Бекем туруп, Жахабанын куткаруусун көргүлө!
Бекем туруп, Жахабанын куткаруусун көргүлө!
«[«Ордуңарды ээлегиле», ЖД], бекем тургула,ошондо Теңирдин силерге жиберген куткаруусун көрөсүңөр» (2 ЖЫЛНААМА 20:17).
1, 2. Эмне үчүн «Магок жериндеги Гоктун» жакындап келаткан кол салуусунун кесепети эларалык террорчулук коркунучунан да оор болот?
ТЕРРОРЧУЛУКТУ айрымдар дүйнөлүк коомчулукка, ал тургай, бүтүндөй цивилизацияга кол салуучулук деп сыпатташат. Албетте, мындай коркунучка олуттуу көңүл буруу керек. Бирок кесепети андан да оор боло турган башка бир кол салууну адам баласы анча этибар албай же такыр тоготпой келет. Ал эмне болгон кол салуу?
2 Бул — «Магок жериндеги Гоктун» кол салуусу. Ал жөнүндө Ыйык Жазманын Жезекиел китебинин 38-бабында кеп кылынат. Бул кол салуунун кесепети эларалык террорчулук коркунучунан да оор болот деп айтуу аша чапкандыкка жатпайбы? Жок, анткени Гоктун чабуулу жердеги өкмөттөргө сокку уруу менен эле чектелбейт. Ал Кудайдын асмандагы өкмөтүнө каршы чабуул жасайт! Бирок, дүйнө түзүлүшүнө жасалган кол салуулар менен күрөшүүдө чектелүү гана ийгиликтерге жеткен адамдардан айырмаланып, Жараткан Гоктун алда канча айбаттуу келген чабуулунун мизин кайтарууга толук кудуреттүү.
Кудайдын өкмөтүнө кол салуу
3. Дүйнөнүн башкаруучулары 1914-жылдан бери эмне кылууга чакырылышууда жана алар кандай жооп кайтарышууда?
3 Забур 2:1—3). Падышалыктын башкаруусуна көрсөтүлгөн каршылык Магок жериндеги Гоктун кол салуусунун учурунда өзүнүн туу чокусуна жетет.
Кудайдын азыр падышалык кылып жаткан Падышасы менен Шайтандын каардуу түзүлүшүнүн ортосундагы кастык 1914-жылы асманда Кудайдын Падышалыгы орнотулгандан бери тынымсыз улантылып келүүдө. Ошол кезде бийлик ээлерине Кудай тандаган Башкаруучуга баш ийүү талап экени билдирилген. Бирок алар ал талапты аткаруудан баш тартып келишет. Бул жөнүндө: «Жер жүзүнүн падышалары каршы чыгып жатышат, төрөлөр да чогулуп, Теңирге каршы жана Анын Майланганына каршы кеңешип жатышат. Алар: „Алардын чынжырларын үзүп таштайбыз, алардын бизге салган кишендерин түшүрүп таштайбыз“ — деп жатышат»,— деп алдын ала айтылган (4, 5. Адамдар кандайча Кудайдын асмандагы көзгө көрүнбөгөн өкмөтүнө каршы күрөшүшөт?
4 Биз адамдар кантип асмандагы көзгө көрүнбөгөн өкмөткө каршы күрөшө алат деп сурашыбыз мүмкүн. Ыйык Китепте ал өкмөттүн «жер үстүнөн сатылып алынган жүз кырк төрт миң адамдан» жана «Козу» Ыйса Машайактан турары көрсөтүлөт (Аян 14:1, 3; Жакан 1:29). Бул жаңы өкмөт асманда орнотулгандыктан «жаңы асман» деп аталат, ал эми анын жердеги букаралары жүйөлүү түрдө «жаңы жер» деп аталат (Ышайа 65:17; 2 Петир 3:13). Машайактын 144 000 кошо башкаруучусунун көбү жердеги кызматын акыр-аягына чейин ишенимдүүлүк менен аткарышты. Ошентип, алар өздөрүнүн асмандагы жаңы кызматка дайындалууга татыктуу экенин далилдешти.
