«Коркпогула да үрөйүңөрдү учурбагыла»
«Коркпогула да үрөйүңөрдү учурбагыла»
«Коркпогула да үрөйүңөрдү учурбагыла... Теңир силер менен болот» (2 ЖЫЛНААМА 20:17).
1. Террорчулук адамдарга кандай таасир этет жана алардын кооптонуп жатышканы эмне үчүн жөндүү?
ТЕРРОРЧУЛУК! Бул сөздүн өзү эле адамды кооптонтуп, алсыздыгын сездирип, жүрөгүнүн үшүн алат. Ал коркунуч, кайгы-капа жана каар аралаш сезимдерди ойготот. Көптөр террорчулук болочок жылдарда бүт адамзатты азапка салат деп чочулашат. Кээ бир өлкөлөрдүн террорчулуктун ар кандай формалары менен ондогон жылдар бою күрөшүп, азыноолак гана ийгиликке жетишкени андай коркунучтун жөн жерден пайда болбогонун көрсөтүп турат.
2. Террорчулук көйгөйүнө Жахабанын Күбөлөрү кандай карашат жана бул кандай суроолорду туудурат?
2 Ошентсе да келечекке үмүт менен кароого бизде орчундуу негиз бар. Жер шары боюнча 234 өлкөдө жана ар кандай аймактарда жигердүү кабар айтып жаткан Жахабанын Күбөлөрү жашоого өзгөчө оптимизм менен карашат. Алар террорчулуктан эч качан арыла албайбыз деп коркушпайт, тескерисинче, анын жакында түп-тамыры менен жок болоруна бекем ишенишет. Мындай оптимисттик көзкарашка ортоктош болуу туурабы? Дүйнөнү бул көйгөйдөн ким арылта алат жана кантип? Зордук-зомбулуктун кайсы бир түрү баарыбызга эле таасир тийгизе ала тургандыктан, оптимисттик көзкараш сактоого кандай негиз бар экенин талдап чыкканыбыз эп.
3. Коркунуч сезүүгө кандай себептер бар жана биздин убак жөнүндө эмнелер алдын ала айтылган?
3 Бүгүн адамдардын коркуп, жүрөкзаада болушуна ар кандай себептер бар. Мисалы, улгайгандыктан өздөрүнө кам көрө албай калган көп сандаган адамдарды, айыккыс оорунун азабын тартып жаткандарды жана эптеп күн көрүү үчүн жашоо менен алпурушуп жаткан үй-бүлөлөрдү ойлоп көрсөңөр. Дегеле эртеңки күндүн күңүрттүгүн ойго алып көргүлөчү! Кырсык-каргаша биз кастарлаган нерсенин баарын тыптыйпыл кылып, өлүм-житим алып келүүнүн ыңгайын акмалап тургандай сезилет. Мындай коркунуч, тынчсыздануу, ошондой эле эсеп жетпеген пикир келишпестиктер жана көңүл калуулар элчи Пабыл сүрөттөгөн убакта жашап жатканыбызды көрсөтүп турат. Ал: «Акыркы убакта оор күндөрдүн келерин бил. Анткени адамдар өзүн өзү сүйүүчү... таш боор, элдешпес, ушакчы, өзүн өзү кармай албаган, кара мүртөз, жакшы нерсени жек көргөн [болушат]»,— деп алдын ала айткан (2 Тиметейге 3:1—3).
4. Кейиштүү жагдай сүрөттөлгөн 2 Тиметейге 3:1—3-аяттарда кандай үмүт жөнүндө айтылат?
4 Бул аяттарда кейиштүү көрүнүш сүрөттөлсө да, келечекке үмүт бар экени көрсөтүлөт. Ошол оор күндөрдүн Шайтандын азыркы каардуу түзүлүшүнүн «акыркы убагында» болушу керектигине көңүл бурсаңар. Бул деген куткарылуунун жакын калганын жана каардуу дүйнөнүн жакында Кудайдын жеткилең Падышалыгынын башкаруусу менен алмаштырыларын билдирет. Ыйса өз жолдоочуларын дал ушул Падышалык жөнүндө тиленүүгө үйрөткөн (Матай 6:9, 10). Даниел пайгамбар билдиргендей, Кудайдын асмандагы өкмөтү болгон жана «түбөлүк кыйрабай турган» ал Падышалык «[жердеги] бүт падышалыктарды кыйратат, талкалайт, өзү болсо түбөлүк турат» (Даниел 2:44).
