Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Машайак жыйналыштарга сүйлөйт

Машайак жыйналыштарга сүйлөйт

Машайак жыйналыштарга сүйлөйт

«Оң колунда жети жылдыз кармап турган... мындай дейт» (АЯН 2:1).

1, 2. Машайактын Кичи Азиядагы жети жыйналышка айткан сөздөрүнө эмне үчүн кызыгышыбыз керек?

ЖАХАБАНЫН жалгыз өзү жараткан Уулу, Ыйса Машайак — жыйналыштын Башчысы. Ал өзүнүн майланган жолдоочуларынын жыйналышын таза сактоо үчүн, Башчылык абалынан пайдаланып, аларды мактап да, оңдоп да турат (Эфестиктерге 5:21—27). Буга Аян китебинин 2, 3-баптары мисал боло алат. Ал жерден Ыйсанын Кичи Азиядагы жети жыйналышка жиберген күчтүү кабарларын окуй алабыз.

2 Ыйсанын жети жыйналышка сүйлөгөн сөздөрүн угардын алдында элчи Жакан «Теңирдин күнү» тууралуу аян көргөн (Аян 1:10). Ал «күн» 1914-жылы Мессиялык Падышалык орногондо башталган. Ошондуктан Машайактын ал жыйналыштарга айткан сөздөрүнүн бул акыркы күндөргө карата өтө чоң мааниси бар. Анын кубаттоолору жана насааттары бизге азыркы оор күндөрдө чыдамдуу болууга жардам берет (2 Тиметейге 3:1—5).

3. Элчи Жакан көргөн аяндагы «жылдыздар» — «периштелер» жана «алтын шамдалдар» эмнени билдирет?

3 Жакан «оң колунда жети жылдыз кармап турган жана жети алтын шамдалдын» — жыйналыштын — «арасында басып жүргөн» даңктуу Ыйса Машайакты көргөн. «Жылдыздар» — булар жети жыйналыштын периштелери (Аян 1:20; 2:1). Алар кээде рухий жаратууларды, периштелерди, билдирет, бирок Машайак рухий жаратууларга арналган катты адамга жаздырмак эмес. Ошондуктан «жылдыздар» рух менен майланган көзөмөлчүлөрдү же аксакалдар кеңешин билдирет деп жыйынтыкка келүү акылга сыярлык. «Периштелер» деп аталышканы алардын жарчылардын ролун аткарарын баса көрсөтүп турат. Кудайдын уюму өсүп жаткандыктан, «ишенимдүү... башчы» «башка койлордун» ичинен да жөндөмдүү эркектерди көзөмөлчү кылып дайындоодо (Лука 12:42—44; Жакан 10:16).

4. Машайактын жыйналыштарга айткандарына көңүл буруу аксакалдарга кандай пайда берет?

4 «Жылдыздар» Ыйсанын оң колунда турат, алар анын бийлигинин, көзөмөлүнүн, коргоосунун алдында жана жактыруусуна ээ. Ошондуктан алар Ыйсанын алдында жооптуу. Азыркы кездеги аксакалдар Ыйсанын жети жыйналыштын ар бирине эмне тууралуу айтканына көңүл буруу менен ошол жыйналыштарда болгон жагдайларга окшош жагдайларды чече билүүгө үйрөнүшүүдө. Албетте, Кудайдын Уулун Ыйсанын бардык жолдоочулары угушу керек (Марк 9:7). Эмесе, Машайактын жыйналыштарга айткандарына көңүл буруу менен эмнеге үйрөнсөк болот?

Эфестеги периштеге

5. Эфес кандай шаар болгон?

5 Эфестеги жыйналыш Ыйсанын мактоосуна да, ашкерелөөсүнө да татыган. (Аян 2:1—7-аяттарды окугула.) Кичи Азиянын батыш жагындагы жээктерден орун алган, ошондой эле соода жана диний борбор болгон бул бай шаарда Артемида кудайынын заңкайган ийбадатканасы жайгашкан эле. Эфесте адеп-ахлаксыздык, жалган дин жана магия өркүндөп-өскөнүнө карабастан, Кудай Ыйсанын бул шаардагы жолдоочуларынын жана элчи Пабылдын кызматына батасын берген (Элчилер 19-бап).