5 Бирок 144 000дин аз сандагы калдыгы дагы деле жерде. 2002-жылы Эгенин кечки тамагын белгилөөгө келген 15 000 000дон ашык адамдын ичинен 8 760 гана адам асмандагы кызматка тандалып алынгандардын үмүтүнө ээ экенин көрсөтүшкөн. Кимде-ким Падышалыктын жердеги бул болочок мүчөлөрүнө кол салууга батынса, чын-чынында, Кудайдын Падышалыгына каршы чыккан болот (Аян 12:17).
Падыша жеңет
6. Кудайдын элине карата көрсөтүлгөн каршылыкка Жахаба жана Машайак кандай карашат?
6 Асманда орнотулган Падышалыгына көрсөтүлгөн каршылыкка Жахабанын кандай караары алдын ала айтылган: «Аларга Асманда Жашоочу күлөт, аларды Теңир маскара кылат. Ошондо Ал аларга ачуусу келип турганда айтат, Өзүнүн жаалы менен аларды дүрбөлөңгө түшүрөт: Мен Өзүмдүн Падышамды ыйык тоом Сиондо майлагам» (Забур 2:4—6). Машайактын Жахабанын жетекчилиги астында «жеңер» убактысы келди (Аян 6:2). Жахаба акыркы жеңиш убагында анын элине карата багытталган каршылыкка кандай карайт? Ал мындай каршылыкты Өзүнө жана бийлик жүргүзүп жаткан Падышасына каршы багытталган деп эсептейт. Жахабанын Сөзүндө: «Силерге ким тийсе, ал Анын көзүнүн карегине тийген болот»,— деп айтылат (Захария 2:8). Ыйса да адамдардын анын майланган биртуугандарына кылган жакшылыгын же жамандыгын өзүнө кылынгандай кабыл аларын баса белгилеген (Матай 25:40, 45).
7. Аян 7:9да сүрөттөлгөн «эбегейсиз көп адамдар» кайсы себеп менен Гоктун каарына кабылышат?
7 Албетте, майланган калдыкты активдүү колдоп жаткандар да Гоктун каарына кабылышат. Келечекте Кудайдын «жаңы жерин» түзө турган бул адамдар — «ар бир улуттан, ар бир элден жана ар бир тилден» чакырылган «эбегейсиз көп адамдар» (Аян 7:9). Алар тууралуу «тактынын жана Козунун алдында ак кийим кийип» турушат деп айтылат. Демек, алар Кудайдын жана Ыйса Машайактын жактыруусуна ээ. «Колдоруна курма дарагынын бутагын кармап», алар Жахабаны Ааламдын мыйзамдуу Эгедери катары даңкташат. Жахабанын башкаруусу такка отургузулган Падыша Ыйса Машайактын, «Кудайдын курмандык Козусунун», бийлик жүргүзүүсү аркылуу ишке ашырылат (Жакан 1:29, 36).
8. Гоктун кол салуусу Машайактын эмне кылышына түрткү берет жана Ыйса кандай натыйжага ээ болот?