Ыйсанын жолдоочуларынын бейтараптуулугу террорчулукка каршы
5. Акыркы жылдарда мамлекеттер террорчулук коркунучуна кандай жооп кайтарышты?
5 Ондогон жылдардын ичинде террорчулуктун айынан миңдеген адамдардын өмүрү кыйылды. Террорчулуктан коркуу 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорк шаарында жана Вашингтон штатында болгон чабуулдардан кийин кыйла күчөдү. Бул көйгөйдүн жер жүзүнө кеңири кулач жайып, күчөп жатканына байланыштуу аны менен күрөшүү үчүн тез
аранын ичинде көп мамлекеттердин башы кошулду. Алсак, 2001-жылдын 4-декабрында, маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык, «Европанын, Түндүк Американын жана Борбордук Азиянын 55 өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери» макулдашып иш жүргүзүүгө багытталган «планды бир добуштан кабыл алышкан». АКШнын бир жогорку даражалуу кызматкери мындай кадамды террорчулукка каршы жумшалган «кубаттын жаңы баскычы» деп мактаган. «Нью-Йорк таймс мэгэзин» журналында айтылгандай, заматтын ичинде жүз миллиондогон адамдар «тарыхый маанидеги күрөштүн башталышына» тартылган. Мындай иш-аракеттердин канчалык ийгиликтүү болорун убакыт көрсөтөт. Террорго каршы багытталган мындай согуштун кесепеттери көптөрдү чочулатып, кооптонтуп жатса да, Жахабага таянгандар андай коркунучтун кулу эмес.6. а) Эмне үчүн кээде айрымдарга Жахабанын Күбөлөрүнүн бейтараптуулук сактаганын түшүнүү кыйын болушу мүмкүн? б) Ыйса өзүнүн жолдоочуларына саясый иштерге байланыштуу кандай үлгү көрсөткөн?
6 Жахабанын Күбөлөрү саясый маселелерде бейтараптуулук сакташканы менен белгилүү. Бейпил убакта мындай позицияны адамдардын көбү туура көрүшү мүмкүн, бирок чукул кырдаалдарда Күбөлөрдүн бейтараптуулугуна калыс карай албай калышат. Адатта, согуштун натыйжасында пайда болгон коркунуч жана белгисиздик улутчулдук сыяктуу күчтүү сезимдерди туудурат. Ошондо кээ бир адамдарга кимдир бирөөнүн көпчүлүк колдогон улуттук кыймылдарга катышуудан баш тартып жатканын түшүнүү кыйын болушу мүмкүн. Бирок Ыйсанын чыныгы жолдоочулары анын «дүйнөнүкү» болбоого карата берген буйругуна баш ийүү керектигин билишет (Жакан 15:19; 17:14—16; 18:36; Жакып 4:4). Бул алардын саясый жана социалдык маселелерде бейтарап болушун талап кылат. Буга байланыштуу Ыйса өзү жакшы үлгү көрсөткөн. Жеткилең акылмандыкка жана көрүнүктүү жөндөмдүүлүктөргө ээ болгондуктан, ал ошол кездеги дүйнөнүн иштерине зор салым кошо алмак. Бирок ал саясатка аралашуудан оолак болгон. Жердеги кызматынын башталышында Ыйса Шайтандын дүйнөдөгү бардык падышачылыктардын үстүнөн бийлик кылуу жөнүндөгү сунушун кескин түрдө четке какса, кийинчерээк жогорку кызмат абалын ээлөөдөн чечкиндүү түрдө баш тарткан (Матай 4:8—10; Жакан 6:14, 15).
7, 8. а) Жахабанын Күбөлөрүнүн саясый маселелерде бейтарап болуусу эмнени билдирбейт жана эмне үчүн? б) Кандайча Римдиктерге 13:1, 2 өкмөттөргө каршы чыгууга болбой турганын көрсөтүп турат?
7 Жахабанын Күбөлөрүнүн бейтарап позициясы алардын зордук-зомбулуктарды колдоорун же андай иштерге жеңил ойлуулук менен караарын билдирбейт. Болбосо, алардын «сүйүүнүн жана тынчтыктын булагы болгон Кудайдын» кызматчыларыбыз дегени калп болуп калмак (2 Корунттуктарга 13:11). Жахабанын зомбулукка кандай караары аларга белгилүү. Забурчу: «Теңир адил адамды сындан өткөрөт, ал эми ыймансызды жана зордук-зомбулукту жакшы көргөндү Анын жаны жек көрөт»,— деп жазган (Забур 10:5). Ошондой эле алар Ыйсанын элчи Петирге: «Кылычыңды кынына сал. Кылыч көтөргөндүн баары кылычтан өлөт»,— деп айтканын унутушпайт (Матай 26:52).
