Жыпар жыттуу зат түтөтүү чыныгы сыйынуунун талабына киреби?
Жыпар жыттуу зат түтөтүү чыныгы сыйынуунун талабына киреби?
«КУДАЙЛАР аңкыган жыттарды жактырат». Бул лакап байыркы мисирликтерге таандык. Алар жыпар жыттуу зат түтөтүүнү өздөрүнүн сыйынуусунун маанилүү бөлүгү катары көрүшчү. Кудайлар жаныбызда деп ишенген мисирликтер ийбадатканаларында жана үй-бүлөлүк алтарларында, кала берсе, иш менен алектенгенде да күнүгө жыпар жыттуу зат түтөтүшчү. Ушу сыяктуу жөрөлгөлөр башка элдерде да болгон.
Жыпар жыттуу зат деген эмне? Бул аталма аңкыган жытка же түтөтүлгөн затка тиешелүү. Ал атыр жыттуу чайырдан жана ладан, бальзам сыяктуу маңыздан жасалат. Буларды жанчып майдалап, белгилүү бир жыттагы затты алуу үчүн, улпагын ар кандай татымалдар, дарактын кабыгы жана гүлдөр сыяктуу нерселер менен аралаштырышат.
Илгерки кездерде жыпар жыттуу зат ушунчалык керектүү жана баалуу нерсе болгондуктан, анын курамына кирген заттар соода-сатыкта өтүмдүү товарлардан болуп эсептелген. Кербендер аларды соода жолдору менен алыскы өлкөлөрдөн ташып келишчү. Жакыптын кичүү уулдарынын бири Жусупту сатып алган жана «Гилат жактан келе жаткан» ысмайылдык соодагерлердин «төөлөрүнө жыпар жыттуу заттарды: стиракс, бальзам, ладан жүктөп, Мисирге алып барыш үчүн келе жатышканын» эстесеңер (Башталыш 37:25). Жыпар жыттуу заттарга болгон суроо-талап ушунчалык чоң болгондуктан, ал заттарды ташыган соодагерлер Азия менен Европанын ортосундагы саякат жолдорунун ачылышын шартташкан.
Жыпар жыттуу заттар көптөгөн диндердин ырым-жырымдарында, үрп-адаттарында дагы деле колдонулуп келет. Андан тышкары, үйү жагымдуу жыттанып турушун каалап жыпар жыттуу зат түтөткөн адамдардын саны көбөйүүдө. Ыйсанын жолдоочулары жыпар жыттуу зат түтөтүүгө кандай карашы керек? Аны Кудайга сыйынууда колдонуу туурабы? Келгиле, Ыйык Китепте буга байланыштуу эмне айтылганын карап көрөлү.
«Теңирге арналган ыйык аралашма»
Байыркы ысрайылдыктардын убагында жыпар жыттуу зат түтөтүү жыйын чатырындагы ыйык кызмат кылуучулардын негизги милдеттеринин бири болгон. Макклинток менен Стронгдун энциклопедиясында: «Жыпар жыттуу зат түтөтүүнү эврейлер сыйынуу же ыйык тартуу деп эсептешкен көрүнөт, ошондуктан алардын жыпар жыттуу заттарды башка максатта колдонушканы жөнүндө айтылбайт»,— деп жазылган.
Жахаба Кудай жыйын чатырында төрт заттын аралашмасы түтөтүлүшү керектигин айткан: «Өзүңө мындай жыпар жыттуу заттардан: стиракстан, онихтен, халвандан жана таза ладандан бирдей өлчөмдө ал. Аларды кылдаттык менен сүрүп майдалап, тазалап, түтөтүлө турган ыйык аралашманы жаса. Аны жанчып майдалап, Мен сага ачыла турган жыйын чатырындагы келишим сандыгынын алдына кой» (Чыгуу 30:34—36). Окумуштуулардын ою боюнча, кийинчерээк раббин жүйүттөр ийбадатканада керектөө үчүн ал аралашмага башка дагы заттарды кошушкан.
Жыйын чатырында түтөтүлгөн жыпар жыттуу заттар ыйык болгон жана Кудайга сыйынууда гана колдонулган. Жахаба: «Ошондой кошулмадагы түтөтмөнү өзүңөргө жасабагыла, ал сенин Теңирге Чыгуу 30:37, 38). Ыйык кызмат кылуучулар жыпар жыттуу заттарды атайы курулган курмандык чалынуучу жайда күнүнө эки жолу түтөтүп турушкан (2 Жылнаама 13:11). Ал эми Күнөөдөн арылуу күнүндө башкы ыйык кызмат кылуучу Ыйыктардын ыйыгында түтөтчү (Лебилер 16:12, 13).
