Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайга кандай суроо берет элеңер?

Кудайга кандай суроо берет элеңер?

Кудайга кандай суроо берет элеңер?

Дүйнөнүн булуң-бурчундагы адамдардын жашоого байланышкан олуттуу суроолору бар. Силердечи? Көптөр суроолоруна жооп табуу максатында диний насаатчыларга кайрылышат, бирок канааттандырарлык жооп ала алышпайт. Башкалар суроолорунун үстүнөн өз ичинен гана ойлонсо, айрымдар жетекчилик сурап тиленишет. Тынчыңарды алган суроолоруңарга Кудайдан жооп алуу мүмкүнбү? Көптөр Кудайга бергиси келген суроолордун айрымдары төмөндөгүлөр.

Кудай, деги Сен кимсиң?

Адамдын Кудай жөнүндөгү түшүнүгүнө маданияты, ата-энесинин туткан дини жана сыягы, өзүнүн жеке чечими таасир этет. Кээ бирлер өздөрү кудай туткан нерсесин атынан атап чакырышса, башкалары жөн эле Кудай деп кайрылышат. Кудайдын ысмын билүү чын эле маанилүүбү? Өзүнүн касиет-сапаттарын жана ысмын ачып берген жалгыз эле чыныгы Кудай барбы?

Эмне үчүн азап-кайгы мынчалык көп?

Акылсыздыгынын же адеп-ахлаксыз жашоо өткөргөндүгүнүн айынан денсоолугу бузулса же жакыр болуп калса, адам жашоо-турмушуна нааразы болушу ыктымал. Бирок ошол эле учурда эмне үчүн азап чегип жатканын өзү жакшы билет.

Бирок көптөгөн адамдар бейкүнөө азап тартышат. Маселен, айрымдар өнөкөт оорунун айынан жапа чексе, башкалары баш коёрго жай табуу үчүн же үй-бүлөсүн тамак-аш менен жетишерлик камсыз кылуу үчүн жеңүүгө мүмкүн эместей сезилген кыйынчылыктар менен күрөшүп келүүдө. Ал эми миллиондогондор кылмышкерликтен, согуштан, ырайымсыз зордук-зомбулуктан, табигый кырсыктардан жана колунда бийлиги бар адамдардын адилетсиздигинен улам жапа чегишүүдө.

Ошондуктан көптөрдүн: «Мындай жагдай-шарттар эмне үчүн кулач жаюуда? Кудай эмне үчүн ушулардын баарына жол берүүдө?» — деп сурашканы бекеринен эмес.

Мен эмне үчүн жашап жатам? Жашоонун маңызы эмнеде?

Мындай суроолор көбүнчө күнүмдүк иш-аракеттеринен чыныгы канааттануу ала албай ындыны өчкөн адамдарда пайда болот; а мындай адамдар аз эмес. Дагы башка миллиондогондор ар бир адам Кудай маңдайына эмнени жазса ошону көрөт деп ойлошот. Чынында эле ошондойбу? Эгер Кудайдын силерге карата белгилүү бир ой-ниети бар болсо, ал ниет жөнүндө билгиңер келери шексиз.

Дүйнө жүзүндөгү китептердин ичинен бир гана китеп өзүнүн Кудайдын жетеги астында жазылганын ачык айтат. Кудайдан келген кабарды адамдардын баары угушу керек, ошондуктан ал китеп качандыр бир кезде жазылган китептердин баарынан көп тилде басылып чыккан. Сөз Ыйык Китеп жөнүндө жүрүп жатат. Анда асман менен жердин Жаратканы, Кудай, өзүнүн ким экенин жана ысмын ачып берген. Кудайдын ысмы ким экенин уккан белеңер? Ыйык Китепте анын кандай касиет-сапаттарга ээ экени жана адамдарга койгон талаптары жөнүндө айтылганын билесиңерби?

[3-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

Mountain: Chad Ehlers/Index Stock Photography