8 Тарых тастыктап тургандай, жалган христиандар «кылычка» көп кайрылышкан. Бирок Жахабанын Күбөлөрү колдоруна курал алышпайт. Алар андай иштердин бардык түрлөрүнөн оолак. Күбөлөр Римдиктерге 13:1, 2-аяттарда берилген төмөнкү буйрукка ишенимдүү түрдө баш ийишет: «Ар бир адам жогорку бийликтегилерге [өкмөт башчыларына] баш ийсин. Анткени Кудайдан болбогон бийлик жок, бийликтин баарын Кудай орноткон. Мына ошондуктан бийликке каршы чыккан адам Кудайдын тартибине каршы чыккан болот. Каршы чыккандар болсо өздөрүн өздөрү жазага дуушар кылышат».
9. Жахабанын Күбөлөрү террорчулукка каршы кайсы эки жол менен күрөшүшөт?
9 Бирок террорчулук ушунчалык залакалуу болгондуктан, Жахабанын Күбөлөрү аны менен күрөшүү үчүн кандайдыр бир иш-аракет кылышы керек эмеспи? Ооба, кылышы керек жана кылып жатышат. Биринчиден, алар өздөрү андай иштердин эч бирине катышпайт. Экинчиден, адамдарды зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн четке кагууга түрткү бере турган ыйык китептик принциптерге үйрөтүшөт *. Былтыр Күбөлөр адамдарга чындык жолун таанууга жардам берүү үчүн 1202381302 саат жумшашты. Сарпталган убакыт текке кеткен жок: бул иштин натыйжасында 265469 адам Жахабанын Күбөсү катары чөмүлтүлүп, зордук-зомбулукту толугу менен четке кагышарын эл алдында көрсөтүштү.
10. Бүгүнкү дүйнөдөгү зордук-зомбулуктун жоюларына кандай үмүт бар?
10 Андан тышкары, Жахабанын Күбөлөрү дүйнөнү жамандыктан өздөрүнүн күчү менен эч качан арылта алышпасын түшүнүшөт. Ошондуктан Забур 82:19). Адамдар канчалык чын ыкластан аракет кылышпасын, зордук-зомбулукту жоё алышпайт. Ыйык Китеп жазуучуларынын бири Кудайдын шыктандыруусу менен бизге азыркы «акыркы убак» жөнүндө эскертип: «Кара ниет жана алдамчы адамдар... башкаларды азгырып, өздөрү да азгырылып, мурункудан да көбүрөөк жамандыкка батышат»,— деп алдын ала айткан (2 Тиметейге 3:1, 13). Муну эске алганда, адамдардын жамандыкка каршы жүргүзгөн согушунун жеңиш менен аяктаарына күмөн туулат. Ошондуктан биз зордук-зомбулукту түп-тамыры менен түбөлүккө жоё турган Жахабага таянышыбыз керек (Забур 36:1, 2, 9—11; Накыл сөздөр 24:19, 20; Ышайа 60:18).
алар жамандыктын баарын жок кылууга кудуреттүү болгон Жахаба Кудайга толугу менен таянышат (Шайтандын чукул кол салуусунан коркпогондор
11. Зордук-зомбулукту жок кылуу үчүн Жахаба кандай кадамдарды жасады?
11 Тынчтыктын Кудайы зордук-зомбулукту жек көргөндүктөн, анын эмне үчүн зомбулуктун башкы себепкери болгон Шайтан Ибилисти жок кылууга кадамдарды жасаганын түшүнүү кыйынга турбайт. Жахаба Шайтанды башкы периште Михаелге — жаңы эле такка отурган Падыша Ыйса Машайакка — басынттырып жеңдирген. Бул жөнүндө Ыйык Китепте мындайча баяндалат: «Асманда согуш чыкты: Михаел жана анын периштелери ажыдаарга каршы согушту, ажыдаар жана анын жин-перилери тигилерге каршы согушушту, бирок жеңилип калышты, алар өздөрүнүн асмандагы ордунан ажырашты. Ошентип, чоң ажыдаар — бүткүл ааламды азгырган, шайтан жана ибилис деп аталган байыркы жылан жерге кулатылды, аны менен кошо жин-перилери да кулады» (Аян 12:7—9).
