Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаштар, Жахаба эмгегиңерди унутпайт!

Жаштар, Жахаба эмгегиңерди унутпайт!

Жаштар, Жахаба эмгегиңерди унутпайт!

«Кудай адилетсиз эмес, Ал силердин эмгегиңерди жана Анын ысымы үчүн ыйыктарга көрсөткөн сүйүүңөрдү, аларга кылган жана кылып жаткан кызматыңарды унутпайт» (Эврейлерге 6:10).

1. Жахабанын сенин ыйык кызматыңды баалаарын Ыйык Жазманын Эврейлерге жана Малахия китептери кандайча көрсөтүп турат?

КЫЛГАН жакшылыгың үчүн досуң эч кандай ыраазычылык билдирбей койгон учур болду беле? Ооба, жакшылыгың бааланбай же такыр эле унутулуп калганда көңүлүң кандай чөгүп калат. Бирок Жахабага чын ниетибиз менен ыйык кызмат кылганда иштин жөнү такыр башкача! Ыйык Китепте: «Кудай адилетсиз эмес, Ал силердин эмгегиңерди жана Анын ысымы үчүн ыйыктарга көрсөткөн сүйүүңөрдү, аларга кылган жана кылып жаткан кызматыңарды унутпайт»,— деп айтылат (Эврейлерге 6:10). Бул сөздөрдүн эмнени билдирерин ойлонуп көрчү. Эгерде Жахаба сенин кызматта кылгандарыңды жана кылып жаткандарыңды унутуп кала турган болсо, анда муну адилетсиздик жана күнөө катары эсептемек. Ал кандай гана жакшылыкты унутпаган Кудай! (Малахия 3:10).

2. Жахабага кызмат кылууну эмнеден улам салыштырылгыс артыкчылык десе болот?

2 Сенин жакшылыкты унутпаган ушундай Кудайга кызмат кылууга өзгөчө мүмкүнчүлүгүң бар. Дүйнө жүзүндөгү алты миллиарддай адамдын ичинен алты миллиондою гана сенин ишенимдештериң, ошондуктан бул мүмкүнчүлүктү чындап эле салыштырылгыс артыкчылык десе болот. Мындан сырткары, жакшы кабарды угуп, аны кабыл алганың Жахабанын сага жекече кызыгарын көрсөтүп жатат. Ыйсанын өзү: «Мени жиберген Атам чакырбаса, Мага эч ким келе албайт»,— деп айткан (Жакан 6:44). Ооба, Жахаба ар бир адамга Машайактын курмандыгынан пайда алууга жекече жардам берет.

Зор артыкчылыгыңды баала

3. Корактын уулдары Жахабага кызмат кылуу артыкчылыгына ыраазы экендерин кандайча билдиришкен?

3 Өткөн макалада талкуулаганыбыздай, сенде Жахабанын жүрөгүн кубантууга эң сонун мүмкүнчүлүк бар (Накыл сөздөр 27:11). Муну дайыма жогору баалашың керек. Корактын уулдары Кудайдын жетеги астында жазган забурларынын биринде Жахабага кызмат кылуу артыкчылыгына ыраазы экендерин минтип билдиришкен: «Сенин үйүңдө бир күн болуу миң күндөн артык. Ыймансыздардын үйүндө жашаганга караганда, Кудайдын үйүнүн улагасында болгонду каалайм» (Забур 83:11).

4. а) Эмнеден улам кээ бирөөлөр үчүн Жахабага кызмат кылуу эркиндигин чектеп жаткандай сезилиши мүмкүн? б) Жахаба кызматчыларына көз кырын салып, сыйлык берүүгө абдан кызыкдар экенин кандайча көрсөтөт?

4 Асмандагы Атаңа кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүн сен да ушундай баалайсыңбы? Ооба, кээде Жахабага кызмат кылуу эркиндигиңди чектеп жаткандай сезилип кетет. Анткени ыйык китептик нормаларга карманып жашоо үчүн кандайдыр бир курмандыктарга баруу талап кылынат. Бирок Жахаба сенден талап кылган нерселердин баары акыр-аягы өзүңө эле пайда алып келет (Забур 1:1—3). Мындан сырткары, кылып жаткан аракеттериңди Жахаба көрүп, ишенимдүүлүгүң үчүн ыраазычылыгын билдирет. Пабыл Жахабаны «издегендерге Ал тиешелүүсүн [«сыйлыгын», ЖД] берет»,— деп жазган (Эврейлерге 11:6). Жахаба ошенткенге дайым мүмкүнчүлүк издейт. Байыркы Ысрайылдын бир адил пайгамбары минтип айткан: «Теңир Өзүнө жүрөгүн толугу менен бергенди колдош үчүн, бүт жер жүзүн карап турат» (2 Жылнаама 16:9).