8 Гоктун кол салуусу такка отурган Падышага иш-аракетин баштоого жана Армагедон согушун жүргүзүүгө түрткү берет (Аян 16:14, 16). Жахабанын эгедерлигин таануудан баш тарткандар жок кылынат. Ал эми Кудайдын Падышалыгын берилгендик менен колдоп, кордуктарга чыдагандар түбөлүк куткарылууга ээ болушат. Бул жөнүндө элчи Пабыл мындай деп жазган: «Ушуларды башыңардан кечирип жаткандыгыңар Кудайдын адилет соту боло тургандыгынын белгиси. Кудайдын Падышачылыгы үчүн азап чегип жаткан силер... Кудайдын Падышачылыгына татыктуу деп табыласыңар. Кудай адилеттүү: силерди кордогондорго Ал кордук көрсөтөт, кордолуп жаткан силерге жана бизге кубаныч тартуулайт. Ыйса Теңир [«Эге», ЖД] Өзүнүн күчтүү периштелери менен, жалындаган от менен асмандан келгенде ушундай болот. Ошондо Ал Кудайды тааныбагандарды жана биздин Теңирибиз [Эгебиз] Ыйса Машайактын Жакшы Кабарына баш ийбегендерди жазалайт» (2 Тесалоникалыктарга 1:5—8).
9, 10. а) Жахаба Жүйүттү күчтүү душмандын үстүнөн кантип жеңишке жеткирген? б) Бүгүн Ыйсанын жолдоочулары эмне кылууну уланта бериши керек?
9 Армагедон менен аяктай турган улуу кайгынын учурунда Машайак бүт жамандыкка каршы согуш жүргүзөт. Бирок, миңдеген жылдар мурун эки уруудан турган Жүйүт падышалыгынын тургундары согушууга тийиш болбогондой эле, Ыйсанын жолдоочулары үчүн да согушуунун зарылдыгы болбойт. Жүйүттөрдүн учурунда согуш Жахабага таандык болуп, ал өз элине жеңиш тартуулаган. «Теңир 2 Жылнаама 20:22—24).
Жүйүт аймагындагыларга каршы келе жаткан амондуктар менен мааптыктардын жана Сеир тоосунда жашагандардын ыркын кетирип, ортосуна бүлүк түшүрдү. Алар өз ара салгылашып, бири-бирин кырышты. Анткени амондуктар менен мааптыктар Сеир тоосунда жашагандарга каршы чыгышып, аларды кыра башташты. Аларды биротоло жок кылгандан кийин, бири-бирин кырышты. Жүйүттүктөр чөлдөгү дөбөгө келгенде, жерде жаткан калың колду карашса, өлүктөр экен, бир да жан тирүү калбаптыр»,— деп айтылат билдирүүдө (10 Жахабанын: «Силер согушпайсыңар»,— деп күн мурун айтканы так аткарылган (2 Жылнаама 20:17). Бул Ыйсанын жолдоочуларына үлгү болуп саналат. Машайак жеңүү үчүн чыкканда аларга согушуунун зарылдыгы болбойт. Азыр болсо алар жамандыкка каршы түз маанидеги курал-жарактар менен эмес, рухий куралдар менен күрөшүп жатышат. Ошентип, «жамандыкты жакшылык менен жеңишүүдө» (Римдиктерге 6:13; 12:17—21; 13:12; 2 Корунттуктарга 10:3—5).
Гоктун кол салуусун ким баштап келет?
11. а) Кол салуу үчүн Гок кайсы уюмдарды колдонот? б) Рухий жактан сергек болуу деген эмнени билдирет?
11 Магок жериндеги Гок деген наам 1914-жылы басырынтылган Шайтан Ибилиске таандык. Ал рухий жаратуу болгондуктан, Кудайдын кызматчыларына түздөн-түз кол сала албайт, ошондуктан жердеги уюмдарды колдонот. Кайсы уюмдарды? Ыйык Китепте бул жөнүндө майда-баратына чейин айтылбайт, ошентсе да ал эмне болгон уюмдар экенин түшүнүүгө жардам болорлук белгилер берилет. Дүйнөлүк окуялар жүз берип, ыйык китептик пайгамбарлыктар аткарылган сайын, биздин түшүнүгүбүз да толуктала берет. Жахабанын эли ой жоруп божомолдоодон качат, бирок Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын аткарылышына дал келген саясый жана диний маанидеги окуялардын өрчүшүнө байкоо жүргүзүп, рухий жактан сергек турат.