12, 13. а) 1914-жыл эмнеси менен өзгөчөлөнөт? б) Кудайдын Падышалыгын колдогондорго карата Жезекиелдин пайгамбарлыгында эмне алдын ала айтылат?
12 Асмандагы ал согуштун 1914-жылы болгонун ыйык китептик хронология менен дүйнөлүк окуялар «бир добуштан» тастыктап турат. Ошол мезгилден тартып дүйнөдөгү абал начарлагандан начарлап келет. Мунун себеби Аян 12:12де мындайча түшүндүрүлөт: «Асман жана анда жашагандар, кубангыла! Бирок жер үстүндө жана деңизде жашагандарга кайгы! Анткени шайтан өз убагынын аз калганын билип, силерге катуу каары менен түштү!»
13 Албетте, Ибилистин каары негизинен Кудайдын майланган кызматчыларына жана алардын «башка койлор» тобуна кирген шериктерине каршы багытталган (Жакан 10:16; Аян 12:17). Ал каршылык жакында, Ибилис Кудайдын орнотулган Падышалыгын колдогондордун жана ага таянгандардын баарына кол салганда, өзүнүн туу чокусуна жетет. Бул айыгышкан чабуул Жезекиел китебинин 38-бабында «Магок жериндеги Гоктун» чабуулу деп айтылат.
14. Жахабанын Күбөлөрү мурун кандай коргоого ээ болушкан жана дайыма ошондой болобу?
14 Шайтандын асмандан куулгандан берки кол салууларынан Кудайдын элин кээде Аян 12:15, 16да каймана тил менен сүрөттөлгөн айрым саясый элементтердин күч-аракеттери коргоп келген. Бирок, Ыйык Китепте көрсөтүлгөндөй, Шайтандын акыркы чабуулунун учурунда Жахабага таянгандарды дүйнөдөгү уюмдардын эч бири коргобой калат. Бул Ыйсанын жолдоочуларын коркутуп, үрөйлөрүн учурушу керекпи? Түк да!
15, 16. а) Жахабанын Жошапаттын күндөрүндө өз элине айткан сөздөрү кандайча Ыйсанын бүгүнкү жолдоочулары үчүн оптимисттик көзкараш сактоого негиз болуп саналат? б) Жошапат менен эл Кудайдын бүгүнкү кызматчыларына кандай үлгү калтырышкан?
15 Жошапат падышанын убагында Кудай өзүнүн прообраздуу элин коргогондой эле, бүгүнкү элин да колдойт. Жүйүт элине мындай буйрук берилген: «Жүйүттүктөр, Иерусалим тургундары жана падыша Жошапат, баарың уккула! Теңир силерге мындай дейт: Коркпогула, каптап келе жаткан кара колдон үрөйүңөр учпасын, анткени бул согуш силердики эмес, 2 Жылнаама 20:15—17).
Кудайдыкы... Бул жолу силер согушпайсыңар. Силер бекем тургула, ошондо Теңирдин силерге жиберген куткаруусун көрөсүңөр. Жүйүт менен Иерусалим! Коркпогула да үрөйүңөрдү учурбагыла! Эртең аларга утурлап барасыңар, Теңир силер менен болот» (16 Жүйүт элине силер согушпайсыңар деп айтылган. Ошо сыяктуу эле, Магок жериндеги Гок Кудайдын элине кол салганда, алар өздөрүн коргоо үчүн колдоруна курал-жарак алышпайт. Тескерисинче, «бекем турушат» жана Жахабанын аларга «жиберген куткаруусун көрүшөт». Албетте, бекем туруу деген жөн эле тура берүүнү билдирбейт. Жошапаттын күндөрүндө Кудайдын эли жөн эле туруп берген эмес. Алардын иш-аракеттери жөнүндө буларды окуйбуз: «Жошапат жерге жете таазим этти. Жүйүт эли менен Иерусалим тургундары да Теңирге таазим кылып, анын алдына жыгылышты... [Жошапат] эл менен кеңешип, Теңирге ырдай турган ырчыларды койду. Ырчылар куралдуу аскерлердин алдында ыйыктыкты сактап, Теңирди даңазалап, мындай деп бара жатышты: „Теңирди даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү!“» (2 Жылнаама 20:18—21). Ооба, душман кол салганы турган учурда да эл Жахабаны жигердүү даңазалай берген. Бул Жахабанын Күбөлөрү үчүн Гок кол сала баштаганда жолдой турган үлгү болуп саналат.