5. а) Жахабага жүрөгүң менен берилгениңди көрсөтүүнүн жакшы жолдорунун бири кайсы? б) Башкаларга ишенимиң тууралуу айтуу эмне үчүн кыйын сезилиши мүмкүн?

5 Жахабага жүрөгүң менен берилгениңди көрсөтүүнүн эң жакшы жолдорунун бири — ал жөнүндө башкаларга айтуу. Ишенимиң тууралуу классташтарыңдын бирине айтууга мүмкүнчүлүгүң болду беле? Башында бул коркунучтуу сезилип, ал тууралуу ойлогондо эле ыңгайсыздана башташың мүмкүн. «Алар мени шылдыңдап күлүшсөчү? Туткан динимди бир кызыктай деп эсептешсечи?» — деп ойлошуң ыктымал. Ыйса Падышалык тууралуу кабарды баары эле уга бербесин айткан (Жакан 15:20). Бирок бул сенин дайыма эле шылдыңга алынарыңды же жек көрүндү болоруңду билдирбейт. Тескерисинче, көптөгөн жаш Күбөлөр ишенимдеринен жазбагандыктан, айрымдар алардын айткандарына көңүл бура башташкан жана курдаштары тарабынан атүгүл мурункудан да көбүрөөк урматка ээ болушкан.

«Жахаба жардам берет»

6, 7. а) Он жети жашар кыз классташтарына кандайча кабар айта алган? б) Женифердин үлгүсүнөн эмнеге үйрөндүң?

6 Бирок канткенде ишенимиң тууралуу тайманбастан айта аласың? Башкалар диниң тууралуу суроо берип калганда, ачык-так, түз жооп берип жүрүүнү чечүүгө эмне үчүн болбосун? Он жети жашар Женифер менен болгон окуяны карап көрөлү. «Танапис учурунда тамактанып отургам. Үстөлдө чогуу отурган кыздар дин жөнүндө сүйлөшүп калышып, алардын бири кайсы динди тутарымды сурап калды»,— дейт ал. Жениферге жооп берүү кыйын болду беле? «Ооба,— деп ачык айтат ал,— анткени жообумду алардын кандай кабыл аларын билген эмесмин». Женифер эмне кылган? «Мен аларга Жахабанын Күбөсүмүн дедим,— деп сөзүн улайт ал.— Адегенде алар абдан таң калышты. Себеби Жахабанын Күбөлөрүн элден башкача деп ойлошсо керек. Алар дагы башка суроолорду берип киришти, натыйжада, мен ал кыздардын кээ бир туура эмес көзкараштарын өзгөртө алдым. Ошол маектешүүдөн кийин да алардын айрымдары мага суроолор менен кайрылып жүрүштү».

7 Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өзүнүн ишеними тууралуу айтып калгандыгы үчүн Женифер өкүнүп калды беле? Түк да! «Танапистен кийин абдан чоң канааттануу алганымды сездим,— дейт ал. Азыр тиги кыздар Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө жакшыраак билишет». Женифер мындай жөнөкөй кеңеш берет: «Классташтарыңа же мугалимдериңе кабар айтуу кыйын болуп атса, кыскача тилене кой. Жахаба жардам берет. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кабар айтып калганың үчүн кубанбай койбойсуң» (1 Петир 3:15).

8. а) Тиленүү Некемияга күтүлбөгөн жагдайда кандай жардам берген? б) Мектептен кандай жагдайларда ичиңен Жахабага кыскача тиленүүгө туура келет?

8 Женифердин ишенимиң тууралуу айтууга мүмкүнчүлүк болгондо Жахабага «кыскача тилене кой» дегенин байкасаң. Артакшаштанын шарап сунгучу Некемия күтүлбөгөн жерден жакшы мүмкүнчүлүк боло калганда так ушундай кылган. Некемиянын капалуу экени жүзүнөн байкалып турган, анткени ал жүйүттөрдүн оор абалы жана Иерусалимдин дубалы менен дарбазасы урандыга айланганы жөнүндө кабар алган эле. Падыша Некемиянын тынчсызданып жүргөнүн байкап, эмне болгонун сурап калат. Жооп берерден мурун Некемия Кудайдан жетекчилик сурап тиленип алат. Анан падышадан талкаланган шаарды кайра калыбына келтирүүгө жардам берүү үчүн Иерусалимге барууга тартынбастан уруксат сурайт. Артакшаш Некемияга макулдугун берет (Некемия 2:1—8). Мында сен үчүн кандай сабак бар? Ишенимиң тууралуу күбөлөндүрүүгө ыңгайлуу учур боло калганда тынчсыздана баштасаң, ичиңен тилене коюунун маанилүүлүгүн унутпа. «Бардык түйшүктөрүңөрдү... [Жахабага] тапшыргыла,— деп жазган Петир,— анткени Ал силер үчүн кам көрөт» (1 Петир 5:7; Забур 54:23).

