Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кайгырып жаткандарды соороткула

Кайгырып жаткандарды соороткула

Кайгырып жаткандарды соороткула

«Теңир Мени... кыйналгандардын бардыгын сооротууга [майлады]» (Ышайа 61:1, 2).

1, 2. Кимдерди сооротушубуз керек жана эмне үчүн?

ЖАХАБА, нагыз сооронучтун Кудайы, бизди башка бирөөнүн башына оорчулук түшкөндө күйүмдүү болууга чакырат. Ал бизди «кайгырган жандарды сооротууга» жана кыйналгандардын баарын жубатууга үндөйт (1 Тесалоникалыктарга 5:14). Зарыл болгон учурда биз мындай жардамды рухий биртуугандарыбызга көрсөтөбүз. Ошондой эле бизге ишенимдеш болбогондорго, мурда бизге эч кандай сүйүү көрсөтпөгөн адамдарга да сүйүү көрсөтөбүз (Матай 5:43—48; Галаттыктарга 6:10).

2 Ыйса Машайак «Теңирдин руху Менде, анткени Теңир Мени жакырларга жакшы кабар таратууга майлады. Мени жүрөгү кайгыргандарды айыктырууга... кыйналгандардын бардыгын сооротууга [жиберди]» деген пайгамбарлык тапшырманы окуп, аны өзүнө карата колдонгон (Ышайа 61:1, 2; Лука 4:16—19). Ыйсанын бүгүнкү күндөгү майланган жолдоочулары бул тапшырманын өздөрүнө да тиешелүү экенин көптөн бери айтып келишет жана ал ишти аткарууга аларга «башка койлор» кубаныч менен жардамдашууда (Жакан 10:16).

3. «Кудай жамандыктарга эмнеге жол берет?» деп сураган адамдарга кантип жардам берсек болот?

3 Кырсыкка дуушар болгондо адамдар кайгыга чөгүп, көп учурда: «Кудай жамандыктарга эмнеге жол берет?» — деп сурашат. Бул суроого Ыйык Китепте так жооп бар. Бирок, эгер адам Ыйык Китепти изилдей элек болсо, толук жооп алуу убакытты талап кылышы мүмкүн. Буга байланыштуу жардамды Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарынан табууга болот *. Ошентсе да адегенде кээ бир адамдарга Ыйык Китептен Ышайа 61:1, 2 сыяктуу аяттарды окуганы эле сооронуч берет, анткени ал жерде Кудайдын адамдардын сооронуч алышын каалаары көрсөтүлөт.

4. Польшадагы бир Күбө көңүлү чөгүп жүргөн курбусуна кантип жардам берген жана бул окуядан башкаларга жардам берүүгө карата эмнеге үйрөндүң?

4 Улгайган адамдардай эле, жаштар да сооротууга муктаж. Польшада көңүлү чөгүп жүргөн бир өспүрүм кыз досуна кайрылып, андан кеңеш сураган. Жахабанын Күбөсү болгон ал курбусу кыздын жүрөгүн «Эмнеге жамандык ушунчалык көп? Адамдар эмне үчүн азап чегет? Эмнеге сиңдим шал болуп калды? Эмне үчүн жүрөгүм оорулуу? Чиркөөдөгүлөр Кудайдын эрки ушундай деп айтышат. Андай болсо, мен ага ишенүүдөн баш тартам!» деген суроолор жана күмөн саноолор өйүй турганын байкаган. Күбө ичинен Жахабага тиленип, анан кызга: «Менден бул жөнүндө сурап жатканыңа кубанычтамын. Сага жардам берүүгө аракеттенип көрөйүн»,— деген. Ал кичинекей кезинде анын да шек саноолору болгонун жана ага Жахабанын Күбөлөрү жардам бергенин айтып берген. «Мен Кудайдын адамдарды кыйнабай турганын билдим. Ал адамдарды сүйөт, аларга жакшылык гана каалайт жана жакында жер бетинде чоң өзгөрүүлөрдү жүргүзөт. Оору, карылыктын азап-тозогу, өлүм жок болот жана тил алчаак адамдар ушул эле планетада түбөлүк жашашат»,— деп түшүндүргөн Күбө. Анан тиги кызга Аян 21:3, 4; Аюб 33:25; Ышайа 35:5—7 жана 65:21—25-аяттарды көрсөткөн. Кыйла сүйлөшкөндөн кийин жүрөк түпкүрүндөгү жүгү жеңилдей түшкөн кыз: «Эми эмне үчүн жашап жатканымды билем. Экөөбүз кайрадан көрүшсөк болобу?» — деп сураган. Аны менен жумасына эки жолу ыйык китептик изилдөө өткөрүлө баштаган.