17, 18. а) Гоктун кол салуусуна Жахабанын Күбөлөрү кандай оң маанай менен карашат? б) Жакында Ыйсаны жолдогон жаштарга кандай эскертүү берилди?
17 Жахабанын Күбөлөрү Кудайдын Падышалыгын Гок кол салганга чейин да, андан кийин да колдой беришет. Алар дүйнө жүзүндөгү 94600дөн ашуун жыйналыш менен кызматташуудан мындан ары да күч-кубат жана коргоо алышат (Ышайа 26:20). Жахабаны эржүрөктүүлүк менен даңазалоого кандай ылайыктуу кез! Гоктун жакында кол саларын билүү аларды чочулатпайт же артка кетенчиктетпейт, тескерисинче, ал убакты күтүп, мактоо курмандыктарын колдон келишинче көп алып келүүгө түрткү берет (Забур 145:2).
18 Ушундай оң маанайды толук убакытта кызмат кылууга бел байлаган миңдеген жаштар мыкты чагылдырып жатышат. Мындай өмүр жолун тандоонун артыкчылыгын баса көрсөтүү үчүн, 2002-жылы облустук жыйынга карата «Жаштар, өмүрүңөрдү эмнеге арнайсыңар?» (ор.) деген баракча чыгарылган. Жаш-кары дебей, Ыйсанын жолдоочулары өз убагында берилген мындай эскертүүлөр үчүн абдан ыраазы (Забур 118:14, 24, 99, 119, 129, 146).
19, 20. а) Эмне үчүн Ыйсанын жолдоочуларында коркууга же үрөйлөрүн учурууга себеп жок? б) Эмки изилдөө макаласынан кандай жардам алабыз?
19 Элчилер 24:15).
Дүйнөдө кандай абал өкүм сүрбөсүн, Ыйсанын жолдоочуларында коркууга же үрөйлөрүн учурууга себеп жок. Алар Жахабанын Падышалыгы жакында зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн биротоло жок кыларын билишет. Ошондой эле зордук-зомбулуктун айынан өмүрүнөн айрылган көптөгөн адамдардын жарык дүйнөгө кайрадан тирилтилерин билүүдөн сооронуч алышат. Тирилгендердин кээ бирлери Жахабаны таанып-билүүгө биринчи жолу мүмкүнчүлүк алышса, башкалары өздөрүнүн Кудайга болгон ишенимдүү кызматын улантышат (20 Ыйсанын чыныгы жолдоочулары катары биз бейтараптуулук сактоодо чечкиндүү болуунун маанилүүлүгүн түшүнөбүз. Биз «бекем турушубузга» жана Жахабанын «куткаруусун көрүшүбүзгө» шарт түзө турган кереметтүү үмүткө карманып жашагыбыз келет. Эмки макала көңүлүбүздү ыйык китептик пайгамбарлыктардын аткарылышын түшүнүүгө жардам берген бүгүнкү окуяларга буруп, ишенимибизди бекемдейт.
[Шилтеме]
^ 9-абз. Жахабанын Күбөсү болуш үчүн зомбулук кылуусун токтоткон адамдар тууралуу төмөнкү макалалардан окусаңар болот: «Ойгонгула!», 1990-жыл, 22-март, 21-бет, англ.; 1991-жыл, 8-август, 18-бет, ор.; «Күзөт мунарасы», 1996-жыл, 1-январь, 5-бет, ор.; 1998-жыл, 1-январь, 5-бет, ор.
Түшүндүрө аласыңарбы?
• Эмне үчүн бүгүн көп адамдар келечекке үмүт менен карашпайт?
• Эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү келечекке карата оптимисттик көзкарашта?
• Бардык зордук-зомбулуктун себебин жоюу үчүн Жахаба эмнелерди кылды?
• Эмне үчүн бизде Гоктун кол салуусунан коркууга себеп жок?
[Изилдөө суроолору]
[21-беттеги сүрөт]
Ыйса бейтараптык сактоодо бизге үлгү көрсөткөн.
[23-беттеги сүрөт]
Миңдеген жаш Күбөлөр толук убакытта кызмат кылуудан кубаныч табышат.
[12-беттеги сүрөттүн булагы]
UN PHOTO 186226/M. Grafman