Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кызыктуу жазуу журналы

Кызыктуу жазуу журналы

Кызыктуу жазуу журналы

ИЗИЛДӨӨЧҮ Ричард Бэрд 1928—1956-жылдары Антарктикага беш жолу саякат жасаган. Болуп өткөн окуялар тууралуу күндөлүк жазуу жана жазуу журналын так толтуруу Бэрд менен анын тобундагыларга шамалдын багытын аныктоого, карта түзүүгө, ошондой эле Антарктида материги жөнүндө кеңири маалымат жыйноого жардам берген.

Мындан жазуу журналын толтуруп жүрүү канчалык баалуу экени көрүнүүдө. Андай журналга деңиз же аба саякаты жөнүндө толук маалымат жазылат. Кийин андагы билдирүүлөрдүн жардамы менен саякат учурунда эмнелер болуп өткөнүн же келечекте жасалчу саякаттар үчүн пайдасы тиерлик маалыматтарды талдап чыгууга болот.

Ыйык Жазмада Нухтун күндөрүндө болуп өткөн Топон суу жөнүндө кызыктуу билдирүү камтылган. Дүйнө жүзүн каптаган ал Топон суу бир жылдан ашык убакытка созулган. Ага даярдык көрүшүп, Нух, аялы, үч уулу жана үч келини 50—60 жылдын ичинде көлөмү болжол менен 40 000 кубометрге жеткен эбегейсиз чоң кеме курушкан. Кандай максат менен? Адамдар менен жаныбарларды Топон суудан аман сактап калуу үчүн (Башталыш 7:1—3).

Ыйык Жазманын Башталыш китебинде Топон суу башталгандан тартып Нух үй-бүлөсү менен кемеден чыкканга чейин эмнелер болуп өткөндүгү жөнүндө айтылат. Ал жазууларды, мындайча айтканда, Нухтун «жазуу журналы» деп атап коюуга болот. Аларда биз үчүн мааниге ээ болгон маалыматтар камтылганбы?