«Жооп берүүгө дайым даяр» болгондор

9. Он үч жашар Лия кандайча «Жаштардын суроолору» аттуу китептен 23 нуска тарата алган?

9 Дагы бир окуяны карап көрөлү. Он үч жашар Лия танапис учурунда «Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонулуучу кеңештер» (ор.) деген китепти окуп отурган *. «Башкалар мени карап турушкан,— дейт ал,— бир аздан кийин мени бир тобу тегеректеп калышты. Анан эмне тууралуу окуп атканымды сурап киришти». Ошол эле күнү төрт кыз ушундай китеп алууну каалашарын билдиришкен. Кийин ал кыздар да китепти башкаларга бере баштап, башкалары да ошондой китепти каалашарын айтышкан. Ошентип, бир нече жуманын ичинде Лия классташтарына жана алардын досторуна ал китептен 23тү тарата алган. Лиядан эмне тууралуу окуп атканын башкалар сураганда, жооп берүү оңой болду беле? Албетте, жок! «Башында коркуп тынчсыздандым,— дейт ал.— Бирок мен тилендим жана Жахаба мени менен экенин билгем».

10, 11. Ысрайылдык кичинекей кыз Сирия аскер башчысына Жахаба жөнүндө билүүгө кандайча жардам берген жана ал аскер башчысы жашоосунда кандай өзгөрүүлөрдү кылган?

10 Лиянын окуясы сириялыктар туткундап келген кичинекей ысрайылдык кыздын жагдайына окшош экенин байкадың чыгар. Сирия аскер башчысы Нааман пес оорулуу болчу. Сыягы, анын аялы тиги кичинекей кыздын өз ишеними тууралуу айтып беришине өбөлгө түзөрлүк сөз козгогон окшойт. «Эгерде мырзам Самариядагы пайгамбарга барып келсе,— дейт ал кыз,— анда ал аны пес оорусунан куткарат эле!» (2 Падышалар 5:1—3).

11 Ушу кичинекей кыздын тайманбастыгынын аркасында Нааман «Ысрайылдан башка жерде Кудай жок экенин» билген. Ал атүгүл ошол «күндөн тартып, Теңирден бөлөк кудайларга бүтүндөй өрттөлчү курмандыктарды жана башка курмандыктарды чалбоону» чечкен (2 Падышалар 5:15, 17). Өзүң көрүп тургандай, Жахаба бул кичинекей кызга тайманбастык көрсөткөнү үчүн батасын берген. Ошондой эле ал азыркы күндө да жаш балдардын иш-аракеттерине батасын берет. Лия буга өз тажрыйбасынан улам ынанып отурат. Убакыттын өтүшү менен ага айрым классташтары келип, «Жаштардын суроолору» китебинин аларга өздөрүн туура алып жүрүүгө жардам берип аткандыгын билдиришкен. «Буга кубанбай койгон жокмун,— дейт Лия,— анткени башкаларга Жахаба жөнүндө көбүрөөк билүүгө жана жашоолорун өзгөртүүгө жардам бергенимди билдим».

12. Ишенимиңди коргоодо канткенде тайманбастык көрсөтө аласың?

12 Сен дагы Женифер менен Лияныкындай кубанычка ээ боло аласың. Ан үчүн Петирдин насаатына кулак түрүп, Ыйсанын жолдоочусу катары, «үмүтүң жөнүндө айтып берүүңдү сураган ар бир адамга момундук жана кичи пейилдик менен жооп берүүгө дайым даяр бол» (1 Петир 3:15). Минтүүгө эмне жардам берет? Ыйсанын алгачкы жолдоочуларындай эле, Жахабадан «тайманбастык» менен кабар айта алышыңа жардам беришин сурап тилен (Элчилер 4:29). Андан кийин башкаларга ишенимиң тууралуу тартынбастан айт. Анын натыйжасын көрүп өзүң да таң калышың ыктымал. Бирок баарынан маанилүүсү, сен Жахабанын жүрөгүн кубантасың.