12, 13. Кудайдын элине жасала турган акыркы чабуул жөнүндө Даниел пайгамбар эмне деп алдын ала айткан?
12 Даниел пайгамбар Кудайдын элине жасала турган акыркы чабуул жөнүндө мындай деп жазган: «Көп элдерди кырып жок кылуу үчүн, ал [түндүк падышасы] катуу каары менен чыгат. Анан ал өзүнүн падыша чатырларын деңиз менен даңктуу ыйык жай турган тоонун [«улуу деңиз менен ыйык тоонун», ЖД] ортосуна жаят» (Даниел 11:44, 45).
13 Ыйык Китепте «улуу деңиз» деген Жер ортолук деңизди, ал эми «ыйык тоо» Сионду билдирген. Ал тоо жөнүндө Жахаба: «Мен Өзүмдүн Падышамды ыйык тоом Сиондо майлагам»,— деп айткан (Забур 2:6; Жашыя 1:4). Демек, «улуу деңиз менен ыйык тоонун» ортосундагы жер рухий мааниде Ыйсанын майланган жолдоочуларынын өркүндөп жаткан рухий ээлигин билдирет. Алар Кудайдан алыстаган адамзат деңизинен бөлүнүп турушат жана Ыйса Машайак менен асман Падышалыгында бийлик жүргүзүүнү күтүшүүдө. Даниелдин пайгамбарлыгы боюнча түндүк падышасы айбаттуу кол салып баштаганда, Кудайдын майланган кызматчылары «эбегейсиз көп адамдардан» турган ишенимдүү шериктери менен бирге ал падышанын бутасына айланары турган иш (Ышайа 57:20; Эврейлерге 12:22; Аян 14:1).
Кудайдын кызматчылары кандай жооп кайтарат?
14. Кол салууга дуушар болгондо Кудайдын эли кайсы үч шартты аткарат?
14 Кол салууга дуушар болгондо Кудайдын кызматчылары эмне кылышы керек? Бул жерде да Кудайдын прообраздуу элинин Жошапаттын күндөрүндө кайтарган жообу үлгү болуп саналат. Байкасаңар, алар үч шартты аткарууга: 1) өз ордуларын ээлөөгө, 2) бекем турууга жана 3) Жахабанын куткаруусун көрүүгө тийиш болушкан. Кандайча бүгүн Кудайдын эли ушул сөздөргө ылайык иш кылып жатат? (2 Жылнаама 20:17).
15. Жахабанын элинин өз ордуларын ээлөөсү эмнени билдирет?
15 Өз ордуларын ээлөө: Кудайдын эли олку-солку болбой, Кудайдын Падышалыгын активдүү колдойт. Алар өздөрүнүн бейтараптуулук позициясына бек карманышат. Жахабага берилгендик менен кызмат кылууда алар «бекем, туруктуу» болушат жана Жахабаны ырайымы үчүн мындан ары да эл алдында даңктай беришет (1 Корунттуктарга 15:58; Забур 117:28, 29). Кудай кубаттаган бул позициядан аларды азыр да, келечекте да эч кандай кысым тайдыра албайт.
16. Жахабанын кызматчылары кандай мааниде «бекем турушат»?
16 Бекем туруу: Жахабанын кызматчылары өздөрүн өздөрү куткарууга аракеттенишпейт, алар бүт бойдон Жахабага таянышат. Өзүнүн кызматчыларын дүйнөнүн башаламандыгынан Кудай гана сактай алат жана ал ошентүүгө убада берген (Ышайа 43:10, 11; 54:15; Жеремиянын ыйы 3:26). Жахабага таянуу анын ой-ниеттеринин ишке ашырылышы үчүн ондогон жылдардан бери айгине колдонулуп келаткан жердеги каналга таянууну камтыйт. Ошондуктан Ыйсанын чыныгы жолдоочулары Жахаба жана анын бийлик жүргүзүп жаткан Падышасы тарабынан жетекчиликти колго алууга дайындалган ишенимдештерине мурдагыдан да көбүрөөк ишеним көрсөтүшү керек. Бул ишенимдүү эркектер Кудайдын элин жетектешет. Алардын көрсөтмөлөрүн четке кагуу каргашалуу болушу мүмкүн (Матай 24:45—47; Эврейлерге 13:7, 17).