Кудай берген сооронуч менен сооротуу

5. Башкаларга боор ооруганыбызда, алар эмнеден нагыз сооронуч ала алышат?

5 Башкаларды соороткондо, аларга боор ооруй билгенибиз орундуу. Кайгырып жаткан адамдын абалына чындап эле тынчсызданып жатканыбызды сөзүбүз жана үнүбүздүн тону менен билдирүүгө аракеттенебиз. Бирок ал максатка мааниси жок супсак сөздөрдү колдонуу менен жетүүгө болбойт. Ыйык Китепте «чыдамдуулук менен жана Ыйык Жазуунун жубануусу аркылуу үмүттү сактай» аларыбыз айтылат (Римдиктерге 15:4, «Мукаддас»). Муну эске алып, биз ылайыктуу учурда Кудайдын Падышалыгы деген эмне экенин түшүндүрүп, Ыйык Китептен анын жакында азыркы көйгөйлөрдү кантип чечерин көрсөтсөк болот. Анан бул үмүткө эмне үчүн ишенүүгө болорун талкуулаганыбыз жакшы. Ошентип, адамдарга үмүт бере алабыз.

6. Ыйык Жазмада берилген сооронучтан адамдар толук пайда алыш үчүн, аларга эмнени түшүнүүгө жардам беришибиз керек?

6 Берилген сооронучтан толук пайда алыш үчүн, адам чыныгы Кудайды, анын касиет-сапаттарын жана анын убадаларынын шексиздигин билиши керек. Али Жахабанын кызматчысы боло элек адамга жардам бергенибизде, ага төмөнкүлөрдү түшүндүрүп бергенибиз абзел. 1) Ыйык Китепте берилген сооронуч чыныгы Кудай Жахабадан. 2) Жахаба — Кудурети Күчтүү Кудай, асман менен жердин Жаратканы. Ал сүйүүнүн Кудайы жана туруктуу боорукердик менен акыйкатка бай. 3) Биз Кудайга анын Сөзүнөн так билим алуу менен жакындасак, жагдайды чечүүгө күч ала алабыз. 4) Ыйык Китепте ар кандай адамдардын белгилүү бир сыноолорго туш болгондо эмне кылышканы баяндалат.

7. а) Кудай берген сооронучтун «Машайак аркылуу» мол берилип жатканын баса белгилөө менен эмнеге жетүүгө болот? б) Жаман жүрүм-туруму үчүн өкүнгөн адамды кантип сооротууга болот?

7 Ыйык Китеп менен тааныш, бирок кайгырып жаткан адамдарга рухий күч-кубат бериш үчүн, кээ бир туугандар 2 Корунттуктарга 1:3—7-аяттарды колдонушат. Мындайда алар «Машайак аркылуу... сооронуп жатабыз» деген сөздөрдү баса белгилешет. Бул аяттар адамга Ыйык Китеп сооронучтун булагы экенин жана ага көбүрөөк кайрылуу керектигин баамдоого жардам бере алат. Ошондой эле бул андан аркы талкуулашууларга да негиз түзүшү мүмкүн. Эгер адам өзүнүн кыйынчылыктарын жаман иштеринин натыйжасы деп эсептесе, аны соттоп-сындабай, 1 Жакан 2:1, 2 жана Забур 102:11—14-аяттарда жазылгандардын бизге сооронуч берерин айтсак болот. Ошентип, биз башкаларды Кудай берген нагыз сооронуч менен соорото алабыз.