6. Ыйсанын биздин күндөрдөгү берилген жолдоочулары байыркы Эфестеги ишенимдештерине эмнеси менен окшош?

6 Машайак Эфестеги жыйналышты: «Мен сенин иштериңди, эмгегиңди, чыдамкайлыгыңды, бузулгандарга чыдай албастыгыңды, элчи эмес болушса да, өздөрүн элчи эсептегендерди сынап көрүп, алардын жалганчы экенин аныктаганыңды билем»,— деп мактаган. Ыйсанын азыркы учурдагы жыйналышын түзгөн чыныгы жолдоочулары да жакшы иштери, күжүрмөн эмгеги жана туруктуулугу менен белгилүү. Алар өздөрүнө элчилердей мамиле кылынышын каалаган жалган биртуугандарга чыдабайт (2 Корунттуктарга 11:13, 26). Ыйсанын бүгүнкү берилген жолдоочулары, байыркы Эфестеги ишенимдештерине окшоп, «бузулгандарга чыдай албайт». Ошондуктан алар Жахабага болгон сыйынууну таза сактап, жыйналышты коргоо үчүн, өкүнбөгөн ишенимден чегинген адамдар менен катышышпайт (Галаттыктарга 2:4, 5; 2 Жакан 8—11).

7, 8. Эфестеги жыйналышта кандай олуттуу көйгөй бар эле жана биз андай жагдайды канткенде оңдой алабыз?

7 Бирок Эфестеги жыйналышта олуттуу көйгөй бар болчу. «Менин сага айта турган бир нааразычылыгым бар,— деген Ыйса,— сен биринчи сүйүүңдү таштап койгонсуң». Жыйналыштын мүчөлөрү Жахабага болгон сүйүү отун жандандырышы керек эле (Марк 12:28—30; Эфестиктерге 2:4; 5:1, 2). Биз да Кудайга болгон биринчи сүйүүбүздү жоготуп албоо үчүн сак болушубуз керек (3 Жакан 3). Эгер жашообузда эң негизги орунда байлыкка, ырахатка же ушу сыяктуу нерселерге умтулуу болуп жатсачы? (1 Тиметейге 4:8; 6:9, 10). Анда мындай каалоолордун бизди башкарып алышына жол бербөө үчүн жана Жахабага терең сүйүү өрчүтүү, ошондой эле анын Уулу экөөнүн бизге жасаган бардык жакшылыктарына ыраазычылыгыбызды арттыруу үчүн жардам сурап, Кудайга жалындуу тиленишибиз зарыл (1 Жакан 4:10, 16).

8 Машайак эфестиктерди: «Кайсы жерден жыгылганыңды эстеп, тобо кыл да, мурун жасап жүргөн иштериңди жасай бер»,— деп үндөгөн. Антишпесе эмне болот эле? Ыйса: «Эгерде андай кылбасаң... сага жакын арада келем да, шамдалыңды ордунан кулатам»,— деп айткан. Эгерде бардык «койлор» биринчи сүйүүсүн жогото турган болсо, «шамдал» — жыйналыш — көпкө турбайт болчу. Андыктан, келгиле, Ыйсанын ынталуу жолдоочулары катары, жыйналыш рухий жактан жаркырап турушу үчүн, болгон күч-аракетибизди жумшай берели (Матай 5:14—16).

9. Сектантчылыкка кандай карашыбыз керек?

9 Эфестиктердин «Николайдын окутуусун жолдоочулардын иштерин жек көргөнү» мактоого татырлык. Ал сектанын окутууларынын пайда болушу жана иш-аракеттери жөнүндө Аян китебинде айтылгандан башка эч нерсе белгисиз. А бирок Ыйсанын адамдардын жолун жолдогондорду ашкерелегендигин эске алып, биз Ыйсанын Эфестеги жолдоочуларындай болуп сектантчылыкты жек көрүшүбүз керек (Матай 23:10).

10. Рухтун эмне айтканын угуп жаткандарды кандай келечек күтүп турат?