17. Эмне үчүн Кудайдын ишенимдүү кызматчылары Жахабанын куткаруусун көрүшөт?
17 Жахабанын куткаруусун көрүү: Куткарылуу өздөрүнүн актыгын сактаган жана Жахабанын куткаруусуна таянган Ыйсанын жолдоочуларынын баарына сыйлык катары берилет. Алар Жахабанын сот күнүнүн жакындап келатканын дүйнөнүн акырына чейин колдон келишинче жарыялашат. Жан бүткөндүн баары Жахабанын чыныгы Кудай экенин жана жерде анын чыныгы кызматчылары бар экенин билиши керек. Жахабанын эгедерлик кылууга канчалык укуктуу экени мындан ары эч качан узак талашка айланбайт (Жезекиел 33:33; 36:23).
18, 19. а) Кандайча Чыгуу китебинин 15-бабындагы жеңиш ыры Гоктун чабуулунан аман кала тургандардын сезимдерин чагылдырып турат? б) Кудайдын эли үчүн азыр эмне кылууга ылайыктуу учур?
18 Кудайдын эли жаңы дүйнөгө жаңы дем менен кирип, Кызыл деңизден аман өткөн байыркы ысрайылдыктарга окшоп, жеңиш ырын ырдоого дилгир болушат. Жахабанын коргоосуна түбөлүк ыраазы болуп, алар илгериде айтылган төмөнкү сөздөрдү жекече да, бирге да кайталашат: «Теңирди мактап ырдаймын, анткени Ал улуу иштерди жасады... Теңир — майдандын баатыры, Жахаба — Анын ысымы... Сенин оң колуң душманды талкалады. Өзүңө каршы чыккандарды Өзүңдүн даңкыңдын улуулугу менен кыйраттың. Сенин каарың аларды саман сыяктуу өрттөп жиберди... Сен Өзүң куткарган ушул элди ырайымың менен жетелеп баратасың. Ыйык жайыңа Өзүңдүн күчүң менен коштоп баратасың... Теңирим, Сен Өз элиңди Өзүңдүн улуу тооңо, Сен Өзүң турак жай кылып алган жерге, Эгедерим, Өзүң жасаган ыйык жерге алып барып жайгаштыр. Теңир түбөлүккө падышачылык кылат!» (Чыгуу 15:1—19).
19 Азыр түбөлүк өмүргө болгон үмүт мурункудан да ачыгыраак болуп калган кез. Бул Кудайдын кызматчылары үчүн Жахабага берилгендик көрсөтүүгө жана өздөрүнүн түбөлүк Падышасына кызмат кылууга ого бетер чечкиндүү болууга эң ылайыктуу учур! (1 Жылнаама 29:11—13).
Түшүндүрө аласыңарбы?
• Эмне үчүн Гоктун кол салуусу майлангандар менен башка койлорго каршы багытталат?
• Кудайдын эли кантип өз ордуларын ээлейт?
• Бекем туруу деген эмнени билдирет?
• Жахабанын эли анын куткаруусун кантип көрөт?
[Изилдөө суроолору]
[26-беттеги сүрөт]
Жошапат менен Кудайдын элине согушуунун кереги жок эле, себеби Жахаба аларга жеңишти өзү тартуулаган.
[28-беттеги сүрөт]
Майлангандар менен башка койлор Жахабанын эгедерлигин колдошот.
[29-беттеги сүрөт]
Байыркы Ысрайылга окшоп, Кудайдын эли жакында жеңиш ырын ырдайт.