Зомбулукка же экономикалык кыйынчылыктарга кабылганда

8, 9. Зордук-зомбулуктан жапа чегип жаткан адамдарды ыгы келгенде кантип сооротууга болот?

8 Миллиондогон адамдардын жашоосуна кылмышкерлик же согуш түрүндө көрсөтүлгөн зордук-зомбулук кесирин тийгизип келет. Аларды кантип сооротсок болот?

9 Ыйсанын чыныгы жолдоочулары сүйлөгөн сөздөрү же кылган иштери менен дүйнөдөгү кагылышууларда карама-каршы топтордун кайсы бирин жактоодон алыс (Жакан 17:16). Бирок ыгы келгенде алар Ыйык Китепти колдонуп, азыркы оор шарттар түбөлүккө уланбай турганын көрсөтүшөт. Ал эми Жахабанын зордук-зомбулукту жакшы көргөндөргө кандай карай турганын көрсөтүш үчүн Забур 10:5ти окуп берүүгө болот же жамандыкка жамандык менен жооп бербей, Кудайга таянуу зарыл экенин Забур 36:1—4-аяттардын жардамы менен белгилөөгө болот. Забур 71:12—14-аяттардагы сөздөр болсо Улуу Сулаймандын — азыр асманда Падыша катары бийлик жүргүзүп жаткан Ыйса Машайактын — зордук-зомбулуктан жапа чегип жаткан бейкүнөө адамдарга кандай сезим менен мамиле кыларын көрсөтүп турат.

10. Көп жылдан бери согуштан баш көтөрбөй келгендерди жогорудагы аяттар кандайча сооротот?

10 Касташкан топтордун бийлик үчүн жүргүзгөн күрөшүнөн улам кээ бир адамдар согуштан баш көтөрбөй келишүүдө. Согуш жана анын кесепетинде пайда болгон кыйынчылыктар алардын турмушунун бир бөлүгүн түзүп, эч кимди таң калтырбай калган. Алардын үмүттөнгөнү эле — башка өлкөгө качып кетүү. Ошондо жашоолору бир аз оңоло тургандай көрүнөт. Бирок ал ой-максатка көбү жетпей келет; качууга аракет кылып өмүрүнөн айрылгандар да бар. Ал эми качып кеткендери көп учурда мурунку кыйынчылыктарынын ордуна башка кыйынчылыктар келгенин көрүшөт. Мындай адамдарга жер которуудан да жакшыраак нерсеге үмүттөнүүгө жардам берүү үчүн, Забур 145:3—6-аяттарды колдонууга болот. Аларга жагдайды толугураак түшүнүүгө жана мындай шарттарга дуушар болуп жатышканынын себебин, тактап айтканда, ушул эски түзүлүштүн соңунда жашап жатканыбызды баамдоого Матай 24:3, 7, 14-аяттарда жана 2 Тиметейге 3:1—5-аяттарда жазылган пайгамбарлык жардам берет. Забур 45:2—4, 9, 10 жана Ышайа 2:2—4-аяттар болсо бейпил келечекке чынында эле үмүт бар экенин түшүнүүгө жардам берет.

11. Батыш Африкадагы бир аял кайсы аяттардан сооронуч тапкан жана эмне үчүн?

11 Батыш Африкада тынымсыз согуш жүрүп жатканда, бир аял үй-бүлөсү менен ок жаап турган учурда үйүн таштап качкан. Анын жашоосу коркунучка, кайгы-капага толуп, көңүлү катуу кайт болгон. Кийин башка өлкөдө жашап жатышканда, күйөөсү өздөрүнүн нике тууралуу күбөлүгүн өрттөп, кошбойлуу аялын он жашар баласы менен кууп жиберген да, дин кызматчы болуп алууну чечкен. Аялга Күбөлөр Филипиликтерге 4:6, 7 менен Забур 54:23тү көрсөтүшүп, Ыйык Жазмага негизделген «Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» журналдарындагы макалаларды окууну сунуш кылышканда, ал жашоонун маңызын түшүнүп, сооронуч тапкан.