арналган ыйык аралашмаң болсун. Ким өзүнө ошондой түтөтмө жасаса, ал өз элинин арасынан жок кылынат»,— деп буюрган (Кудайга жыпар жыттуу зат түрүндөгү тартуулардын баары эле жагымдуу боло берген эмес. Өздөрүн ыйык кызмат кылуучу кылып көрсөтүп, менменсингендик менен жыпар жыттуу зат түтөткөн адамдар жазаланышкан (Сандар 16:16—18, 35—40; 2 Жылнаама 26:16—20). Жүйүт эли жалган сыйынууга берилип, колдорун канга толтуруп, ошол эле учурда жыпар жыттуу зат түтөтүшкөндө, бул Жахабага акарат келтиргенге тете болгон. Алардын экижүздүүлүгү Жахабанын: «Жыпар жыттуу зат түтөткөнүңөр Мен үчүн жийиркеничтүү»,— деп айтышына себеп болгон (Ышайа 1:13, 15). Ысрайылдыктар Жахабанын көрсөтмөлөрү боюнча сыйынууга ушунчалык кайдыгер карап калгандыктан, ийбадаткананы жаап, жыпар жыттуу заттарды башка курмандык чалынуучу жайларда түтөтүшкөн (2 Жылнаама 28:24, 25). Кийинчерээк болсо ыйык эсептелген ал заттар жалган кудайларга арналган ыплас сыйынууда да колдонулган. Мындай иштер Жахабаны жийиркенткен (Жезекиел 16:2, 17, 18).
Жыпар жыттуу зат жана Ыйсанын алгачкы жолдоочулары
Мыйзам келишими, анын ичинде ыйык кызмат кылуучуларга берилген ыйык жыпар жыттуу зат түтөтүү жөнүндөгү көрсөтмө б.з. 33-жылы Ыйса жаңы келишимди киргизгенде аяктаган (Колостуктарга 2:14). Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын жыпар жыттуу заттарды диний максат менен түтөткөнү тууралуу эч жерде айтылбайт. Бул жөнүндө Макклинток менен Стронгдун энциклопедиясында: «[Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын] жыпар жыттуу зат колдонбогону талашсыз. Чындыгында, анын колдонулушу бутпарастыктын белгиси деп эсептелген... Табынуучу адамдын бутпарастардын курмандык чалынуучу жайына жыпар жыттуу заттан бир ууч ташташы сыйынуунун актысы катары каралган»,— деп айтылат.
Ошондой эле Ыйсанын алгачкы жолдоочулары, өмүрлөрүнө коркунуч туулган күндө да, Рим императорун «Кудайдын амири» катары көрүп жыпар жыттуу зат түтөтүүдөн баш тартышкан (Лука 4:8; 1 Корунттуктарга 10:14, 20). Жыпар жыттуу заттар ал убакта сөлөкөткө сыйынуучулукка байланыштуу колдонулгандыктан, Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын жыпар жыттуу заттарды сатышпаганы да айгине.
Бүгүнкү күндө жыпар жыттуу зат түтөтүү
Жыпар жыттуу заттар бүгүн кандай максаттарда колдонулат? Христиан дүйнөсүнүн көптөгөн чиркөөлөрүндө ал заттар жөрөлгөлөрдүн, үрп-адаттардын аткарылышында түтөтүлөт. Азия өлкөлөрүндө көптөгөн үй-бүлөлөр кудайларын аздектөө үчүн жана өлгөндөрдү коргоо үчүн жыпар жыттуу заттарды ийбадатканаларында же үй-бүлөлүк алтарларынын алдында түтөтүшөт. Диний кызматтарда болсо аластоо, айыктыруу, тазалоо жана коргоо максаттарында колдонулат.