10 «Кимдин кулагы бар болсо, ал Рухтун Жыйындарга [«жыйналыштарга», ЖД] эмне деп айтып жатканын уксун»,— деп айткан Машайак. Жерде жүргөндө Ыйса Жахабанын рухунун таасири алдында сүйлөгөн (Ышайа 61:1; Лука 4:16—21). Андыктан Кудайдын бизге азыр Ыйса аркылуу руху менен эмне айтып жатканына көңүл бурушубуз керек. Кудайдын рухунун жетеги алдында Ыйса: «Жеңген адамга Кудайдын бейишинин ортосундагы өмүр дарагынын жемишинен даам таттырам»,— деп убада кылган. Рухтун эмне айтканына назар салган майлангандар үчүн бул асмандагы «Кудайдын бейишиндеги», башкача айтканда, Жахабанын өзүнүн катышуусундагы өлбөстүктү билдирет. Рухтун эмне айтканын угуп жаткан «эбегейсиз көп адамдар» болсо жер бетиндеги бейишти мурасташат жана ал жердеги «өмүр суусунун дарыясынан» ичип, анын жээгинде өскөн дарактын «жалбырагынан» айыгышат (Аян 7:9; 22:1, 2; Лука 23:43).

11. Жахабага болгон сүйүү отун канткенде өчүрбөйбүз?

11 Эфестиктер биринчи сүйүүсүн жоготуп коюшкан. Азыркы жыйналыштарда да ошондой жагдай болуп жатсачы? Келгиле, Жахабанын сүйүү менен иш-аракет кылары тууралуу башкаларга айтуу менен ага болгон сүйүүбүздүн отун өчүрбөйлү. Мисалы, Кудайдын биз үчүн сүйүктүү Уулун курмандыкка берүү аркылуу көрсөткөн сүйүүсүнө ыраазычылыгыбызды билдирсек болот (Жакан 3:16; Римдиктерге 5:8). Ошондой эле жыйналыш жолугушууларындагы программаларга катышканда жана жооп бергенде ылайыктуу учурларда Кудайдын сүйүүсү тууралуу айтсак болот. Жахабага сүйүүбүздү анын ысмын даңктоо менен да көрсөтө алабыз (Забур 144:10—13). Ооба, сөзүбүз менен да, ишибиз менен да жыйналыштын биринчи сүйүүсүн жандандыра же күчөтө алабыз.

Смирнадагы периштеге

12. Смирна жана андагы диний салттар тууралуу тарых эмнелерди айтат?

12 Смирнадагы жыйналыш Машайактын, «Өлүп кайра тирилген Биринчи жана Акыркынын», мактоосуна татыктуу болгон. (Аян 2:8—11-аяттарды окугула.) Смирна (азыр Түркиядагы Измир) Кичи Азиянын батыш жагындагы жээктен орун алган. Ал шаардын тургундары гректер болгон, бирок б.з.ч. 580-жылы шаар лидиялыктар аркылуу талкаланган. Искендер Зулкарнайндын орун басары шаарды жаңы жерге калыбына келтирген. Ошентип, ал шаар Азиядагы Римге караштуу аймактын катарына өтүп, коомдук кооз имараттары менен белгилүү болгон гүлдөгөн соода борборуна айланат. Тиберий падышага арналып жасалган ийбадаткананын аркасында ал шаар императорго табынган жерге да айланат. Императорго табынгандар жыпар жыттуу зат түтөтүп: «Падыша — бул Эге»,— деп айтышы керек болчу. Ыйсанын жолдоочулары антишкен эмес, анткени алар үчүн «Ыйса Эге» болгон. Ошондуктан алар азап-тозокторго кабылышкан (Римдиктерге 10:9, ЖД).

13. Материалдык жактан жакыр болушса да, Ыйсанын Смирнадагы жолдоочулары кандай мааниде бай болушкан?

13 Ыйсанын Смирнадагы жолдоочулары азап-тозоктордон сырткары, жакырчылыктан да кыйналышкан. Императорго табынбагандыгы үчүн аларга, сыягы, экономикалык чектөөлөр колдонулган окшойт. Жахабанын азыркы кызматчылары да ушу сыяктуу сыноолорго кабылышууда (Аян 13:16, 17). Алар материалдык жактан жакыр болсо да, Ыйсанын Смирнадагы жолдоочуларындай болуп рухий жактан бай. Мындан өткөн маанилүү нерсе барбы?! (Накыл сөздөр 10:22; 3 Жакан 2).