12. а) Экономикалык жактан кыйналып жаткандарга Ыйык Жазмада кандай жардам сунуш кылынат? б) Азиялык бир Күбө дүкөндөгү кардарга кантип жардам бере алган?

12 Экономиканын кыйроосу миллиондогон адамдардын жашоосуна залалын тийгизип келет. Буга да кээде согуш жана анын кесепетинде пайда болгон көйгөйлөр себеп болот. Айрым учурларда өкмөттөрдүн акылсыз саясаты, бийлик ээлеринин ачкөздүгү жана чынчылсыздыгы элдик казынаны бөксөртөт жана адамдарды мүлкүнөн кол жуудурат. Ал эми башкалар башынан эле жарды жашап келишет. Мындай адамдардын баарын Кудайдын ага таянгандарды колдоорун жана адилеттүү дүйнөдө адамдар өздөрүнүн эмгегинин үзүрүн көрөрүн билүү сооротот (Забур 145:6, 7; Ышайа 65:17, 21—23; 2 Петир 3:13). Азия өлкөлөрүнүн биринде жашаган Күбө дүкөндөн бир кардардын өлкөдөгү экономикалык жагдай тууралуу тынчсызданып атканын угуп калып, мындай көрүнүш дүйнө жүзү боюнча болуп жаткан окуялардын бир үзүмү экенин түшүндүргөн. Матай 24:3—14-аяттар жана Забур 36:9—11-аяттар талкууланган соң, аны менен үзгүлтүксүз түрдө ыйык китептик изилдөө өткөрүлө баштаган.

13. а) Куру убадалардан көңүлү калган адамдарга жардам берүүдө Ыйык Китепти кантип колдонсок болот? б) Жашоо шартынын начардыгын Кудайдын жоктугунун далили катары көргөн адамдарга кантип жардам берүүгө болот?

13 Адамдар көп жылдан бери азап тартып же көптөгөн куру убадалардан көңүлү калып жүргөндө, алар өздөрүн Мисирде «ындыны өчүп» айтылгандарды укпай койгон ысрайылдыктардай алып жүрүшү мүмкүн (Чыгуу 6:9, ЖД). Мындай учурларда аларга Ыйык Китептин күндөлүк көйгөйлөрдү ийгиликтүү чечүүгө жана көптөрдүн жашоосуна залалын тийгизип жаткан кыйынчылыктардан оолак болууга жардам бере аларын көрсөткөнүбүз дурус (1 Тиметейге 4:8б). Кээ бирөөлөр өздөрүнүн жашоо шарттарынын начардыгын Кудайдын жоктугунун же анын адамдарга кам көрбөй турганынын далили катары көрүшү мүмкүн. Ылайыктуу аяттарды колдонуп, аларга Кудайдын сунуш кылган жардамын көптөр кабыл албай жатканын түшүндүрүүгө болот (Ышайа 48:17, 18).

Адамдар катуу шамалдан же жертитирөөдөн жапа чеккенде

14, 15. Кырсыктын айынан көптөрдүн үрөйү учуп турганда Жахабанын Күбөлөрү адамдарга кандай камкордук көрсөтүшкөн?

14 Катуу шамал, жертитирөө, өрт же жарылуу оор жоготууларды алып келип, көп адамдарды кайгыга салышы мүмкүн. Аларды сооротуу үчүн эмне кылууга болот?

15 Адамдар аларды ойлогон бирөө бар экенин сезиши керек. Бир өлкөдө болгон террордук чабуул көп адамдардын үрөйүн учурду. Далайлары жакындарынан, үй-бүлөнү баккан кишилеринен, досторунан, жумушунан айрылды. Мурун өзүн коопсуз сезип келгендерге эми андай сезимдин биротоло өчкөнү туюлду. Жахабанын Күбөлөрү айлана-тегеректеги адамдарга көңүл айтып, Ыйык Китептен жубатарлык сөздөрдү окуп берип, өз жардамдарын аяшкан жок. Алардын камкордугуна көптөр аябай ыраазы болушту.