Жыпар жыттуу зат түтөтүүгө болгон кызыгуу акыркы кездерде динге ишенбегендердин арасында да кайра жандана баштады. Мисалы,
кээ бирөөлөр медитация жасаганда түтөтүшөт. Бир маалымдамада жыпар жыттуу заттарды «аң-сезимдин кылдат деңгээлдерине» жана физикалык дүйнөдөн тышкаркы «энергияларга» жетүү үчүн колдонуу кеңеш кылынат. Андан тышкары, турмуш көйгөйлөрүн чечүү үчүн, жыпар жыттуу зат түтөтүүдө «табияттан тышкаркы жандар» менен байланышууну камтыган ырым-жырымдарды жасоо да сунуш кылынат. Мындай иштер Ыйсанын жолдоочулары үчүн орундуубу?Жахаба жалган диндин үрп-адаттарын чыныгы сыйынуу менен аралаштырууга аракеттенгендерди кескин айыптайт. Элчи Пабыл Ышайанын пайгамбарлыгынан үзүндү келтирип, аны Ыйсанын жолдоочуларына карата колдонгон да, аларды жалган диндин бузуку таасиринен оолак болууга үндөгөн. «Алардын арасынан чыккыла, алардан бөлүнгүлө,— дейт Теңир,— арам нерселерге жолобогула, ошондо Мен силерди кабыл алам»,— деп жазган ал (2 Корунттуктарга 6:17; Ышайа 52:11). Ыйсанын чыныгы жолдоочулары жалган дин же оккультизм менен байланышкан нерселердин баарынан качат (Жакан 4:24).
Жыпар жыттуу заттардын диний ырым-жырымдарга жана спиритизмге байланыштуу колдонулушу эч кандай жыпар жыттуу зат түтөтүүгө болбойт дегенди билдиреби? Сөзсүз эле эмес. Балким, кимдир бирөө аны үйү жагымдуу жыттанып турушу үчүн эле түтөткүсү келеттир (Накыл сөздөр 27:9). Ошентсе да жыпар жыттуу зат түтөтүүгө байланыштуу чечим чыгарууда Ыйсанын жолдоочусу айрым факторлорду эске алышы керек. Силер жашаган жерде адамдар жыпар жыттуу зат колдонууну жалган диндин ырым-жырымдары менен же спиритизмдик үрп-адаттар менен байланыштырбайбы? Же адатта ал диний эмес максаттарда колдонулабы?
Жыпар жыттуу зат түтөтүүгө байланыштуу чечим чыгарууда адам өзүнүн абийирин жана башкалардын ой-сезимдерин эске алышы керек (1 Корунттуктарга 10:29). Ал элчи Пабылдын римдиктерге жазган сөздөрүн колдонушу кажет. Пабыл мындай деп жазган: «Тынчтыкка жана бири-бирибизди бекемдөөгө умтулалы. Тамак үчүн Кудайдын ишин бузба! Тамактын баары таза, бирок жеген тамагы менен башка бирөөнүн азгырылуусуна түрткү болгон адамга жаман. Эт жеп, шарап ичүү же башка бир нерселер бир тууганыңдын мүдүрүлүүсүнө, азгырылуусуна, рухий жактан алсыроосуна түрткү болсо, андай нерселерди кылбай эле койгонуң жакшы» (Римдиктерге 14:19—21).
«Жыпар жыттуу заттай даярдалган» тиленүүлөр
Ысрайылдыктардын убагында жыпар жыттуу зат түтөтүү Кудай кабыл алган тиленүүлөрдүн ылайыктуу символу болгон. Ошондуктан забурчу Дөөт Жахабага: «Менин тиленүүм сенин алдыңда жыпар жыттуу заттай даярдалсын»,— деп ырдаган (Забур 141:2, ЖД [140:2]).
Ишенимдүү ысрайылдыктар жыпар жыттуу зат түтөтүүнү маанисиз үрп-адат катары көрүшкөн эмес. Алар жыпар жыттуу затты Жахабанын көрсөтмөсү боюнча даярдоого жана түтөтүүгө кылдат мамиле кылышкан. Бүгүн Ыйсанын жолдоочулары түз мааниде жыпар жыттуу зат түтөтүшпөйт, алар асмандагы Атабызга терең ыраазычылык менен урмат-сыйды чагылдырган тиленүүлөр менен кайрылышат. Ийбадатканадагы ыйык кызмат кылуучулар түтөткөн жыпар жыттуу зат сыяктуу эле, «адил адамдын сыйынуусу [«тиленүүсү», СК] Ага жагары» айтылат Кудай Сөзүндө (Накыл сөздөр 15:8).
[31-беттеги сүрөт]
Жыйын чатырында жана ийбадатканада түтөтүлгөн жыпар жыттуу зат ыйык болгон.
[32-беттеги сүрөт]
Медитация жасап жыпар жыттуу зат түтөтүү Ыйсанын жолдоочулары үчүн орундуубу?