Видеофильмдер жана мектеп тапшырмалары

13. Айрым жаштар күбөлөндүрүү берүү үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланышат? (14, 15-беттердеги кутучаларды кара.)

13 Көптөгөн жаштар ишеними тууралуу классташтарына жана мугалимдерине күбөлөндүрүү үчүн видеофильмдерди колдонушат. Кээде мектеп тапшырмалары да Жахабаны даңктоого жакшы мүмкүнчүлүк берет. Алсак, он беш жашар эки өспүрүм — экөө тең Жахабанын Күбөлөрү — тарых сабагынан дүйнөдөгү диндердин бири тууралуу баяндама жазып келүүгө тапшырма алышат. Алар Жахабанын Күбөлөрү тууралуу жазууну чечишип, «Жахабанын Күбөлөрү — Кудайдын Падышалыгынын жарчылары» (англ.) деген китептеги материалды колдонушат *. Ошондой эле алар беш мүнөттүк оозеки баяндама жасашмак. Мугалим менен окуучулардын суроолору ушунчалык көп болгондуктан, алар 20 мүнөт ашык сүйлөшөт. Андан кийин да классташтары бир нече жума бою Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө суроо берип жүрүшкөн!

14, 15. а) Адамдардан коркуу сезими эмне үчүн тузак коёт? б) Эмне үчүн диний көзкараштарың менен тартынбастан бөлүшө берсең болот?

14 Бул окуялар көрсөтүп тургандай, эгерде сен башкаларга ишенимиң тууралуу айтып, Жахабанын Күбөсү экениңди жашырбасаң, көптөгөн баталарды ала аласың. Адамдан коркуу сезиминин кубанычыңдан жана башкаларга Жахаба жөнүндө билүүгө жардам берүү артыкчылыгыңдан ажыратышына жол бербе. Ыйык Китеп: «Адамдардын алдында коркуу тузак коёт, ал эми Теңирден үмүттөнгөн адам коопсуз болот»,— деп эскертет (Накыл сөздөр 29:25).

15 Ыйсанын жолдоочусу болгондуктан сен курбуларың абдан муктаж болгон нерсеге ээ экениңди эсиңен чыгарба, сен азыркы убакта кандайча эң жакшы жашоо өткөрсө болорун жана Кудай келечекте түбөлүк өмүрдү убадалаганын билесиң (1 Тиметейге 4:8). Сен, балким, Кошмо Штаттарда адамдар негизинен рухийликке кайдыгер карап, материалдык нерселерге көбүрөөк кызыгат деп ойлошуң мүмкүн. Бирок жүргүзүлгөн бир сурамжылоодо жаштардын дээрлик жарымы динге абдан олуттуу карашары жана алардын үчтөн бир бөлүгү үчүн Кудайга болгон ишеним жашоолоруна «абдан чоң таасир» этери айтылат. Ушу сыяктуу жагдай башка өлкөлөрдө да байкалат көрүнөт. Андыктан сенин да мектептеги курбуларың Ыйык Китепте эмне жазылганы жөнүндө айтып бергендериңди угууга кубанычта болору толук ыктымал.

Жахабага жаштайыңан жакында

16. Жахабанын жактыруусуна ээ болуу үчүн, ал жөнүндө башкаларга айтуудан сырткары дагы эмне кылуу керек?

16 Албетте, Жахабанын жүрөгүн кубантуу үчүн ал жөнүндө айтып коюу эле жетишсиз. Жүрүм-турумуң да анын нормаларына ылайык келиши керек. Элчи Жакан: «Кудайды сүйүү деген — Анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу кыйын эмес»,— деп жазган (1 Жакан 5:3). Бул сөздөрдүн калетсиз экенине Жахабага жакындаганыңда толук көзүң жетет. А Кудайга кандайча жакындасаң болот?

17. Жахабага кандайча жакындасаң болот?

17 Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды окууга убакыт бөл. Жахаба жөнүндө канчалык көп билсең, ага баш ийүүгө жана ал жөнүндө башкалар менен сүйлөшүүгө ошончолук жеңил болот. «Жакшы адам жүрөгүндөгү жакшы казынасынан жакшы нерсе алып чыгат,— деп айткан Ыйса,— анткени адамдын жүрөгү эмнеге толуп-ташыса, оозу ошону сүйлөйт» (Лука 6:45). Ошондуктан жүрөгүңдү жакшы нерселерге толтур. Ушуга байланыштуу белгилүү бир максаттарды коюуга эмне үчүн болбосун? Маселен, эмки жумада болчу жыйналыш жолугушууларына даярданууга максат койсоң болот. Андан кийин жыйналыштан кыска болсо да, жүрөктөн чыккан жооп айтууга максат коёттурсуң. Албетте, үйрөнгөндөрүңдү иш жүзүндө колдонуу да абдан маанилүү (Филипиликтерге 4:9).