16. Сальвадордун бир аймагын кырсык каптаганда, жергиликтүү Күбөлөрдүн кабар айтуусу эмне үчүн абдан жемиштүү болгон?

16 Сальвадордо 2001-жылы катуу жертитирөө болгондо, тоодой ылай агып, көптөрдүн өмүрүн алган. Ал кырсыктан бир Күбөнүн 25 жаштагы баласы жана анын сүйлөшкөн кызынын эки сиңдиси каза болгон. Өлгөн жигиттин апасы жана сүйлөшүп жүргөн кызы бат эле кабар айтууга киришишкен. Көптөр аларга өлгөндөрдү Кудай алып кетти же Кудайдын каалаганы болду дешкен. Күбөлөр Накыл сөздөр 10:22ни ачып, Кудайдын бизди кайгыга салгысы келбей турганын көрсөтүшкөн. Алар Римдиктерге 5:12ни окуп берип, адамдар Кудайдын каалоосу боюнча эмес, тукум кууп өткөн күнөөнүн айынан өлүп жатканын түшүндүрүшкөн. Ошондой эле Забур 33:19, Забур 36:29, Ышайа 25:8 жана Аян 21:3, 4-аяттарда берилген сооронуч кабарына көңүл бурушкан. Ал экөөнүн да кырсыктын айынан жакындарынан айрылганын билип, адамдар аларды жакшы угушкан. Натыйжада бир канча ыйык китептик изилдөө башталган.

17. Кырсык болгон жерде адамдарга кантип жардам көрсөтүүгө болот?

17 Кырсык каптаганда, кимдир бирөөгө тез аранын ичинде жардам көрсөтүү зарыл болушу мүмкүн. Мисалы, андай учурда врач чакыруу, жабыркаган адамдын ооруканага жеткирилишине же тамак-аш жана түнөк-жай менен камсыз болушуна көмөктөшүү керек болот. 1998-жылы Италияда болгон табигый кырсыктан кийин, бир журналист Жахабанын Күбөлөрүнүн «жабыркагандардын кайсы динден экенин сүрүштүрбөй, баарына иш жүзүндө колкабыш кылышканын» байкаган. Кээ бир өлкөлөр акыркы күндөргө алдын ала айтылган окуялардан катуу азап чегип жатат. Ал жерлерде Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китептеги пайгамбарлыктарды көрсөтүп, адамдарды Кудайдын Падышалыгынын адамзатка чыныгы коопсуздукту алып келери жөнүндөгү убада менен сооротуп жатышат (Накыл сөздөр 1:33; Михей 4:4).

Үй-бүлө мүчөсү каза болгондо

18—20. Үй-бүлө мүчөсү каза болгондо, сооротуу максатында эмне айтууга же эмне кылууга болот?

18 Күн сайын миллиондогон адамдар жакынынан айрылып күйүт тартат. Андай адамдарды кабар айтып же күндөлүк иштер менен алек болуп жүргөнүбүздө жолуктурушубуз мүмкүн. Аларды сооротуу үчүн эмне айтсаң же эмне кылсаң болот?

