахаба ага кандай эскертүү берген? б) Аса акылсыз иш кылганда, ага кандай жардам берилген, бирок ал кандай кабыл алган? в) Асанын иш-аракетинен кандай сабак алсак болот?

16 Ошентсе да, Аса жеңиш менен кайтып келгенде, Жахаба Азарияны падышанын алдынан чыгып: «Аса, Жүйүт менен Бенжемин эли, уккула мени! Силер Теңир менен болсоңор, Ал силер менен болот! Эгерде силер Аны издесеңер, Аны табасыңар. Эгерде силер Аны таштасаңар, Ал да силерди таштайт»,— деп айтууга жөнөткөн (2 Жылнаама 15:2). Аса жаңы дем-күч менен чыныгы сыйынуунун өркүндөшүнө шарт түзгөн. Бирок 24 жылдан кийин согуш коркунучуна дагы дуушар болгондо Аса Жахабаны издебей калган. Ал Кудайдын Сөзүнө кайрылган эмес жана эфиопиялыктардын аскери Жүйүт жерин басып келгенде Жахабанын эмне кылганын эстеген эмес. Аса акылсыздык көрсөтүп, Сирия менен келишим түзгөн (2 Жылнаама 16:1—6).

17 Бул үчүн Жахаба көрөгөч Хананини Асаны айыптоого жиберген. Аса ошол учурда да, Жахабанын жагдайга карата көз карашы көрсөтүлгөндө, катасын оңдоп кете алмак. Бирок ал каарданып, Хананини зынданга камап салган (2 Жылнаама 16:7—10). Кандай кейиштүү! Биз жөнүндө эмне айтууга болот? Кудайды издесек да, андан кийин кеңешти кабыл алуудан баш тартып койбойбузбу? Дүйнөгө тартылып баратканыбызды байкап, биз үчүн тынчсызданган жана кам көргөн аксакал Ыйык Китепти колдонуп кеңеш бергенде, «Кудайга эмне жагарын ажырата билишибиз» үчүн сүйүү менен берген жардамына ыраазы болобузбу?

Жахабанын кайда экенин издөөнү унутпа

18. Элийунун Аюбга айткан сөздөрүнөн эмнеге үйрөнсөк болот?

18 Кыйынчылыкка кабылганда, Жахабага ишенимдүү кызмат кылып келген адам да мүдүрүлүшү мүмкүн. Жийиркентерлик илдетке чалдыгып, балдары менен мал-мүлкүнөн айрылып, жоро-жолдошторунун жалган айыптоолорун укканда Аюб өзүн эле ойлоп калган болчу. Элийу: «Бир да киши: „Менин Кудайым, Жаратуучум кайда?“ — деп айтпайт»,— деп Аюбдун эсине салган (Аюб 35:10). Аюб көңүлүн Жахабага буруп, анын жагдайга кандай карай турганын эске алышы керек болчу. Аюб бул эскертүүнү момундук менен кабыл алган жана муну менен ал бизге үлгү көрсөткөн.

19. Ысрайыл эли көп жолу эмне кылбай койгон?

19 Ысрайыл эли Кудайдын аларга кандай мамиле кылып келгенин билген. Бирок белгилүү бир жагдайларга туш болгондо, алар муну тез эле эстеринен чыгарып коюшчу (Жеремия 2:5, 6, 8). Ошондой эле, чечим чыгарууга келгенде, «Жахаба кайда?» деп сурагандын ордуна, өздөрүнүн жыргалын издешкен (Ышайа 5:11, 12).

«Жахаба кайда?» деп мындан ары да сура

20, 21. а) Бүгүн Жахабанын жетекчилигин издөөдө кимдер Элишанын рухун чагылдырып жатат? б) Биз алардын ишеним жолун жолдоорубузду кантип көрсөтө алабыз жана алардын үлгүсү бизге эмнеси менен пайдалуу?

20 Илиястын пайгамбарлык кызматы аяктаганда, анын жардамчысы Элиша Илиястын түшүп калган чапанын алып, Иордан дарыясына барган да, чапанды сууга чаап: «Илиястын Кудай-Теңири кайда?» — деп сураган (2 Падышалар 2:14). Жахаба жооп кылып, өзүнүн рухун эми Элишага берген. Мындан эмнеге үйрөнсөк болот?

21 Биздин доордо да ошого окшош нерсе болду. Кабар айтуу ишинде жетекчиликти колго алган Ыйсанын майланган жолдоочуларынын кээ бирлери көз жумганда, Кудайдын элине баш-көз болууга дайындалган биртуугандар Ыйык Жазманы изилдеп, Жахабадан жетекчилик издеп тиленишкен. Алар «Жахаба кайда?» деп дайыма сурашкан. Натыйжада Жахаба өзүнүн элин андан ары да жетектеп, алардын иш-аракеттерине батасын бере берген. Биз алардын ишеним жолун жолдойбузбу? (Эврейлерге 13:7). Жолдосок, Жахабанын уюму менен тыгыз байланышта болобуз, анын берген жетекчилигин кабыл алабыз жана Ыйса Машайактын жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан ишке толук катышабыз (Захария 8:23).

Эмне деп жооп берет элеңер?

• «Жахаба кайда?» деп кандай максат менен сурашыбыз керек?

• «Жахаба кайда?» деген суроого жоопту каяктан таба алабыз?

• Эмне үчүн айрымдардын Кудайдан жетекчилик сураганы жоопсуз калууда?

• «Кудайга эмне жагарын ажырата билүү» зарыл экенин ыйык китептик кайсы мисалдар көрсөтүп турат?

[Изилдөө суроолору]

[19-беттеги сүрөт]

Жошапат падыша Жахабанын жетекчилигин кантип издеген?

[20-беттеги сүрөт]

Шабул сыйкырчыга эмне үчүн кайрылган?