14, 15. Майлангандар үчүн Аян 2:10до кандай сооротуу бар?

14 Смирнадагы жүйүттөрдүн басымдуу бөлүгү «шайтанга таандык адамдардын тобуна» кирген, анткени алар Ыйык Жазмага ылайык келбеген салттарга карманышып, Кудайдын Уулун кабыл албай, анын рухтан туулган жолдоочуларын кордошкон (Римдиктерге 2:28, 29). Бирок майлангандар Машайактын андан аркы сөздөрүнөн кандай гана чоң сооротуу ала алышат! Ыйса: «Башыңдан өтө турган кыйынчылыктардан коркпо. Сыналышыңар үчүн, шайтан силердин араңардан кээ бирөөлөрүңөрдү зынданга салат, он күн кыйналасыңар. Өмүрүңдүн акырына чейин ишенимдүү бол, ошондо Мен сага өмүр таажысын берем»,— деген (Аян 2:10).

15 Ыйса Жахабанын Эгедер экенин жактоодо өлүмдөн да корккон эмес (Филипиликтерге 2:5—8). Шайтан азыр майлангандардын калдыгына каршы согушуп жатат. Бирок алар топ катары баштарынан азаптарды, түрмөлөрдү же ырайымсыз өлүмдү өткөрүшү керек экенинен коркушпайт (Аян 12:17). Алар дүйнөнү жеңет. Ал эми Машайак тирилген майлангандарга бутпарастардын оюндарында жеңүүчүгө сыйлык катары берилчү гүлдөн жасалган жана чирип кала турган таажыны эмес, а «өмүр таажысын» — асмандагы өлбөс-өчпөс жашоону — убада кылган. Бул — кандай баа жеткис белек!

16. Эгерде биз байыркы Смирнадагы жыйналыштыкындай кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткан жыйналыштын мүчөлөрү болсок, көңүлүбүздү кайсы суроого бурушубуз керек?

16 Асманда же жерде жашоого үмүттөнөбүзбү, эгер байыркы Смирнадагы жыйналыштыкындай кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткан жыйналыштын мүчөлөрү болсок эмне кылышыбыз керек? Анда, келгиле, биртуугандарыбызга көңүлдү Кудайдын куугунтуктоолорго жол берип жатканынын негизги себебине, тактап айтканда, эгедерликке байланыштуу суроого бурууга жардам берели. Жахабанын ишенимдүү ар бир Күбөсү Шайтандын жалганчы экенин жана адам куугунтукка дуушар болгон күндө да Кудайдын Ааламдын Эгедери катары башкарууга укуктуу экенин тайманбастан коргой аларын далилдеп жатат (Накыл сөздөр 27:11). Келгиле, ишенимдештерибизди куугунтуктарга туруштук берүүгө жана мунун аркасында «өмүрлөрү өткөнчө», атүгүл түбөлүккө «[Жахабанын] алдында, Ага ыйыктык жана адилеттүүлүк менен, коркпостон кызмат кыла» берүүгө үндөй берели (Лука 1:68, 69, 73—75).

Пергамдагы периштеге

17, 18. Пергам кимге табынуунун борбору эле жана андай табынуудан баш тартуу эмнеге турмак?

17 Пергамдагы жыйналыш макталган, бирок, оңолуу керектиги тууралуу да эскертүүлөрдү алган. (Аян 2:12—17-аяттарды окугула.) Пергам Смирнадан түндүгүрөөк жакты көздөй 80 чакырымдай алыстыктан орун алган жана бутпарастардын динине аябай сугарылган шаар эле. Шаарга, сыягы, Бабылдан каздимдик магдар (астрологдор) качып келишкен өңдүү. Айыктыруу жана дарылоонун жалган кудайынын Асклепия деген кеңири белгилүү ийбадатканасына оорулуу адамдар аягы үзүлбөй келип турчу. Пергамда Цезарь Августка табынууга арналган ийбадаткана жайгашкандыктан, бул шаарды «империянын алгачкы жылдарында императорго табынуунун борбору» деп аташкан («Британ энциклопедиясы», 1959-жыл, XVII том, 507-бет).