19 Адам кайгыга чөгүп турса же үйүндө күйүт тарткан тууган-туушкандары бар болсо эмне кылуу керек? Мындайда көп нерсе айтып бергиң келсе да, акылдуулук көрсөткөнүң маанилүү (Насаатчы 3:1, 7). Балким, көңүл айтып, ылайыктуу ыйык китептик адабият (китепче, журнал же баракча) калтырганың жана бир нече күндөн кийин ал-жайын сурап, андан ары кандай жардам берсең болорун байкаштырганың орундуудур. Оңтойлуу учурда Ыйык Китептен айрым кубаттандырарлык ойлорду көрсөтүүнү сунуш кыл. Бул адамдын көңүлүн тынчытып, дартына даба боло алат (Накыл сөздөр 16:24; 25:11). Ыйсага окшоп, биз өлгөндү тирилте албайбыз. Ошентсе да Ыйык Китепте өлгөндөрдүн абалы жөнүндө эмне айтыларын түшүндүрсөң болот, бирок бул учурда туура эмес көзкараштарды жокко чыгарууга аракеттенбегениң дурус (Забур 145:4; Насаатчы 9:5, 10; Жезекиел 18:4). Анын ордуна, Ыйык Китептен тирилүү жөнүндөгү убадаларды окуп бер (Жакан 5:28, 29; Элчилер 24:15). Анан бул убадалардын эмнени билдирерин түшүндүрүү үчүн тирилүү тууралуу ыйык китептик кайсы бир билдирүүнү мисалга алсаң болот (Лука 8:49—56; Жакан 11:39—44). Ошондой эле ушундай үмүт берип жаткан мээримдүү Кудайдын сапаттарына көңүл бур (Аюб 14:14, 15; Жакан 3:16). Бул окуулардын сага кандай пайда алып келгенин жана аларга эмне үчүн ишенериңди түшүндүр.

20 Күйүт тарткан адам Падышалык залына келсе, ал жерден жакындарын чындап сүйгөн жана бири-бирин бекемдей билген адамдар менен тааныша алат. Швециялык бир аял андай адамдарды өмүр бою издеп келгенин айткан (Жакан 13:35; 1 Тесалоникалыктарга 5:11, ЖД).

21, 22. а) Бирөөнү сооротууда бизден эмне талап кылынат? б) Ыйык Жазманы билген адамды кантип соорото аласың?

21 Күйүт тартып жаткан рухий биртууганыңа же башка адамга эмне айтарыңды же эмне кыларыңды билбей калган учурларың болобу? Ыйык Китепте көп учурда «сооронуч» деп которулган грек сөзү түзмө-түз «жанында болууну өтүнүү» деген маанини туюнтат. Демек, кайгырып жаткан адамга нагыз сооронуч берүү үчүн анын жанында болуу зарыл (Накыл сөздөр 17:17).

22 А эгер соороткуң келген адам өлүм, кун жана тирилүү жөнүндө Ыйык Китепте эмне айтыларын билсе, анда эмне кылыш керек? Жанында ишенимдеш досунун болгону аны сооротот. Эгер сүйлөшкүсү келсе, сөзүн кунт коюп ук. Өзүңдү ага баяндама окууга милдеттүүдөй сезбе. Эгер аяттарды окусаңар, аларды экөөңөрдү тең бекемдээрлик Кудайдын сөздөрү катары колдон. Ал аяттардагы убадалардын шексиздигине экөөңөр тең бекем ишенериңерди белгиле. Кудайдын боорукердигин чагылдырып жана Кудайдын Сөзүндөгү баа жеткис чындыктар менен бөлүшүп, сен күйүт тартып жаткандарга «сооронуунун булагы болгон Кудай» Жахабадан жубатуу жана күч-кубат алууга жардам бере аласың (2 Корунттуктарга 1:3).

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Карагыла: «Түбөлүк өмүргө алпаруучу билим», 8-бөлүм; «Ыйык Жазманын негизинде талкуулашуу», 393—400, 427—431-беттер (англ.); «Камкор Жараткан барбы?», 10-бөлүм; «Кудай бизге чынында эле кам көрөбү?» китепчеси (ор.).

Кандай жоопторду бересиңер?

• Көп адамдар кырсык-каргашалар үчүн кимди күнөөлөшөт жана аларга кантип жардам берсек болот?

• Башкалардын Ыйык Китептен сооронуч алышына жардам берүү үчүн эмне кылсак болот?

• Силер жашаган жердеги адамдар кандай жагдайлардан улам кайгырып жатышат жана аларды кантип соорото аласыңар?

[Изилдөө суроолору]

[32-беттеги сүрөт]

Качкындар лагери: UN PHOTO 186811/J. Isaac

Кырсык каптаганда, нагыз сооронуч берүүчү кабарды таратабыз.