18. Кээде каршылыктарга кабылганыңа карабастан, эмнеге бекем ишенсең болот?

18 Жахабага кызмат кылуу чоң, атүгүл түбөлүк баталарды берет. Жахабанын Күбөсү болгондугуң үчүн кээде каршылыктарга кабылып, шылдыңга алынарың турган иш дечи. Бирок Мусаны эстесең. Ыйык Китепте ал «келечектеги сыйлыкка караган» деп айтылат (Эврейлерге 11:24—26). Сен да Жахаба тууралуу көбүрөөк билүүгө жана ал жөнүндө башкаларга айтууга аракет кылып аткандыгың үчүн андан сыйлык аларыңа бекем ишенсең болот. Чынында эле, Ал сенин «эмгегиңди жана Анын ысымы үчүн... көрсөткөн сүйүүңдү» эч качан унутпайт (Эврейлерге 6:10).

[Шилтемелер]

^ 9-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

^ 13-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

Эсиңердеби?

• Кылган кызматыңды Жахабанын баалаарына эмне үчүн толук ишенсең болот?

• Айрымдар мектептен кандай жолдор менен ийгиликтүү күбөлөндүрүү беришүүдө?

• Классташтарыңа канткенде тайманбастан кабар айта аласың?

• Жахабага кандайча жакындасаң болот?

[Изилдөө суроолору]

[14-беттеги кутуча]

Жахабаны атүгүл жаш балдар да даңкташат!

Атүгүл жаш балдар да мектептен кабар айтышууда. Айрым мисалдарды карап көрөлү.

Он жашар Эмбер окуган 5-класстын окуучулары сабактан Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда нацисттер эврейлерди кандайча ырайымсыздык менен эзишкени тууралуу китеп окуп калышат. Эмбер эжейине «Кызгылт-көгүш үч бурчтуктар» аттуу видеофильмди (ор.) алып келүүнү чечет. Нацизм өкүм сүргөн учурда Жахабанын Күбөлөрү да куугунтукталганын билип эжейи таң калат. Ал видеофильмди бүт классына көргөзөт.

Сегиз жаштагы Алекса өзүнүн классына Рождествону эмне үчүн майрамдабаарын түшүндүрүп кат жазат. Кат эжейине абдан таасир эткендиктен, ал Алексадан аны өзүнүн классташтарына жана дагы башка эки класстын окуучуларына окуп берүүсүн өтүнөт! «Мени башкалардын меникинен айырмаланган көзкараштарын урматтай билүүгө үйрөтүшкөн,— деген аягында Алекса,— ошондуктан менин Рождествону майрамдабоого болгон чечимимди сыйлаганыңарга силерге да ырахмат».

Эрик 1-класска адеп барганда эле «Менин ыйык китептик аңгемелер китебим» аттуу адабиятты мектепке алып келип, аны классташтарына көрсөтүүгө уруксат сураган. «Менин буга карата мындан да жакшыраак оюм бар,— дейт эжейи.— Класска аңгемелериңдин бирин окуп бербейсиңби?» Эрик ошентет. Анан китепти алууну каалагандардын баарын колдорун көтөрүүгө чакырат. Эжейи баш болуп, он сегиз окуучу кол көтөрөт! Эми Эрик кабар айтууга өзүнүн өзгөчө аймагы бар деп эсептейт.

Тогуз жашар Уитни «Жахабанын Күбөлөрү жана билим алуу» китепчеси (ор.) үчүн абдан ыраазы *. «Мурун бул китепчени мугалимдериме жыл сайын апам алып келип берчү,— дейт ал,— бирок бул жылы аны өзүм кылдым. Натыйжада эжейим мени „жуманын окуучусу“ деп атады».

[Шилтеме]

^ 56-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

[15-беттеги сүрөт/кутуча]

Ишеними тууралуу күбөлөндүрүү берүүгө айрымдар колдонгон жагдайлар

Баяндама даярдоого тапшырма алышканда айрымдар күбөлөндүрүү берүүгө мүмкүндүк бергидей тема тандашат.

Көптөр мугалимдерине сабактын темасына байланыштуу видеофильмдерди же адабияттарды беришет.

Дагы башкалары болсо танапис учурунда Ыйык Китеп же ыйык китептик адабияттарды окушат. Натыйжада, башка балдар келип, кызыгып суроолорду беришет.