18 Пергамда Зевске арналган курмандык чалынуучу жай да бар болчу. Шаар ошондой эле Шайтандын таасири алдында адамдарды кудай тутуп алгандардын борбору болгон. Ал жактагы жыйналыш «шайтандын тактысы турган жер» деп бекеринен айтылган эмес! Императорго табынуудан баш тартуу Жахабанын эгедерлигин жактаган адам үчүн өлүмдү билдирмек. Дагы эле дүйнө Шайтандын бийлиги алдында жана улуттук символдор буркан катары эсептелинет (1 Жакан 5:19). Биринчи кылымдан тартып дээрлик биздин күндөргө чейин Ыйсанын көптөгөн ишенимдүү жолдоочулары, Машайак: «Антипа силердин араңарда өлтүрүлгөн»,— деп айткандай, ырайымсыз өлүмгө дуушар болуп келишүүдө. Жахаба Кудай менен Ыйса Машайак андай берилген кызматчыларын, албетте, унутпайт (1 Жакан 5:21).

19. Билам эмне кылды эле жана Ыйсанын бардык жолдоочулары эмнеге жол бербөөгө тийиш?

19 Машайак «Биламдын окутуусу» жөнүндө да айткан. Жалган пайгамбар Билам байлыкка жутунуп, Ысрайылды каргоого аракеттенген. Анын каргышын Жахаба батага айландырганда, Билам Маап падышасы Балак менен биргелешип, көптөгөн ысрайылдыктарды бурканга табынуучулукка жана жыныстык адеп-ахлаксыздыкка азгырган. Биламдын иш-аракетине каршылык көрсөткөн Пинехастай болуп, жыйналыштын аксакалдары да адилдик үчүн бекем турушу керек (Сандар 22:1—25:15; 2 Петир 2:15, 16; Жүйүт 11). Ыйсанын дегеле бардык жолдоочулары жыйналышка бурканга табынуучулуктун жана жыныстык адеп-ахлаксыздыктын өтүп кетишине жол бербөөгө тийиш (Жүйүт 3, 4).

20. Эгерде Ыйсанын кайсы бир жолдоочусу ишенимден чегингендердин көзкарашын кабыл ала баштаса эмне кылышы керек?

20 Пергамдагы жыйналыш чоң коркунуч алдында турган, анткени андан «Николайдын окутуусун жолдогондор» чыккан. Машайак ал жыйналышка: «Тобо кыл. Эгерде антпесең, Мен сага жакында келип, ошол окутууну жолдогондорго каршы оозумдагы кылыч менен согушам»,— деп айткан. Сектанттардын көздөгөнү — Ыйсанын жолдоочуларын рухий жактан жабыр тарттыруу. Биримдикти бузуп, сектантчылыкты тараткандар Кудайдын Падышалыгын мурасташпайт (Римдиктерге 16:17, 18; 1 Корунттуктарга 1:10; Галаттыктарга 5:19—21). Эгерде Ыйсанын кайсы бир жолдоочусу ишенимден чегинген адамдардын көзкарашын кабыл ала баштаса жана аны таратууну кааласа, Машайактын эскертүүсү тууралуу ойлонгону абзел! Каргашага кабылбаш үчүн, ал өкүнүп, жыйналыштын аксакалдарына рухий жардам сурап кайрылышы керек (Жакып 5:13—18). Жакында Ыйса өкүм чыгара тургандыктан, аны токтоосуздан кылышы зарыл.

21, 22. «Жашыруун маннаны» кимдер жешет жана бул эмнени билдирет?

21 Ыйсанын ишенимдүү майланган жолдоочулары жана алардын берилген шериктери алдыда боло турган соттон коркпошу керек. Ыйсанын Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен берген насааттоолоруна кулак салгандардын баарын мол баталар күтүп турат. Маселен, дүйнөнү жеңген майлангандар «жашыруун маннадан» даам татууга чакырылат жана аларга «жаңы ысым» жазылган «ак таш» берилет.

22 Жахаба ысрайылдыктарды 40 жылдык чөл кезүүсүндө манна менен азыктандырып келген. Ошо «нандын» бир азы Жахабанын катышуусун билдирип турган табияттан тышкаркы жарыгы бар Ыйыктардын ыйыгындагы чатырда, келишим сандыгынын ичиндеги алтын чөйчөктө сакталып турчу (Чыгуу 16:14, 15, 23, 26, 33; 26:34; Эврейлерге 9:3, 4). Бул катылуу маннаны жегенге эч кимге уруксат берилген эмес. Бирок Ыйсанын майланган жолдоочулары тирилгенден кийин, каймана мааниде айтканда, «жашыруун маннадан» жешет, бул алардын өлбөстүккө ээ болушарын билдирет (1 Корунттуктарга 15:53—57).

23. «Ак таш» менен «жаңы ысым» эмнени билдирет?

23 Рим сотунда кара таш — айыптоону, ал эми ак таш акталууну билдирген. Ыйсанын жеңишке ээ болгон майланган жолдоочуларына «ак таш» бере турганы алардын күнөөсү жок, таза жана булганбагандарын билдирет. Римдиктер таштарды ар кандай маанилүү иш-чараларга белет катары да колдонушкандыктан, «ак таш» майлангандарга Козунун никелешүү убагында асмандан орун алууга мүмкүндүк берет деп айтууга болот (Аян 19:7—9). «Жаңы ысым», сыягы, Ыйса менен асман Падышалыгынын мураскорлору катары асманда биригүүгө болгон кереметтүү артыкчылыкты билдирет. Мунун баары майлангандарды жана алар менен кошо Жахабага кызмат кылып жаткандарды — бейишке айланган жер бетинде жашоого үмүтү барларды — кандай гана бекемдейт!

24. Ишенимден чегинүүчүлүккө кандай мамиле кылышыбыз керек?

24 Пергамдагы жыйналыштын ишенимден чегингендердин айынан коркунучка кабылганын эстей жүргөнүбүз оң. Эгерде жыйналышыбыздын рухий абалына ушундай жагдай коркунуч туудурса, келгиле, ишенимден чегинүүчүлүктү толугу менен четке кагып, мындан ары да чындык жолунда кадам шилтей берели (Жакан 8:32, 44; 3 Жакан 4). Жалган окутуучулар жана ишенимден чегингендер жыйналыштын баарын бузуп коё ала тургандыктан, биз ишенимден чегинүүчүлүккө дайыма чечкиндүү каршы туруп, чындыкка баш ийишибизге бузук ойлордун тоскоол болушуна эч качан жол бербейли (Галаттыктарга 5:7—12; 2 Жакан 8—11).

25. Эмки макалада Машайактын кайсы жыйналыштарга айткан сөздөрүн талкуулайбыз?

25 Өзүбүз карап чыккандай, даңктуу Ыйса Машайактын Кичи Азиядагы жыйналыштардын үчөөнө айткан мактоо сөздөрү менен насааттары бизди ойлондурбай койбойт. Ыйык рухтун жетеги менен Ыйса калган төрт жыйналышка да көп нерселерди айтууга даяр. Эмки макалада Тиатира, Сардес, Филаделфия жана Лаодикея шаарларындагы жыйналыштарга эмне айтканын талкуулайбыз.

Эмне деп жооп бересиңер?

• Машайактын жыйналыштарга айткан сөздөрүнө эмне үчүн көңүл бурушубуз керек?

• Жыйналыштын биринчи сүйүүсүн жандандырууга кандай жардам көрсөтө алабыз?

• Ыйсанын байыркы Смирнадагы жакыр жолдоочулары бай болгон деп эмне үчүн айта алабыз?

• Пергамдагы жыйналыштын абалы тууралуу ой жүгүртүү менен ишенимден чегинүүчүлүккө кандай карашыбыз керек?

[Изилдөө суроолору]

[8-беттеги карта]

ГРЕЦИЯ

КИЧИ АЗИЯ

Эфес

Смирна

Пергам

Тиатира

Сардес

Филаделфия

Лаодикея

[10-беттеги сүрөт]

«Эбегейсиз көп адамдар» жердеги бейишти мурасташат.

[11-беттеги сүрөт]

Ыйсанын куугунтукталган жолдоочулары дүйнөнү жеңишет.